07.01.10 - 2-бет:
  Дүрбөлөң

Канкорлор кайдан чыгышты?
4-январда Бишкектеги Жукеев-Пудовкин көчөсүндө жайгашкан он алты кабаттуу үйдөн үч милиция кызматкери куралдуу топтун колунан ажал табышы коомчулукту дүрбөлөңгө салды. Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кечки саат сегиз ченде паспорттук текшерүү жүргүзүп жүргөн эле.

Негизи жатакана тибинде салынган бул үйдүн алдыңкы кабатындагы бөлмөлөр бир-эки саатка берилчү мейманканага айланган. Биринчи кабаттын 3-батирин убактылуу алган азиат улутундагы төрт кылмышкер паспорт текшерип жүргөн милиция кызматкерлерине коридордон эле Калашников автоматы менен ок аткан. Тарсылдаган үндү жергиликтүү жашоочулар жаңы жылдык фейерверкпи деп да ойлошкон экен. Милиция кызматкерлери кылмышкерлерге каршылык көрсөтүүгө да үлгүргөн эмес. Ушунчалык тездикте болгон окуядан улам алар ошол жерден жан беришкен. Ал эми милиционерлерди жантаслим кылган төрт кылмышкер БМВга отуруп Токмок тарапты көздөй качышкан.
Соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгы атылган октор эки милиционердин далысына, бирөөнүн көкүрөгүнө тийгенин аныкташты. Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери, милициянын капитаны Самат Жээнбековго сегиз, милициянын улуу лейтенанты Алмазбек Сулаймановго алты, аймактык милиционер Пиридинбай Исмановго алты ок тийген. Булар ошол күнү саат 15тен кечки саат 22ге чейинки өз кызматын аткарып жүрүшкөн. Кылмыш болгон жерден бир нече курал-жарак жана 1985-жылы туулган Азим Султанкуловдун паспорту табылган. Бирок таң калычтуу жагдай, паспорттук текшерүү иштерине чыккан офицерлердин табелдик куралы болгон эмес.

Динге жамынган жанкечтилер
Коомчулукту дүрбөлөңгө салып, милиция кызматкерлерин өлтүргөн кылмышкерлердин ким экендиктери 5-январда эле фотороботтун негизинде такталган. Дөөткулов Руслан Турдубекович , 1982-жылы туулган, Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаңы конушундагы Кең-Кол көчөсүнүн 60-үйүндө жашаган. Абдрахманов Эдил Алымжанович , 1986-жылдын 25-февралында туулган, Бишкек шаарынын Көк-Жар конушунун Б.Егимбаев көчөсүнүн 65-үйүндө жашачу. Салиев Кайрат Алыбекович каймана аты Абдусалман, 1981-жылы 11-июнда Бишкек шаарында туулган. Кадыралиев Данияр Кылычбекович каймана аты Абдувахаб, 1976-жылы 9-ноябрда Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Миң-Куш шаарчасында туулган. Учурда Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаңы конушундагы Сыдыков көчөсүндөгү 297-үйдө жашаган. Бул өзгөчө коркунучтуу кылмышкер уруштун бардык ыкмаларын жакшы өздөштүрүп, дзюдо менен машыккан. Оң колунан жаракат алгандыктан жакшы бүгүлчү эмес. Султанкулов Азим Жаркынбаевич , 1985-жылы 19-апрелде Жумгал районунун Миң-Куш шаарчасында туулган. Учурда Арча-Бешик жаңы конушунда жашаган, өзгөчө коркунучтуу кылмышкер. Исламов Советбек Адилович каймана аты Баро, Шура, 1972-жылы 27-майда Кемин районунун Ак-Түз айылында туулган. Учурда Токмок шаарынын Чернышевский көчөсүндө 8-үйдө жашаган. Өзгөчө белгилери: чекесинде витилиго оорусунан аласы бар, колу менен бутуна оор түрдөгү экзема чыккан. Кыйынчылык менен кыймылдап, оң буту аксайт. Өзгөчө коркунучтуу кылмышкер, жанында куралы болгон.
ИИМ министри Зарылбек Рысалиев милиционерлерге ок аткан кылмышкерлер эки күндүн ичинде кармалууга тийиш экенин айткан. Бирок алар ошо күнү эле изкубарлардын кылтагына түштү. Булар өткөн жылдын 30-ноябрында спорт ордосунун жанында болгон жардырууну уюштуруп, Сокулук районунан АКШ атуулун тоноп, анын машинесине жардыргыч заттарды салып Бишкек ШИИБинин жанына таштап, жардырууга аракет кылган деп изделүүдө жүргөнү маалым болду. - Кыргызстанда мындан эки жыл мурун диний экстремисттик "жихадисттер" тобу уюшулуп, бул топко 20 адам мүчө болгон, - дейт МУКК төрагасынын биринчи орунбасары Марат Иманкулов. Анын айтымында, бул топ террористтик- экстремисттик багытта милиция кызматкерлерине, укук коргоо бөлүмдөрүнө кол салып, эл көп чогулган аймакка ар кандай терракт уюштурууну көздөшкөн.

Кимдин укугу тебеленди?
Кылмышкерлердин ким экенин такталып, издөөгө алынганда Салиев Кайрат Алыбековичтин туугандары жыйын өткөрүштү. Алардын айтымында, Кайрат азыр Кореяда иштеп жүрсө каяктан милиционерлердин өлүмүнө катышуусу мүмкүн? Жаңы жылга чейинки терракттарга катышы бар деп кармалган шектүү адамдардын жакындары күч органдары темир торго күнөөсүз адамдарды отургузуп, ШОС менен ОДКБнын Кыргызстанга бөлүнө турган акчасына кызыгып атышат деп жар салышты. Ал эми укук коргоочулар Азиза Абдурасулова менен Төлөйкан Исмаилованын айтымында, аларга спорт ордосунун жанындагы жардырууга жана ШИИБнин жанындагы жардырууну уюштурууга аракет жасаган деп кармалгандардын жакындары арызданышкан. Милиция кызматкерлери тигилердин башына целлофан кийгизип тумчуктуруп, уруп-согуп, жасабаган күнөөнү моюндарына алдырууга аракеттенишкен. Алардан токмок жегендердин кээси эс-учун жоготуп да койгонун айтат А.Абдурасулова. Укук коргоочулар шектүү деп кармалгандарга адвокат жалдап беришкенде алардын көбү токмок жегенин айтышкан. Буга чейин шектүү деп кармалган Ийгилик Казыбековго эмдигиче адвокатын киргизбей атканын да белгилешти.
Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү атышуу болгон үйдүн жанына 5-январда милициянын эки машинесинен түшкөн милиционерлер үйгө чуркап кирип, мурунку күнү милицияга ок аткан кылмышкерлер баш калкалаган батирден азиат улутундагы үч жигитти сыртка сүйрөп чыгарып колдорун толгоп, көпчүлүктүн көзүнчө ур-токмокко алышкан. Милиционерлердин бири жерде жаткан жигиттен "сенде канча уюлдук телефон бар" деп кыйкырганда тиги эки телефонду ары ыргыткан. Ары-бери өткөндөр эмне болуп жатканын сураганда, милиционерлер кечээки окуя болгон бөлмөгө бүгүн ушул үчөө келип жатканын айткан. Ал эми изкубарлардын колуна түшкөн үчөө ушул үйдө жашаарын айтып актанышкан. Бирок эч кимди көзгө илбеген изкубарлар үчөөнү машинеге салып алып кетишкен.
Өлгөндөр өлдү, көз жумган "альфачынын" соту не болот?
Үч милиционерди өлтүргөн кылмышкерлерди жок кылуу операциясы МУККтун "Альфа" атайын даярдыктагы бөлүмү тарабынан 5-январда Арашан айылында өткөрүлдү. Кызыгы, алардын биякка келгенин колго түшүп бирок алардан аман калган чабан укук коргоо органдарына айтып, андан кийин гана "альфачылар" келген деген маалымат бар. Мөндүрдөй ок жаадырган кылмышкерлер жашырынган үйдүн үстүнө вертолеттон аскерлер түшүрүлгөн. Күч органдарына куралдуу каршылык көрсөткөн кылмышкерлердин бири тирүүлөй кармалды. Ал 4-январда үч милицияны аткандардын бири Эдил Абдрахманов болуп чыкты. Анын оң көзүнө айнек кирип, ооруканага жеткирилди. Ал эми террорчулардын башчысы, 38 жаштагы Советбек Исламов менен 26 жаштагы Азим Султанкулов окуя болгон жерден өлтүрүлдү. Бул жерден аман чыкпасына көзү жеттиби, бир жанкечти жардыргычтарга жарылып өлдү.
Бул айылда 4-январда кылмышкерлердин колунан ажал тапкан милиционер Алмазбек Сулаймановдун тажиясы болуп аткан эле.
Террорчуларды кармоодо 7-апрель окуясы боюнча соттолуп жаткан "Альфанын" кызматкери Жеңишбек Бабараимов курман болду. Таң калыштуусу, Жеңишбек Бабараимов өзү сот жообуна тартылып атып кантип бул операцияга катышканы белгисиз.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА