30.12.10 - 20-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Перл_Харбор

"Жаңы Агым" гезити жарым жашка чыкты
Ар бир мекеме эски жылды таштап жаңы жылга кирерде арт жагына бир кылчайып, ошол жылдагы жасаган ийгилигин, кетирген кемчилигин санап, алдына максат коет. Биз "Жаңы Агым" гезитинин жамааты ушул саныбыз менен эски жылдын соңуна чыгып отурабыз. Эми сиздер менен жаңы 2011- жылдын 7-январынан баштап кездеше баштайбыз. Андыктан узап бараткан жыл биз үчүн кандай жыл болгонуна кыскача саресеп сала кетели.
Албетте, биринчиден июль айынан баштап мурдагы "Агым" гезити "Жаңы Агым" гезити болуп чыга баштады. Коомубуздагы болуп жаткан окуяларды чагылдырууда "Жаңы Агым" гезити эч кимдин камчысын чаппай, чындыгында эле элдик, улуттук маселелерди көтөрүп келди десек аша чапкандык болбос. Аны окурмандарыбыз өздөрү таразалап алар.
Ийгиликтерибизди санай келсек, өзгөчө быйылкы 7-ноябрь "Жаңы Агым" гезити үчүн өзгөчө майрам болду. Дегенибиз, союз доорунда "Ленинчил жаш", андан соң "Жаштык жарчысы", "Асаба", кийин "Агым", учурда "Жаңы Агым" болгон гезиттин тарыхы ары кызыктуу, ары түйшүктүү. Бирок ушул кезге чейин бул гезитте иштеп, чырылдаган чындыкты, бийликтин агын да, карасын да каңтара жазган журналисттерди мамлекет маңдайынан сылап, сыйлай элек экен. Гезиттин "Асаба" кезинен баштап иштеп, эки бийликтин тепкисин эбегейсиз жеп, гезиттин ачуу мектебинен өткөн "Жаңы Агым" гезитинин башкы редактору Аскер Сакыбаеванын быйыл мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болушу редакция жамааты үчүн чоң сыймык болду. Албетте, бул ийгиликте "Асаба" мектебинин, анда иштеген агайлардын да салымы зор. Аныгында эле көп жылдан бери ушул гезиттин редакциясында журналистиканын суугуна тоңуп, ысыгына күйүп келаткан Аскер айымдын эмгеги өзгөчө. Бул биз үчүн өтүп бараткан жылдагы эң ийгиликтүү окуя болду.
Жакында өзүн көрсөң жаш, макалаларын окусаң алтымыштан ары уруп койгон бала-чал кабарчыбыз Нурканбек Керимбаев "Кыргызстан-Сорос" фонду тарабынан уюштурулган конкурска катышып, журналисттер арасында 1-орунду баалуу сыйлыгы менен багындырды. Айта кетсек, конкурс коррупциялык иштерге байланышкан. Дагы бир журналистибиз Темирбек Алымбеков акын катары өзүнүн "Атаңдын көрү, дүнүйө" аттуу ыр жыйнагын окурман журтуна тартуулап бир кубандырды. Бул да "Жаңы Агым" гезитинин сыймыктанар иши десек жарашат. Мындан сырткары ар бир кызматкерибиздин ар кандай министрликтер, коомдук уюмдар менен иштешип, алардан алган кабат-кабат ардак грамоталарын санабай эле коелу.
Жамаат жаңы жылда "Жаңы Агым" гезитинин сапатын мындан да жакшыртууга аракеттенет. Мыкты идеялар бар. Азырынча айтпай туралы, аны иш жүзүндө далилдейли. Бирок жашырбай турган нерсе - гезиттин позициясы центристтик, башкача айтканда, калыстыкты туу туткан боюнча калат. Биз үчүн жөнөкөй адамдын турмушу, мекендештерибиздин көйгөйү башкы орунда. Курулай акылдуусунгандан качып, адам турмушуна пайдалуу маселелерди камтысак дейбиз. Өлкөбүздө болуп жаткан окуялар тууралуу так маалымат берүүнү башкы милдетибиз деп түшүнөбүз. Бийликти колго алгандар өлкөнүн өнүгүүсү үчүн сөз эркиндиги эң башкы курал экенин, аны дайыма туу тутууга эл алдында катуу убада бергенин унутушпаса дейбиз. Алардын жетишкендигин да, кемчилигин да аргументтер менен чекеге такаганга күчүбүз жетет деп ишенебиз.
Анда эмесе, жаңы жылыңыздар менен, урматтуу окурмандар, ар дайым бар болуңуздар, үйүңүздөрдөн күлкү кетпесин! Жаңы жылыбыз жакшы жыл болуп, турмушубуз оңолуп, Кыргызстан өркүндөп өссүн!
РЕДАКЦИЯ




  Адамият

Айылдан ааламга кеткен жол

Асман мейкиндигиндеги жылдыздар көп. Алтын казык, Үркөр, Жетиген, Чолпон сыяктуу түбөлүк жылдыздардын катарында чоң ачылыш менен табылган жаңы жылдыз кошулуп, кыргыз ысымын алган Алтай жылдызынын жаркырап турушу баарыбызды сыймыктантат.
Арийне, бүгүн сөз илим жаатында ондогон илимий ачылыштары менен дүйнөлүк илимий коомчулукту таңдандырган Алтай Асылканович Бөрүбаев туурасында.


Алтай Бөрүбаев 1950-жылы Талас районундагы Кара-Ой айылында төрөлгөн. Табиятынан өжөрлүгү, алдына койгон максатынан артка кайтпагандыгы жана эмгекчилдиги, билимге болгон умтулуунун натыйжасында мектепти алтын медаль менен, Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математикалык факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Алтай Асылканович студенттик аудиториядан математиканын эң татаал багыты болгон топология маселелерине кызыга баштаган. Илимде талбаган эмгек жана илимпоздук табигый касиет гана ийгиликтерге алып келет. Табиятынан таланттуу болбой туруп, математикалык ачылыштарды жасайм деш бекер кеп. Алтай Бөрүбаевде мына ошо кудай берген талант да, эмгекчилдик да бар эле. Ал ошентип, топология багытында талашсыз ийгиликтерге жетишип, дүйнөнүн мен-мендеген окумуштуулары багынта албай, баш катырган бийиктерди багынтты да, өзүнө таланттуу, Кудай даарыган окумуштуу катары ысым жарата алды. Бүгүн анын ысымы Кыргызстандын көрүнүктүү математиктеринин катарынан орун алган. Ал эми таланттуу окумуштуунун эмгектери дүйнөлүк математика илимин байытууда. Анын Борбордук Азияда түзгөн геометрия жана топология боюнча мектеби эл аралык кадыр-баркка ээ болгону, Алтай Асылкановичтин илимпоз катары дүйнөлүк кадыр-баркы менен түздөн түз байланышкан десек эч кандай жаңылышпайбыз.
Алтай Бөрүбаевдин илимге багыт алган жолундагы уңгулуу мектеп - М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети болгон. Келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаш окумуштууга Кыргызстан дүйнөлүк илимдин борбору болгон жана дүйнөнүн алдыңкы университети катары таанылган ушул окуу жайга илимин өркүндөтүүгө жолдомо берген болчу. Ошондон ушуга, анын окумуштуу катары илимий ишмердиги: илимий семинарлар, конференциялар, ММУнун профессорлору менен биргелешип иштөө, докторантурадагы жылдар, докторлук диссертацияны коргоо, ММУнун ардактуу профессору наамын алуу - ушул университет менен байланышкан.
Алтай Асылканович Кыргыз улуттук университетине дээрлик өзүнүн бүтүндөй жаштыгын, илимий чыгармачылыгын жана күчүн арнады десек болот. Ал мында 1975-жылдан 1992-жылга чейин окутуучу, кафедра башчысы, механика-математика факультетинин деканы, окуу жайдын илимий проректору катары үзүрлүү эмгектенди.
Алтай Бөрүбаевдин уюштуруучулук жана коомдук ишмердиги коомчулук жана эл тарабынан калыс бааланып, ал эки жолу 1998-жыл жана 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Эл өкүлдөр жыйынынын (Жогорку Кеңеш) депутаты болуп шайланды. Эл өкүлү катары - анын бийик адамкерчилигин жана конструктивдүү мамлекеттик позициясын баалаган, сыйлаган депутат коллегалары ага бийик ишеним көрсөтүп, Кыргыз Республикасынын Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы кылып шайлашкан.
Мамлекеттик жана коомдук иштеринин көптүгүнө карабастан, математик-окумуштуу А.Бөрүбаев өзүнүн сүйүктүү илимий иштерин андан ары уланта берген. Анын илимий эмгектери бул жылдарда жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн мартабалуу математикалык журналдарында жарык көрөт.
А.Бөрүбаев азыр да илимий изденүүлөрүн улантууда. 2008-жыл окумуштуу үчүн жемиштүү болуп, Бөрүбаев тарабынан чех математиги З.Фролик 1984-жылдан бери изилдеп келаткан проблема чечилди. Мындай ачылыштар эч убакта эл аралык илимий коомчулуктун көңүл жаздымында калбайт. Алтай Асылкановичтин ачылышы бул жолу да эл аралык резонансты пайда кылып, аталган илимий эмгек Германияда англис тилинде жарык көрдү. Ал өзүнүн күн-түн тынымын билбеген илимий ишмердигинде илимдин дүйнөлүк борборлору болгон Гарвард, Москва университеттеринде, Париж, Марсель, Прага, Манчестер, Турин, Берн, Будапешт, София, Дели, Бангалор, Сакарияда, ошондой эле Эгей университетинде илимий докладдар жасаган жана лекцияларды окуган.
Көрүнүктүү илимий жетишкендиктери үчүн А.А.Бөрүбаев 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, 2000-жылы академиги даражасына ээ болду. Кыргыз окумуштуусунун илимий ишмердиги өз жергесинде татыктуу баасын алгандай эле, ал эл аралык аброй, кадыр-баркка да жетишти. Кыргыздын таланттуу окумуштуусу - Эл аралык жогорку мектеп академиясынын, Эл аралык инженердик академиянын, Россиянын социалдык жана педагогикалык илимдер академиясынын академиги, Казакстандын инженердик академиясынын ардактуу академиги болуп шайланган. А.Бөрүбаев ошондой эле кыргыз математикалык коомчулугунун президенти.
Анын жетекчилиги астында 5 докторлук, 10 кандидаттык диссертация корголгон. Учурда ал өзүнүн шакирттери, аспиранттары жана докторанттары менен тыгыз иштешип келатат. Орто мектептер жана жогорку окуу жайлары үчүн оригиналдуу окуу китептерин жазууга катышкан. Ага анын коллегалары менен бирдикте 2002-жылы илим жана техника тармагы боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы катары өлкөнүн саясый турмушуна жана эгемендүү жаш мамлекетти куруу ишине: Кыргызстандын жана анын элинин башка мамлекеттер, элдер менен болгон достук байланыштарынын чыңдалышына, парламенттер аралык карым-катнаштын бекемдешине активдүү катышты.
2005-жылы Кыргыз Республикасынын аттестациялык комиссиясынын төрагасы болуп дайындалган. Чоң окумуштуунун келиши менен Улуттук аттестациялык комиссиянын ишмердиги жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Диссертациялык жана эксперттик кеңештердин ишинин натыйжалуулугун артты. Анын жетекчилиги астында диссертациялык жана аттестациялык иштердин сапатын күчөтүүнү талап кылган, диссертациялык жана эксперттик кеңештер жөнүндөгү, окумуштуулук даражаларды берүү жана наамдарды ыйгаруу тартиби жөнүндөгү жаңы жобо иштелип чыгып, кабыл алынды.
Мына ошентип, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Илим жана техника тармагы боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, физика-математика илиминин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын төрагасы - Алтай Асылканович Бөрүбаев - чыгаан окумуштуу, жаш илимпоздордун таланттуу устаты катары жана да көрүнүктүү саясатчы, мамлекеттик ишмер катары өз элине кызмат кылып келет. Ал окумуштуу катары да, мамлекеттик ишмер катары да баралына келип турган учуру. Өз элине, өз өлкөсүнө жасай турган кызматы, илимдин жана коомдун өнүгүшү үчүн кошо турган салымы али да алдыда.

Асанжан БЕКТЕНОВ