24.11.10 - 14-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Кайран кыргызым ай!

Кулчулуктун куну канча?

Кыргызстандын эмгек, жумушка орноштуруу жана миграция министринин орунбасары Алик Байбориев эмгек мигранттары 10 айдын ичинде эле 900 млн. доллар жөнөткөнүн, бирок ал акчаларды керектүү жактарга жумшабай жатканыбызды айтып кейип алды. Келген акчаны эмгек мигранттарынын үй-бүлөсү кандай пайдаланат, кимдин кандай иши бар. Кейий турган нерсе башка. Ал мигранттардын бул каражатты кан-жаны менен таап жаткандыгы. Адат болуп калгандай эмгек мигранттары шайлоолордо эле эске түшпөсө, башка учурларда дээрлик эске алынбайт.
Ушул эле учурда биздин атуулдарды алдоо жолу менен сыртка чыгарып кетип, аларды кулчулукка сатып жиберген (башкача айталбайсың) жалган фирмалар жаандан кийинки козу карындай көбөйүп баратат. Буга эмгек мигранттарынын укугун коргойт деген миграция министрлигинин өзү көмөктөш болуп жаткандай. Ушул министрликтин алдындагы Бишкек шаардык калкты жумушка орноштуруу борбору (директору Нурдин Тынаев) тарабынан атайын келишимдин негизинде Пермь шаарына жөнөтүлгөн эмгек мигранттарынын ит көрбөгөн кордукту көрүп, кайра кайтып келиши, көп нерсенин башын каңкуулап тургансыйт. Кеп кезегин ошолорго берели.


"Алданып азап тарттык"
Рыспек ӨМҮРОВ, Ак-Суу району:
- 22-ноябрь күнү Бишкек шаарындагы калкты жумушка орноштуруу борборунан атайын келишимдин негизинде 53 адам Пермь шаарына жөнөп кеттик. Бизге отделка (шыбак, үйдү жасалгалоо) жумуштары менен иштейсиңер деген. Баргандан кийин отделка жасаган балдарга кирпич койгула деген талаптарды коюшту. Мейли деп иштейли десек жатаканасынын шарты жок. Бир ат сарайга алпарып жаткырып койду. Жумушчу кийим берилбеди. Ошол учурда Орусияда 30 градус суук болуп жаткан. Эшик, терезе дегенден эчтеме калбаган. Убада кылган үч маал ысык тамак түгүл суткасына анча-мынча бирдеме берет, бербесе жок. Бул жерден бизге айткан, документиңер бүтмөйүнчө ( жумушка уруксат алуу, каттоо (прописка, регистрация) иштебейсиңер деп. Ошону талап кылсак бизди тосуп алган "Альянс-Р" фирмасынын башкы директору Талант Рахманкулов "иштесеңер иштегиле, иштебесеңер кеткиле" деген талабын койду. Силерди антип коем, минтип коем деп тапанчасын көрсөтүп опузалады. Иштейли эле дегенбиз. Ал жерде биздей эле келишим менен мурда барышкан жердештерибизди жолуктурдук. Алар үч айдан бери айлык алышпагандыгын, тескерисинче тамак-аш, жанагы ат сарайга жаткандыгы үчүн 7000-10000 рубль карыз болуп калышкандыгын, үйлөрүнө кетмек түгүл телефон чалууга мүмкүнчүлүктөрү жок экендигин айтышты. Алардын баары "Альянс-Р" фирмасынын чакыруусу менен барышыптыр. Аларды көрүп жандан түңүлдүк. Ошентип Талант Рахманкулов тапанчасын булгалап эки мүнөттүн ичинде баягы ат сарайдан кууп чыкты. Ошол жерде мечит бар экен, ага барып түнөдүк. Эртеси түнкү саат бирде милициялар менен келип мечиттен кууду. Биз ушундай келишим менен келдик эле десек, орус милициясы аныңар ажатканага эле жарабаса эч нерсеге жарабайт дейт. Макул, кетели кайра жеткир десек, Т.Рахманкуловго иштей элек жатып ар кимибиз 16600 рубль карыз болуп калыптырбыз. Ошону төлөмөйүн кетирбейм же иштегиле дейт. Айла жок Пермдеги кыргыз диаспорасына кайрылдык. Анын жетекчиси Асылбек Айдаркулов ФМСтин өкүлдөрү менен келип биз менен сүйлөштү. Анан ФМСтин өкүлдөрү "Альянс-Р" деген фирма эч жерде катталбагандын, андыктан биздин келишимдер мыйзамсыз экендигин айтып, бизди өздөрүнүн эсебинен Оренбургга чейин чыгарып коюшту. Оренбургдан баарыбыз камалып кала жаздап, ал жердеги кыргыз диаспорасы (жетекчиси Таалайбек Жандар уулу) ортого түшүп, бизди өздөрүнүн каражатына Бишкекке жеткирди. Ошондон бери бизди өз ара келишим менен жөнөткөн Бишкектеги калкты жумушка орноштуруу борборунун директору Нурдин Тынаевге келип моралдык, материалдык компенсация төлөп бергиле, 30 градус суукта жылытылбаган ат сарайда жатып, ден соолугубуз бузулду, доктурга көрсөткүлө, келишимге ылайык жоопкерчилигиңерди тарткыла деп жатабыз. Оңчулуктуу жооп жок.

"Анык кулчулук ушул"
Бейшенбек ЭСЕНАЛИЕВ, Нарын шаары:
- Мен Нарындан баргам. Булардын телеканалдар аркылуу берген рекламасын көрүп кабылып калдым. Бизди узатып да эч ким барган жок. Атайын киши Пермь шаарынан тосуп алат дешкен. Ошентип бир автобуска салып жиберишти. Жол азабын аябай тарттык. Казакстандын бажылары суткалап өткөрбөй кармаган учурлары болду. Өзүбүздүн жаныбыздан акча чыгарып, берип жатып араң жеттик. 3-4 сутка автобуста жүрө берсең буттарың кадимкидей шишип кетет экен. Көбүбүз баспай калдык. Пермге 200 чакырым калды дегенде бир кызуу жаш жигит тосуп алды. Колунда пиво.Талант Рахманкулов деген ошол экен. Ошентип бизди Пермге киргизбей, андан 260 чакырым алыстыктагы Чернушка деген айылга алып барып, жанагы ат сарайга тыкты. Эртеси 33 баланы андан 28 чакырым алыстагы Куеда деген айылга алып барып таштады. Жыйырмабыз Чернушкада калдык. Көрсө, Талант кул сатар ошентип бытыратып бөлүп, бир-бирине катташтырбай, айлыктарын бербей көнүптүр. Сураштырсак, бизге чейин өзбек, тажик, кыргыз балдар бир жылдап иштеп, аягында 10 миң рубль алып эптеп кетишиптир. Сегиз күн ошол жерде жашап, иштеп, ит көрбөгөн кордукту көрдүк. Жаткан жайыбыз суу тактай төшөлгөн сарай. Төшөнчү-орунчу дегенден дайын жок. Киймибиз менен жатабыз, ошол кийим менен кирпич коебуз. Суткасына бир маал тамак берет. Дагы жакшы жаныбызда анча-мынча тыйын бар эле, дүкөндөрдөн бирдеме алып оокат кылдык. Ошол учурда Кыргызстандан мурдараак барган 16 кишини үстүбүзгө киргизди. (Алар да атайын келишим менен барышыптыр). Аларга тапчандан орун тийбей, бетон полго жатууга туура келди. Кээ биринин буттарында резинка өтүк. Чулгоолору тоңуп калган. Айлык алдыңарбы десек, кайдагы айлык дейт. Ошентип келишим демиш болгону менен өзүбүздүн эле кыргыздар алдоо жолу менен алып барып кулчулукка сатып жатыптыр. Муну көрүп артка кайттык.

"Уулум ооруп келди"
Люба Рысалиева, Бишкек шаарынын тургуну:
- Мен 24-октябрда кеткен Бегимкул уулу Тилектин энеси болом. Кудайга миң мертебе шүгүр, баламдын ушулар менен аман-эсен келгенине. Булар өздөрү менен кошо ала келиптир. Уулум консерваторияда окучу. Орусияга акча таап келейин деп келишим менен кеткен. Келишимде 20 миң рубль деп жазылып, анын үч миңи Талант Рахманкуловдун үлүшү болот дешкен. Биз макул болгонбуз. Жанагы Азис, Арстан, Айдар деген ортомчулар Орусияга бул жактан киши таап жөнөтүшөт тура. Буларга мамлекеттик борбордун директору Нурдин Тынаев, орунбасары Айгүл, жардамчысы Бегимай табакташ. Антип айтканга негизибиз бар. Көрсө, Нурдин менен Айгүл экөө адегенде барып чалгындап келишиптир. Бизге үч этаж особняк салат, үч маал ысык тамак менен камсыз болот деп айтышкан. Особняк салбай эле ар кайсы жерде азаптуу жумуштарды кылып араң келди уулум. Мен буларды тим койбойм. Прокуратурага чейин барам. Уулум азыр ооруп жатат.

"Бул биринчиси эмес"
Абдыжапар НУРДИНОВ, журналисттердин "Калем ордо" коомдук уюмунун төрагасы:
- Биздеги миграция агымын үч топко бөлүп кароого болот. Биринчиси, соода-сатык менен алгачкы баргандар. Алардын көпчүлүгү Орусиянын жаранын алганга аргасыз. Антпесе бул тармакта иштеш кыйын. Ошол эле учурда алар этникалык топ катары өздөрүн ача албай калган. Шайлоо учурунда эле эстебесек, башка учурда булардын бар-жогу менен эч кимдин иши жок. Алар бул жакка келип кыймылсыз мүлк же жер сатып ала алганга мыйзам боюнча укугу жок. Ошентип ортодо асылып турушат. Экинчи тобун мезгилдик (сезондук) мигранттар деп койсок болот. Буларга тууган-уруктарынын, тааныштарынын артынан баргандар кирет. Алар поюзга түшүп эле жөнөп кетишкендиктен миграция министрлигинде да, жергиликтүү каттоо бөлүмдөрүндө да так эсеби болбойт. Колдорунда эмгек келишими дегенден эч нерсе жок. Барып алышып ар кандай ортомчулардын колуна түшөт. Ортомчу албетте кыргыз. Жумуш берүүчү ошол ортомчу менен гана сүйлөшүп, биздин мигранттын айлыгына ортоктош болушат. Бул топтогуларда эмгек келишими болбогондон кийин жумуштан бошоп калуу, айлыгын албай калуу коркунучу күч. Иштегиси келбесе талаада калат. Үчүнчү тобуна өкмөттөр аралык келишимдин негизинде, атайын фирмалар тарабынан башка өлкөлөргө жөнөтүлгөн мигранттар кирет. Мурда лицензиясы бар Кыргызстандык фирмалар чет өлкөлүк жумуш берүүчүлөр менен келишим түзүп, биздин жумушчуларды жөнөтүп турушчу. Эмгек, жумушка орноштуруу жана миграция министрлиги ошолорду көзөмөлгө алчу. Аныгында ал фирмалар мигранттардын документтерин топтой салып, келишим түзүмүш болуп, эптеп эле Кыргызстандан чыгарып жиберүүнү көздөй турган. Ал эми келишимдеги көрсөтүлгөндөр сакталдыбы, мигрант жумуш менен камсыз болдубу, айлыгын алып жатабы, медициналык жардам берилеби, үйүнө качан кайтат, түк кызыгып койчу эмес. Натыйжада, көпчүлүк мигранттарыбыз кулчулук абалында калып келген. Азыр ушул министрликтин алдында бул иш менен алектенүүчү атайын борборлор иштейт. Бирок баягы эле ортомчулар бул жакка да кирип кетишип, жогоркудай көрүнүштөр уланууда. Жакында эле Бишкек шаарындагы жумушка орноштуруу боюнча борбору тарабынан (директору Нурдин Тынаев) ар кандай мезгилде Пермь шаарына жөнөтүлгөн жүздөн ашык эмгек мигранттарыбыз ушундай абалда калды. (Баягы эле алчы-таасын жеген ортомчулар ошол жакта жүрөт.) Бул борбор 22-ноябрда Пермге жөнөтүлгөн 53 адамдын ону менен гана келишим түзгөн. Жол алыс, машина күтүп калды, келишимди ошол жактан түзөбүз демиш болуп шаштырып, жанагы ортомчулардын колуна салып берген. Орусияда да биздин мигранттардын эсебинен туйтунган, жалган фирмалар толуп жатат. Жанагы булар менен келишим түзгөн "Альянс-Р" фирмасы (директору Талант Рахманкулов) ошондойлордун бири. Баргандан кийин буларды үч күндүн ичинде каттоодон өткөрүп, 10-15 күндүн ичинде жумушка уруксат алып бериш керек эле. Бирин да жасашпай, жумушка салганга, коркутуп-үркүткөнгө барышкан. Ушунун өзү Орусиянын, биздин мыйзамдарды бузгандыкка жатат. Натыйжада алар кайтып келүүгө аргасыз болду. Моралдык, материалдык чыгым тартышты, ден соолуктарынан ажырады. Кыргызстандын эмгек, жумушка орноштуруу жана миграция министрлигинин Оштогу калкты жумушка орноштуруу борбору да ушул жылдын январь-февраль айларында түштүк аймагынан 84 кишини Хабаровскиге жөнөтүшкөн. Аны айтып отурсак узак сөз. Алар да дал ушул Пермге баргандардын абалында калган.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ,
сүрөттөр А.НУРДИНОВдуку