presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Акыркысы ашыкча экенин унутпа


Жаңы жылды катуу майрамдап койгондун эртеси баш ооруп туралбай калуу адаты көпчүлүктө бар. Мындай кырдаалда айрымдар кайрадан арак менен баш жазса, кээси ысык шорпо ичет, кээси ичимдикти көргүсү келбей калат. Андыктан, жаңы жылдан кийинки ооруган башты кантип жазуу үчүн адистердин айтканын аңдасак ашыктык кылбас.

Ажат ача турган жан барбы?
Жаңы жылдын эртеси оозуңуз кургап, таңдайыңыз катып суусап калсаңыз, 300-500 грамм газдалбаган, алкоголсуз суусундук ичкениңиз оң. Суусаганыңыз токтобой, каныңыз ката берсе бир литр сууга бир чай кашык сода салып аралаштырып ичсеңиз пайдалуу.
Алыңыз кетип, аракты көргөндө жүрөгүңүз айланса, анда организмди витамин менен толуктаганыңыз оң.
1-2 таблетка аскорбин кислотасынан же витамин-минерал комплекстеринен (Центрум, Витрум ж.б) 1-2 тоголок ичип койсоңуз болот. Эссенциал Форт дарысынан 2-3 капсула ичсеңиз да ден соолугуңузду калыбына келтирет.
Активдештирилген көмүр (активированный уголь) таблеткаларынан ичиңиз, 1 таблетка 10 кг салмакка туура келет. Дарыны адегенде абдан чайнап туруп, бир стакан суу менен жутуңуз. Бул да болбосо Панангин (же Аспаркам) 3-4 таблетка ичиңиз. Бул организмдеги калий менен магнийдин жетишсиздигин жөнгө салат.
Эгер шишип-көөп калсаңыз, заара чыгаруучу чөптөрдү кайнатып ичсеңиз шишикти таратат. Мындай чөп жок болсо кайнатылган суудан эле ашыкча ичип, денедеги шишикти заара аркылуу чыгарсаңыз болот. Андан тышкары, ашказандагы ашыкча жыйылган тамактан, денеге жайылган спирттен биротоло арылгыңыз келсе, клизма жасоо да ашыктык кылбайт. Ошондо ичеги-карындарыңызда мурунку түндөн чогулган шлактардан тазаланган болосуз.
Жогоруда айтылган кеңештерди жасагандан кийин 1-2 саат тамак ичпеш керек. Андан кийин ысык шорпо же шире, суюк тамак гана ичүү сунушталат.
Стаканды суумай менен майлап алып жумуртканын сарысын саласыз дагы, ага 10-20 тамчы арак кошуп аралаштырып ичип алсаңыз да баш жазган болосуз. Лимондун жарымын кесип колтугуңузга сүртсөңүз бат эле сергек кылып коет.
Эртең менен "жарылчудай" болгон башты жазганга чейин сунушталуучу керектүү кеңештер
1. Тамеки чекпеңиз.
2. Ысык коюу даярдалган кофе менен чай ичүү сунушталбайт.
3. Төшөк кумарына батуудан алыс болуңуз. Секс организмди ого бетер алсыздатат.
4. Оор жумуш жасоодон оолак болуңуз.
5. Бирөө менен көпкө сүйлөшпөңүз. Бул учурда телефонду да өчүрүп салыңыз.
Дагы бир пайдалуу кеңеш
1. Эртең менен таза аба жутуп сыртка басып келсеңиз болот. Эгер үйүңүздөн чыккыңыз келбесе, сиз жаткан форточканы ачып, бөлмөнүн ичин желдетиңиз.
2. Эч нерсеге көңүлүңүз чаппай, төшөктөн туралбай калсаңыз, сыналгынын үнүн акырын чыгарып, жаңы жылдык көңүл ачуучу көрсөтүүлөрдү көрүү сунушталат. Бул нерв системасына көңүл көтөрүүчү терапияны иштеп чыгат.
Ичимдикти ичкенди бил
Албетте жаңы жылдык көңүлдүү майрамда баары тең ичимдик ичип көңүл көтөрүшөт. Бирок ичимдикти туура эмес ичүү адамдын ден соолугуна зыян гана алып келбестен өмүрүн да алып коеру турган иш. Андыктан ичимдик ичүүнүн эрежелерин эске түйүп алганыңыз оң.
o Ачкарын ичимдик ичүүдөн качыңыз.
o Ичимдик ичкенде алкоголсуз суусундук менен алмаштырууну эске алыңыз.
o Мас болуп баратканыңызда өз нормаңызды көзөмөлгө алыңыз.
o Ичимдикти ашыкча ичип токтоно албасыңызды билсеңиз, соо кезиңизде эле машинени гаражга токтотуп койгонуңуз оң.

Назира КУЛМАТОВА




Коен-каалоо
Жылдыз МУСАБЕКОВА (1975-жыл), КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, "Айат" гезитинин кожойкеси:
- Жолборс жыл өзүнүн айбатын, сүрүн көргөзүп быйыл Кыргызстан үчүн абдан оор жыл болуп, өлкөбүз канга чыланды. Көп мекендештерибизден айрылдык. Ошого карабай быйыл саясатта өзгөрүү болуп, парламенттик башкаруу жолуна түштүк. Учурда папкечендин көбү кызматка жүгүрүп атат. Ошол кызматка жүгүргөндөргө байланыштуу бир анекдот айтып берейин.
Айылда бир сугатчы болуптур. Талаада суу сугарып жүрсө аялы келип, "эй, абышка, бүгүн талаадагы аялдардын баары сени бригадир болот деп айтып атат" дептир. "Мен талаада сугатта жүрсөм кайдагы бригадир болмок элем" деп ишенбей коет эри. Аялы айткандай эле бир жума өтпөй баягы сугатчы бригадир болуп калат. Бригадир болгондон тартып ат минип звенолорго барып улам бирин башкарып калат. Бир күнү аялы эринин иштеген жерине келип "сени талаадагы аялдар башкарма болот деп айтып атышат" дейт. Эри ага ишенбей, "каяктагы башкарманы айтасың" деп коет. Бирок чынеле бригадир болгон сугатчы башкарма болуп калат. Талаада сугатчы болуп жүргөн неме колу анча-мынча бийликке жетип, бир көйнөгү эки болуп, башкарма болот деген ушул экен деп мамлекеттин байлыгына бармагын эле салбай чыканагына чейин матырат экен. Ошентип жеп-ичип атып акыры соттолуп кетет. Түрмөдө отурса аялы тамак алып келип, "абышка, сага жакшы адвокат таптым…" деп сөз баштаганда эле эри: "адвокат-падвокатыңды кое турчу, андан көрө талаадагы катындарың эмне деп айтып атат, ошону айтчы" деген тура. Андыктан аялдардын айтканы туура чыгат. Бул жылы бийликке мурда мамлекеттин казынасына кол салып ичип-жегендин баары келди. Эми ошонун баары келаткан жаңы жылда мамлекеттин казынасына билегине чейин малынбай, таза иштеп, элдин камын ойлосо деген тилек.





Коен-каалоо
Райхан АБДУВАЛИЕВА (1963-жыл), ырчы:
- Коендор негизи бат көбөйүшөт. Алар төлдөгөндө 10-12ден бөжөк тууйт экен. Ошондуктан келаткан жылы Кыргызстандагы айымдар көп төрөп, ар бир үйдө ымыркайдын ыңаалаган үнү, наристенин таттуу күлкүсү, бал ширин тилдери угулуп турсун. Төрөлгөн наристелердин көбү эркек болсо деп тилейли. Себеби, жолборс жылында кыргыздын кырчындай эр-азаматтары ажал таап биртоп азайып калды. Эми ошолордун ордун толуктоо үчүн эркек балдар көбөйсүн. Эң негизгиси, элимде тынчтык, токчулук, аманчылык болсун!





Азамат БОЛГОНБАЕВ, төкмө акын:
Жолборстун жолун төтөлөп,
Алаңкөз келе баштады.
Каардуу жолборс жаныбар,
Кан болду колу тактагы.
Ал эми коен тынчтыктын,
Символу сындуу деп билем.
Тилеги ар бир бүлөгө,
Ынтымак, ырыс жеткирем.
Бактылууга бат келип,
Ырксыздарга кеч кирем.
Мына ушундай коендун
Мүнөзү жумшак болобу.
Эми мен тилек батамды,
Чоңдорго айтсам жогору.
Коендун кандай экенин,
Силер уккула оболу,
Коен назик а бирок,
Коркоктугу дагы бар.
Элди жеп, элди аткандан,
Коркок болгула баарыңар.
Босогоңду аттады,
Мына ушундай жаныбар.






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??