presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Окшошпогон он эки ай

Жакшы сөз айтчы мага…

Кээ бир көзгө басар инсандарыбызга жаңылык сурап чалганыбызда ар кандай акыркы жаңылыгы менен бөлүшөт. Жыл жыйынтыктаар маалда атайын он эки адамга суроо бердик. Баарынан кызыгы, башка жылдарга салыштырмалуу ушул жылы балалуу болуп, бешик терметкендердин саны арбын экен.

январь

Гүлмира ТУРСУНБАЕВА, актриса:
- Жалпысынан алганда быйылкы жыл мен үчүн жакшы жыл болду. Бирок жакшы-жаман нерсенин баары январь айына туш келди окшойт. Жакшы жагын алганда ушул айда неберем эки жашка толуп менин колумда тарбиялана баштаган. Апам алыскы жолго чыгып жатып жол кырсыгына кабылган эле. Бактыга жараша катуу кырсыктаган эмес, ошентсе да бир сыйра эсибизди чыгарып койду. (Каткырып күлүп) Баса, ушул айда мен он сегиз жашка чыкканымды белгиледим…


март

ГҮланда, ырчы:
- Мен үчүн сегизинчи март кош майрам. Аялдардын майрамы менен туулган күнүмдү чогуу өткөрөм. Былтыр жолдошум жанымда болбой калганы менен ошол туулган күн эсимде калды окшойт. Бирок түнкү саат он экиде чалып куттуктап сүйүнткөн. Мындан сырткары быйылкы жылы башыбызга баш кошулуп кыздуу болдук. 2010-жыл ушундай эки көрүнүктүү окуя менен эсте калды.



апрель

Назира АХМЕДОВА, журналист:
- Ушул жылдагы менен э-эң эле кубанычтуу жаңылыгым, уулдуу болдум. 15-апрелде уулумду жарык дүйнөгө алып келип, өзүм атын Саид деп койдум. Улуу балам Насипжан быйыл экинчи класска барды. Эне үчүн балдарынан өткөн кубаныч, жакшылык болбосо керек. Учурда балдарымды багып үйдөмүн, буюрса январь айынан баштап жумушка чыгам.


май

Акылбек ИРСАЛИЕВ, "Береке" бий тобунун аткаруучу директору:
- Кыргыз элинин тарыхында кара тамгалар менен жазылган окуяларды эске албаганда бул жылы тынымсыз иштеп, акыбетин көрдүм. Эң негизгиси май айында атамдын ашын өткөрө алдым, көпкө чейин даярданып жүргөм. Белек- бечкекти көп беришти, өзгөчө ушул айда ноутбук белек кылган күйөрман кызыма тан бердим. Алмактын бермеги бар, тим эле кой деп чочуласам болбой берип салды...


июнь

Адилет АКМАТОВ, каскадер:
- Июнь айындагы Ош окуялары бизге да таасирин тийгизбей койгон жок. Быйылкы жыл кейиштүү жагы менен эсимде калды. Бул жылы июнь айында үй-бүлөбүзгө кичинекей "жолборс" кошулду. Тактап айтканда, уулдуу болдум. Ошентсе да адам болгондон кийин өз деңгээлиңде эмес, жалпы элдин деңгээли менен алып карасам кубанычыбыздан кайгы көп болуптур.


февраль
Нурак АБДРАХМАНОВ, КР эл артисти, комузчу:
- Жеке жашоодо эч кандай өзгөрүү болбогону менен чыгармачылыкта аябай эле жакшы ийгиликтер болуптур. Февралда Казакстанда өткөн фестивалга катышып биринчи орунду алдым. Япониядан бери келген атаандаштарымдын арасынан биринчи орунду мага бергени жакшы эле жетишкендик болсо керек. Ошол эле тапта "Айгине" деген коом "Эн белги менен комуз үйрөнүү ыкмасы" деген китебимди чыгарды. Эң негизги көзгө көрүнөрлүк жаңылыгым - эл артисти деген наамды алдым.


июль
Айгүл ЧАЛОВА, ырчы:
- Он эки айдын ичинен июль айы эсимде калыптыр. Анткени июль айында чыгармачылыкка байланышкан көптөгөн пландарым ишке ашты. Жалгыз иниме келинчек алып бергем. Баары бир куда күтүп, каадалуу киши болгон башкача да. Эмнегедир жыл аяктаганда артыма кылчайып карап өзүмө отчет берсем, ушул эле ай көзгө көрүнөт экен.


август

Ынак ОСМОНАЛИЕВ, ырчы:
- Кетип бараткан жыл мага жемиштүү дагы, кейиштүү дагы болду окшойт. Жемиштүүсү, августта жеке концертимди эки аншлаг менен өткөрдүм. Маданияттын мыкты кызматкери деген төш белги менен сыйландым. Кейиштүүсү, жайында үй-бүлөм менен жол кырсыгына кабылдым. Бир топто барып оңолдук окшойт. Машинам жарактан чыгып, эми жаңы тулпарлуу болдум.


сентябрь

Жаныбек АЛЫКУЛОВ, куудул:
- Ушул жыл башталгандан бери ооруп элге аралаша албай кыйналып жүрдүм эле, сентябрь айында кичине бутума туруп аракет кыла баштадым. Сентябрдан баштап тынымсыз иштеп, шайлоого катыштым. Андан түшкөн каражатка жаңы аппаратура алдым. Мурдакы унаамды жаңыртып, темир тулпарлуу болдум. Ошонун баары эле дем-күч болуп, адамды чыйралтат экен.


октябрь

Рысбек ЖАБИРОВ, кинорежиссер:
- Октябрь айы мага жакшы жемишин берди. 11-октябрь күнү туулган күнүм болчу, ырым кылып жаңы бүткөн үйүмө көчүп кирдим. Ошол күнү эле келинчегим уул төрөп берди. Ошентип бир күндө үч чоң майрамды белгилеп калдык. Баламдын атын Ийгилик деп койгом. Көз тийбесин, чынында мындай дал келүү чанда кездешсе керек.


ноябрь

Алмаз КАСЫМАЛИЕВ, диктор:
- Эл менен кошо чуркап, күйүп жүрүп бул жыл кантип өткөнү сезилген деле жок. Эң эле чоң жаңылыгым ушул, ноябрь айында темир тулпарлуу болдум. Буга чейин баламды таң атпай бала бакчага жеткирип, кайра жумушка келип убактымдын көбү коомдук унаада өтчү эле, азыр болсо өз машинам менен кенен жүрүп калдым десем болот. Бир жылдык эмгегимдин жыйынтыгы ноябрь айында көзгө көрүндү.


декабрь

Дүйшөн БАЙДӨБӨТОВ, КР эл артисти:
- Элибиз үчүн дей албасам да мен үчүн жакшы жыл болду. Жыл аяктаганда, декабрь айында уул-келиним балалуу болуп небере жытын искеп жатам. Негизи эле неберелерим көп дечи, ошентсе да баш кошулган сайын кубанычың да артат тура. Алымбектей датка болсун деп ушул ысымды ыйгардык. Азыр да жентек берип тойдун аягы тыйылбай турган кез.







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??