Баары башчылардан
Орозбек Молдалиев, саясат изилдөөчү:
"Келерки жылга саясый оптимизм жок"

- Негизинен бийлик структуралары толук легитимдешти. Бирок өкмөттүн курамы оптимисттик маанай бербей жатат. Анткени ар бир партиядан өкмөткө күмөн жараткан, эски бийликтин адамдары келип калды. Бул эл ичиндеги дестабилдүүлүктү жаратып баштады. Депутаттык орунда калгандардын деле профессиналдык деңгээли төмөн. Мына ушуларды эске алганда 2011-жылга экономикалык багытта, саясый чөйрөдө деле чоң оптимизм жок.
Президенттик шайлоого келсек, өлкө башчысы Роза Отунбаева президенттик тактыга тырышпайт. Ал дайыма берген убадасын аткарат. Буга чейин Убактылуу өкмөт кандай шарт койсо деле макул болуп иштеп берип келди. Убактылуу өкмөттөгүлөр парламенттик шайлоону таза өткөрүп берүүгө, өлкөнү стабилдештирүүгө болгон аракетин жасашты. Албетте ортодо келишпестиктер болду. Президент ошолордун баштарын бириктирип, эптеп жаңы өкмөткө өткөрүп бергенге чейин жеткизди. Ошон үчүн парламенттин таркашына президенттин кызыкчылыгы деле жок. Тескерисинче, ал парламент менен иштешейин деп аракет кылып атат.
Эгер парламент жакшы иштеп кетсе, өлкөдө коррупция өзүнөн өзү эле 30-40 пайызга кыскарат. Андан соң мыйзамдуу жол менен анын деңгээлин дагы төмөндөтсө болот. Бирок учурда криминалдык чөйрө, коррупцияга малынган бир катар чиновниктер буга каршы болуп атышат. Тышкы күчтөр болсо Кыргызстанда өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн иштеп бере турган президент болушун каалап турушат. Ошону биздин өз капчыгын гана ойлогон чиновниктер түшүнбөй жатышат. Ошондой адамдарды өзүбүз депутат кылып шайлап алдык.
Диний экстремизм башталды, кийинки жылдары күчөйт деп атышат. Диний экстремизм Кыргызстанга чоң таасир бериши үчүн калк толугу менен мусулман болушу керек. Анан ошол мусулмандарды экстремист кылып даярдаса болот. А динден түшүнүгү жок адамдарды эч ким диний эктремист кыла албайт. Айрым жарандарыбыздын "Хизб-ут Тахрирге" кирип кетип жатканы анык. Бирок бизде бул уюмдун чоң эктремисттик аракеттерге барганга күчү жете элек. Бизде тескерисинче, азыр саясый экстремизм күч. Өлкөнү криминалитет башкарып атпайбы азыр. Парламентке кримавторитеттер кирип кеткенин ички иштер органдары өздөрү айтып жатышат. Алар эч качан мамлекеттин кызыкчылыгын ойлобойт. Ошондуктан азыркы парламент, өкмөт кырдаалдын оордугун түшүнүп, иштиктүү аракеттерди жасабаса саясый акыбалыбыз келерки жылы кыйындап кетиши мүмкүн.
Анализдеп көрсөк, азыркы Конституциябыз парламент, өкмөт, президент биргелешип иштей тургандай жакшы жазылган. Атургай ал жерде парламенттик оппозицияга жакшы кызматтар берилери да каралган. Андыктан ушул Конституцияны жакшы иштетип, парламенттик башкаруу жакшы уланып кетсе өлкөдө эмдиги жылы жылыш болот. Мындайда түндүк-түштүк маселеси да жоюлат. Кыскасы, өлкө саясатынын оңолушу президент, спикер, премьер-министр, фракция жетекчилеринин иштешине жараша болот. Булар учурда мамлекеттин саясатындагы чоң күч.
Мелис СОВЕТ уулу





  Күнжүрүш

Этегин кимдин кармайбыз, эми кимди алдайбыз

Кыргызстандын тышкы саясатында приори-теттүү аталган көп векторлуу багыттар сөзсүз сакталышы керектиги дайыма айтылат. Ырас, көз карандысыз мамлекет катары Кыргызстандын да тышкы саясатта өз орду болууга тийиш. Бирок дүйнөнүн дөө-шаа өлкөлөрүнүн геосаясый кызыкчылыктары кесилишкен географиялык алкакта тургандыгыбыз тышкы саясатта татаалдашкан жагдайларды жаратууда.
Эгемендүүлүк аталган жыйырма жылдан бери тышкы саясатта Кыргызстандын кызыкчылыгы деген кызыл сызыкты дайыма кармана албай келдик. Качып кеткен президенттер өлкөнүн эмес өз чөнтөгүн ойлогону баарыбызга маалым. Айталы, "Манас" аба майданында турган Американын куралдуу күчтөрүнө байланышкан коррупциялык эпопея бүгүнкү күнгө чейин жетип, куйругу үзүлө элек. Кыргызстандын тышкы саясатындагы өткөнүн айтып отурсак өкүнүчтөр көп. Биз жөнөкөй эле "алыскы туугандан жакынкы коңшу артык" деген кыргыздын кылым кечкен сөзүнө маани бербей келдик. Тарыхы чырмалышкан, тили-дили бир, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан менен кылым арыткан коңшулук жөнүбүздү жөндөй албай койдук. Натыйжада чегара маселеси чечилбей, чечели десек эле жерибиздин четин алдырып коюп жатабыз. Ал эми экономикалык кызыкчылыкты айтпай эле коелу. Мына, Казакстан "өзбек өз агам" деп коюп газдын 1000 кубометрин 89 гана доллардан сатып алат. Бизге 240 доллардан берет. Муну тышкы саясатта өз мамлекетинин кызыкчылыгын коргой албаган мажүрөөлүгүбүз деп баалашат серепчилер.
Учурда Атамбаевдин өкмөтү бизге да арзан берер бекен деп үмтөтүп турган чагы. Ушундан улам премьер-министр А.Атамбаев бир күнгө болсо да биринчи визитин И.Каримовдон баштап, Ош окуясындагы таасирин мактап, эң негизгиси, газ маселесин чечип алып, анан Орусияга аттанса деле кечикмек эмес. Бул жогоруда айткан эң биринчи коңшулар менен мамилебизди оңдоп алсак дегенибизге барып такалып жатат.
Ошентип А.Атамбаев айтымында олжолуу келип, жаңы жылдын башынан баштап Орусия бизге үстөксүз күйүүчү май жөнөтө турган болуптур. Андан тышкары, февраль айында эки тараптын ортосундагы бардык келишпес маселелерди чечишелик дешиптир. 200 млн. доллар кредит да берем десе керек. Албетте мунун баарын Орусия бизди жакшы көрүп кеткенинен берейин деп жаткан жери жок. Бул өлкөнүн бизде геосаясый кызыкчылыгы бар. Андыктан Американын бул жакка бут салышын, айрыкча аскердик аба базасынын бизде тургандыгын анча жактыра бербейт. К.Бакиев да дал ушул авиабазаны чыгарып жиберем деп Орусияны биртоп жибитип, жаңылбасам 300 млн.доллар үстөксүз кредит алганга үлгүргөн. Бул жолу А.Атамбаев Орусияны кандай шарттарда эритип эпке келтирип келгенин айта албайбыз.
Эгер ортодо баягы эле Американын биздеги куралдуу күчтөрү маселеси ойноп турса, анда маселе биртоп кыйындап кетет. Анткени Американын да куму күмүш, ташы алтын биздикиндей жерден, кененирээк алганда Борбордук Азия чөлкөмүнөн чыккысы келбейт. Ошондой эле Кытай, Европа, Азия өлкөлөрү өңдүү алака-катышыбызды үзбөй турган мамлекеттердин да таасирин тана албайбыз. Мындай шарттарда тышкы саясатыбызды ийкемдүү, көп векторлуу багытта жүргүзүү үчүн мамлекетибиздин ички саясый турмушунун туруктуулугу, экономиканын стабилдүүлүгү өтө маанилүү. Башка жол жок.
Темирбек АЛЫМБЕКОВ




  Жыртык капчык

Экономика биротоло эңшерилеби?
Финансы министрлиги кийинки жылдагы өлкөнүн бюджетинин долбоорун жарыялады. Анда мамказынанын киреше бөлүгү 61 млрд. 100 млн., чыгашасы 79 млрд. 700 млн. сомду түзөрү кабарланган. Мунун негизинде бюджет таңсыктыгы 18 млрд. 600 млн. Сом болору ачыкка чыкты. Бул көрсөткүч ички дүң жыйымдын 7,8%ына барабар.


Өлкө капчыгын кампайтууда салык чогултуу чечүүчү мааниге ээ. Себеби, салыктардын эсебинен 38 млрд. сомдон ашуун каражат мамбюджеттин тешигин бүтөмөкчү. Ал эми которуу жолу менен 12 млрд. 900 млн., салыктык эмес булактардан 10 млрд. сом киреше түшөрү күтүлүүдө.
Эске салсак, биз кеп кылып жаткан бюджет долбоорун отставкага айдалган техникалык өкмөт түзгөн. Эми аны курама өкмөт өзгөртөбү же тим коебу, азырынча айтыш кыйын. Мына ушундай жагдайлардан улам экономиканы талдаган адистер келерки жылдын бюджетине божомол билдире албай шайлары ооп аткан чагы. Маселен, экономика илиминин доктору, профессор Жумакадыр Акенеевге кайрылсак, минтет:
- Мамбюджет долбоорун Жогорку Кеңештин эки фракциясы талкуулап, андан соң жалпы жыйынга алып чыгышы керек. Ага өзгөртүү-толуктоолор киргизилиши ыктымал. Андыктан, бу темада кеп козгобой турганыбыз оң.
- Сиздин баамыңызда, бюджет таңсыктыгы 18 млрд. 600 млн. сом болгону канчалык деңгээлде реалдуу?
- Менин колумда так маалымат жок. Кийинки жылдын бюджетинин тагдырын парламент чечет эмеспи.

Гудбай,
"Кумтөр"?
Акыркы он айда 2,6 млрд. долларлык товар сырттан ташылып келинген. Ошол эле учурда экспорттун көлөмү 1,1 млрд. доллардан ашкан. Бу жерде "Кумтөр" ишканасынын кошкон салымы зор. Анткени, аталган мекемеден өндүрүлгөн алтындын сатылышы экспорт өлчөмүнүн көбөйүшүн шарттаган. "Кумтөр" болбогондо, тышка товар жөнөтүү 680 млн. доллардан ашмак эмес. Энди Атамбаев өкмөтү Кыргызстандын "Центеррадагы" ("Кумтөрдөгү") акциясын сатуу демилгесин жаңырган жылы көтөрөрү каңкууланууда. Сөз жок, эгемен мамлекетибиз каражатка каржалып турган чагы. Бирок, жападан жалгыз кенибизди канадалыктарга биротоло кармата бергенден утулуп калбас бекенбиз? Не дегенде, дүйнөлүк базарда алтындын баасы күн санап өсүп баратыр. Маселенин бир өңүтү ушундай. Экинчиден, бийлик аке "Центеррадагы" акцияны сатуу аркылуу кырдаалдан оңой чыгууну көздөп жатат. Демек, коалициялык өкмөттө деле экономиканы ирдентүүнүн конкреттүү программасы жокпу деген ойго жетеленесиң.

Акча болобу жокпу?
Расмий статистикага ылайык, быйыл тышкы карыздын өлчөмү 2,7 млрд. долларды чапчыды. 2011-жылы ал 3 млрд. 194 млн. долларга жетерин финансы министринин орунбасары Арзыбек Кожошев маалымат жыйынында билдирди. Арийне, сырткы карыз эмненин эсебинен көбөйөрүн ачык айткан жок. " Учурда бюджет оор абалда. Ошондуктан көптөгөн корголгон беренелер боюнча талкууларды жүргүзүп, бюджетти колдоп берсек. Антпесе, 1-январдан баштап, корголгон беренелер боюнча акча төлөнүүлөр болбойт " дейт ал. Мына ушул жерден баса белгилей кетүүчү нерсе, парламент бюджет долбоорун карай элек. Анда мамлекет капчыгынан жан баккандардын абалы кантет?
Нурканбек КЕРИМБАЕВ



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"