07.01.10 - 13-бет: Руслан СЫДЫКОВ:
"Футболдон жакшылык гана көрдүм"

Чет өлкөдө мыкты футболчуларды бир гана өз өлкөсүнүн маалымат каражаттары эмес, башка мамлекеттердин гезит-журналдары кайра-кайра жазып келишет. Бизде да өмүрүн футболго арнап койгон мыкты оюнчу бар экенине анча маани бербейбиз. Анткени бүгүнкү коногубуз көшөгөнүн артындагы талант катары оор жүктү көтөрүп, бирок элге көп байкалбай келет. Себеби, ал - коргоочу. Футбол дүйнөсүндө көбүнчө чабуулчулар жылдыз болоору бышык. Кыргыз футболунун жылдызы Руслан СЫДЫКОВ өзү жөнүндө кеп куруп берди.

Толук аты-жөнү: Сыдыков Руслан Жумабаевич
Туулган күнү: 4-январь, 1975-жыл
Кичи мекени: Фрунзе шаары
Бою, салмагы: 190 см, 84 кг
Үй-бүлөлүк абалы: Үч баланын атасы
Билими: ИИМ академиясы
Жетишкендиктери: КР 9 жолку чемпиону, АФКнын эки жолку чемпиону, Кыргызстандын кубогунун беш жолку жеңүүчүсү, бир нече жолу КР "мыкты оюнчусу", "мыкты коргоочусу" болуп табылган. Көп жылдан бери Улуттук курама команданын капитаны жана "Дордой" футбол клубунун капитаны болуп келет.
Учурда: "Дордой" футбол клубунун коргоочусу, ИИМде атайын ротанын инспектору
Жашоо урааны: Мекенге кызмат кылуу

Бала чагым…
Төрт бир тууганбыз. Атам ЖОЖдо мугалим, апам финансист. Мен төрөлгөндөн кийин үч ай толгондо атамдын жумушу боюнча бизди Ош шаарына жиберишкен. Футболго ошол түштүк борборубузда жүрүп кызыгып калдым. Көп кабаттуу үйүбүздүн жанында кичинекей аянтча бар эле, ошол жактан түнү-күнү чыкпай ойночу элек. Менден улуу балдар ойногондо мени дарбазага тургузуп коюшчу. Өзүм теңдүүлөр менен ортодо ойноор элем. Кийинчерээк футбол ийримине барып жазылайын десем, орун жок дегенинен бокс менен катуу машыгып жүрдүм. Ошентсе да, көп убактыбыз футбол менен өтчү. Биз жашаган жакка жакын жерде балдардын футбол клубу ачылып, ал жакка келген машыктыруучу жаңыдан команда чогултту. Класстагы балдардын арасындагы мыкты оюнчу катары досторум ал жакка мени да ээрчитип барышты. Тренерибиз мени көрөөр менен сенден бир нерсе чыгат деп айтты. Ошентип футбол дүйнөсүнүн туруктуу атуулу болуп калдым. Машыгууларды такыр калтырбагандыгым үчүн ошондо эле мени капитан кылып шайлап коюшчу. Башында чымыр денелүү, чыдамкай бала деп мени ортодо оюн жүргүзүүчү футболчу катары колдонуп жүргөн. Кийинчерээк коргонууга жооптуу адам керек болуп, мени артка жылдыруу менен менин туруктуу ордумду таап коюшту.

Алгачкы кадамдар
Олуттуу түрдө футбол ойногонум Оштун легендарлуу командасы "Алайдын" катарынан башталды. Ал клубду чеберлер командасы деп аташкандыктан, көп нерсени ошол жактан үйрөндүм. Алардын катарында тааныла баштаганымда мени 1997-жылы ошол кездеги ИИМ министри Өмүрбек Кутуевдин чакыруусу менен "Динамо МВД" командасында ойной баштадым. "Динамонун" катарында жүрүп ИИМ академиясын аяктаганга жетиштим. Үч жолу өлкө чемпиону болдук. Ал жерде 4 жыл оюн көрсөтүп жүрүп, 2001-жылы "Дордойго" чакыруу алдым.

Кыргызстандыкмын
Мага баарынан да "кайсы жерликсиң?" деген суроо жакпайт. Кыргызстанда саналуу облус, саналуу район бар. Чыныгы кыргыздар болгону 3 миллионго араң жетет. Анан уруу-уруу болуп бөлүнгөнүбүз туура эмес. Мен мисалы, түпкү тегим Нарындан, ата-энем нарындыктар, өзүм Фрунзеде төрөлүп, Ошто торолуп, түштүктүн тарбиясын алгам. Ошол жактан адам болдум десем болот. Келинчегим көлдүн кызы, учурда Чүйдө, Кант шаарында жашап жатам. Жалпылап айтканда кыргызстандыкмын. Мага оштуктардын бир жери жагат. Алар каяктыксың деп такыр бөлбөйт. Балким көптөгөн башка улуттун арасында жашагандыктан жалпы кыргызбыз дешсе керек. Жерликке байланышкан суроону түндүк жакта көп бергенин байкайм. Командадагы балдарды да бул маселени козгобогонго чакырам. Анткени териштирип жүргөндүгүбүз үчүн алга жылбайбыз. Бул маселени такыр козгошпогон түштүктүктөрдө алга жылуу байкалганын мен футболдун мисалында айта кетсем болот. Анткени акыркы жылдарда чыккан мыкты футболчулардын көбү түштүктүн балдары. Мисалы, Россияга чейин барып ойноп келген Мирлан Мурзаев, Латвияда ойноп, быйыл жылдын "мыкты футболчусу" болгон Азамат Байматов, "мыкты чабуулчу" деп табылган кочкор-аталык "Нефтчинин" оюнчусу Таалай Жуматаевди айтсак болот.

Келинчегим
Келинчегиме кантип баш кошконум да кызык. Апам экөөбүз турчубуз. Кыргызстандын футболунда кышында каникул болот. Ошол мезгилде мени Индиянын Бангалор шаарынын "ХАЛ" аттуу командасы арендага ойноп берүү үчүн чакырышты. Алты ай апам жалгыз калмак беле деп үйлөнүп, келинчегимди жанына таштап кетүүнү ойлоп таптым. Туугандарым бир кыз бар, сүйлөшүп көрбөйсүңбү дешти. Макул болдум. Жолуктук. Сүйлөшүп көрсөм, ой жүгүртүүсү мыкты, көңүлүмдөгүдөй кыз экен. Дароо эле жактырып калдым. 4-5 күндөн кийин жолугалы деп убадасын алдым. Болжогон убакыт өткөн соң, калп эле менин туулган күнүм деп шылтоолоп, достор, аяштар менен кафеге чогулдук. Кафеден чыгып, майрамды үйдө уланталы деп баарыбыз биздикине бардык. Жоолук салып алып калмай ишти апалар, эжелер көптөп жайлашты. Карындашым менен курбу болуп жүргөн болочок келинчегим, жакшы жерге келгенин билдиби, айтор, мени чакырып, экөөбүз "один на один" сүйлөшүп, анан отуруп калды. Аны апамдын жанына таштап коюп, жарым жыл Индияда ойногончо, жер көрүп, эл көрүп эс алып келдим. Азыр эки кыз, бир уулду төрөп берген Нуржан менен бактылуу өмүр сүрүп келебиз.

Легионер
Мени деле Тажикстан, Өзбекстан, Казакстандын "Нефтчи", Анжиян, "Науруз", "Тараз", "Кайрат" клубдары чакырышкан. Керек болсо ал жакта сборго катышып, сыноодон да өткөм. Москванын "Динамо" клубу да ИИМге карайт эмеспи, биздин министрлик мени ал жакка жөнөтүүнү да сунушташкан. Бирок эмнегедир Кыргызстандан кетким келбей койду. Себеби көп эле. Бутум тартпаганынын биринчи себеби, кичине жакшы ойногон балдардын баары эле чет жакка кете берсе, кыргыз футболун ким көтөрөт? Жаш таланттар күчтүү оюнчулар менен бирге жүрүп такшалат да. Начар оюнчулардын арасында кыйын боло берсе, күчтүү командаларга жолукканда эчтекеге жарабай калышат. Анын үстүнө апамды да жалгыз калтыргым келбеди. Болбосо мага Өзбекстандын атуулдугун алып, олимпиадалык курамда ойноону сунуштап, көптөгөн көздү кызыктыруучу шарттарды убада кылышкан.
Ал эми бизге келип жаткан легионерлер боюнча оюм, келишсин. Бирок биздей ойногондор эмес, бизден күчтүүлөрү. Ошолорго карап түздөнүп, алардан ашуу үчүн аракет жасашыбыз керек болот. Азыркы бизге келгендерден мен бир гана Давид Теттени таланттуу оюнчу катары кабыл алам. Калгандарына көбүнчө биз үйрөтөбүз.

Чалынуу
Быйыл бизди утулуп калды деп күнөөлөшүүдө. Моюнга алабыз, өзүбүз да күтпөгөн окуя болуп кетти. Кочкор-Атанын "Нефтчи" клубун Кыргызстандын кубогунун финалында 3:0 эсебинде жеңдик. Андан кийин бир жума өткөн соң, чемпионаттын алкагында кезигип жатпайбызбы. Мурункудай эле шапа-шупа жайлап салабыз деген ойдо оюнга тоотпой чыкканбыз. Аңгычакты эле эсеп 2:1 тигилердин пайдасына ооп кетти. Биз канчалык тырышсак да, бүт командасы менен коргонууга жатып алган атаандашыбыздын дарбазасына гол киргизе албадык. Тең чыгуу да бизге чемпион болууга шарт түзмөк. Эми бул алардын ак эмгеги менен болгон жеңиши, алар үчүн да бир чети кубанып коем. Бул деген "Дордойдун" мындан катуу чыңалышына шарт түздү. Бир эле "Нефтчи" эмес, Кыргызстандын башка командалары да биз деле чемпион болсок болот турбайбы деп аракет көрө баштайт. Бул кыргыз спортунун өнүгүшүнө шарт түзөт. Эми биздин клуб бир гана "Абдыш-Атага" катуу даярданбай, ар бир атаандашына олуттуу мамиле кыла баштайт деп ойлойм.

Футболдон кийин да футбол
Футболдук карьерамды жыйынтыктаган соң, машыктыруучу болуп, өлкөм үчүн салымымды кошсомбу дейм. Анткени канча жылдан бери капитан катары балдарга акыл-насаатымды оюн жүрүшүндө, кийинүүчү бөлмөдө, машыгуу учурунда айтып жүрүп, кыйла такшалып калдым. Көп нерсеге көзүм жетип калды. Бизде көбүнчө китеп менен окуган машыктыруучулар. Мыкты адис болуш үчүн ал өз башы менен оюн жүрүшүн көрүш керек деп ойлойм. Кандай учурда футболчу кандай абалда болоорун жакшы билип, ар бир оюнчуга кандай мамиле кылышты да билип калдым. Бул оюма бир гана лицензиянын жоктугу тоскоол болушу мүмкүн. Анткени машыктыруучу болуш үчүн атайын билим алып, тиешелүү документке ээ болуш керек экен. Эмнеси болсо да футбол дүйнөсүнөн алыстабайм. Себеби, футболдон жакшылык гана көрдүм десем туура болот.

Кудрет ТАЙЧАБАРОВ