presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Жакшынын шарапаты

Агай
Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде азыркы кыргыз интеллигенциясынын негизги бөлүгү билим алганы белгилүү. Айрыкча филология факультетин бүтүрүп чыккан чыгармачыл адамдар кырк жылга жакын ушу окуу жайда эмгектенген
Искендер Исамидиновду жакшы билишсе керек. Себеби агайдын жардамын көргөн адамдар көп.

Окуп жүргөн эле кезде эмес, кийин башка кыйынчылык түшкөн учурда да агай колдон келген жардамын берип турду. Университетти бүткөндөн кийин он жылдан кийинки бир окуя эмгиче эсимден кетпейт. Агезде "Агымдан" кетип өзүбүзчө гезит ачсак деп жүргөнбүз. Редакцияга имарат табылбай, акча да жок, маанай чөгүңкү эле. Төрт-бешөөбүз эмне кылаарды билбей буюгуп отуруп, бир маалда Искендер Исамидиновду эстедик. Бирөөбүз ал эр эле, сөзсүз жардам берет деди ишенимдүү. Баарыбыз университетти көздөй жөнөп калдык. Эмнегедир мурдатан эле университеттин ректору башка болсо да бизге ректор Искендер агайдай сезиле берчү. Себеби беш жыл окусак да ректорду чала-була көрүп, маанилүү иш чыгып калса дайыма Искендер агай менен чеччү элек.
Ошентип баягы төрт-бешөө-бүз дүпүрөп университетке кирип бардык. Агай проректор кези, убактысы кандай экени белгилүү да. Гезит ачалы деп атканыбызды, кеңсе керек экенин, акчабыз жок экенин айттык. Андан да анын жылуу, колдогон мамилесине эреркеп кеттикпи, түз эле студенттер дарыланган профилакторийден орун таап бериңиз деп каалаган жерибизди да айтып ийдик. Агай макул да, жок да дебеди. Көңүлүбүздү көтөрүп, сөзсүз жардам бере турганын, кеңсени да, акчаны да чечсе болоорун айтып, үч күндөн кийин келгиле деди. Биз үч күн бою гезитти кандай чыгарарыбызды сүйлөшүп, көңүлүбүз ток жүрдүк. Үч күндөн кийин барсак, Искендер агай бир имаратты тапканын, анын ремонтуна канча акча кетээрин да эсептеп, гезитти университтетин алдында ачууга болоорун, муну ректор Аскар Какеев да колдогонун айтты. Биз баарыбыз чындап эле кубандык. Бирок агезде президент Аскар Акаев эле. Имаратты барып көрдүк. Искендер агайдын кабинетинде отуруп алып редакцияга керектүү нерселерди эсептеп, смета түзүп кирдик. Ошентип иш башталып кетти. Бирок оппозициялык гезиттен келген эмелер баары бир оңолбойт дегенби, айтор бул иш жөнүндө президентке чейин жетип, ремонт боло баштаган имарат жарым жолдон токтоп, башка иштердин жолу буулду. Биздин маанайды көтөрүү үчүн агай университетке келген үч күнүбүз үчүн бешөөбүзгө тең биртоп акча бердирди.
Ошондо агайдын жакшылык жасоо, жардам кылуу ниети табигый эле иммунитети экенин баарыбыз түшүнгөнбүз. Албетте кийин чыгара турган гезитибизди баары бир чыгардык дечи. Бирок агайдын жакшылыгы эч эстен кетпейт.
Педагогика илиминин доктору, профессор Искендер Исамидиновдун агартуу майданында эмгектенгенине отуз сегиз жыл болуптур. Ал бир эле учурда илимий ишти, административдик жумушту андан башка коомдук иштерди бирдей ала жүргөн окутуучу жана жетекчи. Эң башкысы ал билим берүү системасын башкарууда, окуу процессин уюштурууда , илимий-педагогикалык жамаатты жетектөөдө жоопкерчиликтүү ишмер. Агайдын илимий ишмердүүлүгү болсо улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына байланышкан. И. Исамидинов улуу жазуучунун чыгармачылыгы боюнча Япония, Франция, Түркия жогорку окуу жайларында дарс окуп келген. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын мектептерде окутуу боюнча анын алтымышка жакын илимий эмгектери жарык көргөн. Учурда профессор Исамидинов Кыргыз билим берүү академиясынын жана Абай атындагы казак улуттук педагогикалык университетинин алдындагы докторлук (кандидаттык) диссертацияларды коргоо боюнча диссертациялык кеңештердин мүчөсү. Ушу жылы агай Астанада өткөн КМШ өлкөлөрүнүн билим берүү кызматкерлеринин биринчи съездинин делегаты болгон. Буга чейин тармактык сыйлыктардын бардыгына ээ болуп келсе, быйыл агайдын көп жылдык үзүрлүү эмгеги бааланып, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына татыктуу болду.
Айтмакчы, ал Бишкек шаардык кеңештин депутаттыгына да шайланып, (2004-2008- жылдар) борбордун коомдук турмушуна да жардамы тийип келе жаткан адам. Агай ушу тапта Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун директору, педагогикалык ишмердүүлүк боюнча проректору. Чүй облусунун жетекчилиги менен тыгыз иштешип, облус мектептери үчүн педагогикалык кадрларды даярдоону өз мойнуна алган.
Бүгүн агартуучулардын курсагы да, жандүйнөсү да ач болуп бийликке өз талабын койгону туура. Жандүйнөнү байытып, адамга руханий азык берип келе жаткан агартуучуларын барктабаган өлкөнүн келечеги жок дейт агай. Бирок каржалып турган бийлик муну канчалык түшүнөт, ал мезгилдин иши.
Жыл жаңыраар алдында Искендер агай кесиптештерин, миңдеген студенттерин, жалпы элди жаңы жыл менен куттуктап, тынчтык, ыйман, сабырдуулукту каалайт. Биз дагы бар болуңуз, жакшылыктын үрөнүн дагы эле чача бериңиз демекчибиз.
Аскер САКЫБАЕВА




Дарика ЖАЛГАСЫНОВА, КР эл артисти
Кел жаңы жыл
Кел жаңы жыл, ооматыңды ала кел,
Санжыргалуу салты сонун кыргыз эл.
Борошолуу бороондорду тоготпос,
Баатырга бай, калкы сонун кыргыз эл.

Кел жаңы жыл, шаани менен тосолу
Өмүрлөргө дагы өмүр кошолу
Жашообуздун жан тамырын чыңалтып.
Ыракаттуу үндү бийик созолу.

Кел жаңы жыл, шаарым шаңга бөлөнсүн,
Эң бактылуу ымыркайлар төрөлсүн.
Сенин даркан дасторконуң жайылып,
Салтанаттуу үлпөт тойлор көбөйсүн.

Кел жаңы жыл, өмүр гүлү соолбосун,
Адилеттүү бейпил турмуш орносун.
Майтарылбас кыргыз калкым алга бас,
Ааламдардын падышасы колдосун.





Урматтуу мекендештер!
Улуу-кичүү баарыңыздарды жаңы 2011-жылыңыздар менен чын жүрөк-төн куттуктайбыз!
Кыргызстандын ар бир үйү ушул жылы кубанычка бөлөнүп, кут толуп турсун! Ар бир атуулдун өмүрү узун, өрүшү жайлуу болсун! Акыйкатты сүйгөн элибизди ашуусу бийик тоодон сактасын, айкырып тийген жоодон сактасын! Агыны албуут суудан сактасын, адам өлгөн чуудан сактасын!
Элибиз ылайым тынч болуп, эмгек кайнап турсун, береке жайнап турсун! Мамлекетибиздин тарткан көчү мындан ары түз болсун, ынтымак, ырыс, биримдик күч болсун!
Бардыгыңыздарга бактылуу турмуш, бакубат жашоо каалайбыз!
Дагы бир жолу
жаңы жылыңыздар менен!
Чүй облустук ички иштер башкы
башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги
Бактыбек Бейшеналиевич ЖУСУБАЛИЕВ




Дорогие кыргызстанцы!
От имени личного состава ГУВД Чуйской области и от себя лично, искренне и сердечно поздравляю Вас с наступающим Новым 2011 годом !
Уходящий год был для нас напряженным и одновременно плодотворным, полным значимых событий и нелегких испытаний. Добросовестной службой и безупречным трудом личный состав ГУВД Чуйской области достиг положительных результатов в решении ответственных задач, возложенных на органы внутренних дел.
Уверен, что в 2011 году личный состав ГУВД Чуйской области с честью оправдает Ваше доверие к органам правопорядка и добьется новых успехов в борьбе с преступностью, в обеспечении безопасности наших граждан.
С чувством особой теплоты и глубокого уважения желаю Вам успехов и, исполнения самых заветных желаний, всех благ родным и близким, семейного благополучия и большого человеческого счастья!
Пусть процветает наша многонациональная, любимая страна!
С уважением,
Начальник ГУВД Чуйской области, полковник милиции Бактыбек Бейшеналиевич ЖУСУБАЛИЕВ






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??