30.12.10 - 14-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

 ...айтылып кетти өзү эле

Насыр ДАВЛЕСОВ:
"Бийлик мени эмес, өлкө символун сыйлап койсо болмок"

- Насыр агай, азыр кайсы радиону көп угасыз? Обого чыгып жаткан обон, ырларга ичиңиз чыгабы?
- Көбүнесе "Азаттыкты", кыргыз радиосун угам. Доорго жараша теле, радиоберүүлөрдүн баары өзгөрдү. Музыка жагынан кийинки муун бир аз туура эмес жолго кетип жатат окшойт. Азыр ылайыгы келсе да, келбесе да комузга басым жасашып, ошол эле мезгилде аны "ударный" аспап кылып алышты. Кайсы радиону койбо, жүрөк титиреткен кайрыктар жок эле комуздун дүмпүлдөгү угулат. Кылдарынын добушу калып эле капкагынын гана үнү чыгат. Кээ бирөөлөр комузда кол ойнотконду шумдук өнөр көрүп алышыптыр. Минтип койроңдой бергидей комуз чертүү цирк же балет эмес да. Мен элүү жылдай залкар комузчулар менен бирге иштедим. Карамолдо, Ыбырай комузда обу жок кол ойнотконду жаман көрүшчү. Бир жолу мен жаңыдан уюшулган ансамбль комузчуларына "Маш ботойду" черттирип, Карамолдодон "молдоке, кандай экен" деп сурасам, "азыркылар комузду муштап чертишет, оң колдору эле ойноктойт. Күүнүн, обондун өзөгү оң колдо эмес, сол колдо, кайрыктарда" деген. Чынында Карамолдонун кайрыктары, күүлөрү өтө керемет, өтө татаал эле. Кийин Атай менен да иштештим. Бу киши өтө чебер комузчу болчу. Кээде берилип кеткенде кичине кол ойнотуп жиберчү. Аны азыркы жаштар өнөр көрүп атышпайбы. Чынында бул көрүүчүлөрдү кызыктырыш үчүн эле жасалган фокус да. Ошол эле "Көкөй кести", "Сынган бугуда" не деген керемет кайрыктар жатат. Албетте доорго жараша бардык музыкалар ритмикалык болуп, жаштар ага бийлеп, ырдагылары келет. Бирок кайрык, мелодия деген да болуш керек.
- Азыр кыл кыякты, комузду, чопо чоор, атургай ооз комузду эстрадага кошуп жатышат. Буга кандай карайсыз?
- Кыргыздын, Мураталынын кыл кыягындай аспап чынында башка улуттарда жок. Бул аспапта тембр таптакыр башкача. Аттын кылынан жасалганданбы, өзгөчө керемет добуш чыгат. Ошол эле илгерки кылы ичегиден жасалган өрүк комуздун күүлөрү, ооз комуздан чыккан музыкалар кандай жагымдуу, жүрөккө жакын. Ошолорду акырындап жоготуп, жалаң эле ритмикалык музыкага, дүмпүлдөктөргө өтүп алдык. Жакында радиодон Нурак Абдрахмановду Атайга теңеп, мактап жатышат. Нурак Атайга окшоштуруп ырдап калат, бирок ал Атайга жетиш кайда. Комузчулардан Самара кичине таза чертет.
Негизинен эстрада керек. Бирок жалаң эле эстрада дей берип келечек муун улуттук аспаптарыбыздын укмуштарын, кайрыктарын билбей кала турган болуп калды. Ошондуктан колдон келсе мурунку жазылып калган кыргыз күүлөрүн, обондорун жаңыртышыбыз зарыл.
- Жаш ырчылар азыр жаңыртып жатышпайбы?
- Асанкан Жумакматов Мураталынын "Кер-Өзөн" аттуу кыяк күүсүнө африка бийинин ритмин кошуп музыка жасаган. Ошону радиодон кайталап бере берип, кары-жашы дебей көнүп калышты. Эстрадада ушундай жамаачыланган музыкалар көбөйүп, чочкого жүгөн катып койгондой эле болуп калды. Анан да музыканын шаңдуу, лирикалык же драмалуу экенин билбей эле колдонуп жүргөн ырчылар, обончулар көп. Бирок кээде кыргыз музыкасы менен ритм айкалышып, уккулуктуу жаралган обондорду, ырларды угуп калам. Өкүнүчтүүсү, азыр ырларды жаман-жакшысын ылгабай эле радиодон берип жатышат. Мунун аркасы өтө жаман. Ооба, азыр демократия, ким каалаган музыкасын обого чыгарат. Бирок миллиондогон кыргыз угармандары угуп жаткан соң ошону бир аз ылгап беришсе. Азыр кыргыз эли орустун, батыштын ырына көнүп баратабыз. Кыргыз ырчыларынын дагы бир кемчилиги, обу жок эле озондоп, ырдын аягын өтө созуп ийип жатышат. Операда ашыкча созуп баратканда токтотуп койчубуз. Азыр созот деген ушул экен деп эле аңылдашат. Буга көзөмөл кылып, жөнгө салган эч ким жок. Радиодо ушундай обон, ырлар көп кетип жатканы мени өкүндүрөт.
- Ырлардын текстине маани бересизби?
- Азыркы ырларды угуп жатам. Кыргыз эмеспи билбейм, айтор, "махабат" дегенди "макабат, макабат" деп ырдашат. Айрым кыргыз сөздөрүн булдуруктатып эле калышат. Илгери биз деле орусча, италянча ырдаганда ошол тилде так ырдачу элек. Агезде талап да ошондой болчу. Азыр кыргыз болуп туруп кыргызча так ырдай албагандар көбөйүп кетти. Мунун акыры эмне болот билбейм. Анан ырчылардын обондору, ырлары бири-бириникине аябай окшош. Анысы аз келгенсип, Рыспай, Асанкалый сыяктуулардын ырларын жаштар бузуп салышты.
- Айрым таланттар жакшы эле алып чыгышты го…
- Ооба, ал туура. Мага Ашыралы Айталиевдин ырын Айчүрөк Иманалиеванын эстрадага салып чыкканы жакты. Эгер ошондой кылып эски ырларды өрчүтүп кетсек жакшы. Анан эле өзбек, казактардыкын эски ырларыбызга чаптай салып эфирге бериш уят. Казак, өзбектер деле угуп кыргыз обончуларынын деңгээли ушул экен дебатышат да. Ошон үчүн ар бир радионун, редакциянын башына музыканы түшүнгөн, абийирдүү адам коюлса болот эле. Азыр КТРде Жамийла Маматова менен Түгөлбай Казаков калыптыр. Мамлекет киришпесе экөө эмне кыла алат. Радиолор да көп экен азыр.
- Музыкант катары апрель, июнь трагедияларын кандай кабылдадыңыз? Кийин бул окуялар тууралуу музыкалык чыгарма жаралышы мүмкүнбү?
- 41-жылдагы согуш убагында биртоп дүйнөнү дүңгүрөткөн музыкалык чыгармалар жаралган. Азыр быйылкы трагедияларга байланыштуу элдин жүрөгүн козгогон чыгарма жарала элек. Бул өтө чоң трагедия, окуя. Менимче, бул күндөр тууралуу сүрөт болобу, музыкабы, поэма же проза болобу, айтор, улуу чыгармалар кийин сөзсүз жаралат. Азыр бул окуяны али эч кимибиз аңдап түшүнө элекпиз.
- Өткөн жылы 80 жашка чыктыңыз. Мамлекет тарабынан кутман курагыңыз белгиленбей калганына таарыныч болсо керек?
- Маданият министри Султан Раев орунбасары экөө "Күжүрмөндүк үчүн" төш белгисин үйгө алып келишиптир. Негизи 80 жылдык юбилей менин отчеттук мааракем болуп, эл алдында өтүшү керек эле. Бирок үйдөн болсо да куттуктап койгондоруна ыракмат. Кийин бир гезит мени, Кондучалованы, Дооронбек Садырбаевди баатырлыкка көрсөтүптүр. Анан эле апрель окуясы болуп, Бакиев кетип, кимди ким көрдү быржыбайды там басты болуп калды. Радио, телевидениеден болсо мени армансыз эле көрсөтүштү. Бул жагынан таарынычым деле жок. Теледен кийин Россиянын гимнинин сөзүн жазган Сергей Михалковдун 90 жылдык мааракесин көрдүм. Тимеле жомоктогудай болду. Аны көргөндө бир аз ардана түшөт экенсиң. Бийлик мени эмес, өлкө символун сыйлап койсо болмок.
Ызасын жашыра албаган Насыр агайдын жубайы Сабира апа сөзгө аралашты:
- Жаштар азыр бизди көрбөйт, билбейт деп ойлошот окшойт. Биз абышкам экөөбүз Мирбек Атабековдун ырларын жакшы көрүп укчу элек. Бир күнү теледен ал жарым жылаңач кыз менен чыкканда абдан жаман болдук. Кийин мен сыйлаган Гүлнара Тойгонбаева бир кездеги атактуу Лолита Торрес деген ырчынын ырын сөзмө сөз которуп кыргызча ырдап чыкты. Мен аны жакшы көрөм. Бирок ырдын авторун айтпай өзүнүкү кылып ырдап чыгыш уят го.
- Сабира апа, сиздердин канча уул-кыз, небереңиздер бар?
- Бизде эки уул, бир кыз. Ар биринен экиден небере бар. Атасынын жолун кызы Чолпон жолдогон. Ооруп жүрүп былтыр апрелде жоготуп алдык. Анын артында бир уул, бир кыз калды. Баласы былтыр Америка университетинин юридикалык факультетин бүтүрүп, аспирантураны Голландиядан окуду. Бир жыл бул жерде иштеп, докторантураны Америкадан бүтүрүп келди. Чолпон кызыбыз эми музыка дүйнөсүнө сүңгүп келатканда көз жумуп калды.
- Улуу уулуңуздар кайсы кызматта иштейт?
- Улуу балабыздын аты Баатырбек. Акаевдин учурунда рыноктук экономикага өтөбүз деп ал үчүн атайын топ түзүлүп, анын башына Турар Койчуев коюлган. Агезде Баатырбек экономика илиминин кандидаты эле. Уулубуз экономиканы жакшы билгендиктен уюшулган топко мүчө кылышып, рыноктук экономикага өтүү программасын түзүүгө катышкан. Базар экономикасына өткөн соң топ таратылып, Баатырбек, дагы бир экөө президенттин аппаратында иштеп калды. Жакшы иштеп, уулубуз саясый экономика бөлүмүнүн жетекчилигине чейин көтөрүлдү. Көп өтпөй Мамлекеттик стандарт комитетине которулду. Кийин аны Баатырбек ар башка өлкөлөргө чуркап жүрүп институтка айландырган. Анан март ыңкылабы болуп, Акаев бийлиги кулады. Ошондо Үсөн Сыдыков Акаевдин адамдарынан 40 кишини тизмелеп, булар кызматка алынбасын деп бардык жерге тараттырыптыр. Ал 40 адамдын ичинде биздин уулубуз Баатырбек да бар. Ошентип ушу кезге чейин ал кызматы жок бош жүрөт. Ак жеринен кызматсыз калса да атасынын атын булгагысы келбей, бийликтен кызмат сурабай келатат.
- Экинчи уулуңузчу?
- Экинчи уулубуз Айбек да экономика факультетин аяктап, Улуттук банктын лицензия берген бөлүмүндө иштегенине 15 жыл болгон. Бакиев качканда анын тарапкерлери кошо качышып, Максим Бакиевге тиешелүү банктар ачыкка чыкпадыбы. Көрсө, балам ошол Максим Бакиевдин банкына лицензия берген экен. Бирок балабыз жогору жактан көрсөтмө болбосо өзү жалгыз ага лицензия бере албайт да. Ошону түшүнүшпөй эле аны кодулап, сен Максим Бакиевдин банкына лицензия бергенсиң, өз каалооң менен арыз жаз деп жатышат. Ошентип эки уулубуз тең элге кызмат кылганы үчүн кызматсыз калып отурат.
Маектешкен
Мелис СОВЕТ уулу




P.S. Сабира апанын айтымында, быйылкы карылар күнүндө Бишкек шаарынын ардактуу атуулу аталган Насыр Давлесов унутулуп калган. Экс-маданият министри Султан Раев болсо былтыр улуу инсандын 80 жылдыгын ана-мына деп чоюп отуруп, жаңы жылга аз калганда шылдыңдагансып Даңк медалын орунбасары экөө үйүнөн тапшырышкан. "Буга Насыр абдан ыза болду. Же аны бергенин бир теле көрсөтүп, гезит жазсачы. Бу киши I, II даражадагы Манас орденин алган, анан жаш баланы алдагансып Даңк медалын берип жатышпайбы. Анан Калый Молдобасанов, Асанкалый Жумакматов, Насыр Давлесов үчөөнү кыргыз музыкасынын корифейлери, алптары деп аташат. Бейиши болгур Калый менен Асанкалый Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын алып өтүп кетишти. А Насыр тирүү болгону үчүн андай наамга татыктуу эмеспи?" дейт Сабира апа күйүп.