30.12.10 - 29-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Биринчи жолу…
2010-жыл кыргыз спорту үчүн кандай жыл болду? Бул суроого жооп берүү үчүн артка бир кылчайып, алгачкы жолу жетишкен ийгиликтерибизди эстеп көрөлү.
Кыргызстандык яхтсмендер Илья Игнатьев менен Владимир Соленый биринчи жолу парус спорту боюнча эл аралык турнирге катышып, Таиланддагы королдук жарышта 20 чакырымдык аралыкта биринчи келишти. Бул жетишкендик Кыргызстан деген каяктагы өлкө деп таң калып жаткандардын оозун эки эсе ачырды.
Спорттун кышкы түрлөрү да өнүгүп жатканы кубандырбай койбойт. Буга чейин хоккей аты эле бар болуп саналып келсе, эми анын мектеби күчтөнүп, жаш балдар арасында да бул спорттун жандануусу байкалды. Быйыл биринчи жолу кыргыз мадырабаштары муз аянтчасында күч сынашты. Казакстандын "Нур-Енбек" хоккей клубу Бишкектин "Илбирс" командасы менен эки ирет беттешип, бирден жеңишке жетише алышты.
Алгачкы жолу кыргызстандык сноубордчулар дүйнө чемпионатына ушул жылы чакыруу алышып, эки жумадан кийин өтүүчү биринчиликке жөнөп жатышат. Францияда өтчү бул ири турнир Кыргызстандын командасы үчүн алгачкы ири масштабдагы сыноо экенин белгилей кетели.
Футбол дүйнөсү да жаңылыктарга кур болбоду. Алгачкы жолу Кочкор-Атанын "Нефтчи" клубу өлкө чемпиону аталып, күтүлбөгөн сенсация жаратты. Алар муну менен эле жөн калбай, КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы Шериктештик кубогуна катышкан алгачкы борбордон чыкпаган команда болуп тарыхта калышты.
Эл аралык футбол тарыхы жана статистика федерациясы тарабынан уюштурулган рейтингге дал ушул жылы алгачкы жолу Кыргызстандын да футбол клубу кирип, дүйнөдө 244-орунга татыктуу болду. Мындай бакыт албетте Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону "Дордой" футбол клубуна буюруптур.
Биринчи жолу Кыргызстанда кыш мезгилинде өткөрүлө турган турнир уюштурулду. Чүй облусунун футбол ассоциациясы "Шопоков шаарынын Кубогу" аттуу турнирди жаңылык кылып киргизишти. Бул жарышка айыл өкмөттөрүнүн, шаарлардын жана экинчи лиганын командалары катыша алышат. Турнирдин максаты - футболду жогору жагынан эмес төмөнкү катмарынан уюштуруп, жаш таланттарды алып чыгуу жана карапайым элдин спортко болгон кызыгуусун арттыруу.
Биринчи жолу футбол боюнча дүйнө биринчилигине Кыргызстандын атуулу катышты. Орто Азиянын калыстар бригадасына кирген Бахадыр Кочкаров өзүнүн коллегалары менен турнирдин ачылыш аземиндеги алгачкы оюнду, андан кийин да беш оюнга көзөмөл салып, өз ишин мыкты аткаргандыгы үчүн ФИФА тарабынан сыйланды.
Биринчи жолу кыргыздын улуттук күрөшү боюнча эл аралык турнир уюштурулду.
Дагы бир жаңы уюштурулган турнирлердин бири болуп эрежесиз мушташ боюнча Ысык-Көлдүн кубогун кошуп кетсек болот.
Түркияда өткөн дүйнө биринчилигинде биринчи жолу 14 жаштагы Айбек Ибраимов спорттун каратэ-до сетокан түрү боюнча ааламдын мыктысы болуп чыга келди.
Көлгө эс алганы келгендер таң кала турган көрүнүш дал ушул жылы катталды. Анткени көл жээгинде жылаңач отуруп алып шахмат ойномой быйыл гана биздин өлкөдө уюштурулду.
Биринчи жолу Кыргызстанга спорттун софт-теннис аттуу түрү келип, андан жарыш да уюштурулду. Көпчүлүккө өөн учураган бул спорт дүйнөнүн Япония, Tайвань, Түштүк Корея, Филиппин, Нидерланды, Польша, Венгрия, Чехия жана Шотландия өлкөлөрүндө эле бар.
Биринчи жолу Кыргызстанда айымдар арасында бокс боюнча турнир уюштурулду. Буга чейин мындай иш-чара спортчу кыз-келиндердин жоктугунан башталбай келген. Ушул жылы эмнегедир сулууларыбыз көп былчылдаша башташты.
Тунгуч ирет өткөрүлгөн өспүрүмдөрдүн олимпиадасына 8 калпакчан барды. Сингапурдан 3 кыргыз көкүрөгүн койкойтуп келишти. Жаш балбандарыбыз Урматбек Аматов алтын тагынса, Шадыбек Сулайманов менен дзюдочу Болот Токтогонов коло алып келе алышты.
25-декабрда ат спорту боюнча Кыргызстандын кубогу жыйынтыкталды. Ат жалында кыргыз мыктылыгын байыртан эле көрсөтүп келчү эле, быйыл Олег Чурсин "Купер" аттуу жоргосу менен биринчиликти эч кимге бербеди.

Бетти даярдаган
Кудрет
ТАЙЧАБАРОВ




Жылдын былгыткычтары
"Puck Daddy" интернет сайты жылдын эң зээнди кейиткен спорттук беттештерин аныктап чыкты. Алардын тизмесин Джим Плейфейр аттуу машыктыруучу баштап турат. Ал калыстардын чечимине нааразы болуп оюнчулардын клюшкасы менен оюн калысын аянтчаны айланта кууп сабаган. Ал эми окурмандар тарабынан эсте калганы, окемдердин 10 жашка чыга элек балдарынын арасындагы жарышта "Пингвиндер" менен "Северная звезда" командаларынын мадырабаштары жоон тобу менен урушканы болгон. Бул беттеште жалпысынан 707 мүнөттүк штраф берилип, балдар калыстарга карабай кайра-кайра былчылдашкан. Каалоочулар бул мушташты ютуб сайтынан көрсө болот.

Шыпырылган шорта
Бразилиялык футболчу Карлос Алберто 27-декабрда өткөн футбол жылдыздарынын кайрымдуулук беттешинде калыстын чечимине нааразы болуп келип, анын шортасын шыпырып салды. Бул беттеште футбол жылдыздары "Зиконун достору" командасына жана "Тулионун достору" командасына биригип ойношту. Жыйынтыгында Зикочулар 8:6 эсеби менен утушту.

Көз кызарткан кирешелер
Россия чемпиону Санкт-Петербургдун "Зенит" футбол клубу рекламадан тапкан киреше боюнча КМШ алакагында рекорд койду. Анын быйылкы пайдасы 100 миллион долларды чапчыды. Европа кубокторунда ыргый элек "Зениттин" кирешеси муну менен гана чектелбейт.

Жаңы рекорд
"Детройт Ред Уингс" хоккей клубунун дарбазачысы Крис Осгуд өзүнүн НХЛдеги спорттук карьерасындагы төрт жүзүнчү жеңишин белгилөө менен тарых бетиндеги рекордду жаңыртты. 28-декабрь күнү анын командасы "Колорадо Эвеланш" клубун 4:3 эсебинде утуп, Крис өзүнө жаңы жылдык жакшы белек жарата алды.

Кетпей турган "келин" келди
Голландия курама командасынын катарында быйыл дүйнөнүн вице-чемпиону болгон жарым коргоочу Ибрагим Афеллайды "Барселона" футбол клубу үч миллион еврого сатып алды. Эгер 4,5 жыл ичинде Ибрагим башка жакка кетип калчу болсо 100 миллион евро айып пулун төлөйт. Бул деген көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде 24 жаштагы Аффелай "Барселона" "ба" десе "ба" деп, ал койгон музыкага гана бийлей турганын тастыктайт.
"Бешикташта" кош жылдыз
Түрктөрдүн "Бешикташ" футбол клубу Португалия курамасында ойногон эки футбол жылдызын сатып алышты. 31 жаштагы Симау Саброза алгачкы Европа лигасынын чемпиону "Атлетико" - Мадридден 7 млн. еврого өтсө, 26 жаштагы Угу Алмейда болгону эки миллионго эле макул болуп немистердин "Вердерин" таштап баса берди.

Спорт жыйынтык 3-январь
Буэнос-Айресте "Дакар-2010" автожарышы өткөрүлдү.

7-февраль
Варшавада 2012-жылы өтө турган футбол боюнча Европа биринчилигине чүчүкулак кармоо болуп өттү.

12-февраль
Канаданын Ванкувер шаарынын Би-Си Плэйс стадионунда кышкы олимпиада оюндары старт алды.

28-февраль
Ванкувердеги кышкы олимпиада оюндары жыйынтыкталып, олимпиада желеги 2014-жылы өткөрө турган Сочи делегациясына тапшырылды.

12-май
Гамбургда Европа лигасынын биринчи турниринин финалы өтүп, алгачкы чемпион деп Испаниянын "Атлетико"-Мадриди табылган.

14-май
Мадридде Чемпиондор лигасынын финалы өтүп, Миландын "Интери" чемпион аталды.

11-июнь-11-июль
Түштүк Африка Республикасында төрт жылда бир болуучу футбол боюнча дүйнө биринчилиги өткөрүлдү. Испания чемпион деп табылды.

21-июнь
Андроид-роботтор арасындагы биринчи олимпиадалык оюн Кытайдын Харбин шаарында өткөрүлдү.

14-26-август
Жайкы өспүрүмдөр олимпиадасы (Сингапур).

12-27-ноябрь
Азия оюндары (Гуанчжоу).