Жылтөлгө

Коен жылында сизди эмне күтөт?

Үстүбүздөгү жыл баарыбыз үчүн оор, кырсыктуу жыл болгону анык. Быйыл 2011- коен жылында бизди эмне күтүп турат? Ким кандай ийгиликти багындырып, бир жыл бою ким эмнеге жетишет деген суроонун тегерегинде чыгыш жылтөлгөсүнө үңүлдүк. 2011-жылы кимди эмне күтүп турганын төмөндөн билсеңиз болот.

Чычкан: 1924, 1936, 1948, 1960, 1972, 1984, 1996
Жеке жашоодо: Чычкан жылындагылар келе жаткан жылда талыкпай иштеп, жумуш менен жеке жашоону бир калыпка салганга аракет кылуусу керек. Эски жылдан калган майда көйгөйлөр жаңы жылдын алгачкы айларында эле чечилет. Сүйүү жаатында тээжиктикке салбай, өнөктөшүңүздүн ою менен эсептеше жүргөнүңүз дурус.
Карьерада: Сизге бул жылы атаандаштарыңыз менен жетекчиңиз жакшы жол көрсөтүп жөнгө салат. Тоңмоюндукка салбай, алардын кебине кулак төшөй жүрүңүз. Жылдын аягында кызматыңыздан көтөрүлүп, кесиптештериңиздин арасында кадыр-баркыңыз артат. Капчыгыңызды кагып колуңуздан келбеген буюм алганча, акчаны сарамжалдуу пайдаланганыңыз оң.
Жалкоолукту жеңем деп өзүңүздү аябай иштей берип күз мезгилинде нерв ооруга чалдыгасыз. Бейтапканадан алыс болгуңуз келсе өзүңүздүн аяп, ашыкча уруш-талаштан оолак болуңуз.
Уй : 1925, 1937, 1949, 1961, 1973, 1985, 1997
Жеке жашоосунда: Өзү үчүн да, өзгөлөр үчүн да уй жылындагылар жоопкерчиликти алып, чечкиндүү болууга тийиш. Жакын адамыңыздын ашыкча эркелиги сизди тажатып, чарчатышы да мүмкүн. Көтөрүмдүү болуп, ар кандай кырдаалдын алдын алып турбасаңыз бүтүн нерсени уратып алышыңыз күтүлөт. Бойдоктор үчүн бул жыл турмуш курууга ылайыксыз.
Карьерада: Бутуңузга бекем туруп карьералык тепкичтен жогору көздөй жылууга кесиптештериңиздин салымы чоң болот. Алдыга койгон максатка жетүү үчүн кээ бир курмандыктарга барууга туура келет. Эмнеси болсо да өкүнүп артка чегинбеңиз. Талыкпай кылган эмгегиңиздин натыйжасын жыл ортосунда көрөсүз. Сизди алдыда жакшы ийгиликтер, чоң киреше күтүп турат.
Жолборс: 1926, 1938, 1950, 1962, 1974, 1986, 1998
Жеке жашоосунда: Сиз көңүлчөөк, жумшак адамсыз. Бирок ушул таптан баштап жеке жашоого келгенде өз таламыңызды талашып, кызыкчылыгыңызды коргобосоңуз башкалардын курмандыгына айланасыз. Пикир келишпестиктер чыкса чырдан качпаңыз, тескерисинче иштин чоо-жайын териштирип, жол табуу керек. Сизди колдогон, ишенген, жактырган адамдарга ыктаңыз. Өзүңүзгө өзүңүз ишенген оптимисттик сапатыңыздын аркасы менен бир топ адамдардын көзүн ачканга жетишесиз.
Карьерада: Башкалардын көңүл борборунда болуунун аракети менен көз жаздымыңыздан биртоп маанилүү иштерди кетиришиңиз мүмкүн. Сизге митаамдык, сактык артык баш болбойт. Быйылкы иштеген жумушуңуздун акыбети жаңы жылдын башында кайтып, сизге бир жыл бою дем-күч берип турат. Душмандарга алсыздыгыңызды, боорукерлигиңизди көргөзбөңүз.
Коен: 1927, 1939, 1951, 1963, 1975, 1987, 1999
Жеке жашоосунда: Эки коендун артынан кууп убакытты кетирбей, жүрөгүңүзгө кайсынысы жакын болсо ошондон жыйынтык күтүңүз. Быйылкы жыл коендорго карьерага караганда жеке жашоодо жемишин жакшы берет. Өз күчүңүзгө ишенип башкаларды теңсинбегенден алыс болгонуңуз жакшы. Себеби, сиз күтпөгөн адамдар ойго келбеген сюрприз жасап таң калтырат. Жылдын башында жеке жашоодо бир аз тоскоолдуктар болгону менен убакыттын өтүшү менен баары бир калыпка салынат.
Карьерада: Акча күтүлбөгөн жактан келет, албетте өзүнөн өзү эмес, талыкпаган эмгектин арты менен. Кызматтан көтөрүлбөсөңүз да каражат жагынан эч нерседен кем болбойсуз. Балким майда ишкана ачып, аны чоңойтуу менен алектенүүңүз күтүлөт. Кызматтагы өнөктөшүңүз менен оозеки эмес иш жүзүндө келишим түзүп иш алпарбасаңыз сызга отургузуп кетиши мүмкүн.
Балык: 1928, 1940, 1952, 1964, 1976, 1988, 2000
Жеке жашоосунда: Ажыдаарлар бул жылы өзүнөн жоопкерчиликти оолактатуу менен жеке жашоосун да оорлотот. Олуттуу мамиле түзүүгө азырынча эрте. Сиздин акыбалыңызды жакшылап түшүнбөгөндөр катуу сөз менен болобу же иш мененби сокку кылышы күтүлөт. Негизи эле бул жылы ашыкча дооматтарга, куру жемени көтөргөнгө даяр болуңуз.
Карьерада: Ашып-ташып жаткан энергияңызды ишке жумшап, жоопкерчиликтүү болуңуз. Сиздин аракетиңизди жетекчилер баалап, колунан келген колдоосун көрсөтөт. Бирөөнүн ишенимине кирээрден мурда акыбети кандай болоорун ойлоп иш кылыңыз. Жылдын башында көптөн бери кыялданып жүргөн кымбат буюмга жетесиз.
Жылан: 1929, 1941, 1953, 1965, 1977, 1989, 2001
Жеке жашоосунда: Адамдардын кемчилдигин сабырдуулук, акылдуулук менен жеңгенден өтөөрү жок. Жылан жылындагылардын үй-бүлөсүндө быйыл толуктоолор күтүлөт. Идеалдуу адам эч убакта болбосун эске алып, өзүңүздүн да кемчиликтериңизге бир сыйра көз жүгүрткөнүңүз оң. Бул сизге адамдарга туура мамиле жасоого, жумшактыкка үйрөтөт.
Карьерада: Ич тардык, көрө албастык сапаттар сиз үчүн эмес. Колдо бар алтындын баркын билип, эрегишпей убагында пайдаланып калыңыз. Чет жакка чыгууга ушул жылы жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт. Акчаны көп кылып чогулткандан көрө убагында керектүү нерсени алып урунганыңыз дурус. Ири долбоорлорго кол коюуда жети өлчөп бир кесиңиз.
Жылкы: 1930, 1942, 1954, 1966, 1978, 1990, 2002
Жеке жашоодо: Жалпы жонунан алганда 2011-жыл жакшы жылдардан болот. Сизди чарк айланып көңүлүңүздү тапкысы келгендердин саны арбын. Ылайыктап өзүңүзгө өмүрлүк жар табууга жакшы шарттар түзүлөт. Күтүүсүз кубанычтар, жагымдуу жагдайлар жашоого дем берип чарчатпайт. Сизге колдоо көрсөтүп, жардам бергиси келгендер болсо баш тартпаңыз. Бирок башкалардын жоопкерчилигин албаңыз. Алардын ишеничин актай албай мамилеңизди суутуп аласыз.
Карьерада: Баарына каршы чыгып, кесиптештердин арасынан чорт кыялыңызды карматпаңыз. Кандай тездик менен кызмат ордуңуздан көтөрүлсөңүз ошондой тездик менен түшүп калуу коркунучу туулат. Чоң суммадагы акчаны тобокелчиликке салбай урунуңуз. Буга чейин илең-салаң болуп келген маселелер ушул жылы такталып, жыйынтыгын берет. Айрымдар өз кесибине байланышы жок жумушка оошу мүмкүн.
Кой: 1931, 1943, 1955, 1967, 1979, 1991, 2003
Жеке жашоодо: Кой жылындагыларга башкалардан салыштырмалуу быйыл бир аз кыйынчылыктар көп болушу мүмкүн. Жылдын башында ден соолугуңуз жайында болбой кыйнашы мүмкүн. Дарыгерге көрүнсөңүз биртоп дарттын башын чукуп чыгат. Бул сизди кайра чыйралтат. Жеке жашоодо олуттуу өзгөрүүлөр байкалбайт. Куру намыска алдырбай, жакындарыңыздын жакшы мамилесинен баш тартпаңыз.
Карьерада: Сизге тиешеси жок ишке киришип атыңызды булгагандан сактаныңыз. Буга чейин кашыктап чогулткан кадырыңыздын аркасы менен жакшы кызматка отурууңуз мүмкүн. Барган жериңизде жаңы мыйзам киргизип, кол алдыңызда иштегендердин кыжырына тийбеңиз. Акча маселесинде көп тартыштык деле болбойт, тапкан акчаңызды акыл менен жумшап, көзгө көрүнөрлүк көп иштерди бүтүрсөңүз болот.
Маймыл: 1932, 1944, 1956, 1968, 1980, 1992, 2004
Жеке жашоодо: Табиятынан оюнкараак келген маймылдар ушул жылы жаңы таанышууларга, жаңы жашоо баштаганга бел байлашат. Адамдарды өзүңүзгө арбап, жипсиз байлоо ыкмаңыз ушул жылда жакшы иштейт. Бирок аша чаап кетпей, башкалардын сезими менен ойногондон сак болуңуз.
Карьерада: Бардык жерден пайда издеп капчыгыңызды кампайтуу менен жылдын биринчи жарымын өткөрөсүз. Эки тоонун башын эңсеп ачка калгандан көрө, барына топук, жогуна кайыл болуп жашаганды өздөштүрүңүз. Пландаган ишти чаржайыт жасабай, бир эле иштин башын баштагандан өтөөрү жок. Тапкан акчаны насыяга берип же башка пайдалуу ишке салбасаңыз жөнү жок жоготушуңуз мүмкүн.
Тоок: 1933, 1945, 1957, 1969, 1981, 1993, 2005
Жеке жашоодо: Тооктордун кырс кыялы менен бирөөнү жакшы көрүп же жакшы көрүнүү оорчулукка турат. Тилекке каршы жакшы жакка үмүттөндүрчү көрүнүш тооктордун жашоосунда бул жылы аз кездешет. Эгер жаныңыздын жарымын табуунун аракетинде жүрсөңүз ашыкча намыскөйлүктү, жасалмалуулукту алыс таштаңыз.
Карьерада: Башкаларга акыл үйрөтүп, ашыкча кеңеш бергениңизди кээ бири туура түшүнбөй таарынышы күтүлөт. Жылдын башында эле бирөө-жарым сизди алдап, авантюрага аралаштырышы мүмкүн. Ички туюмга аздыр-көптүр ишеним артып, тыңдай жүрүңүз. Тил табышууга жөндөмдүүлүктү арттырып түшүнбөстүктөрдү жылуу-жумшак чечкенге аракет кылыңыз. Болбосо, бир нече жылдан бери көргөн аракетиңиз текке кетет.
Ит: 1922, 1934, 1946, 1958, 1970, 1982, 1994
Жеке жашоодо: Сүйүү жаатында атаандаштар көп болот. Өз күчүңүз менен атаандаштарды артка жылдырып сүйүү марасына жетесиз. Чечкиндүүлүгүңүз, жоопкерчиликтүүлүгүңүз менен жакындарыңыздын жылуу сөзүнө арзыйсыз. Шашылыш чечим кабыл алуудан мурда алды-артыңызды ойлоп, абайлап иш кылыңыз. Жылдын аягына чейин өзүңүздү колго алып активдүү болууңуз зарыл.
Карьерада: Бюджетти бир калыпка салгандан кийин ит жылындагылар кымбат баалуу буюм сатып алганга, ири суммадагы каражатты ишке киргизгенге жакшы шарт түзүлөт. Башкалар менен жардамыңызды бөлүшүп, колдогондон качпаңыз. Ар биринин аракетине жараша катардагы кызматкер жетекчилик орунга көтөрүлгөнгө мүмкүнчүлүктөр арбын болот.
Доңуз: 1923, 1935, 1947, 1959, 1971, 1983, 1995
Жеке жашоодо: Доңуз жылындагыларды жеке жашоодо олуттуу өзгөрүүлөр күтпөйт. Бир калыптагы, тынч, бейкут жашоо доңуздардын жумушуна тоскоол болбой иштешине жакшы шарт түзөт. Ушул жылы балдары барлар наристесине көңүл буруусу зарыл. Оңго-солго буйтагандан көрө жаныңызда жүргөн жакын адамды кармагандын камын көрүңүз.
Карьерада: Материалдык абалыңыз былтыркыга салыштырмалуу алда канча жакшырат. Туш келди адам менен дос болуудан качып, ылгап жүрүңүз. Сиздин ишенчээктигиңизден пайдаланып сызга отургузуп же өз кызыкчылыгын ишке ашыруу үчүн акмалагысы келгендер арбын.

Даярдаган Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"