Айып кимден кетти?
Өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев алгачкы расмий визитин Москвага жасады. Иш сапарында аны кесиптеши Владимир Путин , президенттик администрация жетекчиси Сергей Нарышкин кабыл алды. Акыйкаттык үчүн айтышыбыз керек, Атамбаевдин бул сапары жемиштүү болду, маанилүү делген көйгөйлөр чечилди. Бирок, маселе өңүтү башкада. Дипломатиянын эрежесине ылайык биринчи жолу визитке чыккан премьер-министрди ошол мамлекеттин башчысы кабыл алышы абзел. Ал эми Алмазбек Шаршеновичтин орус президенти Дмитрий Медведевге жолукпаганы неси? Ушунун өзү Медведевдин кыргыз башбаканына көңүлү суздугун каңкуулабайбы? Ага караганда "Ар-намыс" партиясынын төрагасы Феликс Кулов эр экен, ЖоКе жарыштын астында Кремлге чабагандап барып Россия президентине кезигип кайткан. Анын убайын парламенттик шайлоодо көрбөдүбү.

Өмүкенин өмүрү узун болсун
Бая күнү парламенттин отуруму аяктаган соң "Ата мекен" фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаевдин суранычы менен журналисттер сыртка чыгарылып, жашыруун жыйын өткөн. Анда апрель окуясынан бери мамлекеттик резиденцияда жашап, мамлекеттик сакчылар менен кайтарылып келаткан Өмүке төмөндөгүдөй демилге көтөрүптүр. Парламенттеги фракция лидерлеринин статусун президент, спикер, өкмөт башчысынын статусуна теңеп, мамлекеттик резиденцияда жашап, мамлекеттик сакчылар менен кайтаруу боюнча. Мындай сунуш КСДП төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен "Ата журттун" "атаманы" Камчыбек Ташиевге майдай жагып, катуу колдогонун эшиттик. Ошол эле учурда көпчүлүк депутаттар эртең элдин бетин кантип карайбыз деп мындан аткез кылышты дейт.

Алмаке жерде калбайт
Көшөгө артындагы "соодалашуунун" натыйжасында мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) төрагасын дайындоо укугу "Ата журт" партиясына ыйгарылган. Аталган мекеменин азыркы жетекчиси Алманбет Шыкмаматов "ата журтчул" депутаттардан жаңы жылга чейин тийбөөнү суранган дешет. Көрсө, Алмакенин билгени бар экен. Ал келерки жылдын январында Эсеп палатасындагы жооптуу кызматтардын бирине дайындалары туурасында кабар бизге жетти. Баса, Алманбет мырза МКК тууруна "конгондон" кийин наркы 70 миң долларлык "темир тулпарга" ээ болду.

Чыныбайдын мунусу дурус
Эл өкүлү Чыныбай Турсунбеков парламенттеги КСДП фракциясынын лидерлигине шайланышынын урматына партиялаштарын "Прадо" клубуна мейманга чакырды. Орун майламайда арак-шарап суудай аккан жок. "Ун магнатынын" бу саамалыгы конокторго жаккандай. Себеби, келгендер "бөдөнөнүн сүтүсүз" деле майрамдаса жакшы турбайбы. Эми той-топурларда ичимдик ичүүгө тыюу салган мыйзам жазсак бейм маанисинде тамаша-чынга сала тарашты.

"Манас" марага жетчү жер
"Ата мекен" партиясынын тыңчыкмалары үй-бүлөлүк башкарууну сындап келишкени менен белгилүү. Бирок аталган партиянын мүчөсү Эркин Алымбеков менен Карганбек Самаков 7-апрелдин эртеси "Манас" аэропортуна инилерин президент жана вице-президенттикке дайындатууга жетишишкен. Жаңы жетекчилердин тажрыйбасыздыгы иш процессинде ачык байкалды. Натыйжада "Манастын" ички жамаатында нааразычылык күчөп, жакында жарылганы атыр.

Жети депутаттын "эгеси"
"Республикачыл" депутаттардын жарымынан көбүн түштүктүн кулундары түзөт. Булардын жетөө Алтынбек Сулаймановдун кадры. Мындан улам Алтынбек Турдубаевичтин таасири парламентте артып турган кези. Айтмакчы, Сулайманов мурда "парталашы" Ө.Текебаевге тиш кайрап келсе, энди ага болгон мамилесин жумшартып, ачыктан ачык колдоого өткөн кербези. Атүгүл Өмүрбек акасынын өмүрү үчүн чырылдаганын кулагыбыз чалды. А.С. тегин жерден "ата мекенчил" саясатчыны колдогон жок. Мындай ысык алаканын түпкү максаты президенттик жарышка такалат.

Азиз ака ойлонуп жатыр
Экс-вице-спикер Азизбек Турсунбаев ЖоКе жарышта "Республика" партиясын колдогону айкын. 1-вице-премьер Өмүрбек Бабанов Азикенин көмөгүнө ыраазычылык иретинде Жалал-Абад губернаторлугу менен токой чарбасын жетектөөнү сунуш кылды. Арийне А.Турсунбаев саясат айдыңынан четтеп, бизнеске токтолгон. Кыргызда жигит бир сүйлөйт дечү эле, анын сыңарындай Азизбек мырза чыныгы жигит экенин далилдейт болуш керек.

Кыйноо жетишет го дейм
Мурдагы башпрокурор Элмурза Сатыбалдиевге кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. Анын күнөөсү канчалык экенин тиешелүү органдар аныктаар. Арийне, бир кызык жаңылыкты айта кетели. Экс-чиновник жакында улак тартыш өткөрдү. Анда депутаттар баш, министрлер төш болуп көк бөрүнүн сазайынын колуна карматышты. Улуттук оюндун "кайфына" баткандар Элмурзанын кылмыш ишин жаптырууга аракет кыларын билдиргендери кызык.

Бабановду бакс чечеби?
Деги кайсы заманда жашап атканыбыз түшүнүксүз. Кечээ эле Бакиевдин камчысын катыра чапкан азаматтардын айрымдары жооптуу кызматтарды ээлешти. Алардын катарына "карт бөрү" Үсөн Сыдыковдун уулу Бакыт Сыдыков да кошулуп, кайрадан эски креслосуна - "Манас" аэропортунун ачендигине дайындалышы ыктымал. Себеби, кичи Сыдыков 1-вице-премьер Ө.Бабановдун кабинетин айланчыктап жүрү. Бакыттын башын билбейбиз, бирок чөнтөгү толтура экени белгилүү.

Уйкусу тынч эмес
Ысык-Көл губернатору Мирбек Асанакуновдун шаштысы кечип аткан чагы. Анткени жакын арада кызматтан кетиши мүмкүн. М.А. жумушсуздардын "фирмасына" орношуп калбас үчүн башбаканга кезигүүнү көздөөдө. Эгер жолугушуу оң натыйжа берсе, Асанакунов Чүй облустук ички иштер бөлүмүнүн башчылыгын басып жыгылышы ыктымал.

"Үч тамга" ИИМге асылды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев ички иштер министринин орунбасары Мелис Турганбаевге тымызын "согуш" ачты. Анын негизги мүдөөсү - М.Турганбаевди ээрден оодарып түшүү. Мелис деле оңой жигит эмес, "үч тамганын" чабуулуна татыктуу жооп узатар.

Алыбек алын биле жүргөнү жакшы
Коалициялык өкмөт куроо маалында Бакыт Алымбековго Ички иштер министрлиги (ИИМ) сунушталган. Бирок ал андан баш тартты дешет. Ишенимдүү булактардан алынган маалымат боюнча Бакыт мырза өзүнө ИИМдин 1-орунбасарлыгы ылайыктуу экенин, анткени министрликти жетектөөгө тажрыйбасы жетишсиз экенин санаалаштарына айтыптыр.

Эркин деги кай жерлик?
Атамбаев премьер болору менен биртоп министрлерди ээрчитип Ошко барбайбы. Министрлер арасында транспорт министри Эркин Исаков да бар экен. Аңгыча жыйынга келген Ош шаар мэри Мелис Мырзакматов "Эркин Исакович, Бакиевдин тушунда сузактык болуп аттың эле, азыр болсо таластык болуп атыпсың, эми кийинки президент ким, кай жерден болорун алдын ала билбесең кыйын болуп калат го" деген экен, Исаков унчукпай кутулду дешет. Кубулам деп атып, биротоло куулуп кетпесе болду.

"Жаңы Агым" - пресс



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"