presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Оборуңуз ачылсын

Чынарадан чыгымсыз даам

Босогодо турган коен жылында дасторконго кандай салат жасап, кандай даамдуу тамактын ажарын ачсам деген маселе ар бир кожойкенин көңүлүндө болуш керек. Андыктан келе жаткан жаңы жылдын майрамдык дасторкон ажарын ача турган даамдуу тамак-аштардын жасалуу ыкмаларын билүү үчүн КТРКнын айчырайлуу диктору Чынара КАПАРОВАнын ашканасына баш бактык. Чынара айым өзүнүн ашканасында тез жасалуучу, жеңил жана ден соолукка пайдалуу салаттардын даярдоо ыкмаларын айтып берди.

- Келаткан жыл коен болгондуктан жаңы жылдык дасторконго "Витаминдүү" деген салатты тандап алдым. Коен негизи витаминдери көп капуста менен сабизди жакшы көрөт. Ошондуктан бул салатка капуста менен сабиз көп кошулушу абзел.
"Витаминдүү" салатына керектелүүчү азыктар: орточо көлөмдөгү бир баш кызылча, бир орто капуста, эки сабиз, тазаланган семичкенин данектери, бир лимон, оливка майы жана даам чыгаруучу ашкөк, кошулмалар.
"Витаминдүү" салаттын өзгөчөлүгү бардык азыктар чийки болот. Бул чакан салат менин үй-бүлөмдүн санына жараша төрт адамга даярдалган. Эгер көп адамга даярдала турган болсо, азыктарды эки эсеге көбөйтүү шарт. Сабиз, капуста, кызылчаны тазалап, салат туурагыч менен узунунан бирдей көлөмдө туурап алыш керек. Андан кийин лимонду кесип анын ширеси кошулат да, татымына жараша туз салынат. Даяр болгон азыкка семичкенин данегин кошуп, оливка майын куюп, тууралган ашкөктү, башка кошулмаларды салып аралаштырып көркүнө чыгарабыз. Бул витаминдүү салат болгондуктан эч кандай майонез кошулбайт, тек гана анын табитин, өңүн, даамын жоготпош үчүн салат жалбырактары менен кооздоп коебуз. Бардык азыктар чийки болгондуктан адамдын ден соолугуна пайдалуу витаминдер сакталып калат. Сиңимдүүлүгү да мыкты. Даярдалган салат өзгөчөлүгү менен дасторкон ажарын ачат.
Ал эми экинчи салат "Диета" деп аталат. Анткени бул салатка ашказанга оор боло турган майлуу азыктар кошулбайт. "Диеталык" салаттын да коен жылында дасторконго ылайыктуу жагы бар. Себеби коендор эт жешпейт. Ошондон улам бул салатта жалаң жер-жемиштерге басым жасалат.
Чыгыш төлгөсүндө коен жылында дасторконго алма көбүрөөк коюлганы жакшы деп айтылат. Андыктан "Диета" салатына кошулчу азыктар: эки алма, үч-төрт баш краб таякчасы, жүгөрү даны, бир лимон, ашкөк кошулмалар, майонез.
Биринчи салатка оливка майы кошулгандыктан, бул салатка майонез кошуу дасторкон ажарын ачат. Алма менен краб таякчалары төрт чарчы формасында майда тууралат. Аарчылган алма карарып кетет, ошондуктан анын ак өңүн бузбай көрктүү болушу үчүн лимондун ширесин тамчылатып аралаштыруу шарт. Тууралган азыктарга жүгөрү даны, майдаланган ашкөк, кошулмаларды аралаштырып, татымына жараша туз кошулат. Андан кийин майонезге аралаштырып идишке салып, салат жалбырактары менен кооздоп коебуз. Бул салаттын жасалышы жеңил жана даамдуу.
Эми ар бир аял жаңы жылдык дасторконду өз фантазиясына жараша жасалгалайт. Мен мекендештеримди келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, тынчтык, жакшылык каалайм.
Даярдаган Назгүл КАЛМАМБЕТОВА





Дасторкон ажары
Он эки жүзүм, ак вино жана коен же мышык


Жаңы жыл тосоордо ар бир кожойке дасторкон үстүн толтуруу машакаты менен алектенет. Жыл сүрүүгө кайсы жандык туш келсе, анын өңү-түсү, жакшы көрүп жеген тамагынан азыктар даярдалат. Келаткан коен жылында жаңы жылдык майрамдык дасторкон кандай даярдалышы керек? Дегеле, дүйнө жүзүндөгү кожойкелердин жаңы жылдык майрамдык дасторкону кандай экенине саресеп салыңыз.


Дүйнө жүзүндө жаңы жылдагы майрамдык дасторконду даярдоо ыкмасы ар кандай. Мисалы, япон кожойкелери жаңы жылда дасторкон үстүндөгү деңиз капустасынан жасалган азык кубаныч алып келет дешет. Андан тышкары, буурчактан даярдалган тамак ден соолукту чыңдап, кайнатылган балык жандүйнөгө тынчтык орнотот деп ырымдашат. Ошондуктан жаңырган жыл кайсы жандыкка туш келсе да ушул даамдар дасторкондо турушу шарт. Ал эми Австрия, Венгрия, Югославияда жаңы жылдык дасторконго куштун этинен жасалган тамактарды коюшпайт экен. Себеби жаңы жылдагы куш үйдөгү бардык бактыны алып учуп кетет деп жоромолдошот. Алар жаңы жылдык сааттын жебеси он экини какканда жүзүмдөн он экини жеп, ар бир чайнаган сайын келечектеги ой кыялы орундалып, үй-бүлөнүн очогун өчүрбөйт деп ойлошот. Италия кожойкелери жаңы жылдык дасторконго жаңгак менен жүзүмдү сөзсүз коюшат. Жемиштин бул түрүн узун өмүрдүн символу деп санашат. Чехияда болсо майрамдык дасторкондо сөзсүз дымдалып бышкан капуста, сүт, печенье жана козу карын шорпосу болуусу шарт. Бул ырымды ар бир чех кожойкелери жыл майрамында милдеттүү түрдө жасашат. Ал эми Францияда ак түстүү дасторкондун үстүндө ак шам, ак кекс, ак вино жана агыш тарткан бардык жер-жемиштер турушу керек. Эң негизгиси, дүйнөнүн дээрлик көпчүлүк жеринде жаңы жыл аземи шампан аттыруу менен коштолот.
Босогодо коен турганы менен жолборс дале төрдөн кетелек экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Азыр жолборсту таарынтып узатсак, он эки жылдан кийин кайтып келген кекчил жандык өчүн алат дейт чыгыш жылнаамасында. Андыктан дасторкон үстүндө жолборс жакшы көргөн даамдын турганы ашык болбойт. Коендун кыжырын келтирбөө үчүн ачык, сары, алтын түстөгү кийимди кийбеңиз, дасторконго да ушул өңдөгү идиш-аяктарды койбой эле койгонуңуз оң. Коендун өңү ак, боз болгондуктан ушундай түскө басым жасаңыз. Негизи күмүш идиш-аяктарды көрүнөө жерге койгонуңуз жакшы.
Чыгыш жылнаамасы боюнча коен жылды мышык жыл деп аташат. Ошондуктан үй жаныбары мышыкка да өзгөчө көңүл бурганыңыз оң. Жаңы жыл тосоордо үйдөгү мышыкка өзүнчө тамак жасап, балыктын этинен анын кардын тойгузганыңыз туура болот. Жаңы жылды кандай тоссо, ал жыл аяктаганча ошондой болот деген ырым бар. Мышык да, коен да чыр-чатакты анча жактырышпайт. Үйдөгү анча-мынча пикир келишпестикти, чыр-чатак чыгарбаганга аракет кылыңыз. Бул жандыктар жайлуулукту жактыргандыктан бардык майда нерселерге чейин көңүл бөлүңүз. Эгер үйүңүздө мышык болуп, аны таарынтып алсаңыз, анын каргышы жыл өткөнчө кетпейт дешет япондор.
Бул жылы дасторконго коен жакшы көргөн тамактарды жасаңыз. Мисалы, капуста, сабиз, жер-жемиштер арбын турушу абзел. Андан тышкары, мышыкка жаккан балыктан жасалган тамак сөзсүз турушу шарт. Мүмкүнчүлүгүңүз болсо, балыктын бир-эки түрүнөн ар кандай ыкмада даярдалган даамын койсоңуз мышыктын көңүлүн алган болосуз. Мышык сүттү жакшы көрөрүн да унутпаңыз. Андыктан сүт азыктары кошулчу тамактарды да кошумчалап, дасторкон ажарын ачсаңыз болот. Эскерте кетчү нерсе, эч качан коендун этинен тамак даярдабаңыз.
Негизи, жаңы жылдык майрамдын көркү ачылган убактысы саат 22-23тө болот. Бул учурда эски жыл менен жакшылап коштошуп, жаңы жылды жакшы маанай менен тосуп алуу мүнөтүн эсептеп калышат. Сааттын жебеси он экини какканча жолборс жакшы көргөн даамды сызып, андан кийин коендун тамагына басым жасаганыңыз оң. Чыгыш эли жаңы жыл тосоордо дасторкон четине баалуу буюмдарын, мисалы, алтын-күмүш шакек, сөйкө, билерик же акча коюп, келаткан жылы байлыктын үстүндө жүрөлү деп тилешет экен.
Даярдаган Назира КУЛМАТОВА



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??