30.12.10 - 4-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Эстен кеткис эски жыл
2010-жылдын ЖАМАНДЫГЫ
Тариф талга асылды
Өкмөттүн токтомуна ылайык 2010-жылдын 1-январынан тарта электр энергиясына жана жылуулукка баалар көтөрүлдү. Тактап айтканда, бир киловатт электр энергиясы 1 сом 50 тыйын, ал эми бир гикакалорий жылуулук 1050 сомдон баалана баштады. Данияр Үсөновдун өкмөтү муну менен эле токтоп калбай июль айында тарифтердин көтөрүлүшүнүн экинчи этабын баштай турганын билдирди. Ал боюнча бир киловатт электр энергиясы 1 сом 90 тыйын, бир гикакалорий жылуулук 2500 сом болору айтылган.
Максимдин бети бетонго айланды
1-февралдан тарта Кыргызстанда уюлдук байланыш 60 тыйынга кымбаттады. Коомчулук бул нерсенин артында Максим Бакиевдин кулагы серейип чыгып турганын айтып жерге түкүрө башташты. Жаштар жана студенттер мобилдик байланыштардын мекемесинин алдына "Биз 60 тыйынсыз байланыш үчүн" аттуу акциясына чыгышты.
Оппозицияга келген оомат
БЭКтин 17-мартта өткөн курултайында электр кубатына, сууга, байланышка, көмүргө, күйүүчү майга баанын көтөрүлүшү, "Түндүкэлектр", Кыргызтелеком мамлекеттик ишканалардын сатылышы, кен байлыктарды, жерлерди белгисиз компаниялардын менчиктештириши, конституциялык реформа, президент Курманбек Бакиевдин "мамлекеттик каржы менен байлыктарды бүтүндөй бойдон өзүнүн баласынын колуна карматып койгону", саясый репрессия жана саясый террор, Исмаил Исаков баштаган саясатчылардын сот жообуна тартылышы, "Манас" эпосуна укуктун Кытайга ооп кетип жатышы өңдүү маселелер аталган. Бийликке аны аткарууга убакыт берилген, бирок бакиевдик режим мыйыгынан жылмайып койду.
Канга жуулган аянт
6-апрелде Таласта элдин толкуну башталып, 7-апрель күнү Бишкекте оппозицияны колдоп чыккан калың элге Ак үй астынан ок атылып, алгачкы маалыматтар боюнча натыйжада 85 адам каза болуп, 1453 адам медициналык жардамга кайрылышып, жаракат алган 471 адам ооруканага жаткырылды. Президент К.Бакиев бийликтен кулатылып, премьер-министр Данияр Үсөнов баштаган өкмөт мүчөлөрүнүн качканы качып, качпаганы жашынып калышты. Роза Отунбаева башында турган утурумдук өкмөт түзүлдү.
Марат Бакиев баш көтөрдү
14-майда Жалал-Абаддагы шаардын ортосундагы имараттардын чатырынан бейкүнөө элге ок атылып, алгачкы маалыматтар боюнча эки адам октон жарат алып, бардыгы отуздай адам жабыркады. Мында мурдагы президенттин жактоочулары убактылуу өкмөттүн бийлигин кулатууга аракеттеништи. УКК бакиевчилерди мурдагы президенттин экинчи уулу Марат Бакиев каржылаганын айтып чыкты. Үсөн Сыдыков жана башкалар бул тополоңду уюштурду деп күнөөлөнүп кармалды.
16-июнда аза күтүү күнү белгиленди
Бул жылда Кыргызстанда эң көп кан төгүлгөн жана бүтүндөй Орто Азияны каптаган жалынга айланып кетиши мүмкүн болгон окуя 11-июнда Ошто башталып, кийинчерек Жалал-Абадда уланды. Ал конфликтке бир нече күчтөр аралашып кеткени дайын болуп турду. Ошол күнү убактылуу өкмөттүн чукул декретине ылайык Ош шаарында, Өзгөн, Кара-Суу жана Араван райондорунда өзгөчө абал жарыяланып, коменданттык саат киргизилди.




ЖАКШЫЛЫГЫ
Башталышы жакшы, аягы айныбаса болду
7-апрель окуясынан кийин түзүлгөн убактылуу өкмөттөн алгачкы чечимдеринин бири электр энергиясына жана жылуулукка болгон тарифтерди мурдагы калыбына келтирүү болду. Мындан сырткары, сатылып кеткен стратегиялык объектилер кайтарылып, мурдагы президенттин тушунда мыйзамсыз менчиктештирилген ишканаларды улутташтыруу аракети жүрө баштады.
Тынчтык үчүн Башмыйзамдуу болдук
27-июнда Кыргызстанды парламенттик башкарууга багыт берген референдум өтүп, анын жыйынтыгы боюнча шайлоочулардын 90,58%, башкача айтканда, 1 млн. 775 миң 470 адам жаңы Башмыйзам үчүн өз добушун берген. Кошуна жашаган республикалар гана эмес, постсоветтик чөлкөмдө биринчи болуп Кыргызстан парламенттик башкарууга өттү. Ушул эле күнү элдик референдумга өткөөл мезгилдин президентин шайлоо да коюлуп, натыйжада Кыргызстан 7-апрелден кийин биринчи жолу легитимдүү бийлик бутагына ээ болду.
Чала серпилген
Камбар-Ата
30-августта символикалуу түрдө тушоосу кесилген Камбар-Ата-2 ГЭСинин 27-ноябрда маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда ачылыш аземи өттү. Энергия бере баштаган биринчи агрегаттын кубаттуулугу 120 мВт. Ысык-Көл облусу жылына 700 млн. кВт/саат энергия керектесе, ал ошончо көлөмдөгү электр энергиясын чыгарат.
Элдин ичер суусу
көп экен
1-сентябрга карата Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун өлчөмү 19 млрд. 460 млн. куб/метрден ашты. 2009-жылы дал ушул күнү Токтогулдагы суунун өлчөмү 12 млрд. 359 млн. куб/метр болгон. Ал эми 2008-жылы дал ушул күнү 9 млрд. 506 млн. куб/метрге чейин түшүп кеткен. Ал кезде оппозицияда жүргөндөр сууну бийликте отургандар капчыктарын толтуруш үчүн сатып жиберишкенин айтып чыгышкан.
Демократиянын алгачкы жеңишиби, же...
10-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы менен добуштардын көпчүлүгүнө ээ болгон "Ата журт", КСДП, "Ар-намыс", "Республика" жана "Ата мекен" партиялары парламентке келди. Эң негизгиси, майда-чүйдө нааразычылыктарды кошпогондо, ЖКга болгон шайлоо тынч өттү. Алдын ала айтылып жаткан террордук жардыруулар, атуулдук согуш оту тутанган жок. Бийликке ыңгайсыз болгон кээ бир партиялардын парламентке келгенине караганда шайлоонун таза өткөнүнө ишенсе болот. Убактылуу өкмөт ушул саясый компания менен бийлик өз ресурсун пайдаланбай ачык-айкын шайлоо өткөрсө болорун далилдеди.
Жаманбы-жакшыбы, азырынча белгисиз…
Убактылуу өкмөт улуттук телерадио корпорациясын коомдук телекөрсөтүү кылып кайра түзүү аракетин ишке ашыра алды. Бул процесс узак мөөнөткө созулса да Байкоочулар кеңеши түзүлүп, 3-декабрда ал аркылуу КТРКнын башкы директору шайланды. Улуттук телерадио корпорациясын коомдук үналгы-сыналгыга айлантуу боюнча декрет убактылуу өкмөттүн 30-майдагы отурумунда кабыл алынган эле.




ӨПӨҢ ЧЫЧАҢЫ
Кыргызстан Акаевден Бакиевге, Бакиевден парламентке мурас калабы?
Убактылуу өкмөт улутташтырылган объектилер тууралуу 30 декрет кабыл алган. Ал объекттердин бардыгы 2005-2010-жылдар аралыгында, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткени айтылган. Алардын арасына "Бишкек ликер" арак заводу, "Альфателеком" уюлдук компаниясы, "ЧаканГЭС" ишканасы, "АзияУниверсалБанкы", "Бавария-38 крузер" яхтасы, ЯК-40 учагы, "Каприз", "Витязь" "Аврора грин", "Солнышко" сыяктуу пансионаттар бар эле. Ошол учурда Мамлекеттик мүлк министрлиги бул ишканалардын он төртү сатууга коюларын, экөө муниципалдык менчикке берилерин, ал эми он сегиз объект мамлекеттин карамагында каларын маалымдаган. Бүгүнкү күндө бул иш-аракет кайсы чекте экени дайынсыз. Жакында парламент, өкмөт түзүлгөнүнө байланыштуу УӨнүн декреттери жокко чыгарылды. Учурда коалицияга кирген партиялар айрым өкмөттүк мекемелерди жең ичинен бөлүштүрүп алганы айтылууда. Эми улутташтырылат делген объектилердин тагдыры кандай болот?
Бийликте жалаң Кадыржан Батыровдун достору отурабы?
Ош окуясынан кийин бул ишке катыштыгы бар деп өзбек лидерлери К.Батыровдун, И.Абдрасуловдун жана Ж.Салахутдиновдун аты-жөндөрү кайра-кайра айтылып келет. Өзбек диаспорасы да бийликтен аталган эки саясатчыга өз жазасын берүүнү өтүнгөн. Бирок бул боюнча кылмыш иши козголгону менен анын аткарылышына кызыкдар болгон эч ким жок. Президент ал кандуу коогалаңды унутуп койгондой. Ал эми "ата журтчулар" чындап эле түштүк трагедиясына күйө турган болсо, парламентке келери менен Ош окуясын изилдей турган депутаттык комиссия түзүүнү кое туруп, алгач К.Батыров менен Ж.Салахутдиновду кармап келүү маселесин койсо болмок. Өкмөт башчы А.Атамбаев жакында Ошко жасаган сапарында чарба иштерин гана сөз кылып, жогорудагы кылмышкерлерди кармап келүү тууралуу ооз ачкан жок. Чамасы, Ош окуясын уюштурууга К.Батыров менен Ж.Салахутдиновдун эле эмес айрым кыргыз саясатчыларынын да салымы бар деген сөздүн чындыгы бар окшойт. Болбосо эмне үчүн аларды соттоо тууралуу аракет көрүлбөйт?
Даярдаган Зайырбек АЖЫМАТОВ





Бакай атанын батасы
Айтылуу шумкар көздүү бол,
Адам таппас сөздүү бол,
Байсалдуу артың үзүлбөс,
Бак баштаган көчтүү бол.
Балага балтыр бешик бол,
Бакытка ачык эшик бол,
Улууну сыйлап жетик бол,
Кичүүгө өмүр кетик бол.
Аккан суунун шары бол,
Балбандардын алпы бол,
Оорулууга дары бол,
Опол тоодой кары бол,
Кыдыр болсун жолдошуң,
Кыйын күн башта болбосун,
Ыйык тут Ата Ордосун!
Оомийин КУДАЙ колдосун!