presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Эсимде

Эки эле чыны ичкем
Ар жылы 31-декабрь жакындаган сайын өмүрүмдөгү эстен кеткис "жаңы жылымды" эстеп аргасыз жылмаям. Эсимде, анда биз 9-класста окучу элек. Жаңы жылга туура беш күн калганда классташ балдар кеңешип, жылды өзгөчө тосмой болдук. Эски жылдын эң акыркы күнү маанилүү ишибиз барчылап күн чыга болжошкон жерден 11 классташ жолуктук. Алдын ала айтылгандай баарыбызда бирден чана, баштыктарда керектүү тамак-аш, "жабдыктар". Ошентип ал күнү көңүлдүү кобурашып, кээде бири-бирибизди баса калып карга оонатып ойногончо айыл четиндеги төшкө бет алдык. "Алгачкы кадамыбызды" айтып коюшат деп бир да классташ кызды кошподук.
Демейде бир аз тээп кетип калчу жаныбыз планды аткарыш үчүн кеч күүгүмгө чейин чана тебүүнүн акесин тааныттык. Курсак ачып, кийимдерибиз суу болуп, багалектерибиз кагырап катып калганда оюнду токтотуп, баштыктардагы "жабдыктарыбызды" чыгара баштадык. "Жабдыктарыбыз" - машиненин кесилген дөңгөлөктөрү, отун, асма чырактар, жертөшөктөр, эки чака көмүрдүн кесеги, кашык, чынылар, дасторкон эле. Булардын сырткары, эң негизги оокатыбыз - төрт бөтөлкө арак, беш-алты нан, эки-үч идишке куюлган он литрдей бозо, эки пачке "Полет" тамекиси да бар. Баарын алып чыккан соң чаналарды айлана кылып тиздик да ортого от жактык. Үшүп калган жаныбыз "алгачкы кадамды" баштай албай "сен башта, мен башта" болуп бир далайга отурдук. Аңгыча Жолдошбек аттуу досум "ой, балдар, эмне отурабыз, келгиле, биринчи бозодон баштайбыз" деп калды. Камтууга келбей калган колдорубуз менен айылдын колдойгон чыныларына куюлган бозодон бирден дем албай тарттык. Бир аздан соң ичибиз да, колу-бутубуз да жылып, экинчи-үчүнчү чыныларды бошоттук. Бир кезде Болотбек жанындагы баштыктан баягы төрт узун моюндун бирин сууруп чыкты да, "кана, достор, саат тогуз болуп баратат, "алгачкы кадамды" баштайлыбы" деп бакылдады. Тымтырс. Аракты ач деген да, ачпа деген да сөз жок.
"Эй, эмнеге унчукпайсыңар? Баштайлыбы" деди ичи бышып кеткен Жолдошбек баарыбызды сыдыра тиктеп. Бир-экөөбүз ишенимсиз "баштайлы" дедик булдуруктай. Ошентип эки бөтөлкө арак чыныларга текши куюлуп алдыбызга коюлду. Демейде чөпкө жулунуп кирген уйдай шудуңдаган классташтарым негедир тынч, ойлуу. Бул жолу да "алгачкы кадамды" Боке баштады. Көздү чылк жумду да, кыйналып жатып чыныдагы аракты түбүнө түшүрдү. "Ме сага, мен мужик экемин. Кана эми баштагыла, балдар!" деген Боке чыныны ортого көмөрдү. Андан соң кезек-кезеги менен кабелтең чыныдагы арактарды ашказанга узатып жаттык. Текши ичилип бүткөн соң Темирбек классташыбыз "эй, балдар, экинчи куйганга бир арак жетпейт экен, дагы бир бөтөлкө алыш керек" деди шердене. Ушуну күтүп тургансып кой оозуна чөп албаган Бакыт "менде дагы экөө бар" деп баштыгынан шарт экини сууруп чыкты.
Ошентип экинчи чыныны ичкен соң баарыбыз кадимкидей эле мас болуп ырдай баштадык. Аңгыча бир классташым "бөтөлкөлөрдү каткыла, бирөө келатат" деп бакырды. Заматта "мастар" соолугуп, бөтөлкөлөрдү ката отуруп калдык. Темирбектин атчан атасы жаныбызга бастырып келип, "эмне кылып отурасыңар?" деди эле, "жөн эле, жылынып" дедик ооз учунан. "Бас, Темирбек, кеттик үйгө, силер да тарагыла" дегенде Темирбек атасын көздөй басты. Бир чөнтөккө салынган бөтөлкө менен чыны "биз мындабыз" дегенсип шыңгырап берсе болобу, балээ басып.
Ошентип ал күнү абийирибиз айрандай төгүлүп үйгө тарадык. Каникулдан келген соң Темирбектин атасынын айтканын угуп далайга күлүп жүрдүк. Көрсө, атасы Темирбекти төпөштөп туруп, "канча ичтиң эле жашабагыр, айт" десе, "эки эле чыны" деген тура шордуу. "Эй, эки чының бир бөтөлкө болуп атпайбы, иттин баласы" деп атасы аны жапшыра коюптур. Кийин ченеп көрсөк чын эле бир бөтөлкө арак айылдык эки чыны болот экен.
МЕДЕР, Ак-Талаа





  Жанмаанай

Жаңы жыл мен үчүн жалгыздыктын майрамы

25. 12. 2010
Жаңы жылга туура алты күн калыптыр. Азыр эстесем, былтыркы жаңы жылды эл катары тосконум менен баары бир кусалуу көңүлүм бош калган эле. Үй-бүлөлүк майрамды баары жакындары менен тоссо, мен жалгызсырап жүрөгүмдүн ээсин күтүп отурдум… Келбесиңе баары бир көзүм жетсе да эрегишип күтө бердим. Балдарыңдын, аялыңдын маңдайында отурганыңды эстесем жанымды коерго жер таппай, аштан чыккан томуктай болуп өзүмдү бул жашоодо артыкбаш сезип кетем. Сыртынан караганда телегейи тегиз адамдай көрүнгөнүң менен жандүйнөңдө кандай бороон болуп жатканын мен гана билем, түшүнөм. Балким ошон үчүн мени менен ички бугуңду бөлүшүп, жакының катары санап жүргөндүрсүң. Сааттын жебеси он экини какты! Терезеден карасам чурулдаган балдардын үнү, бактылуу күлкү-каткырык. Жанаша куюлган шампандын бирин алып, өзүмө каалоо-тилек айтып тим болдум. Он экиден үч мүнөт өткөндө телефонума "Жанбиргем, жаңы жылың менен! Жаныңда болбогонум менен кыялымда дайым сен мененмин" деген смс келди. Бирок бул да менин көңүлүмдү көтөргөн жок. Башкалар жаңы жылды чыдамсыздык менен күтүп тоссо, мен үчүн тозок күн жакындап келе жаткандай сезилет. Анткени мен жалгызмын! Жаңы жыл мен үчүн жалгыздыктын майрамы.
28. 12. 2010
Эрикенде же жөн эле сагынганда телефонуңа чалып үнүңдү тыңшай бермей адатым бар. Аны өзүң да жакшы билесиң. Чалсам мурда көп учурда коюп салчу элең, бул жолу тыңшап тура бердиң. Ары жакта балдардын чурулдаган үнү, кызың бир нерсе талашып ыйлап жатат. Үйдө экениңди айттырбай түшүндүм, жаныңда балдарың, аялың бар экенин өзү билсин дегениңби, көпкө чейин трубканы кармап тура бердиң. Чалганыма өкүнүп, бир эсе жиним келип трубканы өзүм койгонго аргасыз болдум. Көзүмдө жаш, көкүрөгүмдө ыза.
30. 12. 2010
Эсептеп көрсөм жолукпаганыбызга бир айдан ашыптыр. Мурда жумушуңдан уурданып келип жүрчү сен акыркы убакта оолактап бараткансыйсың. Ушуну менен алыстап кетсең, мен да башында кыйналганым менен бара-бара түңүлүп бир жаңсыл болоор белем? Сабактан ушундай ойлор менен алпурушуп келе жатсам чөнтөк телефонум шыңгырады. Карасам мен күтүп, сагынып жүргөн адам! Сүйүнүп кеттим. "Кандайсың?" деди ар жактан токтоо үн, кубанып турсам да сыр бербей ооз учунан "жакшы" дедим. Адатта бири-бирибизди эркелетип, сагынычыбызды айтып түгөтө албай жүрчү жаныбыз бул жолу сүйлөшкөнүбүз окшошпой, бири-бирибизге кыска, чолок жооп берип жаттык. "Качан жолугабыз?" дедиң адатыңча. Бурк эте "билбейм, бош эмесмин!" деп трубканы коюп салдым. Үйгө жеткиче өзүмдү өзүм жемелеп, жумшак сүйлөп койсоң өлөт белең деп урушуп бараттым. Колумдан кымбат буюмумду алдыргансып жүрөгүм заматта эңгирей түштү. Көңүлсүз кадам шилтеп подъездге кирээрде артыман тааныш үн угулду. Кылчайып карасам сен. Көрсө, эбак эшигимдин алдына келип алып мени сынап жатыпсың. Жолугуубуз аяктап, кетээриңде "жаңы жылды жакшы тос, ээ?" дедиң эркелете. Аргасыз башымды ийкеп, жылмайган болдум. Демек, бул жылды да өзүм жалгыз тосот экенмин…
АЛТЫНАЙ




  Жасап көрсөңөрчү

Ушу жылы баласыздар бала көрсүн

Бул айтылган жөрөлгөлөрдү, сунуштарды так аткаргандар келерки жылы сөзсүз ойлогон ой-максаттарына жетет. Анда кеттик!

Кара далы кыздарга. Жашыңыз отуздан өтүп, турмуш куруу көздөн учуп атса, жаңы жыл түнү жаңы ич кийим сатып кийиңиз. Бирок мындай ырым-жырымдан да өтө реалдуусу - эри менен бактылуу жашаган курбуңуздун ич кийимин ырымдап уурдап алсаңыз болот. Ошондо курбуңуздай болуп сөзсүз турмушка чыгасыз да балалуу болосуз. Анткени менен абайлаңыз, курбуңуздун күйөөсү сизге көзү түшүп калышы ыктымал.
Бой жүргөн мырзаларга. Жашыңыз кыркка чыкса да кыздар карабай, айлаңыз кетип атабы? Бирок сиз үй-бүлө курам дегенде эки көзүңүз төрт. Кийинки жылы аял алып "коендой иштеп" көп балалуу болгуңуз келсе, түз эле Бишкектеги цирктин жанында иштеген кыздарды бир саатка сатып алыңыз да, алардын эмчек тарткычын уурдап алыңыз. Кийинки жылы туш болгон айым сизге эмчек тарткычтай эки эгиз бала төрөп берет. Балким балалуу болуп убара болбой, даярын да алышыңыз ыктымал.
Ойнош күткүсү келгендерге. Жаңы жыл түнү бой-келбетиңизге өзгөчө көңүл бөлүп, арак-шарапты ашыкча ичпеңиз. Себеби аракты көп ичсеңиз сизден чыккан жагымсыз жыт жактырган адамдын көңүлүн иренжитет. Андыктан жаңы жылдын түнүндө сизге жаккан айымдын же мырзанын сүрөтүн акырын жаздыгыңыздын алдына коюп жатыңыз. Бирок абайлаңыз, аялыңыз же эриңиз билип калса, анда кийинки жыл аяктаганча чыр-чатактан арылбайсыз.
Машинелүү болгусу келгендерге. Кийинки жылы машине алам деп кыялдангандар эмитеден көчөдөн көргөн унааларды сүрөткө тартып жүргүлө. Жаңы жылда дасторкон үстүнө ошол унаалардын сүрөттөрүн тегерете коюп, ортосуна шампан аттыргыла. Шампандын капкагы кайсы сүрөттүн үстүнө түшсө, кийинки жылы сиз так ошондой машинелүү болоруңузга бөркүңүздөй ишениңиз.
Чоң болгусу келгендерге. Саат он экиде чыкыйып костюм-шым, аппак көйнөк, галстук тагынып төрдө отуруңуз. Өзүңүздү ачендик сезип, үйдө тамак жасап жүргөн аялыңызды секретарша элестетиңиз. Ал эми майда балдарыңызды кол алдыңыздагы кызматкерлер деп ойлоңуз. Жаңы жыл түнү да сүрдөн жазбаңыз. Сизге ыраазы болгон аялыңыз да таң атканча чоң болушуңузду тилеп чыгат. Бирок кийинки жылы чоңоюп кетсеңиз, аялыңызды абайлаңыз.
Жөрөлгөчү Эркек КОЕН



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??