presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Кыргыз жазында ойгонот

Бардыгы курултайдан башталат
Учурда өлкөнүн аймактарында элдик кеңештер өтүп жатканы белгилүү. Адегенде элдик кеңештерди өткөрүп, андан соң жазында Элдик Курултай өткөрүүгө аракет кылып жаткан демилгелүү топ жакында төмөнкүдөй билдирүүнү бийликтин бардык бутактарына, бардык коомдук-саясый күчтөргө жолдоду. Мындай жыйындардын бири 8-январда Ош шаарында бардык аймактардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.


2005- жылы март, 2010-жылы апрель ыңкылаптары мыйзам ченемдүүлүк менен кайталанышынын себеби, СССР урагандан кийин өлкөбүздө орногон, өзүнө өңчөй гана батыш үлгүсүндөгү демократияны, партиялык түзүлүштү камтыган коомдук-саясый жана башкаруу системасы, кыргызды миң жылдар бою сактап, өзүн толук актап келген табигый тажрыйбасына карама-каршы иштегендигинин натыйжасы болду.
Акыркы он айда республикада ар кандай окуялар болуп өттү. Апрель, июнь айларында жүздөгөн бир боорлорубуздан ажырадык. Экономикалык кризис тереңдеп, бюджеттин таңсыктыгы 26 млрд. сомдон ашып, баалар өсүп, элдин социалдык абалы начарлагандан начарлоодо. Улуттар аралык араздашуулар, сепаратизм кыймылы, өлкөдөгү туруксуз абал мамлекеттик бийликтин алсыздыгын далилдеп койду. Элдин жана дүйнөлүк коомчулуктун астында мамлекеттик бийлик органдарынын абройу төмөндөп кетти.
Акыркы жыйырма жылдагы туташ кризистик абал коомго өнүгүүнүн жаңы концепциясы керектигин талап кылууда. Буга чейин бардык конституциялык реформалар бир гана маселени чечүүгө багытталган, тагыраак айтканда, алар мамлекеттик бийлик органдарынын ортосундагы ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү менен гана чектелип калышкан. Акыркы "конституциялык реформа" да ушул эле багытта болду, ошол себептен саясый-укуктук системада өзгөрүү болбой, демократиянын, же чыныгы эл бийлигинин принциптери иш жүзүндө аткарылбай келе жатат.
Биртоп коомдук уюмдар, саясый партиялар, жеке инсандар, коомдун саясый-укуктук өнүгүшү боюнча өз көз караштарын элге алып чыгып талкуулап, Конституциянын элдик долбоорун сунуштаган. Анда коомдун өнүгүшүнүн жаңы концепциясы берилип, Элдик Курултай институтунун укуктук негизи, мамлекеттик бийликтин, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жана кызматкерлеринин жоопкерчилиги каралган. Бирок элдик долбоор конституциялык кеңешменин жетекчилиги тарабынан текеберлик менен четке кагылып, талкууга да алынган жок.
Элдик Курултайды кыргыз демократиясынын үлгүсү жана күзгүсү катары караса болот. Анан калса, Элдик Курултай бир эле кыргыз элинин эмес, бүтүндөй көчмөн цивилизациянын тарыхый табериги. Манас, Атилла, Чынгызхан, Барсбек кагандардын бийлигинин күчү Элдик Курултай аркылуу бекемделип, адилет коом үчүн кызмат кылган. Алардан кийин деле Элдик Курултайлар кырк уруу кыргыздын башын бириктирип кыйын кезеңдерден чыгып кетүүгө, эл акылын чогултууга терең өбөлгө болуп келген, улут катары сактап келген.
Кыргыз коомунда Элдик Курултай майда топтордун жыйыны болбостон, элдердин, бийлик тагдырын туура чече алган, калк биримдигин, адилеттик менен калыстыкты орното алган, жеке бийлик менен бир ууч саясый топтун өзүмбилемдигине жол бербей турган, мекен кызыкчылыгын баарынан өйдө койгон жападан жалгыз олуттуу жыйын болгон. Ошон үчүн элибиз миңдеген жылдар бою Элдик Курултайды башкаруунун жападан жалгыз адилет формасы катары тааныган. Кыргыз коомунун ички башкаруу түзүмүнүн бекемдигинен улам, миңдеген жылдар бою сырткы душмандар элибизге өз эркин таңуулай албай, ага таасир этүүнүн согуштан башка жолун табалбай келишкен.
Бул маселеге далил катары апрель революциясында Элдик Курултайлардын өтө зор ролун өзгөчө белгилеп кетүү абзел. Ошол эле учурда бир дагы саясый партия коомчулукту көтөрүп, элдик революциянын башында тура алышкан жок. Ушул себептерден курултай институту эл бийлигинин формасы катары бийлик бутактарын көзөмөлдөө укугу менен өз ордун Конституциядан алышы керек. Элдик Курултай аркылуу эл бийлиги орномоюнча элдик ыңкылаптар кайталанып, жолдор тосулуп, сансыз митингдер өтө бериши толук ыктымал. Бирок ар бир элдик толкундоолор кыргыз мамлекеттүүлүгүнө, экономикага терс таасирин тийгизип, ага коркунуч туудурарын эстен чыгарууга акыбыз жок.
Бийлик органдарынын коомчулуктун астындагы жоопкерчилиги акыркы жыйырма жылдан бери чечилбей жатат. Бул маселе бүгүн да ачык калууда. Ошол себептен улуттук биримдикке келүүнүн, элдик бийликти орнотуунун, мамлекеттүүлүктү сактап калуунун бирден бир туура жолу катары курултайды коомдук-саясый түзүлүшүбүзгө киргизүү зарылчылыгы келип чыкканын баса белгилөөгө болот.
Учурдагы түзүлгөн кырдаалдан улам, элдин жана мамлекеттин келечегин ойлоп;
туташ кризиске учураган коомдук-саясый башкаруу азыркы турушунда өзүн толук актабаганын белгилеп, бийликтин ээси эл деп эсептеп, кыргыздын тарыхый тажрыйбасына жана элдик башкаруусуна кайрылуу - мезгилдин талабы экенин таанып;
абалдан чыгуунун бирден бир туура жолу катары Кыргыз Эл Биримдиги, Аксакалдардын Бакай кеңеши жана башка коомдук-саясый уюмдар, илимий-чыгармачылык чөйрөнүн аттуу-баштуу өкүлдөрү көптөн бери Элдик Курултай маселесин дембе-дем көтөрүп келе жаткандыгын негиздүү деп эсептеп;
тышкы күчтөрдүн кулу болбой, улуттук ар-намыска негизделген саясат жүргүзүү байыркы элдин бүгүнкү урпактарынын негизги милдети экенин сезип;
улуттун улуу дөөлөтүнө, ыйык мурасына залакасын тийгизбестен кайра колдоого алган мамлекеттик саясаттын жүргүзүлүшүн талап кылып;
кийинки жыйырма жылда эл кызыкчылыгына каршы иштешкен бийлик төбөлдөрү баары калыс текшерүүдөн өтүүгө милдеттүү деп эсептеп (мүлкү, кирешеси, төлөгөн салыктары).
Жеке кызыкчылыктан элдик кызыкчылыкты жогору коюп, кыргыз мамлекетин бекемдеп, улут мурасын, тилин сактап, жайылтууну гана көздөп Элдик Курултайды Башмыйзамга көзөмөл, багыт берүүчү укугу менен киргизүүнү зарыл деп эсептеп, Башмыйзамдын 52-беренесине ылайык, 2011-жылдын март-апрель айларында өтүүчү жалпы Элдик Курултайды чакыруу боюнча демилгелүү топ түзүлдү. Алар бийликти, оппозицияны өлкө кызыкчылыгы үчүн биргелешип иштөөгө чакырат.


"Элдик Курултай Башмыйзамды көзөмөлдөшү зарыл"
Акылбек Атабаев, коомдук ишмер,
Элдик Курултай өткөрүү боюнча демилгелүү топтун мүчөсү:
- Акылбек мырза, акыркы кезде айрым партиялар, коомдук уюмдар тарабынан курултай өткөрүү демилгеси жарыша көтөрүлүп жатат. Мунун себеби эмнеде?
- Кыргыз эли жүз жылдын ичинде үч чоң революция жасадык. Алардын алгачкысы 1916-жылдагы падышалык эзүүгө каршы революция. Анда 250 миңден ашык кыргыз кырылып, бүгүнкү күнгө чейин алардын сөөгү жерге толук берилбей турат. Андан кийин 70 жыл советтик доор өкүм сүрүп, кыргыз эли тынч жашап келди. Акыркы жыйырма жылда болсо эки президент өлкөнү туура эмес башкарып, натыйжада Кыргызстанда эки чоң революция болуп өттү. Бул кыргыз эли илгертен бир хандын алдында тизе бүгүп жашабагандыгынын далили.
Азыр өлкөдө дагы бир чоң коркунуч бар. Ал коркунуч - Орто Азияга көз арткан, ага ээ болууну самаган Россия, Кытай, АКШ, Батышта бөлүп-жаруу саясатын жүргүзүүчү бийликтердин пайда болушу. Ошондуктан учурда атайын демилгелүү топ түзүлүп, Конституциянын 52-беренесине ылайык, ата-бабабыздан келаткан курултайды чакыралы деп атабыз. Курултайды өткөрөрдөн мурун жер-жерлерде элдик кеңештер болуп, курултайга катышуучулар иргелген соң Бишкекте уюштуруу комитети түзүлүш керек. Комитет түзүлгөн соң анан курултайды чакырсак болот. Бүгүнкү күндө биз уюштурган демилгелүү топ кара жумушту гана жасап жатабыз. Ошондуктан ар бир кыргыз атуулу, ар бир партиянын жетекчилери, өкмөт жетекчилеринен уюштуруу комитетин түзүүгө, курултайга катышууга ыкласын билдирсе, эшигибиз ачык, бирге иштөөгө даярбыз.
- Курултай максатына жетиш үчүн негизги кандай маселелер каралышы керек?
- Мисалы, Кыргызстанга тиешелүү жерлердин башка өлкөлөргө берилип жатканы курултайда сөзсүз каралышы керек. Себеби президент, парламент, өкмөт адегенде элдин колдоосу менен бийликке келип алган соң, кийин мамлекетти каалаганындай калчап жатат. Үчөө ар бир маселени курултай аркылуу элге сунуштап, элдин кеңешин алгандан кийин гана чечкиндүү иштерди жасаса болмок. Жакында бийликтегилер бажы союзуна киребиз деп чыгышты. Эмнеге алар элден союзга кирелиби же кирбейлиби деп сурашпайт? Кыргызстан өндүрүштүк өлкө болбогондуктан, сырттан келген товарларга муктаж. Биз турмуш-тиричиликке керектүү нерселердин бардыгын Кытайдан, техникаларды Европадан, кийим-кечени Түркиядан арзан алып жатабыз. Эгер бажы союзуна кирсек баалар кескин өсүп, эл абдан кыйналат. Ушундай маселелер курултайда эл менен кеңешилип чечилсе деп атабыз. Курултайдын максаты - мамлекеттүүлүктү сактап, адилеттикти орнотуу. Бийликтин үч бутагын элдин атынан көзөмөлдөө болуп эсептелет.
- Демилгелүү топтун коомдогу салмагы кандай?
- Биздин демилгелүү топтун курамында азыр юридикалык, идеологиялык, экономикалык, уюштуруу иштери боюнча төрт топ бар. Юридикалык топтун башында юридика илиминин докторлору Бекбосун Бөрүбашов, Сүйөркул Косаков турат. Идеологиялык топтун башында Дастан Сарыгулов, Түгөлбай Казаков, Кадыр Кошалиев, Баяс Турал сыяктуу инсандар бар. Социалдык-экономикалык, коомдук топтун башында да элге кадыр-баркы бар, кырдаалды жакшы түшүнгөн адамдар турат. Уюштуруу иштери колго алына баштады.
- Мындай ири курултайды өткөрүүнүн каражат маселеси кандай чечилет?
- Эгер биз курултайга кайсы бир уюм, партиянын же бизнесмендин акчасы менен бара турган болсок, курултай ошол адамга, партияга көз каранды болуп калат. Ошондуктан биз миң киши миң сомдон чогултуп, миллион сомго курултайды өткөрсө болот деп ойлойбуз.
- "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров Элдик Курултайды мамлекеттик институт катары таануу үчүн референдум өткөрүү демилгесин көтөрдү. Буга кандай дейсиз?
- Мен ал кишинин айтканын радиодон уктум. Бирок биз ошол эле этапта референдумду мындай чечкенбиз. Жер-жерлерде элдик кеңештер өткөн соң жарым миллиондой эл кол топтосо, Элдик Курултай жөнүндө мыйзам долбоорун парламентке, президентке жөнөтөбүз. Эгер Адахан мырза айткан жол курултайдын көзөмөлдөө укугун Башмыйзамга киргизүү болсо, ал кишини биз колдойбуз. Буга чейин далай курултай өтүп, алар курулай эле демагогия болуп калган. Ошондуктан демилгелүү топтун негизги максаты - чечкиндүү аракеттерди жасап, элдин арасындагы улуу инсандарды топтоп, уюштуруу комитетине чогултуу. Калктын маселесин пикет, митингдер менен эмес, илгеркидей кеңешүү жолу менен чечүү.

Бетти даярдаган Мелис СОВЕТ уулу



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??