presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Элге кебин айтпаса, эрендерден не пайда?

Мурат Саралинов:
"Кыргызстандын хоккейчилери Азиададан медаль алып келишет"
Улуттук олимпиада комитети эл аралык аренада өлкөбүздүн намысын коргоочу уюм болуп эсептелет. Эч кимге көз каранды эмес УОК Эл аралык олимпиада комитетинин өлкөдөгү филиалы. Жыл жаңырары менен УОКтун башчысы Мурат САРАЛИНОВду кепке тартып, кыргыз спортунун абалын сурадык.

- Мурат мырза, өткөн 2010-жыл кыргыз спорту үчүн кандай жыл болду? Эмне күттүңүздөр эле, коюлган максаттар ишке аштыбы?
- Ары-бери болуп жатып 2011-жыл да кирип келди. Бул жылдын өзгөчөлүгү - ушул жылы спортчулар Лондондо өтчү олимпиадага жолдомо алышат. Буга чейин олимпиадага үч ай калганда гана өкмөттүк деңгээлде шашылыш көңүл бурулуп калчу. Жакында өтчү коллегияда Лондонго барчу спортчулардын маселесин атайын карап чыгабыз. Анда бир министрлик, бир жеке компания жана федерация биргеликте бир спортчуну шефтикке алып, ошол спортчунун бүт маселесин чечишет. Бизде финансылык чечилбеген маселелер көп болгондуктан, спортчу толугу менен машыгууга берилип, өзүнүн бардык мүмкүнчүлүгүн көрсөтө албай келет. Канча жолу эртең турнир деген күнү акча бөлүнүп, же демөөрчү таап, авиакомпанияларга жалдырап жүрүп тез арада билет тапканга аргасыз болуп келгенбиз. Көп эле машыктыруучулар даярданган эмгегибиз текке кетпесин деп үйүн, машинесин ломбардга коюп, бизден кепилдик катын алып, каражат таап кетип жүргөн. Бул жолкуда ушул маселелерди чечүү үчүн эртерээк ушундай кадамга баралы деп жатабыз. Бул иштерди биз Дене тарбия жана спорт агенттиги менен биргеликте алып баруудабыз.
- Өлкөдөгү оор кырдаал спортчуларга таасирин бердиби?
- Биздин казак кесиптештер айтып жатат, биз спортчуларыбызга үй, машине деле алып берип жатабыз. Айлыктары жогору, каражат жагынан такыр ойлонушпайт. Бирок силердикиндей ийгилик жаратпай жатышат дейт. Кыргыз ушундай калк экен, канчалык кыйынчылык болгон сайын тескерисинче чыңалган. Бирок спорт көңүл бура турган тармак экенин унутпашыбыз керек.
Биз Сингапурдан алтын медаль алганда Ак үйгө кабарласак, басма сөз кызматы ишенбей, кайра чалып тактап аябай кубанышкан. Көрсө, биздин жаш спортчулардын жетишкендиги Роза Исаковна жетектеп турган мезгилдеги алгачкы кубанычтуу кабар экен. 31-августта президент айым бизди кабыл алып, министрлер, губернаторлорго кайрылып, "урматтуу мекендештер, баарыңар биртоп жашка чыгып калдыңар, баарыңар билимдүү, акылдуу инсандарсыңар. Ушунча колунан көп нерсе келген уул-кыздары туруп кичинекей Кыргызстан бутуна тура албайбы? Мекен үчүн иштеп, өлкөбүздү көтөрбөйлүбү? Бизге караганда мобу жаш балдар өлкө үчүн көп иш жасап жатышат" деп биздин спортчуларды чиновниктерге үлгү кылган.
Эми өткөн жыл жөнүндө айтсам, бюджеттин тартыштыгына карабай кыргыз спорту үчүн жемиштүү жыл болду. 146 спортчу алып кетип, болгону 5 медаль алды деп күнөөлөп чыгышкандар көп болду. Мен бир нерсени айта кетейин, олимпиададан Азия оюндарынын айырмасы, континенттин олимпиадасына эч кандай жолдомонун кереги жок. Ошол себептен биз тажрыйба алып, эл аралык деңгээлди көрсүн деп жаш спортчуларды алып алганбыз. Аларды мындайча айтканда, туристтер деп коюшат. Ошондой деңгээлди көрүп келген спортчу алдыга умтула баштайт. Болбосо 70 гана спортчуну алып барышыбыз керек эле. Олимпиаданын тарыхын карасак, төрт жылда бир болчу бул спорт майрамы эки ирет жоюлуп кеткен. Себеби бири-бирине болгон атаандашуунун айынан допинг колдонуп, коррупция гүлдөп кеткен. Ошонун негизинде олимпиаданын башкы максаты жеңиш эмес, катышуу деп айтылып калган. Биз 7 же 8 медаль алабыз деп эле барганбыз. Анткени өзүбүздүн даярдыгыбызды билебиз. Бирок башка мамлекеттерде спорттун деңгээли биз ойлогондон да алга кетиптир. Мурда биздин балбандарга кытай спортчулары туш келсе, "ай, буларды жөн эле жеңебиз" деп кийинки беттешти ойлоно баштачубуз. Азыр кытай балбандары күчтүү командага айланыптыр.
Спорттун деңгээли биздин жетекчилерди деле ойлонтпой койбойт. Спортсмендерге чейин деле, мугалимдер, врачтардын көйгөйлөрү сыяктуу талуу маселелер толтура. Ошентсе да спорт агенттигинин башчысы менен кошо мени президент бош убактысында резиденцияга чакырып кенен сүйлөшкөнбүз. Роза Исаковнанын жакшы ойлору бар экен. Бир жылдык убактым калса деле мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн иштерди бүтүрсөм же баштап берсем деген ниетин билдирди. Буга чейинки президенттердин спортко көңүл бурулат деген сөзү сөз бойдон калып калганын жакшы билет экен. Мен да ошондой болбоюн деп чоң убадаларды бербесе да, кыргыз спорту үчүн пайдасы тийген долбоорлорду баштап бергенге аракеттенээрин айтты.
Буга чейин республиканын булуң-бурчуна чейин барып, ар кандай мониторингдерди жүргүзүп, жарым жыл дегенде спортту көтөрүү боюнча долбоорубузду өкмөткө сунуштасак, минфиндин өкүлү бизде акча жок, табылбайт дагы деген сыяктуу жообу менен алты айлык аракетибизди түбүнөн кыя чапкан. Ошондон бери спортту өнүктүрүүгө байланышкан глобалдуу аракеттерди көрбөй калганбыз. Эми минтип президент айым үмүт отун жандырып отурат.
- Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев эмнеге Гуанчжоуда өткөн Азия оюндарына катышкан жок?
- Канат олимпиададан кийин башка салмакка өтөм деп чечим чыгарган. Андан сырткары, олимпиада оюндары учурунда белинен жарат алып калган. Азия оюндарына катышуу үчүн федерациянын сунушу менен кайра өзүнүн мурунку салмагында күрөшүүсү керек болчу. Ал үчүн кыска убакыттын ичинде 10 килограммга арыктоо зарыл болгон. Азиадада жаратын күчөтүп алса, анда олимпиадага жолдомо ала албай калышы мүмкүн эле. Ошол себептен Бегалиевдин катышпаганын туура деп тапканбыз. Ал эми Руслан машине айдап баратып сегиз жолу оодарылган жол кырсыгына кабылганын билесиздер. Ошондон жарат алган. Анан анын салмагында ким Кыргызстандын чемпиону болсо, ошол балбан жакынкы эл аралык жарышка барат деген федерациянын жазылбаган мыйзамы бар. Ошон үчүн башка бала барды. Биз биринчи планга Лондондогу олимпиаданы койдук.
- Эмнеге чиновниктер, бай адамдар федерациялардын башчысы болгонго аракет кылышат?
- Федерация башчысы президент деп аталып, өзүнчө бир абройго ээ болот. Аларга президентмин деген ат эле керек окшойт. Ал жерде болбоду дегенде 2-3 миң киши сага баш ийет. Ошол себептен Бакиевдин учурунда анын тегерегиндегилердин баары федерацияларды жетектеп калышкан. Мисалы, көк бөрүнүн президенти Молдомуса Конгантиев, гимнастикада Тажикан Калимбетова, дзю-додо Марат Бакиев, каратэде Адыл Бакиев жана башка мурунку бийликтин өкүлдөрү федерациялардын башчылыгын ээлеп алган. Азыр алар жок, ал федерацияларда иш токтоп калган. Биз ар бир федерацияга кат жөнөттүк, 20-январга чейин жообуңарды бергиле, учурда ким силердин башчыңар деп сурадык.
Федерациянын президенти - бул үй-бүлөнүн атасы экенин туура түшүнүшсө. Анткени ал жерге шайланган киши спортчуларга өз балдарындай карап, алардын ден соолугу, жашоо шарты, финансылык абалына көңүл буруп турушу керек. Керек болсо спорттон кийинки тагдырын ойлогон жетекчи болсо. Бул жооптуу иште татыктуу иштегендер да жок эмес. Бирок көпчүлүгү аты эле президент болуп, татыктуу иш алып бара албай келишет. Алар ушул сөздү угуп, мен жөнүндө айтылып жатат болуш керек деп тыянак чыгырат деп ишенем. Анткени бизге күн сайын өзүнүн президентине нааразы болгон федерация мүчөлөрү келет. Ошол эле учурда жакшы федерациялар да жок эмес. Бир эле мисал, күрөш федерациясы жакшы үлгү көрсөткөнүн айта кетейин. Алар жыл аягында атайын кече уюштуруп, бирге кызматташып келишкен демөөрчүлөрдү, мамлекеттик уюмдарды спортчулар менен кошуп ыраазычылыгын билдиришти.
Олимпиада комитети бул коомдук жумуш. Биз федерациялардын ишине кийлигише албайбыз, саясатка да кийлигишпейбиз. Биз бир гана шайлоо болгондо байкоочу катары федерациялар үчүн калыстыкка кепилдик болуп беребиз. Биздин жумуш спортчуларды эл аралык жарыштарга алып баруу. Бизге спорт агенттиги спортчуларды даярдап, колубузга тапшырат. Биздин ишибизге мамлекет да кийлигишпейт. Кувейтте парламент олимпиада комитетинин жумушуна кийлигишти эле, МОК олимпиадалык кыймылдан бул мамлекетти чыгарып салды. Болбосо, Азия олимпиада комитетинин башчысы Кувейттин жараны. Бир убакта бизди да олимпиада кыймылынан чыгарабыз деген маселе көтөрүлгөн. Анткени олимпиада комитетине бизде криминалдар, бул тармакта түшүнүгү жок адамдар президент болууга кызыгышкан.
- Бөлүнгөн каражатты кандай жумшоону туура көрүп жатасыздар?
- Россияда бир олимпиадачыны даярдоо үчүн бир миллион доллар бөлүнөт. А бизге бөлүнгөн каражат алардын мисалында эки эле спортсменге жетет. Бөлүнгөн каражатты кесе айтканда, "толк" чыгара турган спортчуларды даярдоочу федерацияларга бөлүштүрүп жатабыз. Ошол себептен бизге нааразы болгон федерациялар жок эмес. Жалпы элди спортко тартуучу багытта иштесек, анда бизде эл аралык деңгээлде эч кандай жыйынтык жок болот. Ошондуктан биз таланттуу балдарды гана колдоп жатабыз.
- Кышкы Азия оюндарына бизден канча спортчу барат?
- Россиядан келген легионерлер менен хоккей командабыз кышкы Азия оюндарына катышканы жатат. Ал жерде эки дивизион бар. Биринчиде күчтүү курама командалар, экинчиде хоккейи эми пайда боло баштаган өлкөлөр. Ошол экинчи дивизиондо Кыргызстандын хоккейчилери Азиададан медаль алып келишет деп күтүп жатабыз. Биатлондон эки спортчуну даярдадык. Тоо лыжасынан эки балабыз бар. Көркөм муз тебүүдө бир кызыбыз бар, ал Россияда машыгып келген кыйын кыз экен. Ошол кызыбыз биздин өлкөдөн да спорттун бул түрүнөн өкүл болгону албетте кубандырат. Андан сырткары, спорттук багыт деп коет, ошол спорттон да биздин өкүлдөр катышат.
- Биздин жаратылышты спорт үчүн ыңгайлуу деп айтышат го…
- Тамга жакта жакшы бухтабыз бар. Эл аралык олимпиада комитети бизге олимпидалык база салып беребиз деп жатат. Ал жерге эл аралык стандартка жооп берген стадион, бассейн сыяктуу машыгуучу жайларды куруп беребиз дейт. Албетте биз тараптан макулдук болсо. Азыр бул долбоордун планы даяр бойдон турат. Анткени биздин табияттай машыгууга ыңгайлуу жерлер дүйнөдө аз экен. Муну менен биз эмнени утабыз? Бизге бүт дүйнө боюнча спортчулар келет. Кошумча жумуш орду болот. Биздин спортчулар сыртка каражат коротпой эле, чет өлкөлүк спортчулар менен биргеликте тажрыйба алып машыга беришет. Андан сырткары, туристтердин агымы да биз тарапка көбөймөк. Анткени өлкөнү эң мыкты жарнамалай турган адамдар - бул спортчулар.
Кудрет ТАЙЧАБАРОВ







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??