presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Жылдын сүйүнткөнү жана күйүнткөнү

"Жаңы Агымдан" жаңы наам
Жолборс жылы да күркүрөп өтүп баратат. Жолборс болгондон кийин азуусу, тырмагы кандуу болот экен, быйылкы жылы Кыргызстан кылымга татыган оор күндөрдү баштан өткөрдү. Эчендеген эр азаматтарыбыздан айрылдык. Бирок жакшылыктан үмүт үзбөй жаңы Конституцияны кабыл алып, парламенттик башкарууга өттүк. Беш партия бийлик тизгинин алганы менен ары-бери тартышып жатып, жыл тогошор алдында араң өкмөттү түзүштү. Эми алар эптеп иштеп кетсе дегенде эки көзүбүз төрт. Ушундай оор күндөрдө да элибиз байыркы калыбынан жазбай, чайпалганы менен төгүлбөдү. Атургай кээ бир тармактарда калктын маанайын көтөрүп, рухун чыңдаган, бали деп суктандырган окуялар, тескерисинче, өкүнтүп өзөгүңдү жедирген учурлар да болду.
Алардын айрымдарын окурмандарыбыз менен тең бөлүшөлү дедик.





Жылдын баатырлары

Бул жылдагы бирден бир жүрөк сүйүнткөн окуя Кытайда өткөн Азия олимпиадасында Данияр Көбөнов (алтын), Калыбек Жолчубеков (күмүш), Жанарбек Кенжеев (коло) өңдүү балбандарыбыздын Кыргызстандын туусун желбиретип, ийгилик менен кайтышканы улутубуз үчүн чоң сыймык болду окшойт.
Ушул эле олимпиадада айтылуу велосипедчи Евгений Ваккердин Германияга көчүп кеткенине, өзү бир ай мурда сокур ичегисин алдырып анчалык жөнүгө албай турганына карабастан Кыргызстандын тузун таттым эле деп биздин мамлекеттин туусу астында чыгып, күмүш медаль утуп бергендиги да эсибизде калды. Патриотпуз деп эле көкүрөк какканыбыз көп, бирок Е.Ваккер өңдөнүп кайда жүрбөсүн Кыргызстанга кызмат кылганга даяр тургандар аз. Ал эми биз анча медаль үмүт кылбаган спорттун түрүнөн да Александр Пароль деген азаматыбыз коло медалга ээ болуп, кыргыз намысын көкөлөтүп берди.





Жылдын акмагы

Бул окуяны мындан башкача атай албадык. Кашайганда дарыгерлерибиздин арасынан деле кылымдардан бери колу эмдүү карапайым адамдар жасап келаткан ишти жасай албай, баланын убалына калып келечегине балта чапкандар чыгат экен. Карап туруп же күйөөрүңдү, же күлөөрүңдү билбейсиң.
Сөз, быйыл Кемин районунда 4 жашар Нурсултан Мамасадыковду сүннөткө отургузам деп чочосунун башын түбүнө чейин кесип салып сүмүрөн кылган эскулап (латынча-дарыгер сөрөй) А.Рахманов жөнүндө баратат. Бул киши азыр жумуштан четтетилген. Жоопкерчилик жагы каралып жатабы же жокпу биле албадык. Кыргыздын мындай шарттарда айтылган "мунуң акмакчылык" деген жөнөкөй эле сөзү бар. Андыктан А.Рахмановду жылдын акмагы дегенден башка аргабыз жок. Башка бул окуяны эмне деп жайгарабыз.
Ал эми кичинекей Нурсултанды борбордогу №3 балдардын "тез жардам" клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери, алтын колдуу хирург Талант Өмүрбеков таланттуулук менен эки жолу операция жасаганга аргасыз болду. Эне-атасы сыздап Маскөөгө кантип жетебиз деп жатышат…




Жылдын улукмандары

Жогоруда чыныгы улукмандын атын актабагандар жөнүндө сөз кылдык. Бирок чыныгы улукмандар да бар экен.
Валерий Величко деген жаш жигиттин оң колун станок эки бөлүп кетип, эми колсуз калдым го деп сыздап турганда, айтылуу Иса Ахунбаевдин клиникасында иштеген хирургдар Мекен Абдалиев жана Жалил Акунов анын колун кайра тигип, ордуна коюшту. Эми В.Величконун колу кадимкисиндей эле иштеп, андай окуя болгонун унутуп да баратам дейт.
Ошондой эле Бишкек ипподромунун тренери Андрей Фисунов бир кулагын алдырып, түбүнөн жулунган кулагын бетаарчыга ороп алып эки сааттан кийин жогоруда аталган клиниканын микрохирургу Султан Тукешовго келген экен, кулагын кудум мурункусундай жамап бериптир. Буларды угуп, улуу хирургдун атын алып анын өрнөктүү салтын улантып жаткан клиниканын улукмандарынын уникалдуу операциясына таң калбай да, сыймыктанбай да кое албайсың.
Темирбек АЛЫМБЕКОВ





Кадырман карылар
Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Баатыры, эл акыны:
"Чын ыкластан таза иштөө керек"

- Адам баласы ар дайым келечекке план куруп, үмүт, кыял менен жашайт. Бул жөнөкөй сөз сыяктанганы менен жөн эле эмес, бул - турмуштун мыйзамы, жашоонун зарылчылыгы. Айрыкча жаңы жылдан биз көп жакшылыктарды күтөбүз. Аткарыла элек үмүт, тилектер аткарылса дейбиз. Андыктан келе жаткан жаңы 2011-коен жылы менен, мен бүтүн кыргыз элин чын жүрөктөн куттуктайм! Өлкөбүз үчүн, анын ичинде ар бир үй-бүлө үчүн жакшылыктын жылы болсун дейм. Бул чындыгында адамдардын өз колунда. Өлкөнүн абройун, намысын өркүндөтүү үчүн, демек ар бир үй-бүлөнүн жакшы турмушта жашоосу үчүн ар бир адамдын, жөнөкөй жумушчудан тартып өлкө жетекчилерине чейин чын ыкласынан, ак ниеттен таза иштеп, таза жашоосу керек. Ниет, пейилибиз ак болсо турмуш да ошончолук көңүлдүү болмок. Анткени өлкөбүз акырындап демократия жолуна, оңолуу жолуна бара жатат. Эми ушул жакшы башталышты бекемдеп, аягына чыгарууга умтулсак экен дейм. Эмесе жаңы жыл куттуу, акжолтой жыл болсун, урматтуу мекендештер!

Сооронбай ЖУСУЕВ,
Кыргыз Республикасынын Баатыры,
эл акыны:
"Экономика өссө, маданият өсөт"

- Бардык майрамдардан жаңы жыл тосуу өзгөчө майрам. Муну дүйнөдөгү бардык адамзат башкача сонун үмүт-тилектер менен тосот. Адамды үмүт жашатат, жакшы тилек жашатат. Ошо сыңары мен дагы элибиздин жакшы тилек, үмүттөрү көп болуп, алар ишке ашып, калкыбыз ден соолукта, бак-таалайлуу, биримдиктүү болсо дейм. Экономикалык кризистен чыксак, элибиз бай элдердин катарына кошулса, билим менен өнөр өссө. Учурда чынында элибиз каржалып турган кез, бирок ага баш ийбей сабырдуулук, эмгекчилдик менен ийгиликке жетишибиз керек. Буюрса, ошондой ийгиликтердин болушуна мен ишенем, элибиз аманчылыкта, байгерчиликте жашаганга жетсин деп тилейм. Эң негизгиси, тынчтык болсун. Тынчтык болсо эмгек болот, биримдик, ынтымак болот. Андай болгондо экономикабыз өсөт. Экономикабыз өссө, маданиятыбыз өсөт. Чыгармачыл атуул катары менин тилегим ушундай. Чындыгында өткөн жыл кандуу жыл болду. Эркиндиктин, тынчтыктын кадырын билдик. Андыктан учурда жыл тосуу майрамын анчалык көбүртүп-жабырткандын кереги жок. Бирок ак батабызды айтпай коюуга болбойт. Коен жылы акжолтой, бактылуу жыл болсун! Жаштарыбызга ыйман, карыларыбызга сөөлөттүү карылык берсин. Дасторкондун айланасына небере-чөбөрөлөр чогулуп, жаңы жылды жадырап-жайнап, алар менен бирге тосууңарды каалайм. Жаңы жылыңар менен, кадырман калкым!

Төлөгөн КАСЫМБЕКОВ,
Кыргыз Республикасынын Баатыры,
эл жазуучусу:
"Бөксө да толоор"

- Өтүп бараткан жылыбызда бир кыйла өкүнүч-өксүктөр, айрылуулар болду.
Өмүр дайра, бирде ошентип бөксөлүктү алып келсе, бирде жалаң жакшылыктарды да жамыратып алып келээри мыйзам ченемдүү көрүнүш. Кандай да болбосун, адам баласы илгери үмүттөн, изги тилектен куру калбайт эмеспи. Алдыдагы айжаркын күндү күтүп, элибиздин бардар, бакубат жашоосун, өлкөбүздүн өсүп- өнүгүшүн тилейбиз. Албетте, аракет кылсаң берекет болот дейт кыргыз. Андыктан ар бир жаран ир алдыда өз үй-бүлөсүн, анан барып өз өлкөсүн бутуна тургузуу үчүн каруусун казык, жанын азык кылып иштеш керек. Ал үчүн баарыбызга бекем ден соолук зарыл. Мен ар бир адамга, үй-бүлөгө ак тилектеримди билдирем. Келаткан жыл мурункулардан өзгөчөлүү, ийгиликтерге бай болуп, өсүү, өнүгүү, ырыскы-кут, чыдамдуу эрк, үзүрлүү эмгек, бак-таалай менен коштолсун! Ылайым ар бир үйдүн жарыгы өчпөсүн!.. Токчулук, молчулук кетпесин. Көп улуттуу мекендештерибиздин арасына ынтымак, дасторконубузга молчулук бекем орносун. Бар болгула, мекендештер!

Жазып алган Зайырбек АЖЫМАТОВ



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??