30.12.10 - 10-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Жаңы жылдык жарнографиялар
Депутат Курсан Асановго
Омоктуу жигит экенсиң,
Ош окуясында көрдүк.
Баракелде, азамат деп,
Баабызды бердик.

Урматтап турабыз,
Ушул баркыңдаң түшпө.
Депутаттыгыңа ийгилик,
Демиңди баспай иште!


"Ар-намыс" партиясынын лидери
Феликс Куловго
Курманбек түпкө жеткенде,
Куулуп элден кеткенде,
Катып койгон жеринен,
Калканын алып байланып,
Кабак-кашы жайланып,
Айтып түркүн убада,
Ак үйгө келди айланып.

Келгени деле курусун,
Калдырагы бир укмуш,
Кагып турат калканын.
Көкөйгө тийген баягы,
Көп карматып шайтанын.
Узартканда эмине,
Уу-чуусу бүтпөс Куловду,
Уга берип чарчадым…


"Ак шумкар" партиясынын лидери
Темир Сариевге
"Ак шумкары"
Ак үйгө конбой,
Амбициясындай болбой
Ат чабышта кулады.
Көзү-башын чаң басып,
Көрүнбөй турду кулагы.
Бирок,
Билгизбей басып кетти,
Билгенге эрдик бу дагы.

Азыр,
"Ак шумкарын" таптап,
Ар бир сөзүн баптап,
Оолугуп турган чагы,
Оппозий оюнун баштап.

Темике,
Жалгыздап соккон алкаштай,
Жалгыз өзүң айкашпай,
Жанына алсаңчы бирөөнү.
Кокус дагы жыгылсаң,
Коебуз кимге күнөөнү?!


Депутат
Өмүрбек Текебаевге
Текей терип жечү элек,
Текебаев келсе эле,
Тербейбиз тезек дечү элек.

Өрүк үзүп жечү элек,
Өмүрбек болсо спикер,
Өсөбүз ушул дечү элек.

Текей бүтүп кыш болду,
Текебаевге ишенип,
Теги кыргыз мыш болду.

Өрүк бүтүп кыш болду,
Өтпөй калып Өмүрбек,
Өкүнүп кыргыз мыш болду.



КТРК башкы директору Кубат Оторбаевге
Кыргыз маданиятындагы желек,
Кантсе да,
КТРКнын орду бөлөк.
Куке, кубантып иште эми,
Кубатың барда жөлөп.
Антпесең, кыргызды билесиң,
Кылчактап отурбай,
Кырдан эле сөгөт.


Депутат Ширин Айтматовага
Бу, парламент деген,
Баш айланткан ирим.
Буусунан көңүлүң айнып,
Бузула көрбө Ширин.
Кара нарындай атаңдын,
Калкыңдын көтөр жүгүн!


Парламентке
Бирине сөзү өтпөгөн,
Бирин-бири тепсеген,
Баш оору болду кыргызга
Беш партия, беш берен.

Комузу жок, кыяксыз,
Коалиция ырдашат.
Бекинишип бөлүнүп,
Беш маал күндө сырдашат.
Ойнош күткөн немедей,
Отурган жерден ымдашат.

Акча жетпей мугалим
Араң турса ичкерип.
Бу депутат журтунун
Түшкөндөрү Мерседес,
Талаштары вицелик.

Эл үмүтүн сезбеген,
Эч маселе чечпеген,
Парламентте чалкалайт
Беш партия, беш берен.



Вице-премьер Өмүрбек Бабановго
Ээ, эмнесин айталык,
Өмүкө өткөндө,
Коалиция түздү.
Кашайганда,
"Каша" башталып,
Конституция да бүттү.



Депутат Камчыбек Ташиевге
Ырас,
"Ата журт" парламентте
Көпчүлүктү түзөт
Ага жараша эл дагы,
Калыстыкты күтөт.
Бирок,
Ысык-Көл менен Нарындан
Бир министр жок,
Ушуга жүрөбүз түтөп.

Андыктан, Камчыке,
Атпай элди билем десең,
Аралашып жүрөм десең,
Алешем болбо!
"Ата журт" деген кенен түшүнүк,
Арт жагын ойло!



Президент Роза Отунбаевага
Балдарды атканда,
Бакиев качканда,
Эркектен бирөө чыкпай,
Эң эле жаман шашканда.
Эл башына келдиң.
Кылымга тете күндөрдү,
Кыргызың менен көрдүң.

Кыз Сайкалдар ушинтип,
Кыйындыкта чыгат.
Эрөөлдө эркекти жыгат.
Эринбей иштеп бергин,
Элиңе берип кубат.


Премьер-министр Алмаз Атамбаевге
Кыргыздын аймагын,
Кызарган жайларын,
Адамдарын, айбанын,
Атүгүл үргөн тайганын,
…Үч партия бөлүп алды.
Өзүң ойлочу Алмаз,
Өкмөткө эмне калды?!


Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибековго
Акаевде түптөгөн,
Бакиевде сүттөгөн,
Калың экен калтасы.
Чырдашам деген далайдын,
Чыгып кетти маңкасы.
Алдындагы мингени,
"Ата журттун" танкасы.
Аркырата айдаса
Алдында калды канчасы.

Аста басып демиңди,
Аарчып алып териңди.
Анчалык эле айланбай
"Ата журтка" байланбай
Акматбек ойло элиңди.