presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Элге кебин айтпаса, эрендерден не пайда?

Адахан МАДУМАРОВ,
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери:
"Абийирсиз бийликке абийирсиз адамдар келсе тил табышып алат"
Каалайбызбы-каалабайбызбы, сындайбызбы же мактайбызбы, кандай болгон күндө да Адахан Мадумаров саясый аренада татыктуу орду бар инсан. Адахан Кимсанбаевич тууралуу акыркы мезгилде коомчулукта ар кыл өңүттөгү пикирлер айтылды, сындар мөндүрдөй жаады. Ага кенен токтолбойлу. Тек кана Адахан мырза менен жыл соңунда маектешип, өткөн күндөргө саресеп салып, өлкөнүн келечеги, саясат жаатында кеп козгойлу дедик.


- Узап бараткан жыл окуяларга бай болду. Асыресе, кайгылуу окуялар көп болду. Адегенде 7-апрелде бийлик алмашса, андан соң Маевка окуясы, июнь айындагы түштүк коогалаңы тарых барактарында өтө трагедиялуу окуя катары жазылат. Мунун кесепетинен канчалаган бейкүнөө азаматтардын каны төгүлүп, канчалаган энелердин, аталардын, наристелердин көз жашы акты. Мындай жүрөк канатчу окуя экинчи кайталанбасын дейли.
Күндүн жарымы жарык, жарымы караңгы демекчи, жамандыктар менен катар көңүл жылытарлык саамалыктар да бар. Тилекке каршы, алар жалпы Кыргызстандын масштабынан караганда көзгө анча көрүнбөй калат.
- Мисалы?
- Гуанчжоуда өткөн Азиялык олимпиадада азаматтарыбыз байгелүү орундарды багындырып, кыргыз элинин ички духу күчтүү экендигин далилдеди. Анын ичинде Данияр Көбөнов алтын медаль тагынганда, чындыгында муну кооздук үчүн айткан жерим жок, көзүмө жаш тегеренди. Бүгүнкүдөй оор заманда, адамдар моралдык жактан чарчап турган чакта намысты колдон чыгарбоо ар кимдин эле колунан келе бербейт.
Дагы бир мекендешибиз, велоспортчу Евгений Ваккер сокур ичегисине операция жасалганына он күн толгонуна карабастан олимпиадага катышып, мыкты ийгилик жаратканы эрдик эмей эмне? Эрдик деген жалгыз эле саясатта жасалбайт. Эрдик деген - көкүрөгүңдү окко тосуп бериш эмес, эрдик деген - күйүп аткан жерден аман-эсен чыгып кетиш эмес. Эрдик деген - ар бир адамдын аң-сезиминен, акыл жөндөмүнөн, чын жүрөгүнөн жасалчу нерсе. Кыскасы, бул жашоодо көп эрдик жаралат. Тек гана аны көрө билүү керек. Андыктан, жалаң гана жаман ойлорго жетеленбей, жакшы көрүнүштөргө да көңүл бурган оң.
- Коомчулукта жаңы өкмөткө карата нааразычылык арбын. Жеке сизге А.Атамбаев жетектеген өкмөт кандай таасир калтырды?
- Нааразычылык ар кыл учурда жарала берет. Бу жарыкчылыкта телегейи тегиз эч нерсе болбойт. Тирүү жан болгон соң сөзсүз жаңылышасың, чалынасың, жыгыласың. Бардыгына бирдей жагыш кыйын. Бүгүнкү турмуш чындыгы, тарых чындыгы ошондо.
Аты эле айтып тургандай, коалициялык келишим түрүндө түзүлгөн өкмөт. Ага кирген үч партиянын өзүнүн программасы, позициясы бар. Мындай кырдаалда идеялардын, программалардын күрөшү жүрөт. Үч партиянын көзкарашын бириктирүү абдан оор. Ошол эле маалда партия лидерлеринин амбициясы күчтүү. Амбициялардын күрөшү ири жетишкендиктерге жетишүүгө, зор ийгиликтерди жаратууда тескери таасирин тийгизет. Буга улай көралбастык деген өтө чоң "оорубуз" бар экенин унутпасак. Бирөө өрдү карай өйдөлөп баратса шыйрактан тартып, жыгып коймойубуз бар. Мындай көрүнүш курама өкмөттө деле кездешүүсү толук мүмкүн.
Акыркы мезгилде ким болсо да өзүбүздүн партиянын адамы жооптуу кызматты ээлесин түшүнүгү бекем орноду. Бул одоно катачылык. Жыйынтыгында тажрыйбалуу, илимдүү-билимдүү кадрлар эч бир партияга кирбей четке сүрүлдү. Анын кесепетин өзүбүз гана тартабыз.
"Көч жүрө, жүрө түзөлөт" дейт. Анын сыңарындай, нары урунуп, бери урунуп атып акыры акыйкат, өнүгүү жолуна түшөбүз деген үмүтүм чоң. Бирок ошол жолго түшкөнгө чейин эчен-эчен азаптарды тартабыз, канчалаган заман артка кетебиз. Негизги маселе ушунда.
- Жанатан берки кебиңизди угуп отуруп, сизге парламенттик башкаруу системасы жакпаганын баамдадым.
- Парламенттик башкаруу жамааттык жоопкерсиздикке жетелеп барарын апрелден бери айтып келатам. Башкаруунун парламенттик моделине кадам таштагандан бери жаман жолго түшүп кеттик. Бизде атаңа бар, энеңе бар саясаты орноп калды. Бөлөгүнө токтолбоюн, коалициялык өкмөт тууралуу сөз козгоюн. Парламенттик көпчүлүктү түзгөн үч партия шайлоонун астында элге ар кыл убада беришкен. Эми убадалардын аткарылышы арсар. Себеби "мен мындай иш кылайын десем, тигил бут тосуп койду" деп оңой кутулушат. Акырында мен кыйын, менден дагы сен кыйын деп тытышып жатып тынышпаса болду.
- Мадумаровдун пикирине кошулсак, кыргызга парламенттик башкаруу жарашпайт экен. Анда кайсы жолго түшкөнүбүз оң?
- Мени кызыл камчы доктринасы деп сындап атышпайбы. Керекпи, кылыч менен башкарыш керек. Ал кылыч бир кишинин кызыкчылыгы үчүн эмес, мамлекеттин келечеги, мыйзам, адилеттик үчүн чабылышы зарыл. Мына ошондо гана оң жолго түшөбүз. Демократия десе эле чээнден чыгып алып, оозуна келгенди оттоп, эч нерсеге жооп бербеген заман болсо, анда мындай цивилдүү эркиндиктин барынан жогу жакшы. Эгерде көйгөйдүн баары эле демократияда жатса, Кыргызстан эбак эле өнүгүп кетпейт беле. Кыргызстандагыдай эркиндик дүйнө жүзүндө барбы? Бизде демократия өтө ашынып кеткен…
Бүгүнкү күндө Исхак Раззакович, Султан Ибраимовичке окшогон таза инсандарга зар болуп турабыз. Мекендин, элдин кызыкчылыгын коргоону көздөгөн таза адам гана бийликке келсе оңолобуз. Муну айтсаң "деги бизде таза кишилер барбы?" деп кыткылыктап күлгөндөр четтен табылат. А мен күлбөйм, андай инсандын бар экендигине ишенем.
- Демек, күнөөнүн баары элде турбайбы?
- Элде эмес, пейилде. Пейил оңолмоюнча алдыга жылбайбыз. Бүтүндөй элди жаман же жакшы деп баалаш мүмкүн эмес. Бардыгы коомдун ошол мезгилдеги бараткан багытына байланыштуу. Анүчүн жогоруда айткандай, өлкөдө бир адамдын жоопкерчилиги өкүм сүрүшү керек.
- Анда не кылыш керек?
- Аң-сезим өзгөрүлгөндө жалпы коом өзгөрүлөт. Ал эми бизде тескерисинче, акыл куржунуна караганда акча куржуну маселени көбүрөөк чечет. Акыл күчүнө караганда билек күчү негизги ролду ойнойт. Коомдун адашуу жолунда бараткандыгынын белгиси бу. Мына ушул көрүнүштү жойо алсак алдыга кадам таштайбыз.
Акча куржуну маселени көбү-рөөк чечет дегенимдин жөнү бар. Алсак, октябрдагы шайлоодо партиялардын финансылык дарамети чоң ролду ойноду. Ошондо карапайым калк "элге акча таратып атасыңар, каражатты кайдан таптыңар?" деп сураганга жарабады. Аны изилдеген тирүү жан кездешпеди. Анан "жоо кеткен соң" санын чаап "баягы "уурулар" депутаттыкка шайланыптыр, атаңдын оозун урайындар десе" деп сөгүнүп калабыз. А эмнеге ошол суроону шайлоо кампаниясы кызуу жүрүп аткан учурда сурашпады? Көрсө, элдин аң- сезими акты ак, караны кара деп ажырата билгенге бышып жетиле элек турбайбы.
- ЖоКе жарыштын астында партия тыңчыкмалары чет жакка байма-бай чабагандап жүрүштү. Бул кыргыз билермандарынын арсыздыгын, алсыздыгын, бирөөнүн астында күнкор экендигин айгинелебейби?
- Мен өзүм үчүн жооп берейин. Сырткы күчтөрдөн колдоо табууну көздөгөн жана колдоо тапкан азаматтарга сын айтпай эле коеюн. Мен аларчылап эч кайсы мамлекетке барган жокмун. Мага да "сиздин мүмкүнчүлүгүңүз чоң, сырттагылар менен сүйлөшпөйсүзбү?" дешти. Мен баш тарттым. Анткени биздин тагдырды кошуналар эмес, кыргыз эли өзү чечет. Кыргыз өз киндигин өзү кесип, өз түндүгүн өзү көтөрүп келген элбиз. Кылымдан кылымга жоголбой, сакталып келгенибиздин себеби ушул.
Жеке биздин партиянын өкүлдөрү дараметинин жетишинче алыскы райондорго чейин барганга аракет жасады. Эл менен бетме-бет сүйлөштүк. А шайлоодон кандай жыйынтык чыкканына жамы журт күбө.
- 7-апрелден кийин кылмыш иши козголгон айрым экс-чиновниктер кайрадан мандат тагынышты, кээлери жогорку кызматка отурду. Алардын сот жообуна тартылбай калышына оюңуз кандай?
- Мен кандай ойлоюн? Мен үчүн, жалпы эл үчүн ойлоно турган апчебиз Ак үйдө отурбайбы. Роза Исаковна парламенттик шайлоону таза, акыйкат өткөрөм деп ант берген. Тилекке каршы, айтылган сөз жүзөгө ашпады. Баарынан да Отунбаеванын "Жогорку Кеңешке криминалдар кирип кетиптир" деп кыйкырганы кызык. Криминалдардын парламентке келишине ким шарт түздү? Сөз жок, азыркы бийлик.
Жашоонун ачуу чындыгы мында, абийирсиз бийликке абийирсиз адамдар келсе, ар дайым тил табышып алат. Уурулар менен уурулар бат тил табышат. Жеп-ичкичтер жеп-ичкичтер менен тез тил табыша алат. Жаңы бийлик коомчулукту ууру-кескилерден тазалайт деген - жалган үмүт. Апрель окуясынан кийин баланча киши кармалып, кылмыш иши козголду дешкен. Кана ошолор? Мага бирөөнү көрсөтүңүзчү. Жалган баары. Тыйының барбы, сен эң тазасың, эң адилеттүүсүң, эң кереметсиң. Дүйнөнү түгөл "жеп" койсоң да сүттөн ак чыгасың. Албетте, акчанын күчү менен. Ушунун өзү жаңы бийликтин эски замандын жолоюна түшкөндүгүн каңкуулайт.
- "Адахан Мадумаров парламенттик шайлоодон кийин унчукпай калды. Ал президенттик жарышка даярданып жаткандай" деген сөз тарады. Жеке сизде мамлекет башкаруу амбицияңыз барбы?
- Биринчиден, ал амбиция эмес, алдыга койгон максат. Экинчиден, унчукпай койду дегендер жаңылышат. Массалык маалымат каражаттары аркылуу пикирибизди билдирип атабыз го. Башка маселе, улуттук каналдан бизди көрсөтпөйт. Себеби, ага тыюу салынган.
"Адахан Мадумаров президенттик шайлоого даярданып атыптыр. Анын дымагы күчтүү экен" деген сөздү он жылдан бери угуп келатам. Кулагым деле бышып бүттү. Жеке мен тытышканды жактырбайм. Ал жигиттик сапатка жатпайт. Катуу даярданып туруп бир эле чыгышың керек…
Президенттикке жетүүнү көздөгөн улан-кыздар арбын. Алардын арасында болуу - менин жарандык укугум. Кудай буйруса, эки жакты караштырып көрөбүз. Аны кези келгенде чечебиз.
- Жанатан бери жаңы өкмөттү, жаңы парламентти сындап атасыз. Арийне, партиялашыңыз Нурлан Шакиев Маданият жана маалымат министрлигине дайындалды. "Бүтүн кыргызстанчылардын" мындай позициясын кантип түшүнөбүз?
- Нурлан бу маселени партия менен акылдашкан жок. Ал анын атуулдук чечими. Мүмкүн ошо кызматка чакырган азаматтар Шакиевдин тажрыйбасына караса керек. Ал кыска мөөнөттүн аралыгында ЭлТРди оңоп, көтөрө алды. Менимче, партиялашымдын иш билгилиги өкмөт курамына кошулушуна өбөлгө түзгөндүр.
- Маек соңунда элге каалоо-ңуз?
- Эң чоң байлык - тынчтык. Адамдын алты саны аман, бүтүн болгондугу - чоң байлык. Элиме, өлкөбүздө тынчтык болушун каалайм.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??