24.11.10 - 3-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Сая-саалы

Май болсо чай да болот
Стамбул шаарында өтүп жаткан экономикалык кызматташтык уюмунун саммитине катышып жаткан өлкө башчысы Роза Отунбаева Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолукту. Жолугушууда Р.Отунбаева Кыргызстанга Азербайжандан жылына 15 миң тоннадай күйүүчү май ташып келүү тууралуу сөз козгоду. И.Алиев күйүүчү май ташуунун механизмдерин иштеп чыгуу керектигин белгиледи. Ошондой эле Алиев Кыргызстандын Ош жана Жалал-Абад шаарларын кайра калыбына келтирүү үчүн донор уюмдардын жыйынына катышуу ниетин билдирди.

Аңгектен качып дөңгөккө тутулдукпу?
Учурда өкмөттүн саны көбөйгөнү бир тең, парламенттин ичиндеги чоңдордун көбөйгөнү бир тең болуп туру. Кечээ ЖК төрагасына беш орунбасар шайланды. Буга чейин анын үч гана орунбасары болуп келген. Экинчиден, мурда ЖКда 9 комитет болсо эми алар 16 болду. Тактап айтканда, КСДП фракциясы 5, "Республика" 4, "Ата журт" фракциясы 4, "Ар-намыска" 2, "Ата мекен" 1 комитетти басып жыгылды. Натыйжада Кыргызстанда шапкечендерге караганда папкечендер көбөйдү.

Туурасынан өскөн тышкы карыз
2010-жылы тышкы карыз 340 млн. долларга көбөйүп, учурда жалпы жонунан 2 млрд. 820 млн. долларды түзөт. Тышкы карызды жабуу үчүн бюджеттин 10% чыгымынан же 13% салыктан түшкөн каражат сарпталат. Ал эми ЖК кийинки жылдын бюджетин жаңы жылдын башында кабыл алмай болду. Баса, Азия өнүктүрүү банкы буга чейин айтылып келген 40 млн. долларын парламент жана өкмөт түзүлгөндөн кийин котормок болгон. Учурда аталган банктын директорлор кеңеши бул сумманы которууга даяр. Ал каражат бюджетти бекемдөө үчүн колдонулат.

Айт, дува, ачкачылыкты көздөй алга
Кечээ күч органдарынын ардагерлери 1994-жылдан бери төлөнбөй келе жаткан аскердик паек акчасын төлөп берүү жана 2010-жылдын 1-январынан тарта алынып салынган жеңилдиктерди кайра калыбына келтирүү талабы менен бир күндүк эскертүү ачкачылык акциясын уюштурушту. Эгер өкмөт тарабынан оң жооп болбосо алар 10-январдан тарта жалпы республика боюнча нааразылык акциясына чыгышмакчы. Ардагерлер өз талаптары жазылган кайрылууну өкмөт башчысына жолдошту. Мугалимдер да эгер маяналары көтөрүлбөй турган болсо, жаңы жылдан тарта жалпы республика боюнча иш таштаарын билдирип жатат.

Чапкан сайын эле көз чыга берер бекен…
Таластын кырк айыл өкмөтүнөн бирден шайланып келген делегаттар буга чейин парламентте партия жетекчилеринин кабыл алуусунда болушкан. Кечээ алар "Кабарда" басма сөз жыйынын өткөрүп, учурда облустун эли жүргүзүлүп жаткан кадр саясатына, жаңы өкмөт мүчөлөрүнө, коалиция жетекчилигине ишеним көрсөтпөй тургандыгын айтышты. "Биз 18-декабрда Талас элин бириктирген жыйын өткөрдүк. Анда эл бүгүнкү күндө бийликке кайрадан эле бакиевчилердин келип жатканына каршы экендигин айтышты. Биз өз талаптарыбызды билдирүү менен өлкө президенти Р.Отунбаевага жана премьер-министр А.Атамбаевге кайрылуу жолдодук. Эгер 15-январга чейин жооп болбосо, анда биз тынчтык митингдерди баштайбыз" дейт бул топтун уюштуруучулары.





  Крим-аалы

Өмүргө балта чапкандар
Укук коргоо кызматкерлерине 35 жаштагы аял мектепте окуган өспүрүм кызын чала тааныш эркек зордуктап төрт күн үйүндө катып жатканын кабарлаган. Бул кылмышка шектүү деп он тогуз жаштагы эки аңги колго түштү.
Арча-Бешик жаңы конушунда жашаган эки окуучу кызды да зордуктаган эки айбан изкубарлардын кылтагына тез эле түштү. Алардын бири 24 жаштагы Н.Э., экинчиси Жалал-Абад облусунун тургуну 23 жаштагы С.Р. Эми аларды темир тордо кандай тозок күтүп турганы айтпаса да түшүнүктүү.
Аялды бычактаган ким?
Бишкек шаарынын Асанбай кичирайонунун жашоочусу Ирина Щербаковага кечки саат бештер чамасында белгисиз кылмышкерлер бычак сайган. Аялдын шылынган мойнунан кан көп кетип ооруканага оор абалында жеткирилген. Ал эми изкубарлар тарабынан аялга кол салган канкорлор изделүүдө.
Дагы аман калыптыр
Чак түштө 38 жаштагы кытай жараны Цан Хай Фуну карактоо максатында белгисиз кылмышкерлер кол салышкан. Каракчыларга каршылык көрсөткөн кытайдын сол ийини сынган. Кылмышкерлер качып кетишкен.

Кыңыр иши ачылды
Үстүбүздөгү жылдын 3-апрелинде эки каракчы "Артис" ЖКЧсынын кеңсесине кирип, түштүк кореялык эки жаранды тапанча менен коркутуп 550 миң сомун, 1200 долларын, 20 миң теңгени жана эки ноутбук менен уюлдук телефондорун шыпырып кетишкен. Ошондон бери издөөдө жүргөн каракчылар жакында милициянын капканына түшүштү.
Соолуган көчөт кыз
Борбордун 10-кичирайонунда жашаган өспүрүм кыз жашоодон түңүлгөнбү, айтор, өз өмүрүн кыюу максатында толтура дары-дармектер менен катар уктатуучу дарыдан ашыкча ичип алган. Ууланып, эс-учун жоготкон кызды оор абалында оорукананын реанимация бөлүмүнө жаткырышты.
Өмүр кыска, ажал узун
Бишкектин Карл Маркс көчөсүндө беймарал кетип бараткан сегиз жаштагы К.Аруновду машине коюп кеткен. Өспүрүм дароо ооруканага жеткирилди. Аны сүзгөн унаанын кандай экенин изкубарлар эмнегедир ачык айтышпады. Ал эми Жибек-Жолу менен Алматы көчөлөрүнүн кесилишинен 23 жаштагы Ж.Адоровду "Жип" унаасы койдуруп, жабырлануучу ошол жерден жан берген.




  И-тагдаалы

Эне тил комиссиясы эми өтүңөрдү алат
Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдында кеңеш берүүчү орган түзүлдү. Коомдук башталышта иштей турган органдын курамына 25 адам кирет. Анын ичинде министрлер менен ведомстволордун жетекчилери, маданият кызматкерлери, окумуштуулар, акын-жазуучулар бар. Кеңеш берүүчү органдын милдети - коомдун бардык тармактарында тилди өнүктүрүүнү колдоого алып, мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча программаны иштеп чыгууга көмөктөшөт. Мындан тышкары, кыргыз тилиндеги окуу китептери боюнча да сунуштар берилет. Белгилей кетсек, ушул кезде Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын аппаратында 14 кызматкер эмгектенүүдө.
Тестирлөө жылдагыдай эле калат
АКШ өкмөтү ЮСАИД (АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги) аркылуу 2011-жылы Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө өткөрүүнү колдоп каражат бөлүүнү улантат. АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин маалымдашынча, жаңы жылда да тестирлөөгө катталуу үчүн төлөнгөн сумма 220 сом бойдон калат. Мындай тестирлөө жогорку окуу жайларга тапшыруудагы коррупцияны азайтуу максатында Кыргызстанда 2002-жылдан тарта ЮСАИДдин колдоосу менен жүргүзүлүп келет.
Он бир айда 113 бала каза болду
Кыргызстанда жол кырсыгынан он бир айда 113 бала каза таап, 851 бала ар кандай жараат алган. Бирок бул өткөн жылга салыштырмалуу 1,7 пайызга аз экен. Кырсыктаган балдардын теңинен көбү жолдон өтүп баратып машинеге урунган. Ушул маселеден улам жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгы мектептерде жолдо жүрүүнүн эрежелерин милдеттүү окутуу демилгесин көтөрүп жатат.
Майрамдык маанай "башталды"
Жылдагыдай эле жаңы жылдык майрамга байланыштуу кыргыз-кытай чегарасынын "Торугарт-автоунаажол" жана "Эркечтам-автоунаажол" өткөрүү бекеттери 31-декабрдан 3-январга чейин убактылуу жабылат.
Турмуш да, чай да ачуу
Кыргызстандын кумшекерди керектөөсү дээрлик импорттон көз каранды."Кошой" жана "Кайыңды-Кант" ААКлары жылына 700 миң тонна кант кызылчасын иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бирок быйылкы жылдын башталышынан бери "Кайыңды-Кант" ААКСы болгону 121,5 миң тонна кант кызылчасын иштетип, 12,01 миң тонна кумшекер чыгарган. Бул Кыргызстандын жалпы керектөөсүнүн 9,5 пайызын гана түзөт. Эске сала кетсек, республика жылына 126,8 миң тонна кумшекер керектейт.
Чыныгы баатырга даңк!
Кыргызстандын тай күрөшү боюнча спорт чебери Антонина Шевченко техникалык нокаут менен таиланддык спорт чеберин утуп алды. А.Шевченко эжеси Валентина Шевченко жана машыктыруучусу Павел Федотов менен азыр эс алууда. Кайра кийинки мелдештерге катышууга даярданмакчы. Таиландда өткөн сынакта Швеция, Австралия, Англиядан дагы спортчулар катышкан.