30.12.10 - 24-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Ташка тамга баскан жол

2010-жыл
эмнеси менен эсте калды?

Быйылкы жыл дүйнөдө кандай окуялар, жаңылыктар менен эсте калганын хронологиялык түрдө санап өттүк.


Январь
1-январь
Россия, Белорусия жана Казакстандын ортосунда бажы союзу күчүнө кирди.
Испания Европа кеңешинин союзуна төрага болду.
Латын Америкасында евро сыяктуу сукре аттуу валюта ишке кирди.
Россия, Спорт, Культура, жана Вести аттуу жалпы россиялык мамлекеттик телерадиокомпаниялар Россия 1, Россия 2, Россия К жана Россия 24 болуп өзгөрүлгөн.
4-январь
Дубайда дүйнөдөгү эң бийик имарат - Бурж-Халиф ишке киргизилди. Анын бийиктиги 828 метрди түзүп, 162 кабаттан турат.
12-январь
Гаитиде катуу жер титирөө болду.
15-январь
XXI кылымдагы узакка созулган шакек сымал күн тутулуу катталган.
17-январь
Украинада президенттик шайлоо өттү.
22-январь
Эл аралык космос станциясынын экипажы интернетке чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.
Февраль
9-февраль
Европарламент Европа комиссиясынын жаңы курамын бекитти.
12-февраль
Афганистанда НАТОнун 2001-жылдан берки ири "Моштарак" операциясы башталды.
19-февраль
Расмий түрдө Менделеевдин таблицасына 112-элемент катталды. Ага окумуштуулар коперниций деген ат беришти.
Март
18-март
Клэйдин математикалык институту миң жылдыктын чечилбеген маселеси Пуанкердин гипотезасын далилдегени үчүн Григорий Перельманга бир миллион долларлык сыйлык тапшырышты.
21-март
Эйяфьядлайёкюдль вулканы ойгонуп, сыртка чыкты.
25-март
Рустам Минниханов Татарстандын президенти болду.
29-март
Москванын метролорунда эки террористтик акт катталып, 40 адам өлгөн.
Апрель
3-апрель
Европада алгачкы жолу Британияда 3D форматындагы телеканал ишке кирди.
5-апрель
МКСке "Дискавери" шатлы учурулду.
7-апрель
Кыргызстанда массалык башаламандык башталып, бийлик алмашты.
8-апрель
Биринчи жолу күн элементтери менен учуучу самолет учурулду.
Прагада Россия президенти Дмитрий Медведев менен АКШ президенти Барак Обама жакынкы 10 жылдын ичинде бири-бирине кол салбоо боюнча келишимине кол коюшту.
10-апрель
Смоленскте Польшанын расмий бийлиги учуп келе жаткан учак кулап, биртоп чиновниктер каза болушту. Анын ичинде президент Лех Качиньский да бар.
14-апрель
Кытайда 7,1 баллдык жер титирөө болуп, 2039 киши о дүйнө кетсе, 195 адам дайынсыз жоголгон. 12 315 адам денесинен оор жарат алса, жүз миңден ашуун киши төбөсүндө чатыры жок калды.
19-апрель
Афганистанда магнитудасы 5,3 балл болгон жер титирөө болуп, 11 адам көз жумуп, 70 адам жарадар болду.
20-апрель
"Deepwater Horizon" нефти платформасында ири авария катталып, дүйнө тарыхындагы эң ири техногендик кырсык катталды.
Май
1-май
Сомалинин Абдалла Шидейе мечитинде эки жардыруу болуп, 39 адам шейит кетсе, 70 киши жарадар болушту.
2-май
Чилиде 5,9 баллдык жер титирөө кайталанды.
9-май:
Улуу ата мекендик согуштагы жеңиштин 65 жылдык юбилейи.
12-май
Ливиянын Триполи шаарында Airbus A330 учагы кырсыкка кабылып, 103 адам өлгөн. Таң калычтуусу, 8 жаштагы бала жалгыз тирүү калган.
14-май
Таиландда массалык башаламандык. 10 адам өлтүрүлүп, 125 киши жарадар болгон.
28-май
Жүздөн ашык адамдын өмүрүн алып кеткен поезд кырсыгы Индияда катталып, дээрлик бардык жүргүнчүлөр жарат алган.
29-май
Норвегиянын Осло шаарында Евровидение конкурсу өткөрүлүп, Германиянын ырчысы Лена Майер-Ландрут жеңүүчү болду.
Июнь
11-июнь
Кыргызстандагы башаламандык дүйнө элинин кулагын тик тургузду.
27-июнь
Македония, Албания, Черногория жана Косово президенттери эркин экономикалык аймак ачуу боюнча келишимге кол коюшту.
Дүйнөдөгү эң чоң Al Maktoum International аэропорту Дубайда ачылды.
30-июнь
Кезексиз шайлоодо Германиянын президенти болуп Кристиан Вульф шайланды.
Июль
3-июль
Кыргызстандын өткөөл кырдаалдагы Президенти Роза Отунбаева кызматына киришип, КМШ алкагындагы алгачкы айым мамлекет башчысы катары тарыхта калды.
4-июль
Польшада кезексиз президенттик шайлоодо Бронислав Коморовский жеңип чыкты.
22-июль
Гаагадагы БУУнун эл аралык соту Косовонун Сербиядан көз карандысыздыгын тастыктады.
Июлдун аягы августтун башы
Дүйнөнү аптап каптаса, Россияны өрт каптады.
Август
6-7-август
Планеталар парады.
31-август
АКШ Президенти Барак Обама Ирактагы аскер операцияларынын аяктагандыгын расмий жарыялады.
Сентябрь
1-сентябрь
ЕС 75 Ваттан жогорку кубаттуулуктагы лампаларды колдонууга тыюу салды.
9-сентябрь
Владикавказда террористтердин кол салуусунан 18 адам өлтүрүлүп, 202 киши жарадар болду.
27-сентябрь
Косово президенти Фатмир Сейдиу кызматын таштады.
28-сентябрь
Москва мэри Юрий Лужков "президенттин ишениминен кеткендиги үчүн" кызматынан айдалды.
Октябрь
1-октябрь
Украина 2004-жылдагы конституциялык реформаны мыйзамсыз деп таап, башкаруунун президенттик-парламенттик формасына кайра келди.
15-октябрь
КМШ боюнча 3D форматындагы телеканал Россияда ишке киришти.
25-октябрь
Индонезияга жакын болгон Ментавай аралдарында 7,7 баллдык зилзаланын айынан цунами пайда болуп, 413 кишинин өмүрүн алып кетти.
30-октябрь
Кытайдын Санья шаарында "Дүйнө сулуусу - 2010" конкурсу болуп өттү.
31-октябрь
Гаитиде холера эпидемиясы башталып, чу дегенде эле 330 адамдын өмүрүн жеп кетти.
Ноябрь
11-12-ноябрь
Чоң жыйырмалыктын 5-саммити (Сеул, Южная Корея).
19-20-ноябрь
Лиссабондо НАТОнун саммити өттү.
20-ноябрь
Минскиде балдардын Евровидение-2010 конкурсу болду.
23-ноябрь
КЭДР менен Түштүк Корея ортосунда аскердик кагылышуу.
Декабрь
1-2-декабрь
ЕККУ саммити Астанада болду.
8-декабрь
Чилинин Сантьягосунда абак өрттөнүп, 81 кылмышкер күйүп өлдү.
11-декабрь
Москвада футбол фанаттары нааразылык акциясына чыгышып, массалык башаламандык күч алды.
19-декабрь
Белорусияда президенттик шайлоо өтүп, Александр Лукашенко төртүнчү мөөнөткө 79,67 % добуш менен калды.
21-декабрь
Ай тутулду.
Эң сулуу айымы
Бул жылдын эң сулуу айымы болуп "Дүйнө сулуусу-2010" сынагынын жеңүүчүсү америкалык селки, 18 жаштагы Александрия Миллс табылды. 1990-жылдан бери АКШ бул бийиктикти багынта албай келген. Ошентсе да Александриядан сулуу кыздар көп эле, янкилер сатып алышты деген сөз болгон. Тарых жыйынтыкты гана эстейт дегендей, бул жетишкендик катталып калды.
Жылдын адамы
Дүйнөдөгү эң абройлуу "Time" журналы жылдын мыкты адамы деп Марк Цукербергди тапты. 26 жаштагы Марк Фейсбук социалдык желесин ойлоп тапкандыгы үчүн бул сыйлыкка татып отурат. Цукерберг учурда дүйнөдөгү эң жаш миллардер болуп туру. Анын Facebook социалдык желесинде 500 миллиондон ашык колдонуучу бар.
Жылдын жаныбары
Түштүк Африкада өткөн дүйнө биринчилигинде беттештердин жыйынтыгын алдын ала туура айта алган осьминог Пауль бир нече сыйлыктарга татып, анын урматына эстелик да тургузулду. Тилеке каршы, жылдын ачылышы болгон жаныбар мындан эки ай мурда өлүп калган.
Даярдаган Кудрет ТАЙЧАБАРОВ