Айла жок, бирок ай ла вю
Жылаңачтар,
Атамбаевден коркпогондор жана чырагы кырк кыз

Адамзат өзү кызык пенде экен. Дегеним, турмушта карапайым адам эмес, таанымалдар да кээде ойлонбой сүйлөп алып, онтобой ооруга жолугушат. Андай мисалдар каза келсе кыргыз таанымалдарынын арасында да арбын. Байкап отурсак, белгилүү замандаштарыбыздын айрымдары эмоцияга алдырганда ойдо жок сөздү айтып оозду ачырышса, кээлери баамдап туруп эле "балп" эткизишет тура. Алардын эшиткенди эс-учунан тандырган кептерин топтой келсе өзүнчө бир томдук чыкчудай.


Анвар АРТЫКОВ,
ЖК депутаты:
- Келгиле, биз Текебаев экөөбүз залда жыпжылаңач чечинебиз, видеотасмадагы адамга кимибиз окшош экенибизди салыштырып көрүшсүн.
KGINFO.ORG маалымат порталы, 2010-жыл, декабрь


Эдил БАЙСАЛОВ, "Айкөл эл" партиясынын лидери:
- Бакиевдер, ага чейин Акаевдер артымдан илинчек издеп таппай жүрүшкөн, а тургай УКМК кызматкерлери менин жакын досторума "Эдилди саунага алып баргыла, ошол жактан сүрөткө тартып алабыз" деген учурлары болгон.
"Учур" гезити, 2010-жыл 16-декабрь


Бектур АСАНОВ, Жалал-Абад облусунун губернатору:
- Мага Бакыт досум чалды, Бектур биз тарапка өт, Ошту багынтып берсең, Бишкекти басабыз, бачагын чыгарабыз деп.
"Форум" гезити 18.05.2010


Нариман ТҮЛЕЕВ, ЖК депутаты, Бишкек шаарынын экс-мэри:
- Данияр Үсөнов Бакиевдин "шыйрагы". Анан андай "шыйрак" менен биригип келесоо болуптурмунбу? Мен эч ким менен бирикпейм. Бирок мени айтып атпайбы Акаев, Бакиевге кошулду, анан азыр дагы бирөө менен деп. Мен эч кимге кошулбайм! Мен өзүм менен өзүммүн! Кошулгусу келсе, мага келип кошулушсун. Мен ойлоном, кошомбу, жокпу…
"Айат пресс" гезити, 2010-жыл, 13-май


Мамбет МАМАКЕЕВ, академик, медицина илиминин доктору, профессор:
- Телеберүүдөн көрүп Максимдин кейпи жаккан, чынында көзү укмуш экен карышкырдыкындай болуп. Эгерде мен анын көзүн карышкырдын көзүнө теңесем анда бийлик, президенттин баласынын көзүн карышкырдыкына теңейт деп басып жыгылышат эле. Максимдин көзүн мактап жазганга чейин эле ал жанагы ЦАРИИге келбеди беле. Макул, чын эле мактайын, ошондон эмне болуп кетет экен. Мен 58 жылдан бери хирург болуп иштейм, ушул убакыттын ичинде 15 миң адамдын өмүрүн операция жасоо жолу менен аман алып калгам. Кыргыз элине таанымал хирургмун. Эгер Атамбаев президент болуп калса, биздин жашоо турмушубуз он эсеге "хуже" болот. Эмнеге мактамак элем. Президент болсо да коркпойм. Менин кайсы жеримди кесип алат экен? Кесип ала турган жерим ишин иштеп бүтүп калды.
"Асман пресс" гезити 2010-жыл, 13-май


Токтогул КАКЧЕКЕЕВ, саясый серепчи:
- Көп аял алгандарга ден соолук каалайм. "Чоң сыноого өттүң, жүрөгүң чыдабай куурагыр болуп калаар бекенсиң" деп көңүл айтам. Кыздардын бардык мүчөсү төп келип, денесинде эч кандай кемчилик жок болсо, кыска юбка кийгенге эмнеге болбосун. А эгер семиз болсо, анда анча-мынча нерсесин жашырып хиджаб кийе берсин.
"Обон" гезити, 27.08.10


Эмил КАПТАГАЕВ, президенттик администрация башчысы:
- Биздин чоң энелер суу сугарып, эгин оруп, завод-фабрикаларда күнү-түнү иштешкен, шахталарга түшүп кен казышкан. Энелер жасаган эрдикти да унутпашыбыз керек. Бул жагынан алганда 23-февралды эркектердин жеке майрамы деш да кыйын.
"Леди kg" гезити, 2010-жыл, 23-февраль


Майрамкан АБЫЛКАСЫМОВА, КР эл акыны:
- Апаларыбыз "өлүңгөрөй-үндөр, эшек секирмей ойно-соңор, арыктан чоң аттасаңар "түшүп" калат" дегенинен сактанып жүрчү элек. Күйөөгө тийгенимден кийин "Ленинчил жаш" гезитине "Мен мококмун кантейин, Сен да экенсиң анчейин, Өзүң суроо салбасаң, Мен каш кантип серпейин?" деген ырымды чоң атам окуп, жинденген.
"Обон" гезити, 2010-жыл, 6-апрель


Турсунбек АКУН, КР Акыйкатчысы:
- Келинчегим көзү ачыктарга ишенет. Баягы мен жоголуп кеткенде бирөөгө барса "эки күндөн кийин табылат" дептир. Төлгөсү төп келип, айткандай эле эки күндөн кийин табылып отурбаймынбы. …Мен тамашакөй адаммын. Бул жерде иштеген кыздарга да "чачыңды жөндөп тарап, ичиңдин майын көргөзбөй кийинсең боло" деп айтып калам.
"Учур" гезити, 2010-жыл, 28-октябрь


Айчүрөк ИМАНАЛИЕВА,
КР эмгек сиңирген артисти:
- Кайра эле ырчылыкты тандайт элем, бирок, эгер азыркы акылым менен төрөлсөм, эч кимге ишенбеген, стерва ырчы болмокмун. … Бир жолу автобустун айдоочусуна "задом давай" деп кыйкырып атышса, Таалай ал сөздү кыргызчага түз которуп айтып баарыбыздын боорубузду эзген. "Задом давай" деген сөздү түз которгондо абдан эле жаман угулат экен.
"Леди kg" гезити, 2010-жыл, 6-апрель


Ибрагим ЖУНУСОВ, вице-премьер министр, экс-маданият министри:
- "Улуу сөздө уят жок" дейт, 7-апрелде биздин имаратка кайрылган балдар "ажаткана барбы?" деп он-он беши келип жатышты. Канализация иштебей жатат деп узатып жаттык. Мени тааныгандары амандашып кетип жатышты.
"Асман пресс" гезити, 2010-жыл, 20-май


Болот БОРБИЕВ, Өзгөчө кырдаалдар министри, ИИМдин жол коопсуздугу кызматынын экс-начальниги:
- Инспектор турган жерден айдоочулар акырын айдап өтүп кетип, анан арттагы автоунааларга атайын "МАИ турат" деп белги беришет. МАИнин жанынан аман-эсен өтүп кеткени биз үчүн жакшы.
"Алиби" гезити, 2010-жылы, 11-март


Акматбек КЕЛДИБЕКОВ, ЖК спикери, "Ата журт" партиясынын лидери:
- Мен "Ак жол" сага "Ата журт" дегенди эч жерден окубаптырмын, бирок бул сөздү жакшы тилек катары кабыл алам.
"Лозунг" гезити, 2010-жыл 29-октябрь


Күлүйпа КЕРИМБАЕВА, ырчы:
- Телефонумдун жаагы тынбайт. "Сизди сүйүп калдым" деген күйөрмандар толтура. "Кыздын чырагы кырк" дегендей, балким менин да багым ачылып калар.
"Леди kg" гезити, 2010 жыл, 23-ноябрь


Айгерим Расул кызы, ырчы:
- Бир жолу атам экөөбүз машина менен келатып светофордон токтоп калдык. Жанаша дагы бир машина келип токтоп, анын ичиндеги бир жигит "тиги Расул Маматкулов экен, карасаң-карасаң" десе, экинчиси "эй жинди, ал Айгеримдин атасы болот" деп коет. Көрсө биринчиси атамды, экинчиси мени тааныйт окшойт.
"Пресс.kg" гезити, 2010-жыл, 16-сентябрь.


Эркин БӨЛӨКБАЕВ, финансы полициясы кызматынын төрагасы:
- Эки тизем сыздап, бутум гана ооруйт. "Сен ооруба, мен ооруюн ата журт" деп Алыкул Осмонов жазгандай, ата журт ооруп турганда, өзүңдү унутуп деле коет экенсиң.
"Назар" гезити, 2010-жыл, 20-апрель


Акылбек ЖАПАРОВ, ЖК депутаты:
- Кудай колдоду. Опур-топурда ой келди, "атам да 46 жашында кетти эле, болду-болбоду бүттү" дедим да, келме келтирдим. Мени бир үйдүн экинчи кабатындагы үйгө алып киришти. Анан бир кезде эл "бул чоңураак экен, Жапаровдун бою кичирээк эле" деп таппай калышыптыр. Таластык мага жардам берген кишилерге ырахмат. "Бишкекте эмне болуп жатканын билбейбиз, тигиниси-мунусу издеп атат дейт" дегендерди угуп, бир фермердин үйүндө отурдук.
"Айат пресс" гезити, 2010-жыл, 13-май


Съездбек ИСКЕНАЛИЕВ, ырчы:
- Эгер официант татынакай болуп, жакшы тейлесе жана чөнтөгүмдө көбүрөөк акча болсо, чай пулду аябайм. Көбүнчө эсеп 700 сомдон жогору болсо, кайтарымын албай эле миң сом таштап коём.
"Леди kg" гезити, 2010-жыл, 8-июнь


Жыйнаган Мелис СОВЕТ уулу



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"