presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  КҮЛКҮЛЯТОР

Эрмек Нурбаев:
"Эрмек акчаны чаап жатат дегендер жаңылышат"
"Тамашоуну" тартуулап, талпынып чыккан тамашакөй Эрмек НУРБАЕВ дагы жаңылыктарды кыргыз элине тартуулай баштады. 2-январда эфирден кеткен пародия программасына күлбөгөн кыргыз болбоптур. КВНди кыргызчалаган шоуменге диктофон сундук.

- Эрмек, жаңы жылдын алгачкы күндөрүндө "Тимеле шоу" аттуу силердин телепродукцияны калың аудитория жакшы кабыл алды. Бул идея качан, ким тарабынан көтөрүлгөн?
- Өзү биздин ишибиз тамашага байланыштуу болгондуктан качандыр болсо да баарыбир телеге келмекпиз. Буга чейин мындай берүүлөрдү тартпай келгенибиздин себеби, балдар такшалып, теле аркылуу эл алдына чыга турган деңгээлге жетсин деп жүргөнбүз. Алгачкы кадамыбыз ушул жылга буйруган экен, жаңы жылдын алгачкы күндөрүндө "Тимеле шоу" менен элдин маанайын көтөрө алдык деп ойлойм. Алгачкы берүү болгондуктан, эфирден кеткенде айрым кемчиликтерибизди кеч байкап калдык. Кээ бир жерин кыскараак кылып, айрым учурларды дагы күчтөндүрүшүбүз керек беле деген ой пайда болду. Биз муну менен эле токтобойбуз. Бул жолу "Тимеле шоуда" орустардын "Большая разницасындай" КТРКда кеткен популярдуу программаларды тамашага салдык. Кийинки чыгарылыштарыбыз скетч-шоу катары кете баштайт. Чечмелей кетсем, мисалы, "6 кадров", "Даешь молодежь" сыяктуу кыска күлкүлүү окуяларды чагылдырган роликтер тартылат. Андан сырткары көп эле теледолбоорлор бар, бирок ишке ашкыча сыр кылып эле туралы.
- Ушул берүүлөрдөн кандай пайда табасыңар?
- "Тамашоу" лигасы кыргыз тилин кеңири жайылтуу максатында ачылган долбоор. Ошонун канатына калкаланган биздин башка иштер деле негизинен ушул максатты карманат. Азыр биз жашпыз да, пайда издеп эле жүрө бербей, ашыкча энергиябыз барында элге пайдасы тийчү долбоорлорду колубуздан келишинче ишке ашырганыбыз жакшы. Болбосо ушул сыяктуу берүүлөрдү элибиз кызыгуу менен орус тилинде көрүшөт. Биз өзүбүздүн тилибизде көрүүчүлөрдүн назарына тартууласак, тилдин өнүгүшүнө өз салымыбызды кошот элек деп ойлойбуз. Балким кийин демөөрчүлөр чыгып калса, ал жактан айлык алып калаттырбыз…
- "Тамашоучулардын" катышуусунда кино тартсаңар болчудай…
- Россиянын КВНчилери, "Камеди клабдын" мүчөлөрү кино тартышып, ал элге жакшы эле сиңип кетпедиби. Бизде деле андай ойлор бар. Азырынча бул долбоорго анча ашыга элекпиз. Ошентсе да белгилүү режиссерлордон сунуш түшүп жатат. Муну убакыт көрсөтөт.
- Жакында "тамашоучулар" Казакстандан жеңиш менен кайтышыптыр го…
- Евразиялык супер лига деп аталган бул биринчиликте мен мурда башка командалар менен катышып жүргөм. Булардын эмнеси жагат, калыс караганга аракет кылышат. Жакшылап даярданып барган команда сөзсүз ута алат. "Тамашоунун" ар бир командасынын мыкты оюнчуларынан чогулган курама команда топтоп барып, бир жыл ойноп, ал жактан биринчи орунду алып келдик. Мыкты капитанды да, мыкты оюнчуну да, 250 миң теңге баш байгени да кыргыздардын алып кетиши биз үчүн чоң сыймык болду. Команданы жетектеп, капитандар конкурсунда залды жарып салган Азамат Исмаиловду калыстар да, казашкалар да сүйүп калышты окшойт. Ага акыркы үлгүдөгү өтө кымбат телефонду белек кылышты. Байгебизди ырымдап майладык. Калган акчаны курама командабыз үчүн эл аралык сахнада кие турган мыкты кийимдерди тиктирели деп турабыз.
Ушул дем менен январдын аягында Сочидеги фестивалга баралы дедик эле, каражат жагы кыйын болуп калды. 10 баланы алып барып келүүгө кеминде 20 миң доллар кетет экен. Андай акча азырынча биз үчүн чоң сумма. Бул жылы деле Казакстанда дагы бир жоолу өзүбүздү сынап, эмки жылы Россияга баруу үчүн демөөрчү издеп, өзүбүздү шашпай даярдайлы деп турабыз.
- Каражат жок деп калдың, спорт ордосуна батпай калып жаткан ай сайын өтчү оюндардан түшкөн акчалар кайда кетип жатат?
- Эл толгону менен чыгашалар көп болгонун эч ким байкабайт окшойт. Спорт сарайынын ижара акысы эле 50-60 миңди чапчый түшөт. Анан 400дүн тегерегинде демөөрчү, колдоочуларга чакырууларды беребиз. Радиолорго билеттерди беребиз. Анын үстүнө биздики 100-150 сомдон болгондуктан пайда деле таппайбыз. Ырчылар концерт койгондо 300-400 сомдон коюшат да, мына ошолор пайда табат десек болот. Такыр эле пайда болбойт дегенден алысмын. Ал киреше тамашоунун атайын офисин каржылаганга, уюштуруу иштерине кеткен чыгымдарды жапканга, жана ал жакта кадимки жумуштагыдай иштеп жүргөндөргө эмгек акы катары кетет. Эрмек акчаны чаап жатат дегендер жаңылышат.
- Учурда канча команда бар?
- Жалпысынан 200дөн ашты. Быйыл аймактарда филиалдарды ачып масштабыбызды кеңейтип жатабыз. Бизде ар кандай лигалар бар. Каалоочулар үчүн дайыма эшигибиз ачык. Анткени, биздин башкы максатыбыз жаштар арасында кыргыз тилин пропагандалоо экенин дагы бир жолу айта кетпесем болбос. Командалардын көптүгү буга чоң мүмкүнчүлүк берет.
Бетти даярдаган

Кудрет ТАЙЧАБАРОВ





  ӨНӨРМАН

Толук аты-жөнү: Исмаилов Азамат Искендерович
Туулган күнү: 11-апрель, 1988-жыл
Кичи мекени: Кочкор району, Нарын облусу
Хоббиси: кино көрүү, музыка угуу
Билими: Көркөм сүрөт академиясы, 4-курс
Учурда: "Жигиттер" командасынын капитаны
Жетишкендиктери: "Жылдын мыкты куудулу - 2010", "Тамашоунун" бир нече жолку мыкты оюнчусу жана капитаны. Кыргызстан КВН командасынын капитаны.

"Курсак токто жеңүүчү болобуз"
"Тамашоунун" мыкты оюнчусуна айланган Азамат быйыл жылдын мыкты куудулу деп табылды. Гитара, комузда кол ойнотуп, сүрөттү келиштире тартып, бир катар тасмаларда кызыктуу ролдорду жараткан куудул жигитибиз жакында эле "Кыргызстан" аттуу патриоттук ырды ырдап чыга баштады. Сакадай бойлуу жигиттин күйөрман кыздары үчүн төмөнкү маегибиз кошумча маалымат берет болуш керек…

- "Тамашоуга" кантип келип калдың?
- Мектепте окуп жүргөндө эле коомдук иштерге активдүү катышып, мектептин маданият министри элем. Өзүм шайыр жүргөндүктөн көңүл ачуучу нерселерге аябай жакын болуп, бардык иш-чараларды уюштуруп, көбүнчө алып баруучу болуп жүргөм. Көркөм сүрөт академиясында жүргөндө гезиттен кыргызча КВН уюштурулуп жатат, каалоочулар команда түзүп келгиле деген жарыяны окуп алып, достор кеңешип, катышууну чечтик. Анткени, өз ара дайыма тамашоудагыдай тамашалашып жүргөн балдарга бул жакшы жаңылык болгон. Ар кайсы варианттардын ичинен жалаң балдар экенбиз деп, "Жигиттер" деген атты командабызга коюп, биринчи сезондо эле мыкты команда аталганбыз.
- Тамашаларыңарды кайдан аласыңар?
- Бизге анекдоттордон, интернеттен алынган тамашаларга тыюу салынган. Бирөөнү кемсинткен, саясатка байланышкан, сөгүнгөн, белден ылдыйкы темага түшүп кеткен темаларга токтолбойбуз. Бардык тамашаларыбыз турмуштан алынгандыктан элге кызыктуу болуп жагып жатат. Кээде атайын бир теманы алып, ошого тамаша жаза баштайбыз. Мисалы, бир ГАИшник жинге тийип койгон болсо, ошодон өчүбүздү алуу үчүн эл алдында ГАИшниктерди тамашага салып, кыйратып койгонсуп жыргап калабыз. Көбүнчө учурдагы актуалдуу темага тамаша жазабыз. Мисалы, апрелден кийин мародерлор, шайлоо учурунда партиялар темасында тамаша элге жакшы өткөн. Бирок биз элдин маанайын чөктүрө турган, жарасына тие турган нерселерди айланып өткөнгө аракет кылабыз.
- Бир катар кинолордон да көрүп калдык…
- Окуу жайыбызда бир агайыбыз "кино тартылып жатыптыр, Азамат өзүңдү сынап көрбөйсүңбү" деп калды. Барсам, "Башаламан" тасмасы экен. Кастинг болуп, ар бир ролго балдар тандалып калыптыр. Анан студенттерге салык салган рэкет баланын ролуна эки бала атаандаш болуп, жарышып калдык. Кимиң кыйын аткарсаң, ошонуң киного тартыласың деди режиссер. Рэкет досторум бар болгондуктан алардын образын жакшы ачып бердим эле, мени тандашты. Кино тартылып бүткөндөн кийин мени "Кызыкча" берүүсүнө да чакырышкан. Кийин "Байланыш", "Айылдык кыз" тасмаларына тартылдым. Жалпысы азыр төрт киного тартылдым, эмнегедир жалаң криминалдардын ролу туш болду. Негизи, актер деген кандай гана образ болбосун ойной бериш керек да. Бирок эмнегедир оң каармандын, романтик жигиттин ролун ойногум келип жүрөт.
- "Жигиттер" акыркы оюнда спонсорго муктаж экендигин айтып тамашалашты эле…
- Башка командалар сыяктуу биздин демөөрчүбүз жок. Же окуу жайыбыз тиешелүү деңгээлде колдоо көрсөтпөйт, бай окуу жайлардыкындай. Буга чейин Амина аттуу кыз бизге белектерин берип жүргөнү болбосо, материалдык жактан өз чөнтөгүбүздөн колдоо алып келебиз. Ушунан айынан ата-энебиз "Тамашоуңарды" токтотпойсуңарбы, пайдасы жок эле жүрө бербей деп бир учурда каршы чыгышкан. Бирок акыркы сезондо тойлорго, корпоративкаларга чакыруу алып, кичине чыгымдарыбызды жаба турган киреше булагынын даамын тата баштадык. Жалпысынан арман деле кылбайбыз, "Тамашоунун" шылтоосу менен чет мамлекеттерге барып, эл таанып, жер көрүп дегендей…
- Үч жылдан бери атаандаш болгон командалар арасындагы мамиле кандай?
- Ушул жылы мен үй салдым, бардык "Тамашоучулар" ашарга келишип, жардамын көрсөтүштү эле, кошуналарым, силер атаандашыңарга да жардам бересиңерби деп таң калышты. Биз сахнада гана атаандаш болгонубуз менен сыртка чыкканда бир туугандай мамиледебиз. Бири-бирибиздин муктаждыгыбызды жаап, колубуздан келген жардамыбызды аябайбыз.
- "Тамашоуда" разминка конкурсунда эмнеге кээде начар оюн көрсөтүп коесуңар?
- Ачык айтып коюш керек, ошондой учурда курсагыбыз ачка болуп, ойдун баары тамакта болуп калат. Оюн болот деген күнгө аз калганда реквизиттерге, майда-чүйдө нерселерге акча коротуп отуруп, чөнтөгүбүз бош калат. Анын үстүнө ошол күнү эртеден кечке даярданып жүрүп, түштөнүүгө мүмкүнчүлүгүбүз болбойт. Башка конкурстар алдын ала даярдалган тапшырмалар болгондуктан, аны жакшы аткарабыз. Ал эми разминкада ойдо жок нерселер келгендиктен, тантырап койгон учурларыбыз болот. Разминкага эки жолу тоюп чыктык эле, ошол күнкү оюндарды жеңип алганбыз.










кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??