presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Даватчыларга дават

Казы-имамдар окугандан эмне өзгөрөт?
1-январдан тарта Кыргызстан мусулмандар башкармалыгынын кызматкерлерин, республикадагы бардык казы-имамдарды аттестациялоо башталган. Учурда түштүк аймактагы мечиттердин 63 имамы билимин жогорулатуу үчүн атайын курска катышып жатат. Түштүктө 20 күнгө созулган бул окуу Ош облустук мамлекеттик университетинин теология факультетинде өтүүдө. Окутууну ОшМУнун жана Анкара (Түркия) университетинин мугалимдери жүргүүзүдө.

"Окуу планына диний жана агартуучулук сабактар киргизилди. Кыска мөөнөттүн ичинде дүйнөдөгү жана өлкөдөгү кылмыштуулук тууралуу талкуулар болот. Имамдарга заманбап методдор жана агартуучулук иштердин формалары жөнүндө сабактар окутулат" дейт окуу жайдын жетекчилиги.
Соңку учурда муфтиятта реформа тууралуу сөз байма-бай айтылууда. Казы-имамдарды аттестациялоо да дал ушул реформанын алкагында жүргүзүлүп жатканы белгилүү. Муфтияттын өкүлү Рахматулла Эгембердиевдин маалымдашынча, текшерүү оболу алардын билим деңгээли ээлеген кызматына ылайыкпы, же жокпу дегенден башталат. Бул реформага ылайык муфтияттын структурасы да өзгөрөт жана жаңы устав киргизилет. Аны мусулмандар ушул жылдын март айындагы курултайда аныктайт. Казы- имамдарды аттестациялоону соңку жолу мындан үч жыл мурун муфтият өзү жүргүзгөнү маалым. Эмки аттестацияга муфтияттан башка сырттан да эксперттер, дин өкүлдөрү аралашмакчы. Ал эми Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы текшерүүгө байкоо салып турарын айткан.
Серепчилердин арасында казы-имамдардын баары эле текшерүүдөн өтүп беришинен күмөн санагандар да бар. Себеби айрым мечиттерде мусулмандар башкармалыгынын сөзү өтүмдүү болбой каларын муфтияттын өкүлдөрү да мойнуна алып келишкен. Буга чейин муфтиятты эмес, ошол облустук казыяттарды тоготпой иштеген кээ бир имамдар болуп келгени ырас. Реформанын бир максаты - мына ошолорду да түздөн-түз облустук же райондук имамдарга баш ийдирүүгө багытталган.
Муфтияттын ишин жаңылоо өлкөдөгү соңку окуялардын шары менен көтөрүлүп жатканы түшүнүктүү. Башкасын айтпаганда да, түштүктө июнь коогалаңы мечиттерде азан айтуу менен башталды деген сөздөр коомду кыйла дүрбөлөңгө салган. Жакында эле Ош шаарында террорчу деп шектелип, өзүн-өзү жардырып жиберген адам калаадагы борбордук мечиттеринин биринин имамы болуп чыкканы белгилүү. Жакында болгон окуяларды да ислам динине байланыштырып жатышат
Казы-имамдарды аттестациялоо, окутуу өз жолу менен, бирок мусулмандар жамааты өлкөдө болуп жаткан жардырууларга ислам дининин тиешеси бар дегендерге каршы. Атургай орусчул аналитиктер террорду пландагандардын эң негизги максаттары биринчиден, дүйнө элдеринин көңүлдөрүн чыныгы проблемалардан жаңы ойлоп табылган душманга - ислам терроризмине жана экстремизмине буруу. Экинчиден, мурунку жалпы душман СССР тарагандан кийин, өз алдынча аракеттерге кадам таштай баштаган башка Батыш мамлекеттерин жана Орто Азия чөлкөмүн кол алдына алуу. Үчүнчүдөн, өзүнүн элинин үстүнөн тоталдык көзөмөл жүргүзүүнү мыйзамдаштыруу. Төртүнчүдөн, Иракка кирүүгө шылтоо. Бешинчиден, күчтүү, арзан героин өндүрүлүп келген жана кожоюндарына 62 млрд. доллардан ашык жылдык киреше берген плантацияларды кайра ишке киргизүү. Банги жолдорунун тосколдуктарын тазалоо менен бирге Афганистан жана Пакистандын чек араларында жанданып келе жаткан Индия жана мусулман мамлекеттеринин жанында дестабилдештирүү аймагын жаратуу деп белгилешкен.
Андыктан имамдарды окутуп, аттестациялап койгондон эле биздин өлкөдөгү террордук жардыруулар токтойт деп айтууга мүмкүн эместей.
Зайырбек АЖЫМАТОВ




Саясый арнография
Омбудсмен Турсунбек АКУНга, Депутат Турсунбай БАКИР уулуна

Бири Акундун уулу,
Бири Бакир баласы.
Билбейм канча жыл өттү,
Бирикпеди арасы.
Аялдан жок айырма,
Ажылдагын карачы.
Элден чыкпай койду го,
Экөөнү тең сабачу.

Бири тарайт сакалын,
Бири сылайт мурутун.
Оңкосунан түшсө деп,
Ошондон ары бүтсө деп,
Ор казышат тымызын.
Жоолашканы бүтпөгөн,
Жоруктары курусун.

Азыр учуп келгин деп,
Отчетуң кайда бергин деп,
Канчалардан пара алып,
Кайда алпарып көмдүң деп,
Т.Бакири бакырат
Т.Акунун чакырат.
Кайдагы антты жамактап,
Конституцияга кабаттап,
Куран кармап ийдиң деп,
Куурап ага күйдүм деп,
Т.Акуну күүлөнөт
Т.Бакирге сүйлөнөт.

Омбудсмен - бул кызык,
Ошого экөө тырмышып.
Өтүп турат ортодон,
Өтүк кийген бир мышык.
Түлөө өткөрүп сүйүнмөк,
Түшсө бирөө жылмышып.

Жалгыз Бакир, бир Акун,
Жаагын баспайт жыласың.
Ээ, мейли деп айласыз
Эрмек кылып турасың…
Темирбек
АЛЫМБЕКОВ




Узун акчанын учу
Улутташтырылды. Эми эмне болот?
Жолборс жылынын соңунда парламентте улутташтырылган объектилер боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссияга биринчи кезекте "Альфа Телеком" ("МегаКом") жабык акционердик коомунун тегерегиндеги талаш маселеге чекит коюу вазыйпасы жүктөлгөн. Коомчулуктун назарына илинген уюлдук компания туурасында төмөндө кенен сөз жүрөт.

"Башкасын коюп Манасты айт" демекчи, алгач "Альфа Телекомдун" жаралыш таржымалына токтололу. Аталган ишкана мындан 12 жыл мурда "БиМоКом" ЖЧКсы катары расмий каттоодон өткөн. Анын ээси делип У.А.Байызбековдун ысымы айтылат. Арадан төрт жыл өткөн соң, тагырагы, 2003-жылы У.Байызбеков өзүнүн "БиМоКомдогу" үлүшүн оффшордук Ancroft Limited компаниясына берген. Бул фирманын кожоюну саналган Аскат Саркишев агездеги ханзаада Айдар Акаевдин ишенимдүү адамы экени тар чөйрөгө маалым.
2005-жылдагы март ыңкылабынан кийин Айдар Аскарович Россияда жөн жатпай "кол баласы" Айдар Калиев аркылуу уюлдук компаниядагы үлүшүн британиялык Penwell Business Limited аталыштагы оффшордук фирмага өткөрүүгө аракет жасаган. Бирок Айдар мырзанын планы жүзөгө ашкан жок. Натыйжада "БиМоКом" ЖЧКсы "МегаКомдун" терисин жамынды. Penwell Business Limited деле тим калмакпы, ортого кишилерди салып, сүйлөшүүлөрдү баштайт. Алортодо "МегаКомдун" 49% акциясы дагы бир гонконгдук Forntek Enterprises Limited фирмасына ыйгарылган.
Уюлдук байланыштар түйүнүн "реформалоо" саясаты ушуну менен эле токтоп калбады. Алексей Елисеев (экс-ханзаада Максим Бакиевдин оң колу - Н.К. ) жетектеген команда Penwell Business Limitedди "БиМоКом" ЖЧКсынын учредителдик курамынан чыгарууга жетишкен. Жыйынтыгында Forntek Enterprises Limited "МегаКомдун" толук кожоюнуна айланган.
2009-жылы Евгений Гуревич менен Алексей Елисеевдин демилгеси астында "БиМоКомдун" мүлкү "Ысык-Көл" банкына (аталган банк Е.Гуревич менен А.Елисеевдин көзөмөлүндө турган - Н.К. ) күрөөгө коюлуп, андан 80 млн. доллар өлчөмүндө кредит алынган. Табышмактуусу, 80 миллион кимдин наамында алынганы белгисиз.
Арадан бир нече күн өтпөй А.Елисеев менен Е.Гуревич "БиМоКомдон" кредитти кайтарып берүүнү талап кылышкан. Себеби, уюлдук компания келишимдин шарттарын аткарбаптыр. 80 млн. "жашылбайды" төлөй албагандыгына байланыштуу "БиМоКомдун" болгон-толгон мүлкү "Редитто" жана "Грета" ЖЧКсына ыйгарылган. Буга улай Елисеев мырза "Альфа Телеком" ЖАКсын түптөп, жогорудагы эки фирмадан бардык акцияны сатып алган. Ошентип, 2010-жылдан тартып "Альфа Телеком" толугу менен "МегаКомго" кожоюндук кыла баштаган.
Азикенин арааны ачылдыбы, же…
Макаланын башында баса белгилегендей, апрель коогалаңынан соң утурумдук өкмөт айрым ишканаларды улутташтырууга батыл киришти. Мунун негизинде "Альфа Телеком" ЖАКсынын 49%ы мамлекеттин менчигине айланган. Башпрокуратуранын көрсөтмөсүнө ылайык, акциянын калган бөлүгү Penwell Business Limited компаниясынын ишенимдүү өкүлү Раушан Рыкуновага өткөн ("Вечерний Бишкек" гезитинин маалыматына таянсак, Раушан айым экс-вице-премьер Азимбек Бекназаров түптөгөн "Бириккен элдик кыймылы" партиясынын атынан парламенттик шайлоого катышыптыр - Н.К. ). Тай талашка түшкөн "Альфа Телеком" тууралуу расмий маалымат ушунакай.
Ал эми жеке булактардан алынган маалымат боюнча, убактылуу өкмөттөгүлөр "МегаКомдун" 51%ын Россиядагы компаниялардын бирине пулдап жиберген дешет. Анын ана башында кадимки Азимбек Бекназаров турат деген кеп бар. Мунун чын-бышыгына депутаттык комиссия жетиши абзел.
Сатылат, сатылбайт…
"Альфа Телекомдун" жылдык кирешесинин тегерегинде түрдүү кептер арбын. Айрымдары: "МегаКом" жылына 120 млн. доллар пайдага туйтунат экен" дешсе, кээлери "жок, андан да көп киреше табат" дейт. Ушул маселе тууралуу ЖоКедеги "республикачыл" депутат Исхак Пирматов парламент жыйынында төмөндөгүдөй кабар тараткан: " Менин маалыматыма караганда, "Альфа Телекомдун" ушул жылдын (2010-жыл) 9 айдын ичинде таза кирешеси 1,5 млрд. сомду, 2009-жылы 690 млн. сомду түзгөн ". Исхак Айтбаевичтин пикиринде, мындай ири каражат алып келүүчү ишкананы жеке менчикке сатуунун кажети жок. "Акциянын 100%ын мамлекетке алабыз десек, юридикалык жактан эч кандай жыйынтык чыкпайт. Бул маселе боюнча саясый кадам керек. Азыр көтөрүлүп жаткан сатыкка чыгаруу маселесине толук каршымын. Бул компания мамлекеттин карамагында калышы керек " дейт ал.
"МегаКомду" менчик колго өткөрүүгө айрым инсандар деле каршы эмес. Маселен, "ата мекенчил" депутат Равшанбек Жээнбеков ушул өңдөнгөн ири ишканаларды мамлекет жетектесе, ажерде коррупция гүлдөйт. " Өкмөт компаниянын көзөмөлдүк пакетине ээлик кылып, калганын инвесторлорго берсе туура болот деп ойлойм. Мындай шартта коррупциянын деңгээли азайып, ишканада өнүгүү процесси башталат " дейт Жээнбеков мырза.
Кыскарта чапканда, "Альфа Телекомдун" тагдыры жакын арада чечилчүдөй өңдөнбөйт. Ал дагы чоң чыр-чатактар менен коштолуп, далай аткаминерлердин былыгы чукулушу ыктымал…
Нурканбек КЕРИМБАЕВ






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??