Кырдаал

Короз бекер кыйкырбайт
Таң алдында короздун кыйкырып алмайы бар. Көрсө, корозуң түшкүр элди ойготуп сооп табайын дебей эле, атаңдын көрү ай, дагы бир күндүк өмүрүм өтүп кетти деп кыйкырат экен. Анын сыңарындай, мамлекеттин турмушундабы, жеке адамдын жандүйнөсүндөбү, айтор ар бир өткөн күнгө, жылга кылчайып, бүгүн же быйыл эмне кылдым деген суроо пайда болбой койбойт.

Кыргыздын айдан аман, жылдан эсен деген сөзү быйыл Кыргызстандын саясый турмушуна анчалык коошпой тургансыйт. Президент Р.Отунбаева айткандай, ала жаздан жыл аягына чейин өлкөбүздө кылымга татыган күндөрдү баштан өткөрдүк. Апрель, Ош, Жалал-Абад окуялары онтотуп кетти. Эчендеген эр-азаматтарыбыздан айрылдык. Оштогу коогалаң кары-жаш деп аяган жок. Канчалаган үй-бүлөлөр кара кийип, кан жутуп, үй-жайсыз калды. Ошол оор күндөрдө элибиз Ош, Жалал-Абадга колдон келген жардамын аянбай, саясатчылар бөлүп-жарып айтып турчу түндүк-түштүк эмес, түбү бекем журт экенибизди көрсөтө алдык. Кыргыз элинин келечеги, дал ушул кыйындыкта бир-бирине кол берген салтында экендигин байкабай жатат окшойбуз. Жылдын тогошунда айтпай коюуга, аттап өтүүгө мүмкүн эмес бул окуялар саясый турмушубузда эч качан жол берүүгө болбой турган, тарыхый сабак катары кала берээри анык.
Ал эми саясый сабагына келсек, президенттердин чексиз бийлигин чектеп, парламенттик башкарууга өткөнүбүз болду. Чекеге чыккан чыйкандан бетер бул кылыгыбыз коңшулар түгүл КМШ боюнча жаккан жок. Анын анабашы Орусия Кыргызстан бу жол менен жүрсө кыйрап кетет дегендей кылды эле, андай болбоду. Бирок мындай кадамыбыздан чочуп кеткен Орусия саясатта сайда саны, кумда изи калбаган саясатчыны түртүп ойготуп, ат чабышка салып жиберди эле, капырай, алдыңкы беш атка аралаш озуп келсе болобу. Кеп кайда баратканын окурмандар баамдап турган чыгар. Бул жагынан биздин парламенттин ичи жакшы эле кенен болуп чыкты. Муну "Жаңы Агым" "Бакиев эле жок, калганы ордунда" деп айтканы бар. Акыры ары-бери сүрүшүп жатып парламент иштей баштады. Өкмөт түзүлдү. Эң негизгиси, мыйзам жолуна түштүк. Эми кандай иштейт көрө жатарбыз.
Ошентип дүйнөгө демократия деген теорияны тараткан, анын бешиги аталган Европа өлкөлөрү парламенттик башкарууга 250-300 жылда барып араң өтсө, биз бир аттап эле кирип кетип, ааламды дагы таң калтырдык. Аттаганыбыз курусун, демократия десе эле кыргыздын кылымдык наркына жатпаган ач айкырык, куу сүрөөн, биринен-бири озунуп кыйкыруу өңдүү көрүнүштөргө да күбө болдук. Мындайда саясый маданият, жоопкерчилик жөнүндө кеп кылып да бекер. Ошондой эле жеке саясый кызыкчылыгы үчүн кимдин болбосун биттүү тонун жамына калганга даярлар, өз короосунан гана кочкор салгысы келген күчтөр да коомубузда арбын экен. Муну да көрдүк. Бирок мындан сабак алдыкпы, айталбайм.
Апрель окуясынан кийин бийликке келген убактылуу өкмөттөн күткөнүбүз көп эле. Ырас, электр энергиясынын наркын мурунку калыбына келтирип, уюлдук телефондордун кошумча тыйынын алып ыргытып, стратегиялык маанилүү ишканаларды мамлекетке кайтарып берди. Бакиевчилерге таандык делген мүлктөр да кайтарылды окшойт. Канткен күндө да алардан калктын казынасына канчасы түшкөнү тумандап тургансыйт.
Бирок убактылуу өкмөттүн Бакиевди, анын табакташтарын кармай албагандыгы, (айрымдарын убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү өздөрү узатып койгон деген сөздөр да чыгып кеткен) кээ бир колго түшкөндөрүн үй түрмөсүнө чыгарып койгондугу, апрель окуяларына байланыштуу кылым сотун дурустап өткөрө албай, жанагы үй түрмөгө чыгаргандардын качып кетиши (О.Малеваная, Н.Турсункулов, К.Жороев) биртоп каңкуулардын башын жаратты. Баарыдан мурда Ош окуяларына жол бербөө мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарып, кылмыш чөйрөсүнүн мамлекеттик иштерге аралашуусуна жол бергендиктери да өкүндүрбөй койбойт.
Ошондой эле убактылуу өкмөт мүчөлөрү болгон А.Атамбаевдин, Ө.Текебаевдин, Т.Сариевдин ар кимиси өз партиялары менен шайлоого аттанып, натыйжада көпчүлүктүн добушун алалбай, парламентке бытыранды абалында келгендиги да кейитет. Кесепетин көрүп турабыз. Айласыздан коалициялык өкмөт түзүүгө мажбур болдук. Мунун өзүн апрель революциясынан кийинки үмүттөрүбүз акталбай, көздөгөн саясый максаттарыбызга толук кандуу жетпей калдык деп айтсак деле жарашчудай. Анткени күчтүү президенттик бийликти эңсеген саясый күчтөрдүн аренага чыга келиши чийки май жегенсип эртеңкибизден кооптондуруп турат. Кандай айтсак да жыл жаңырды. Жаңы жылда жакшылыктан үмүт кылалы. "Көп менен көргөн той" демекчи, саясый, экономикалык туруктуулук болсо, алакандай Кыргызстаныбыздын ашаар бели али алдыда.

Темирбек Алымбеков, тел.:38-67-13




  Бөлүп-жар да, башкара бер

Саны арбыды, а сапатычы?
ЖоКедеги "Ата журт", КСДП менен "Республика" фракциясы коалицияны жеке кызыкчылыгын көздөп түзгөндөй. Минтип күмөн санаганыбыздын жөнү бар. Себеби жаңы өкмөт курамы мурдагыдан да арбып, ал ортодо парламенттеги комитеттердин саны жетиге көбөйдү.


Бакиев заманында саны бар, сапаты жок мекемелер арбын, буларды тез арада кыскартыш керек дечү элек. Агезде 14 министрлик, үч вице-премьер өкмөт курамын түзчү. Бүгүнкү күндө министрликтердин саны 18ге жетип, өкмөт башчысынын төрт орунбасары "төрөлдү". Минтип экономикабыз өлбө жаным, өлбөлөп турганда чиновниктерди ашыкча "төлдөтүүнүн" кажети бар беле? Анткени "ымыркай" министрликтерге да ири каражат чегерилиши керек. Ага кеткен миллиондор бюджет таңсыктыгын жабууга жумшалса жакшы болмок.
Жарымы ачендик, жарымы депутат
Ак үйдөгү 120 депутаттын тең жарымы ачендикке айланды. Маселен, беш фракциянын беш жетекчиси бар. Ошондой эле ЖК төрагасы жана анын беш орунбасары "күжүлдөп иштеп" аткан кербези. "Ак жолчу" парламенттин тушунда спикердин үч орунбасары болгонун эскерте кетели. Анысы аз келгенсип, 16 комитет жаралды (мурдагы чакырылышта тогуз комитет болгон - Н.К. ). Комитет төрагаларынын экиден орунбасары шайланат. Энди шашпай эсептей бериңиз. Комитет башчыларын орунбасарлары менен кошо эсептей келгенде 48 депутат чиновниктин терисин жамынат. Ага спикер жана анын беш орунбасарын, беш фракция лидерин кошсоң, парламентте 59 аткаминер "төрөлгөнү" көзгө чалдыгат.
"Комитеттер неге көбөйтүлдү? Мунун зарылчылыгы канчалык?" дегиңиз бардыр. Зарылчылыгы абдан жогору. Өлкөдө кыбыр эткендин баарысы, айрыкча финансылык маселелер дал ушул комитеттердин элегинен өтөт. Булар "добро" берсе гана мамбюджет бекилип, маанилүү тармактарга каражат чегерилет. Ошондон улам айрым министрлер комитет башчыларынын тилин таап, өзү жетектеген мекемеге ири каражат бөлдүрүп алган учурлар кездешет. Мына ушуну эсинен чыгарбаган фракция лидерлери комитеттердин санын арбыткан. Албетте соодалашуу жолу менен.
Комитеттердин санын көбөйтүүнүн саясый да кызыкчылыгы бар. Алсак, "ар-намысчыл" депутат Феликс Кулов маалымат жыйынында мунун негизги максаты оппозицияны алсыратууда жаткандыгын билдирген. "Темир генералдын" баамында, ЖКдагы коргонуу, коопсуздук, укук коргоо тартиби, сот укуктук жана паракордукка каршы боюнча комитет өз алдынча төрт комитетке бөлүнүп калыптыр (таблицаны караңыз). Мындан сырткары, экономика, бюджет жана каржы комитети да чачыратылган. "Мындай кадамдар оппозиция өлкөнүн эң орчундуу жана негизги чөйрөлөрүнө кийлигише албай жана таасир эте албагыдай мүмкүнчүлүк түзүүдө. Көпчүлүк коалиция мындай кадамга барса, анда ал кайсы багытта кетип жаткандыгын жана бул партиялык-колхоздук башкарууну көрсөтөт. Биз мындай көрүнүшкө жол бербөө үчүн күрөшөбүз " дейт Шаршенбай аксакалдын уулу.
Ток этерин айтканда
Башмыйзамга ылайык Жогорку Кеңештеги эки комитет оппозициянын карамагына өтүшү абзел. "Ата мекен" менен "Ар-намыс" бирикпегенине байланыштуу аты аталган эки партияга үч комитет жетекчилиги ыйгарылды.
Комитет төрагаларынын айлык акысы министрдикине тете.
КСДП беш, "Республика" менен "Ата журт" төрттөн, "Ар-намыс" эки, "Ата мекендин" бир өкүлү комитет төрагалыгына бекиди.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ








кыргыз тилиндеги гезит "Агым"