24.11.10 - 2-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Саясат - театр, депутаттар - "актерлор"
Саясат дегениң ушундай кокуйбай экен, кечээ эле атаандашыңдын башынан ылдый жугунду куюп, этек астындагы "темага" чейин түшсөң, анын эртеси эч нерсе болбогон немедей сүйлөшө бересиң. Алыс кетпейли, декабрдын башында "ар-намысчыл" депутат Анвар Артыков "Ата мекендин" төрагасы Өмүрбек Текебаевди белден ылдый элдин көзүнчө соккон. Аны айтса узак сөз, эл өкүлдөрүнүн "акыйнеги" Ала-Тоонун ак карлуу чокусуна эбак жеткен. Кептин ток этерине токтолгондо, бу эки берен бир тойдо жылуу-жумшак кучакташып, атургай шыбыраша калышып, каткыра күлгөндөрүн көргөндө алар эмес башкалар ыңгайсыз болушкан.

Премьерди күтөлү
"Ата журт" фракциясынын депутаты Садыр Жапаров Ысык-Көл губернаторлугуна барганы жатса, жергиликтүү тургундар ага каршы чыгыптыр. Көрсө, облус жетекчиси Мирбек Асанакунов элди уюштуруп, өз ордун сактап калуу аракетин жасаган экен. Ошентсе да губернатор көйгөйүн өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев чечет. Андыктан кимиси жылмышып, кимиси жылуу креслону ээлери премьердин акыркы кебинен соң билинет.

Жээн эл болот
Эл аралык "Манас" аэропортунун мындан аркы тагдырын "Республика" партиясы чечери калетсиз. Мындан улам аэропорттун азыркы начальниги Болот Абдрахманов Өмүрбек Бабанов менен сүйлөшүүгө аракет жасоодо. Бирок анысынан жарытылуу майнап чыгышы арсар. Себеби, Өмүрбек Токтогулович жээнин "Манаска" таптаган кербези…

Ырыстуу чочконун мурдунан бок кетпейт
Эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү бизнесин коргоо максатында мандат тагынганы эч кимге жашыруун эмес. Мындайларга ЖоКедеги "Ар-намыс" фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаевди кошсок жаңылышпайбыз. Себеби бу жигиттин айтылуу Ош базарында "Гэка" аталыштагы кафеси бар. Энди ал Ак үйдүн босогосун аттаган күндөн тартып ошол кафесин кеңейтүүнүн камын көрүп атыр. Кантип дебейсиздерби? "Гэканын" жанында кийим-кече саткандарга жакында соода кылчу орунуңардан айрыласыңар деп "балп" эттиргени. Ушул калыбынан жазбаса, Рыспаев далайларды "ырыстуу" кылат го.

Саясый көк бөрү
"Көк бөрү" федерациясынын президенти Молдомуса Конгантиев Москвада дарыланып атат. Ошого байланыштуу жакын достору көк бөрүнүн быйылкы сезонун өткөн жекшембиде ачышты. Мындан кийин жуманын ар жекшембисинде "Манас" аэропортуна жакын талаада кыргыздын ат жалында ойногон жигиттери көк бөрү тартышмакчы. Алгачкы саамалыкта эл өкүлдөрү Алтынбек Сулайманов , Бакыт Төрөбаев , парламент "боссу" Акматбек Келдибеков улак тартуунун атасын таанытышты. Келерки аптада айрым министрлер "Манаска" барып көк бөрүнүн "кайфына" батышат.

Мансап көздү май бастырат
Кечээ ЖК комитеттеринин төрага орунбасарларын шайлоо учурунда "ар-намысчыл" депутат Анарбек Калматов уят-сыйытты жыйыштырып коюп эле кызмат талашып кирсе болобу. Көздөгөнү - укук коргоо жана мыйзамдуулук боюнча комитеттин төрага орунбасарлыгына илинүү. Жаңы депутаттар мансап дегенде көздөрүнө эч нерсе көрүнбөй калат окшобойбу. Бу кейпи менен булар деле жыргатпай калды го.

"Учкундан" ким "учуп", кайра ким конот?
Жаңырган жылдан соң "Учкун" басмаканасынын жетекчилиги алмашуусу ыктымал. Бизге жеткен маалымат боюнча "Республика" партиясынын басма сөз катчысы Кубат Болотканов басмакана ачендигине даярданып жатат дешет. Кубат мырза ЖоКе жарышта партиянын пиар кампаниясын жүргүзүүдө үлкөн салым кошкон. Эми ошол эмгегинин акыбети кайта тургандай, сыягы.

Таарынгандар Таласкабы же…
КСДП лидери Алмазбек Атамбаев партиялашы Рыскелди Момбековду чакырып, неге таарынасың, сага да кызмат тургандыр таризинде сооротту. Ал эми Момбеков "Ата журтка" каршы экенин жашырбай, алар менен кызматташпайм дептир. Ары тартышып, бери тартышып отуруп акыры Рыскелдиге Талас губернаторлугун сунуштайт. Ал макулдугун билдирген күндүн эртеси Алмазбек Шаршенович адатынча айныкейин карматпайбы. АА.нын заматта чечимин өзгөртүшүнө Ө.Бабановдун таасири чоң дешет узун кулактар.

Берип коюңузчу
ЖК депутаты Мамат Орозбаевди ордолуу Оштун кээ бир тургундары издеп, таппай жүрү. Анткени Орозбай аксакалдын уулу шайлоодо иштеген үгүтчүлөрдүн акысын төлөбөй коюптур. Такыр айлабыз кетсе Алмазбек Шаршеновичке киребиз деп агитаторлор шымаланышууда. Мамат аканын капчыгы калың эле, үгүтчүлөрдүн жарыбаган акчасы үчүн кожоюнунун астында жеме уккусу келбесе керек.

Шакиевдин шагы сынбаса
"Алиби" гезити Маданият жана маалымат министри Нурлан Шакиев тууралуу сын макала баскан. Мындан улам жаңы министр гезиттин башредактору Күнболот Момоконовго коңгуроо кагып, экөөбүз бир уруудан болобуз, аз убакытка тийишпей турчу маанисинде өтүнгөнүн эшиттик. Нурлан мырза эмитеден эле жээк-жааттыкка салып басма сөздү тизгиндөөнүн маданияттуу жолуна өттүбү?

Иштей берет экен
Осмонбек Артыкбаевдин энергетика министрлигинен ыргышын саясатчылар ар кыл өңүттө божомолдоодо. Бир даары А.Атамбаев бу жигитти "кидать" этиптир дешсе, экинчилери антпей эле өз каалоосу менен ордун бошотуп бериптир дейт. Мындай кептерге чекит коюу максатында экс-министрдин өзүнө кайрылсак, "Алмазбек Шаршенович менен урушуп кетти дегендери болбогон кеп. А киши менен мамилем мурдагы бойдон. Чындыгында энергетика тармагын эң оор убакта жетектедик. Анүстүнө аталган министрлик менин жеке менчигим эмес. Коалициялык өкмөт ушундай чечим чыгаргандан кийин ага баш ийишибиз керек. Жеке мен саясаттан четтебейм. Элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жан үрөп кызмат кыла берем" деген жообун узатты.

Таш чайнаар кез келди
Өкмөт башчысы тай талашка түшкөн Чүй губернаторлугуна чекит койду. Премьердин жарлыгына ылайык Сагынбек Абдрахманов кызматынан кетип, бошогон орунга дагы бир социал-демократчыл Айбек Азыранкулов дайындалды. Айбек мырза Кыргызстан тарыхында эң жаш губернатор катары калмакчы. Ал учурда 31 жаштын ашын жеп жаткан чагы.

Бир билгени бар го
"Ата мекендин" мүчөсү Асия Сасыкбаева ЖК төрага орунбасарлыгына шайланды. Анын мындай чоң кызматка жетишине лидери Өмүрбек Текебаевдин салымы зор. Анткени фракция жыйынындаӨмүрбек Абдрахманов , Равшанбек Жээнбеков сындуу партиялаштары Асия айымдын талапкерлигине каршы чыгышкан. Ошого карабастан Өмүке А.Сасыкбаеваны вице-спикерликке отургузуп тынды.

Жыртык тепшиби?
Парламенттин бейшембидеги жыйынында эл өкүлү Камчыбек Ташиев жыландын башын кылтыйтты. Камчыбек Кыдыршай уулунун пикиринде, утурумдук өкмөт улутташтырылган объектилерди кайрадан иликтеп чыгуу зарыл. "Бул мурдагы аткаминерлердин кызматтык унаасына да таандык. Бүгүн машинелерди ким минип жүргөнү жана ал канчалык мыйзамдуу экени белгисиз. Мына ушундай маселелерди Жогорку Кеңеште чечиш керек" дейт ал. Буга спикер Ахматбек Келдибеков дароо реакция жасап, муну изилдөөнү ЖК аппаратына тапшырып, жыйынтыгы чыккан соң парламент жыйынында талкууланарын баса айтты. Анда эле Азимбек Анаркулович Бекназаровдун улутташтыруу идеясы ойрондолуп, эски замандын адамдары көнгөн "акырына" кайтып келбейби?

"Жаңы Агым"- пресс