30.12.10 - 28-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Айымай
Шалпаң кулак ачык түстү, узун чачты жактырат
Кирип келе жаткан 2011-жылы кандай кийим, кайсы түс актуалдуу болот деген суроо айымдарга эмитеден тынчтык бербесе керек. Быйыл сыя-көк түс мода болуп, боекчу десе сакалын кошо боептур болуп көйнөктөн тарта байпагыбызга чейин сыя-көк түстө кийгендер арбын болду өңдөнөт. Коен жылында жолборско салыштырмалуу ачык-чымкый түстөр көп суроо талапка ээ болбойт. "Мен моданын үйдөн чыкканын жакшы көрөм, бирок үйгө кирип келгенин каалабайм" деп Коко Шанель айткандай, баш-отубуз менен модага малынбасак да үстүртөн келерки жылдын талабын билип койсок ашыкча болбостур.

Коркокту таарынтып албагыла
2011-жылы сабиз түстөгү, ачык жашыл жана ак түстөгү кийимдерди кеңири учуратууга болот. Түс жагына келгенде дизайнерлер кылдат карап, коендун жакшы көргөн тамактары кандай түстө болсо ошого басым жасашкан. Жолборс жылынан бир айырмачылык, мех кийимдерди кездештирүү дээрлик мүмкүн эмес. Коендун терисинен тон кийүүнү каалаган айымдар бул жылы бир аз сабырдуулук кылып, коенду таарынтып алуудан сактаныңыз. Ушул жылдын "жылдызы" ак, түз тигилген костюмду айтсак болчудай. Ак костюмдун белине тагылган кара же күмүш түстөгү калың кур сиздин көркүңүзгө көрк кошот.
Барпагай мехтен тигилген баш кийимдердин саны кыскарып, анын ордун кулакты жапкан, булгарыдан тигилген баш кийимдер басат экен. Булгары демекчи, бул жылы да ар кандай узундуктагы сырт кийимдер актуалдуулугун жоготпойт. Өзгөчө өңү өчкөн сыяктуу жынсы кийимдер, агыш түстөгү күрмөлөр суроо-талапка ээ болот. Келе жаткан жылда сексенинчи жылдарга саякат жасайбыз. Тактап айтканда, кат-кат бүктөлгөн көйнөктөргө болгон кызыгуу тарап, түз, иш стилиндеги кийимдер көп колдонулат.

Бакыт БЕШБАЕВ, дизайнер:
"Ачык түстөгү кийимдерди сунуштайм"
- Мода, түс тууралуу сөз эч качан түгөнбөсө керек. Ар ким алына, табитине жараша кийинишет. Мен ушул жылы айымдар менен мырзалар кандай кийим кийбесин, эң негизгиси, ачык түстө болуусун сунуштайт элем. Анткени коен ачык, көздүн жоосун алган түстөрдү жакшы көрөт. Сары, ак, жашыл түстөгү кийим көрк береринде талаш жок. Быйыл алдын ала болжол менен мех кийимдер модада болот дешүүдө. Бирок, мехтин учуру быйылкы жыл болду да. Ток этерин айтканда, күңүрт түстөгү киймдерден качып, маанайды өзгөртө турган түстөргө ыктаңыз.

Узун кулак, тоюс, чач мода
Чач аялзатынын көркү экенин ким танат. Ушул жылы карэ чачтар модада болсо, коен жылында узун, түз чачтар модада болот. Албетте фантазиясы бай айымдарга эч ким чек кое албайт. Ар ким жарашыгына, табитине жараша чач жасалга алып жүрүүгө болот. Чачтын түсүнө келгенде ачык түскө караганда күңүрт, күрөң, табигий түстөр кеңири тарайт.
Чач жана макияж тууралуу стилист Замира МОЛДОШЕВА төмөндөгүдөй пикирин билдирет:
- Узун чачтуу айымдардын ушул жылы да жылдызы жанат. Анткени чачты тарап жөн гана кое берип койгон модага айланат. Ачык түскө караганда күңүрт боекторго басым жасоону сунуштайт элем. Макияж тууралуу айтсам, ар бир айым табитине, жарашыгына карай боенот. Ошентсе да коен жылында ачык күрөң, күмүш түстүү боектор актуалдуу.

Бегайым БАЙБОСУНОВА




 "үчүнчү" көз

Акбы же карабы? Ч0ңбу же кичинеби?

Жыл жаңыраарда ар бир адам жакшы тилек менен алдыга умтулуп, келе жаткан жылдан жаңы ийгиликтерди күтөт. Келе жаткан коен жылына ар ким ар түрдүү божомолдорду айтып жатышат. Алардын арасында көзү ачыктык кылып, тагдырды алдын ала айткандар да бар. Коен жылы бизге эмне камдап турганын төлгө таштын жардамы менен билели деп көзү ачыктарга собол узаттык.

Күлүйпа Сагымбаева:
"Эл толкубаса да майда кагылыштар болуп турат"
- Сиз буга чейин алдыда турган жыл кандай болоорун төлгө кылгансыз да?
- Жолборс жылы кандуулугу, катаалдыгы менен көбүбүздүн эси-көөнүбүздөн кеткис болду окшойт. Мен буга чейин эле эбак төлгө тартып коен жылы кандай болоорун билип койгом. Жаңы жылда быйылкыдай катуу кан төгүүлөр болбойт, бирок элдин табы ушу менен эле тынып калат дештен да алысмын. Жалпы жонунан майда кагылыштар, тирешүүлөр болуп турат. Жер-жерден эл көтөрүлүшү мүмкүн.
- Саясатчыларга кандай жыл болчудай?
- Буга чейинки болуп келген так талаштар дагы деле тынчыбайт. Ачык-айкын күрөшпөгөнү менен тымызын бири-бирине тузак артып, бут тосуулар болот. Парламенттин ишин көбү жактырбай нааразы болгондор четтен чыгышы күтүлөт. Президенттик шайлоо нааразычылык менен өтөт, бирок эч кимиси нааразычылыгын ачык айта албайт. Роза Отунбаеванын ордуна эркек президент кызматка келет.
- Чет жактан президент келет деген божомолдор орундалабы?
- Жок, биздин эле кыргыздан аттуу-баштуу инсан келет. Бул деп атын айтып көрсөткөндөн алыс болуп турайын. Кээ бири туура эмес түшүнүп, тескери болжошу мүмкүн. Бирок чет жактан эмес эле кыргыз атуулу ажо болоорун төлгө ташым айтып турат. Чет элдиктер быйыл биздин өлкөгө аябай чоң жардам берип колдоо көрсөтүштү. Бирок эмдиги жылы мен айткан майда көтөрүлүштөрдөн улам алар бизге ишеним артканын токтотушат. Жардам берүүлөрдүн саны кескин кыскарат десем болчудай. Экономикада чоң өзгөрүүнү деле байкаган жокмун.
- Элдин жашоосу кайсы тармакта жакшы өнүкчүдөй?
- Буга чейин соода кылуу менен жан баккан элдер айыл чарба тармагына өтө башташат. Элдин эмгеги кайтып, түшүм быйыл мол болот. Табият кырсыктары быйыл Кудайга шүгүр аз, өлүм-житимдер көп эмес. Түштүк аймакта сел жүрүүлөр болуп турат. Жалпылап коен жылын алганда тынч, бир калыптагы өтө турган өтө жакшы, өтө да жаман эмес жылдардан болот.
Күлүйпа Сагымбеванын айтуусу менен чектелбей дагы эки-үчөөнө кайрылып көрдүк. Быйыл президенттик шайлоону эске албаганда эч кандай деле олуттуу өзгөрүү күтүлбөсүн бир ооздон айткан көзү ачыктар экономика оңой-олтоң көтөрүлө койбосун баса белгилешти. Ушул жылы чет жакта жашаган эмгек мигранттардын көбү кайтып келип, жумушсуздук күч алышы күтүлүүдө. Жыл мезгили быйылкыга салыштырмалуу жылуу болот экен. Айрым жерлерде майда жер силкинүүлөр болушу мүмкүн. Замирбек Акенбаев аттуу көзү ачыктын айтымына караганда, быйыл саясатчылар элдин көңүлүн өзүнө көп бура албайт. Өз казанында кайнаган атка минерлердин арасында бир-экөөнүн өмүрүнө коркунуч туулуп жатканын кыйытып айтты. Ал эми президенттик шайлоодо ат салышкандардын тизмеси ого эле көп болот экен. Бир пикирге келе албай жетекчилер кайра элди бетине кармап митинг уюштурушу ыктымал. "Чиновниктер элдин ишениминен чыгып калышты. Эми калк өз арбайын согуп саясатка көп көңүл бурушпайт. Кан төгүүлөр күтүлбөгөнү менен элди эки жаатка бөлчүлөр чыгат" дейт Замир Акенбаев.

Бегайым БАЙБОСУНОВА