presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Каалга

- Эмнеге жарыкты өчүрүп жатасыңар?
Айсулуу ЖУМАБАЕВА, энергетика министрлигинин басма сөз катчысы:
"Кыргыздар көбөйсүн деп жатабыз"
- Кыргыздар көбөйүп алсын деп ушинтип жатабыз. Тамаша. Биздин эл уйкучу келет эмеспи, эрте жатып эрте туруп, көбүрөөк иштешсин деген максатта кечке маал өчүрүп жатабыз. Бул экинчи тамаша. Чындыгында эч кандай пландуу өчүрүүлөр жок, айрым аймактарды техникалык себептер менен эле трансформаторлор көтөрө албай өчүп калбаса, бирөө атайлап өчүргөн жок.


- Сизди аябай бай адам деп айтышат. Канча байлыгыңыз бар?
Элмурза САТЫБАЛДИЕВ,
экс-башпрокурор:
"Мен беш балалуу бай адаммын"
- Илгери Өзбекстанда бир окуя болгон. Өлкөгө аябай белгилүү эки адам бир кечеде отурушуп, сөздөн сөз чыгып кетип, кимдин байлыгы көп деп мелдеше кетишет. Экөө күбөлөрдү дайындап, ээн талаага байлыктарын алып келип көрсөтүшмөй болушат. Белгиленген күн да келип, эки тарап байлыктарын топтоп келишет. Биринчиси жансакчыларынын курчоосунда беш машине менен келет. Экинчиси айнектери караңгыланган кара "Волгада" күтүп турган болот. Жеңдим деп ойлогон биринчи адам төрт машинеге толгон акчасын жерге кийиз салып чачат. Байлык көрсөтүү кезеги экинчиге келет. Биринчиси колун кайчылаштырып кыйын болуп карап турса, тигинин машинесинен балдар түшө баштайт. Ал адамдын беш баласы "Балам - бактым, балам - байлыгым" деген жазуусу бар плакатты кармап, кийизге чачылган акчалардын жанына турганда, берки бай көзүнө жаш алат. Анткени анын бир дагы баласы жок экен. Ошол сыңары, мен да беш балалуу бай адаммын. Байлык деп акча артынан жүрбөш керек. Чыныгы байлык - балдарың. Мен балдарымды ит деле жанын эптеп багып өтөт экен бул дүйнөдөн, эл үчүн пайдалуу иштерди бүтүрүп, элдин адамы болгула деген ырым менен Элзар, Элхан, Элдана, Элима, Элман деп атагам.





- Бул жылы ким менен өзгөчө сыймыктандыңыз?
Сабырбек ЖУМАБАЕВ,
Саламаттык сактоо министри:
"Энелер, балдар аман болсун"
- Кетип жаткан жыл биз үчүн чоң сыноо болду. Мен өз мекенин ак дили менен сүйгөндөрдү жана оор мезгилде аны таштап кетпей, патриоттуулугу жана атуулдугу менен өз милдеттерин аркалап бийик көтөрүп жүргөндөр менен сыймыктанам. Өз жумуш ордуларында жана майданда аягына чейин калып иштеген бардык дарыгерлерге урмат жана даңк. Ал эми арабыздан кеткендерге таазим. Алардын жаркын элестери түбөлүк эсибизде кала берет. Өлкөнүн башкы дарыгери катары жаңы жылда бардыгыңыздардын ден соолукта болушуңарды тилейм. Биздин энелер менен балдарыбыз аман болушсун!


- Кыргызстанда өзүмчүлдөр көп бекен?
Бабырбек ЖЭЭНБЕКОВ, Монополияны жөнгө салуу агенттигинин башчысы:
"Бийлик жүзү башкача болмок"
- Кыргызда өзүмчүлдөр көп болгондугу үчүн бүгүнкү күнгө түшүп отурабыз. Эгер өзүмчүлдөр болбосо, ар ким өз көмөчүнө күл тартпаса, бийликтин жүзү да балким башкача болот эле. Бакиев менен коюн-колтук алышып жүргөндөрдүн баарын бийликке алып келип отургузуп койдук. Жеке керт башын ойлобой, элди ойлогондор болгондо мындай абалга туш болбойт элек.


- Чыныгы кыргыз кандай болуш керек?
Бакыт ДЫЙКАНОВ,
"ММК колдоо борбору" фондунун менеджери, кымыз сүйүүчүлөр коомунун төрагасы:
"Мен кыргызмын!"
- Биринчи, жүрөгү КЫРГЫЗ деп согуш керек! Жүрөк түпкүрүндө МЕН КЫРГЫЗМЫН деген нерсе жашабаса, ал кыргыз болуп жарытпайт. Тилин, дилин, салт, үрп-адатын, негизи эле кыргызга тиешелүү нерселердин баарын кадырлай билип, аларды сактаса, анда ал чыныгы кыргыз. Кыргызды аруулук жана актыктан жаралган бийик касиеттер коштоп жүрөт. Ошону сактай билүү абзел. Анан эң негизгиси, чыныгы идеалдуу кыргыз чачылганды жыйнаган, үзүлгөндү улаган МАНАСтай айкөл болууга тийиш.




- Гуанчжоудогу ийгилигиңизди кыргыздын кайсы макалына салыштыра аласыз? "Сабырдын түбү сары алтынбы" же "Сууга барып суу ичпей келдиби"?
Калыбек ЖОЛЧУБЕКОВ,
Азия оюндарынын вице-чемпиону:
"Иштеген тиштейт"
- "Иштеген тиштейт" деген макал туура болот го.





кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??