presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



- Төрт сап ырга эмнени батырса болот?
Бактыгүл ЧОТУРОВА, акын:
"Түшүнгөнгө бир сабынан билинет"
Акын үчүн бүт өмүрдөй төрт сап ыр,
Батып турат үч чекиттүү чоң тагдыр...
Түшүнгөнгө бир сабынан билинет,
Түшүнбөгөн түртсөң билбес кашайгыр!


- Малик Аликеевди "Мөлмөлүм" Малик Аликеев кылганбы же "Мөлмөлүмдү" Малик Аликеев "Мөлмөлүм" кылганбы?

Малик АЛИКЕЕВ, ырчы:
- "Мөлмөлүмдү" Барпы акыныбыз "Мөлмөлүм" кылган. Ар заманда ар ким ырдап келген. Бирок эмнегедир кайсы жерде болбосун менден ушул ырды аткаруумду эле сурана беришет. Башка деле ырларым бар, "бөдөнө тумшук" деген жерин угуш үчүн эле суранышабы деп ойлоп калам кээде. Анткени ошол жерине келгенде бир да эркек жөн отура албай калганын байкайм. Эч болбосо жылмаят, же болбосо сөзсүз түрдө "айт, уйт" деп кыйкырып коштоп калышат.


- Азыркы кыргыз кандай кыргыз?
Кубаныч ЗАЙНИДИНОВ, эркин журналист:
"Өздөрүн өздөрү коргобогон"
Башчылары элинин көзүн ойгон,
Бакшылары көчөмө-көчө толгон,
"Дачасында" Теңирдин жашашса да,
Дале чуусу, чатагы токтобогон,
Өзгөлөрдүн өтүгүн жалап, жуктап,
Өзгөлөрдүн алдында коргологон,
Өзүлөрүн өздөрү коргобогон,
Элге айланды!


- Башың иштебесе буту-колуңдун шору дейт, а эгер бутуң жакшы иштесе эмне болот?


Азамат БАЙМАТОВ, жылдын мыкты футболчусу:
"90 мүнөт "толк" жок чуркап..."
- Футболчу десе эле бутту элестетишет. Бизде баш менен ойлонулбаган кадам болсо, даана футбол талаасында "толк" жок эле 90 мүнөт чуркап жүрө бересиң. Беттеш бүткүчө тынбай пайдасыз чуркап жүргөн оюнчулар бар, эч кандай жыйынтык жок. Андыктан дал ушул макал футбол үчүн айтылган десем жаңылышпайм. Бизде мээни иштете турган тактика, стратегия деген түшүнүктөр бар. Ал үчүн баш иштеш керек.


Коен-каалоо
Темир САРИЕВ (1963-жыл), "Ак шумкар" партиясынын лидери:
- Жаңы жыл - ар бир адам, ар бир үй-бүлө үмүт, жакшы ой-тилек менен күткөн майрам. Ошондуктан 2011-жыл Кыргызстан үчүн ийгиликтин, тынчтыктын, жеңиштин бактылуу жылы болсун. Бакубат жашоого жетиш үчүн элибиздин күчү биримдикте болуш керек.


Асылбек ЖЭЭНБЕКОВ (1963-ж), ЖК депутаты:
- Жаңы жыл дүйнөдөгү бардык элдин динине, дилине карабай, жакшы тилектерди үмүттөнүп күткөн майрам болгондуктан, кыргыз журтчулугунда тынччылык, токчулук орноп, ыйманды унутпасак деп тилейм. Жолборс жылында жакшы келечек, бактылуу эл, эркин мамлекет болсун деп салым кошуп, өзүнүн өмүрүн аябай 7-апрелде аянтта курман болгондордун, өзбек-кыргыз согушунда көз жумгандардын мээнетин текке кетирбей, жаңыга умтулуп, эскини үзөлү. Келечектүү мамлекетти, жаңы мамилени куруп, ынтымакчылыкка келип, кыргыз эли үчүн аракет кылып иштесек. Ушул 2011-жыл түпкүлүктүү жыл болот деп ойлойм.





- Сүйүүнү күтүш керекпи же издеш керекпи?

Ширин АСАНАКУНОВА, "Ала-Тоо" маалымат программасынын кабарчысы:
"Сүйүүдөн жашынбаш керек"
- Сүйүү оору сыяктуу эле издетпей да, күттүрбөй да келет. Бирок бул илдетке чалдыгып калганыбызга такыр арман кылбашыбыз керек. Анткени сүйүүсүз өмүр тузсуз тамактай болуп калышы мүмкүн. Андыктан жөн гана сүйүү келгенин сезе билип, аны барктап алышыбыз керек. Ошол эле учурда өзү келет деп жашынып жатып албашыбыз керек.


- Эмне үчүн чоңдор бийлейт?


Айзада АБДЫБЕКОВА, "Назик" бийчилер тобунун мүчөсү:
"Өнөр бийде эле эмес тилде да бар"
- Анткени бийде адамдар жаш курагына, жөндөмүнө, улутуна карап бөлүнүшпөйт. Каалаган адам музыканын темпине жараша кыймыл жарата берсе бий боло берет. Эгер "чоңдор" деген сөздү жаш куракты билдирген жагынан алсак, жогорудагы жооп туура болот. Ал эми "чоң" деп чиновниктерди түшүнсөк, анда "бийлейт" деген сөз "башкарат" деген маанини берип калат. Андыктан чоңдор өз милдетин аткарып бийлеп, өзүнө тиешелүү аймакты башкарып жатса, анда ал өз жумушун аткарган болот.









кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??