07.01.10 - 23-бет:
  Сыр аяк

Айчүрөк Султанова:
"Мени депутаттын аялы дешчү экен"
- Он беш жылдан бери ЖоКеде иштеп, чыгармачылыктын чылбырын кошо ала келатасыз. Эки ишти бир алып барууда оорчулук жокпу?
- Оорчулугу деле жок, ушундай иштин ритмине деле көнүп калдым.
- Улам парламент алмашкан сайын сиздей таланттуу айымдарга көз артып, сөз айткан жаңы депутаттар болсо керек?
- Азыр бешинчи чакырылыштагы депутаттар менен иштеп атам. Депутаттардын арасында акын-жазуучу, ырчы-бийчи сыяктуу чыгармачыл инсандар бар. Мага айтылган комплименттер сөзсүз эле сүйүп калдым таризинде болбойт. Ар бир адамдын өзгөчөлүгүнө, турган турпатына, сүйлөгөнүнө карата айтылат. Депутаттар деле жакшы, жаш айымдарга жакшынакай сөз айткылары келет. Мандат алып, ошол эле учурда чыгармачылыкты таштабаган депутаттар болду. Азыркы жаңы депутаттарда да чыгармачылыкка берилгендер бар.
- Сизге сезимин билдирген мырзалардын шагын сындырбай, алардын сүйүүсүнөн кантип баш тарталасыз, же катуу айтып саласызбы?
- Негизи мен адамдын көңүлү менен эсептешем, бирөөнүн жүрөгүн ооруткандан качам. Жагымсыз кырдаал түзүлсө да ага катуу атырылбайм. Балким жини келип, көңүлү чөгүп тургандыр деген жыйынтыкка келем. Эгер сүйүүсүн билдирсе менин уулдарым чоңоюп калганын, үй-бүлөм бар экенин айтып түшүндүрөм. Жакшы мамиле түзгүсү келсе дос катары калам. Негизи эркек достор абдан көп.
- Дос демекчи, жан сырыңызды жашырбай айта турган досторуңуз барбы?
- Өзүмдүн жакын эки курбум бар. Аларга болгон сырымды айталам. Анткени мен өзүм сырга абдан катуумун. Сырымды сыртка оңой менен чыгара бербейм. Ал эми жандүйнөм кыйналып турса кыңылдап ырдап, ичимден нервимди сакташым керек деп сүйлөнүп, эмоциямды чыгарып алам.
- Таш менен урган душманыңызга аш менен уруп жооп бераласызбы?
- Аш менен жооп бералганым менен, антүү мен үчүн абдан кыйын. Себеби көңүлүмдү катуу ооруткан адам болсо аны кечиришим оор, сыртыман сыр бербешим мүмкүн. Бирок ичимде анын таш урганы кала берет. Мени кээ бирөө кекчил жагың бар деп айтышат, анткен менен ал душманыма ор казбайм. Адам бирөөгө жамандык жасаса өз башына келет деп коем.
- Сиздин жолдошуңуз көпчүлүккө табышмак, кээси айтат депутат болгон деп, кээси дагы бирөөнү айтат...
- Жолдошум Кыргыз агрардык университетинде күзөт кызматынын жетекчиси болуп көп жылдан бери иштейт. Чоң уулум ошол университеттин 4-курсунда окуп атат. Кичүү уулум азыр ырдап жүрөт, Күреңкеев атындагы окуу жайында 3-курста окуйт. ЖКда жаңыдан иштеп, ырдап, гезит-телевидениеге чыгып жүргөндө көпчүлүк мени акчасы көп депутаттын аялы го деп айтышчу экен. Кийин угуп алып жаман эмес, балким жолдошум депутат болуп калаар деп күлдүм.
- Чыгармачыл адамдардын түйшүгүнөн, алардын арасындагы ар кандай көралбастыктардан улам уулуңуз Марленди бул чөйрөгө аралаштыруудан чочуган жоксузбу?
- Чындыгында мен жалаң эле чыгармачылык менен алпурушпай, башка да кызматым болгондуктан андай көралбастыктардан, бут тосуулардан алысыраакмын. Кээде гана концерттерде "Достор" тобу менен ырдап чыгып калам. Азыр топтогу алты кыз менен ырдап жүрөбүз. Бирок биздин топто андай бири-бирине көз артуу деген жок. Башка чыгармачыл жамааттагы мындай жагымсыз көрүнүштөрдү көрүп жүрөм. Марлен эркек эмеспи, андай нерселерди көтөрөт деп ойлойм. Анүстүнө Марлендин мүнөзү да башкача, канчалык урушса да дароо эле күлүп-жайнап, тамашалап, уруштуң деп деле кайгырбайт. Сынды жакшы кабыл алат. Ал былтыр тасмага тартылып, ал жагынан да өзүн сынап көрдү.
- Жашооңуздагы кыялданган нерселердин канчасы орундалды деп ойлойсуз?
- Адам жакшы нерселерди үмүттөнүп, кыялданып жашайт. Менин кыялданган нерселеримдин 90%ы ишке ашты деп ойлойм. Себеби кичинемде кыялданган нерселериме жеттим, ишке ашып атат. Чоң үй салсакпы деп кыялданып аткам, аны да быйыл ишке ашыралы деп турабыз.
- Эки уулуңуз бар, кыздуу болгуңуз келбейби?
- Негизи эле мен эки уулдуу болсом деп тилечүмүн. Кудай жаштын тилегин берет деген чын окшойт. Эмнени көп тилесең, Кудай оозуңан чыккан нерсени чаптап коет деген тура. Кызды анча каалабаганымдын себеби, биздин үй-бүлөдө тогуз кыз, бир эркек бар. Эркекке жарды болдук. Сегиз кыздан кийин бир уул төрөлдү да, андан кийин кайра кыз төрөлгөн. Ошондо эркектин түйшүгүнүн баары кыздардын мойнуна жүктөлдү. Чоңойгончо мал сугарып, кык чыгарып, үй куруп, жалаң эркектердин жумушун аткарчубуз. Эң чоң эжелерибиз эле байке болуп калганда мынча кыйналбайт элек дечүбүз. Ошого заарканып калганмынбы, мага эки эле эркек бала жетет деп көп айтчумун. Эми кыздуу болгум келсе да ден соолугума байланыштуу дарыгерлер төрөгөнгө тыюу салышкан. Балдарым чоңоюп калды, алар үйлөнсө кыздары менин кызым болот.
- Көп жылдан бери машине айдап жүрөсүз, кээде жол эрежесин бузганда МАИчилерден кантип кутуласыз?
- Машинени жаңы үйрөнүп жүргөндө МАИге көп түшчүмүн. Себеби айдаганды жакшы билбегендиктен жол эрежесин буздумбу-жокпу, иши кылып алар токтоткондо эле 50 сом карматып кетип калчумун. Ага чейин милицияга 50 сом берсең дароо эле кое берет дегенди угуп жүрчүмүн. Бир жолу дагы 50 сом берип, жумушка барып айтсам "сен кызыксың го, кандай жол эрежесин буздум деп сурайсыңбы?" дешти. Мен сурабайм, анткени билбейм да десем, алдагы ЖК күбөлүгүн эмнеге көтөрүп жүрөсүң, ошону кээде колдонуп койсоң да болот дешти. Ошондон кийин кээде шашып жумушка баратам деп күбөлүгүмдү көрсөтсөм кое беришет. Азыр жол эрежесин деле бузбайм, жай айдайм.
- Эски жыл жеке жашооңузда кандай жакшылыктар менен эсте калды?
- Жаңы жыл алдында темир тулпарлуу болдум. Былтыр "Достор" тобу күзүндө концерт берели деп даярдандык эле, бирок коогалаңга байланыштуу токтоп калды. Эми буюрса жаз алды менен жаңы ырларды жаздырып, формаларды тиктирип, концерт берели деп атабыз.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА