Оп, майда
Жантөрөнү да жайгарышты
Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал бир катар ишкер, акын, жазуучу, саясатчы, дарыгерлердин башын бириктирген "Руханият" ассоциациясы жыл аяктай Ош, Жалал-Абад шаарларын өнүктүрүү жана калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясынын башкы директору Жантөрө Сатыбалдиевге "Жылдын адамы -2010" эл аралык сыйлыгын ыйгарды. Жантөрө мырза буга чейин Транспорт жана коммуникация министри, Ош шаарынын мэри, Жогорку Кеңештин депутаты, Ош облусунун губернатору болгон. Ассоциациянын билдиришинче, Жантөрө Сатыбалдиевдин өлкө экономикасына, маданиятына, курулуш тармагына Бишкек-Ош жолунун оңдолушуна кошкон салымы зор. Мындай сыйлыкты ыйгарууда анын июнь окуясында улуттар аралык ынтымакты бекемдеп, үй-жайсыз калгандарды турак-жай менен камсыз кылууга болгон аракети бааланган.

Башыбызды эми терроризм чагат
УКМК төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин айтымында, өлкө башында олуттуу террористтик коркунуч турат. Ал спорт сарайынын жанындагы жардырууга, Бишкек ИИББнин тушундагы террактыга шектүү делинип 9 адам кармалып, 5 кишиге издөө жарыяланганын кечээ маалымат жыйынында маалымдады. Алардын баары идеологдорунун бири Александр Тихонов болгон ислам жихад союзунун мүчөлөрү экени да аныкталган. Булар Бишкек ИИББнин жанына жардыргыч заттар салынып коюлган машинанын ээси болгон америкалыкка кол салышкан. АКШ жараны кармалгандардын арасынан өзүнө кол салып, машинасын тартып кеткендердин бирин тааныган. Мындан сырткары кармалгандардын үйүнөн курал-жарак, ок-дарылар, диний китепчелер табылганын билдирди УКМК башчысы. "Кармалгандардын баары этникалык кыргыздар. Буга чейин Ошто кармалгандар өзбек улутундагылар эле. Бул экстремизмдин улут тандабай тургандыгын билдирет. Андыктан сак болушубуз зарыл" дейт Кеңешбек Дүйшөбаев.

"Де-факто" кайда? Женевада
Бир кезде "Де-факто" гезитин чыгарып Бакиевдердин каарына калып саясый куугунтукка туш болгон журналист үй-бүлө Чолпон Орозобекова менен Жеңишбек Эдигеев Женевада жөн жаткан жок. Чолпон Эркин Европа, Азаттык радиолорунун англисче сайтына, "Азия таймс онлайн", "Медиа-21" сайттарына англисче макалаларды жазып, Жеңишбек "Трибун де Женева" гезити менен кызматташып, жакында Кыргызстандагы кырдаалды талдаган маегин жарыялады. Мындан сырткары Чолпон жолдошу экөө тең магистратурада окушат. Айтор бул үй-бүлө Женевада жатып алып журналистиканын эл аралык стандартын багындырып жаткан кези.

Кыргыз эсине кеч келет
"Ата мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын бюджетиндеги ири дефицит өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч туудуруп жатканын жар салды. Депутаттын билдиришинче, "Альфа Телекомду" улутташтыруу менен казына биртоп толмок. "Учурда убактылуу өкмөт бул компанияны неге толук улутташтырбай жатат?" деген сын-пикирлер айтылып жатат. Кезинде компанияны Максим Бакиев басып алып, кожоюндары бир нече жолу сотко берген. Бирок Алексей Елисеевдин кыйтырлыгынан улам эч ким эч нерсе кыла алган эмес. Жаңы бийлик компания акциясынын 49 пайызын улутташтырууну чечкен. Анан акырындап Россия ээлик кылган акциянын 51 пайызынын абалын билели дегенбиз" дейт Өмүрбек мырза. Эми муну мыйзам жолунда чечүү керектигин айтат ал.




Башкы прокуратурага Бакиевдерден ракмат
Кечээ "Адилет" укуктук клиникасынын директору Чолпон Жакупова Интерпол кыргыз тарап берген иликтөө материалынын сапатсыздыгынан улам, Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрүн издөөдөн баш тартканын кабарлады. Чолпон айымга ишенсек, мындай пикирди Интерпол август айында эле билдирген. Бийлик муну коомчулуктан жашырып келген. "Бакиевдер иликтөө жүргүзгөн Башкы прокуратурага, башка укук коргоо органдарына ырахмат айтуулары керек. Анткени алар Бакиевдердин кылган иши үчүн эч качан жоопкерчиликке тартылбагыдай шарт түзүп беришти" дейт Чолпон айым.

Жыйынтыкты эми чоңдор бузбайбы?
Ош жана Жалал-Абад облустарындагы коогалаңды иликтеген Улуттук комиссия өз ишин толук жыйынтыктап, июндагы коогалаң боюнча отчетту президент Роза Отунбаевага жана парламентке жөнөттү. Аталган комиссия өкүлдөрү иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча жакынкы күндөрү маалымат жыйынын өткөрмөкчү.


ИИМдин имишиби же УКМК ушагыбы?
"Эгер ИИМ орунбасары өлкөгө Жаныш Бакиевдин келгенин билдирип, ал кармалбаса андай орунбасарды кызматтан алуу керек" деп кечээ УКМК башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев опулдады. Кеңешбек мырзанын минткенинде кеп бар экен. Көрсө, жакында ММКларга Ички иштер министринин орунбасары Мелис Турганбаевдин Жаныш Бакиевдин Кыргызстанга келип кеткенин айтканы жарыяланыптыр. А Дүйшөбаев болсо, УКМКда андай маалымат болбогондугун айтат. Ал ортодо ИИМ орунбасары Мелис Турганбаев Жаныш Бакиевдин, эски бийлик адамдарынын Кыргызстанга келип-кетип жаткандыгы тууралуу оперативдүү маалыматтар бар экенин билдирди. Мелис мырзанын билдиришинче, азыр ал маалыматтар такталып жатыптыр.


43 миң айлык кимдики?
Жума башында парламент депутаттары Ош, Жалал-Абад шаарларын калыптандыруу, өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын ишин катуу талкууга алышты. Айрым депутаттар дирекциянын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиевдин ордуна келген анын орунбасары Кадаңбай Бактыгуловго катуу сурак жүргүзүштү. Кадаңбай мырза да камаарабай маянасынын 43 миң сом экенин айтып отургандардын оозун ачырды. Сөз арасында "Ата журтчул" депутат Садыр Жапаров бул дирекция акча уурдоо үчүн эле түзүлгөнүнө басым жасады. "Эгер орунбасардын айлыгы 43 миң сом болсо, мунун бизге кереги канча. Ал акчаларды элге таратып, бул дирекцияны жоюуну сунуштайм. Бул мекеменин ишин мэрия, шааарлардын архитектуралык башкармалыктары оңой эле аткарып коет" деди Садыр Жапаров. Талкуу аягында депутаттар дирекцияны жоердон мурун ооруп жаткан Жантөрө Сатыбалдиевдин отчетун угууну эп көрүштү.


Барктабасовдун "баснясы" башталды
Кечээ Бишкектин Биринчи май райондук соту президенттикке мурдагы талапкер, "Мекен туу" партиясынын лидери Урмат Барктабасов баш болгон он беш кишини коюлган айыптары менен тааныштырды. Бирок алардын бирөө да күнөөлөрүн мойнуна алган жок. Процессте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлдөрүн, жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевди жана Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын мурунку жетекчиси, азыркы Ички иштер министри Зарылбек Рысалиевди чакыруу боюнча сунуш айтылды. Сот бул суроону азырынча ачык калтырды. Эмки соттук териштирүү 5-январда болот.

Ушуну ырас кылдыңар
Муфтият мындан ары жума күндөрү иштебейт. Уламалар кеңеши ушундай чечимге келип, жума күнкү иш күнүн муфтиятта иштегендер ишембиде толуктай турган болду. Мындай чечим жума күнкү чоң намазга байланыштуу болгон. Муфтият жаңы жылдан кийин ушундай эле чечимди өлкөнүн бардык аймактарындагы мечиттерге таркатуу аракетин да көрмөкчү. Азырынча муфтияттын мындай чечимине мамлекеттик органдар жооп кайтара элек.

Америкалыктарды кудай сактады
Бишкектен учкан Американын "Геркулес" деген үлгүдөгү аскердик учагы бир кыймылдаткычы иштебей калып, кечээ эртең менен Алматыда конууга аргасыз болгон. Маалыматка караганда, учакта 300 аскер болгон.

"Жаңы Агым" - пресс





ОшМУнун чет тилдер факультетинде окуган студент укук коргоочуларга арызданган. Көрсө, университеттин окутуучусу Ж.Г. студенттен зачет үчүн 7100 сом акча талап кылган экен. Окутуучу студентинен 5000 сом пара алып аткан жеринен колго түштү.
***
Бишкектеги Дордой жаңы конушунан 25-декабрдын таңында 33 жаштагы Аманалиевди бейтааныш адамдар сабап кетишкен. Тиги бечара оор жаракат алып, эс-учу жок ооруканага жеткирилди. Башынан кан көп кеткен экен. Берки шүмшүктөр издөөдө.
***
Чүй облусундагы Покровка айылынын жашоочусу, 1954-жылы туулган А.Султангазиевдин өрттөнүп өлгөн сөөгү үйүнөн табылган. Кошуналарынын айтымында, маркум жалгыз жашачу. Өрт өчүргүчтөр келгенде анын үйүндө, короосунда эч кандай өрт болгон эмес. Ал эми үй ээсинин эмне себептен сөөгү сапырылганча күйүп кеткенин иликтөөгө алышты.
***
Базар-Коргон районундагы Кара-Үңкүр суусунун жээгинен курал-жарак, жасалма бычактар табылды. Булар июнь айындагы коогалаңда ажал тапкан милиция кызматкери Мыктыбек Сулайманов өлтүрүлгөн жерден бир чакырым аралыкта катылыптыр.
***
Бишкектин Ахунбаев көчөсү-нөн элүүдөгү Ашымбековду 28-декабрда белгисиз бирөөлөр бычак менен ичке сайып кетишкен. Байкуштун каны токтобой оор абалында оорукананын реанимация бөлүмүнө жеткирилди. Ошол эле күнү Москва көчөсүнөн Пирогов менен В.А. да бычак жешкен. Бейкүнөө адамдарды бычактагандар издөөгө алынды.
***
Жумгал районунун ИИБ мекемесиндеги тергөөчүлөрдүн жана автоинспекция кызматкерлеринин иш бөлмөлөрү күйүп кетти. Тилсиз жоонун чыгышына эскилиги жеткен электр зымдары себепкер экен. Мекеменин 135 чарчы метри жарактан чыкты.
***
Сузак районунун Масадан айылынын жашоочусу Л.Акбаровдун үйүн ширеңке чагып ойногон беш жашар бала өрттөп жиберди. Өрт үйдүн күлүн көккө сапырганы аз келгенсип бир тонна жүгөрүсүн да жалмап тынган.

Даярдаган Назгүл КАЛМАМБЕТОВА




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"