24.11.10 - 9-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Интернет бийлик

Кыргыз бийлигинин абийирин ачкан Ассанж

Апрель окуясынан соң убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн "телефонгейттери" куйрук улаш интернетке чыгып, коомчулукту дуу кылганын билебиз. Бирок аны билерман УКМКчылар "компьютердик монтаж" атап, ошол эле мезгилде өлкө башчысы телефонгейтте айтылган сумма түштүккө жумшалганын айтып, башкы каармандардын абийирин жапкан эле. Эми минтип андан көп өтпөй интернет имиштеринин да чындыгы бар экенин Wikileaks сайты дүйнө жүзүнө жар салып отурат. Аталган сайттын маалыматына таянсак, сайтка чыга турган 250 миң жашыруун маалыматтын 973ү Бишкектен жазылып алынган. Алардын ичинен 35и жашыруун документтер, 329у ачыкка чыкпоочу сыр статусуна ээ.

"Ачыкка чыкпоочу сырлардын" алгачкысы Wikileaks сайтында 29-ноябрга караган түнү жарыяланган. Анда АКШ элчиси Татиана Гфеллер менен Кытай элчиси Чжан Яннань Кыргызстанда жолугуп, "Манас" авиабазасын чыгаруу жана мындагы Россиянын ролу тууралуу талкуулаганы кеңири баяндалат. Бул жолугушууда Татиана Гфеллер Кытай элчисинен "Америка авиабазасын жабуу үчүн Кытай Кыргызстанга 3 млрд. доллар бөлүп берет" имишинин чын-төгүнүн сурап, бул маалыматты кыргыз бийлигинен алганын бышыктаган. Буга жооп катары Чжан Яннань бул ушак экенин, 3 млрд. доллар үчүн Кытайда революция болуп кетерин билдирет. Буга улай АКШ элчиси Татиана айым Чжан мырзага "Россия 2 млрд. долларды авиабазаны жабуу үчүн бермек болгону чынбы?" деген суроону узаткан. Чжан Яннань мунун чындыкка жакын экендигин билдирип, АКШ элчисине "кыргыз бийлигине жылына 150 млн. доллар жардам катары берип тургула, баш оору жок авиабаза силердики" деген оюн билдирген.
А 29-ноябрь күнү кечинде ушул эле сайтка Татиана Гфеллер менен Англия принци Эндрюнун маегинин өзөгү жарыяланды. Бул боюнча АКШ элчилиги Вашингтонго "Англия принци Кыргызстанда бизнес баштоо боюнча сөз болсо эле Максим Бакиев айтыларын билдирди. Кыргыз бизнесмендери болсо президенттин баласы Максим өз үлүшүн алмайынча Кыргызстанда эч бир иш жүрбөй турганын айтышты" деген отчет жөнөткөн.
15-декабрда Wikileaks сайтында Татиана айым менен Максим Бакиевдин жолуккандагы аңгемелешүүсү жарык көрдү. Бул сайттын үчүнчү маалыматы. Баарынан кызыгы, АКШ элчилигинин сайтка чыккан бул отчетунда Максим Бакиевдин "россиялыктар июль айында атып өлтүрүлгөн Александр Ивановдун жесири Марина Иванова менен жолугушуп, ММКлар аркылуу кайрадан АКШ авиабазасын Кыргызстандан чыгаруу чакырыгы менен чыгууга үндөштү" дегени ачык айтылат. Буга улай Максим Россия ФСБсынын кат алышуусун "кармап, окуй ала турган" эксперттер менен айткандарын далилдеп берерин да кошумчалаган. Ушундан улам АКШ коргоо департаменти Марина Иванованын оозун жабуу үчүн 250 миң доллар бергени, буга ошол кездеги Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев ортомчулук кылганы айтылат отчетто. "Акылдуу, коррупцияланышкан жана мыкты өнөктөш" деп башталат АКШ элчиси Татиана Гфеллердин Вашингтонго жөнөткөн отчетунун акыркы бөлүгү. Бул сыпаттоо албетте, Максим тууралуу экени талашсыз. "Максим Бакиев аңгемелешүүнү ар башка темада жүргүзө алды. Европа тарыхынын башталышынан экономикасына чейин кыйналбай айтып берди" деп уланат Бишкектен Вашингтонго узатылган документ. Буга кошумча, элчи айым Максимдин атасынын статусуна жамынып ири киреше топтогондугун жана ал АКШ өкмөтүнө да зор пайда алып келе турган өнөктөш болорун баса белгилеген. "Албетте, Максим Бакиевдин өкмөттөгү саясатчыларга таасири күч. Ошентсе да алар менен аяр мамиле жасоо керек. Биз алардын АКШ өкмөтүнө маанилүү дивиденддерди алып келишине ишенебиз" деп жыйынтыктайт жашыруун отчетун Татиана Гфеллер.
Албетте, аталган сайттын бул маалыматтарында анчалык деле сенсация жоктой. Ошол эле Курманбек Бакиевдин эки фронтто ойногону, Максимдин былыктары тууралуу түкшүмөлдөр, "Манас" авиабазасы тууралуу божомолдор, АКШнын ар бир иште агенттери бар экендигин боолгологон маалыматтар кыргыз ММКларында айтылып, жазылып эле келген. Бирок Wikileaks сайты бир күндүн ичинде анын баарын бышыктап, тастыктап койгонун тана албайбыз. Анткени сайтта майда бирок маанилүү фактылар көп кезигет. Бул жагынан алганда сайт түзүүчүсү Жулиан Ассанждын эрдигине, тапкычтыгына тан бербей кое албайсың. Экинчи жагынан алганда, бул интернет технологияларынын жаңы мүмкүндүгүнүн ачылышы. Учурда катуу мактоо, сындоолорго кабылып, ал тургай өмүрүнө коркунуч туулган Жулианды айрымдар Нобель сыйлыгына татыктуу дешсе, НАТО сыяктуу уюмдар интернетти тизгиндеп, мындай хакерлерди таптакыр жоюш керек демилгесин көтөрүп чыгышууда. Айрымдар АКШ мамдепартаментинин дипломатиялык кат алышууларынын ачыкка чыгышы дүйнөлүк башаламандыкты жаратат дешсе, тескерисинче бул коррупцияга бөгөт коюп, өкмөт башындагылардын бетин ачат дегендер да арбын. Канткен менен сайттын маалыматтары уламдан-улам кеңири тарап баратат. АКШ өкмөтү, башка өлкөлөр да бийлиикке жакпаган маалыматтарды тараткандарды камап түгөтө албасы турган иш. Ассанждын жактоочулары билдиргендей, топтошкон элди башкарууга болот, а интернетти башкарууга мүмкүн эмес. Жактоочулардын пикиринче, интернет эркин болушу керек. "Интернет, жаңы технологиялар Кыргызстандагы эки авторитардык режимди кулатты. Азыр дүйнө жүзү мамлекеттик бийликтин ачык болушун каалап турат. Андыктан веб-сайттарды, интернетти бууп коюудан пайда жок. Дүйнө азыр чындап глобалдашып баратат. Бул жерде тоталитардык, авторитардык, бандиттик, коррупцияланышкан мамлекетке орун жок" дейт программалык камсыз кылуу ассоциациясынын төрагасы Азиз Абакиров.
АКШ өкмөтү болсо документтердин ачыкка чыгышын сындап, жандалбастап келет. Ансайын Ассанждын популярдуулугу артып, аны жактагандар күн санап өсүп барат. "Биз дипломаттарыбыздын Вашингтонго акыйкат маалымат жиберип турууларынан баш тартышын каалабайбыз. Wikileaks маалыматтары жеке эле биздин тышкы саясаттагы максаттарыбызга эмес, дипломаттарга да катуу сокку болду" дейт Би-Би-Сиге АКШ мамкатчысынын орунбасары Марк Киммит. Ал ортодо республикачыл-конгрессмен Питер Кинг сайтты террористтик уюм катарына киргизүүгө чакырык тыштады. "Wikileaks адамдардын өмүрүн ала турган акылга сыйбаган жорук баштады" дейт ал. Кыскасы, бийлик менен коомчулуктун ортосунда оор, маалыматтык согуш башталды. Мунун аягы качан бүтүп, 250 миң жашыруун маалымат эмненин ичинен чыгарар экен? Чынында бул өтө кооптуу, өтө кызык да бурулуш болушу мүмкүн.
Мелис СОВЕТ уулу




  Элден башкача эгиздер

Ишке ашкан күлүк кыял

Баланын азабын энелерден мыкты түшүнүп, көтөргөн эч ким болбосо керек. Алты саны аман наристени чоңойтуп, эл катарына кошуу үчүн кандай гана эмгек жумшалат. Он тогуз жылдан бери эгиз кыздарынын азабын тартып келе жаткан Зумрият Резаханованын эркине баа бересиң. Сиам эгиздер төрөлгөндөн тарта кыздары үчүн канатын каккылап, тынымы жок алардын тагдыры үчүн күрөшүп келет. Кыздардын эс тарткандан бери врач болобуз деген тилеги ишке ашканы турат. Зита, Гитанын апасы Зумрият Резаханова кыздардын кубанычы менен бөлүштү.


- Зумрият, кыздарыңыз өздөрү каалаган окуу жайга өтүп кубанып турган кездери экен да?
- Ооба, буга чейин ден соолуктары жайында болбой такай ооруп келишкендиктенби, айтор эс тарткандан бери эле доктур болобуз, медициналык окуу жайга тапшырабыз деп ак эткенден так этип жүрүшчү. Буюрса, тилеги орундалганы калды окшойт. Кыздарымдын ден соолугун чыңдаш үчүн дайыма Москвага барабыз, ал жакта мурда үч жыл жашап келишкен. Ошондон улам кыздарымдын Москвадан билим алуусун кааладым. 10-августта Россиянын президенти Дмитрий Медведевдин атына Зита, Гитаны окууга кабыл алуусун суранып кат жазган элем. Каттын жообу мен күткөндөн да тез убакытта келди. Буюрса кийинки күздөн баштап Зита, Гита медициналык колледжге экзаменсиз өтүп, бекер билим алып башташат.
- Зита, Гита кубанычтуу кабарды кимден угушту?
- Экөө Москвадан окуурун өзүмдөн эле угушту. Бири-бирин кучактап алып ыйлашты. Аларды көрүп мен сүйүндүм. Майып болсо да башка балдардан кем кылбай эл катарына кошсом деген энелик тилегим ишке аша баштаганы сүйүнтпөй койбойт. Биз ушул бойдон калабызбы деп жандарына күч келгенде менин маңдайыма отуруп алып ыйлашчу. Эми жашоого үмүттөнүп, алаксып келе жатышат.
- Кыздарыңыз Москвага кетсе алардын жанында ким болот?
- Буга чейин мен аларга "апаңар дайыма жаныңарда боло албайт. Оорусаңар да өз алдынча жашаганга үйрөнгүлө" деп көп айтаар элем. Мен Кыргызстандагы үйүмдү сатып алардын жанына барган күндө эмне кылып оокат кылам? Анын үстүнө март айында инфаркт болгом, ошондон бери ден соолугум жакшы болбой жүрөт. Доктурлар санааныкы дешти. Он тогуз жылдан бери тартып келе жаткан түйшүккө туруштук бере албай калып жатам. Менин абалымды көрүп туруп кыздарым деле чыйралышты окшойт, өзүбүз эле окуйбуз деп калышыптыр. Окуу жайдын жатаканасында жашай турган болушту. Экөөнү бөлүп операция кылган күндөн бери бизге Наталья Жилоринкина деген айым жардам берип келет. Мындан ары да кыздарга ал колдоо көрсөтө турган болду. Мен деле мүмкүнчүлүгүмө жараша чалып, барып турам.
- Зитаны учурда катуу ооруп жатат дешти эле?
- Кыздардын протезин алмаштырганы июнь айында Москвага барганбыз. Төрт күндөн кийин Зита ооруп калды. 22-июндан бери ошол жакта дарыланып жатат. Медиктердин айтымында, бөйрөгүнө, табарсыгына күч келиптир. Күчтүү дарылардын жардамы менен кичине ден соолугу калыбына келе баштады. Буюрса, январдын онунан кийин Зитанын заара чыгаруучу каналдарына операция жасалат. Операцияга кете турган каражатты да Москванын медиктери таба турган болушту. Зита ооруп калганда Гитаны Бишкекке жөнөтүп, өзүм анын жанында калгам. Акчам түгөнгүчө жашадым, анан кызымды доктурларга дайындап келе бердим.
- Протездин акчасын ким төлөдү?
- Быйыл кыздардын протезин 400 миң рублга алмаштырдык. Акыркы мөөнөткө чейин жардам сурап чуркап жүрдүм. Эгер протезин убагында алмаштырбасак кыздарым жөргөлөп калмак да. Москвада "Боорукер жүрөк" деген кайрымдуулук фонду бар экен. Кеткен чыгымдын көп бөлүгүн ошолор көтөрүштү.
- Зита ооруп жатса окуусу эмне болот?
- Ал дарылангандан сырткары окуп да жатат. Бейтапканага мугалимдер келип кадимкидей сабак беришет. Гитага караганда анын билими, кабыл алуусу күчтүү. Экөөнү салыштыра келгенде Зитанын билим деңгээли азыр жогору болуп жатат. Мүмкүнчүлүк болсо кыздарым ошол жакта жашап, орун алып калышын каалар элем. Азыр Кыргызстанда оорулуу адамдар эмес дени-карды соо адамдар кыйынчылык менен жашап жатышат.
- Эгиздер бири-бирине көнүп алып, азыр жалгызсырашкан жокпу?
- Эне катары Зитанын абалын ойлосом жүрөгүм жарылып кетейин деп араң турат. Экөө анда-санда чарпыша кеткени болбосо ынтымактуу жашашчу. Өзгөчө Гита жоопкерчиликтүү, камкор. Кээде сиңдисин сагынып жатканын айтып ыйлактап калат. Өткөндө бир жолу чалсам дене табы көтөрүлүп кыйналып турган экен, угуп алып түн ортосуна чейин уктабай сарсанаа болдум. Түшүмө күнүгө кирет. Эртерээк жыл жаңырып, январдын ону келсе жанына барат элем.
- Өзүңүздөр эмне тирилик кылып жатасыздар?
- Үйдөгү бирин-эки мал менен эле жан багабыз. Уйларыбыз бар, саап сүтүн өткөрүп жатабыз. Анын үстүнө кыздарга борбордон квартира берилбеди беле, анын да коммуналдык төлөмдөрү өсүп кетиптир. Жок дегенде өзүн-өзү актасын деп батирге берип койсом анын акысын төлөмөк тургай үйдүн ичин сапырып алып баса беришиптир. Азыр бир таанышымды таап киргиздим, эми ошо төлөп турат го. Коммуналдык төлөмдөр он миңге жакын болуп кетиптир. Сотко беребиз деп жатышат. Ал үйдүн айласын кантээримди билбей жатам.
Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА