presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


ЗНАКОМСТВА

Айлампа
Айчүрөк end Авланбек сахна ажары
Мамлекеттик кызматкерлер менен эстрада чөйрөсүндөгүлөрдүн башын бириктирген "Кош жылдыз" долбоорунун экинчи айлампасы апрель айында старт алган. Айчүрөк Иманалиева президенттин басма сөз кызматынын башчысы Авланбек Жумабаев менен бир тойдо ырдап калган экен. Экөөнүн үнү дал келгенине сүйүнгөн ырчы айым ойлонбой туруп бул долбоорго чогуу ырдайлы деген сунушун киргизиптир. Экөө башкалардан өзгөчөлөнүп италия тилинде бир ыр жана "Алымкан", "Нооруз" деген чыгармалардын жаңы вариантын аткарышкан. Италия тилиндеги ырды аткаруу үчүн бир жума вокалдан сабак алып, атайын тил үйрөнгөнү курстарга жазылышыптыр. Көп машакатты талап кылган чыгарма акыры өзүн актап, өнөктөштөргө башбайгени алып келди. Калыстардын чечими менен Айчүрөк Иманалиевага "Сахна ханышасы", Авланбек Жумабаев "Сахна мырзасы" болуп, диплом менен сыйланышты.


Динара жаңы жылды самолетто тособу?
Жаңы жылга карата азыртадан ар ким алына, мүмкүнчүлүгүнө жараша план түзүп, кам көрүп жаткан кез. Майрамдык концерттерге, кечелерге тынымы жок катышып жүргөн ырчы Динара Акулова быйылкы жаңы жылды өзгөчө белгилөөнү чечиптир. 31-декабрь күнү Ала-Тоо аянтында өтө турган концертке катышып коюп кызы менен чет мамлекетке кетиши күтүлүүдө. Кайсы өлкөгө бараарын сыр кылып айтпаган Динара айым учурда виза ачтыруунун аракети менен чуркап жүрөт.


Ушуну көрмөк
Ар бир ырчы башкалардан айырмаланып туруу аракетинде стилин өзгөчөлөнтүп иштеп келет. Бирок кээ биринин фантазиясы ашынып баратканда Рианнаныкындай жыйынтыкка келиши мүмкүн. Жаңы стилдин үстүндө иштеп жаткан ырчы чачтарачка улам "мындай кыл, тигиндей кыл" деген буйруктарды берип жатып такыр эле ырайын кетирип алган. Артык кылам деп тыртык кылып алган чач жасалгасы менен Рианна азыр элдин көзүнө чач жасалгасын өзгөртмөйүн көрүнбөөнү чечиптир.


Саламаттын сагынткан үнү
Кореядагы "Word Masters" эл аралык музыкалык ассоциациясы тарабынан уюштурулган "Word Masters festival 2010" фестивалына Саламат Садыкова катышып келди. Фестивалга 36 мамлекеттен келген эң мыкты музыка жана маданият чеберлери катышып, Саламат айым дагы бир ирет кыргыздын улуттук өнөрүн татыктуу таанытып кайтты. Фестивалдын ачылышында комуздун коштоосу менен Б.Эгинчиевдин "Паризат", Т.Сатылгановдун "Алымкан" аттуу ырларын аткарды. Ырчынын чеберчилигине ыраазы болгон фестивалдын жетекчилери дагы бир ирет фестивалдын жабылышында ушул эле ырларды ырдап берүүсүн өтүнүшкөн. Фестивалдын соңунда катышуучулар баалуу белектер жана атайы кубок менен сыйланышты. Саламат Садыкова муну менен эле чектелбей 2011-жылы өтө турган Кореядагы эң чоң музыкалык жарманкеге алдын ала чакыруу алган.


Машине жана жаңы келинчек
Бийчи Бакыт Байсариев башкалардан айырмаланып машинелердин коллекциясын чогултуп жүргөнүн буга чейин кулагыбыз чалган. Тойго, тоого, шаарга… айтор, ар кайсы жерге ылайыкталган үч-төрт унаасы бар. Азыр кыш мезгилине, тайгалак жолго ылайыкталган унаасын айдап чыгып жолдо автотыгында турган, тайгаланган машинелерди сүйрөп чыгарып, айдоочуларга жардам берип жүргөн кези. Бир күндө төрт-беш унааны тайгалактан чыгарып айдоочулардын батасын алган шоумен жакында эле кыз алакачууга катышкан. Агасына келинчек алып бергенине куштар болуп, учурда жеңесинин колунан ысык чай ичип жүргөн кези. Жаңы жылды болсо келинчеги жана кызы Майрам менен "Кыргызское взморье" пансионатында тосорун кошумчалады.


Назира Жетигенова "жаш жубай"
Куудул, рэптин атасын тааныткан Назира Жетигенова "Дем" театрынын жигиттери менен биргеликте "Жаш жубайлар" деген кинокомедияга тартылды. Төрт баланын энеси, үй кожейкенин ролун аткарган Назира мындан ары өзүн кино тармагында сынап көрмөкчү. Бул куудулдун биринчи ролу эмес, буга чейин "Кылмыш - 2" тасмасында ажаан жеңенин образын жаратканга да жетишкен. Жыл жаңырары менен балдардын "Жөжөлөрүм" деген тамашалуу ырына клип тарттырып, "Дем" театры менен рэп жаздырууну пландап жатат.


Юлия Минскиде да кыргызча созот
Кыргызча ырдаган Юлия руцкая жакында эле Минск шаарынан корпоративдик кечеден келди. Ири курулуш компаниясынан чакыруу алып Минскиде беш күн жүрүп келген. Беш күн бою Юлия кыргызча, англисче, испанча, орусча ырдап, келген коноктордун черин жазыптыр. Юлиянын патриоттугун ушундан билиңиз, концерт ачыларда эле "беларусь элине кыргыз элинен салам" деп "Жамгыр" деген чыгармасын ырдаган. Ырчы кыздын түпкүлүгү Белоруссия болгондуктан туугандарына жолугуп, сагынычын да тарата келгенин кубаныч менен кошумчалады. Жаңы жылдан кийин ырчы кыргыздын намысын коргогону чет өлкөдө өтүүчү фестивалга аттанат.


Кош наристе
Батыштын белгилүү жылдызы Мэрайя Кэри жакын арада балалуу болгону турат. Акыркы убакта анын эпсиз толуп бара жатканын байкаган күйөрмандары ырчыга жарга такаган суроо беришкен. Анын жакында эне болорун, болгондо да эгиз күтүп жатышканын жолдошу биринчи сүйүнчүлөдү. Кырк жаштагы ырчы үчүн бул жакшы эле ийгилик болсо керек. Буга чейин ырчынын боюнан эки жолу түшкөн.


Кыздардын "арманы" колуктулуу болду
"Кыздар менен оңой тил табыша албайм" деп уялып жүрчү ырчы Ильяз Абдразаков бойдокчулук менен кош айтышты. "Турмуш курсам күйөрмандарыман айрылып калам" деп сахналаш байкелеринче кыска ойго жетеленбей, жашыруун эмес ачык-айкын турмуш курганы сүйүнтөт. 19-декабрь күнү Медина аттуу сулууга баш кошуп, тоюн "Алтын казына" ресторанында өткөрдү. Чыгармачылык менен тапкан акчасына үй салып, үй-бүлө куруп жаткан жигиттин аракетчилдигине баа бердик.







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
а ­е¦Є.НҐй«