17.11.10 - 7-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Ала допучандарда эмне мандем бар…
Өзбек диаспорасынын лидерлеринин бири Алишер Сабиров июнь коогалаңынан кийин Кыргызстандан чыгып кеткен. А киши учурда үй-бүлөсү менен Россиянын борборунда жан сактоодо. А.Сабировдун финансылык абалы оорлоп калганбы, айтор, анын жайма базардан арзан тамак-аш сатып алып жүргөнүн көргөндөр айтышат. Ишенимдүү булактардан алынган маалыматка ылайык, дагы бир ала допучан мекендешибиз Иномжан Абдурасулов да Москвада экен. Өзбек тыңчыкмаларынын башы Россияда бириккенинде бир маңдем жокпу, ыя? Муну улуттук коопсуздук кызматы иликтеп көрөөр…

Келин келди, жар-жар!
КСДП фракциясынын депутаты Дамира Ниязалиева узаган жумада уулун үйлөп, "Алтын ажыдаар" ресторанында Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык тартып, той өткөрдү. Үйлөнүү үлпөтүнө жалпысынан 300гө чукул мейман катышты. Алардын арасында Өмүрбек Текебаев баштаган парламент лөктөрү бар. Дамира айымдын "классташы" Асылбек Жээнбеков эки жаштын өкүл аталыгына дайындалганын эскерте кетели. Не демекчибиз, жаңыдан турмуш жолуна аттанган эки жаш бактылуу болсун, ылайым эле кармашкан колдору ажырабасын.

Бакылдаган текени…
Жаңы жылды утурлай "Майдан" аттуу гезит маалымат каражаттарынын катарын толуктамакчы. Жаңыдан көз жарчу басылманын артында эл өкүлү Камчыбек Ташиев турарын эшиттик. Кыдыршай аксакалдын уулу "Майданды" кыргыз журналистикасынын тарыхында калчудай гезит кылам, нускасы бери дегенде 20 миңден түшпөйт деп бакылдаганы. "Бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз" демекчи, "бригадачыл" депутаттын мунусу куру дымак бойдон калбаса эле болгону.

Бул эмес, далай пландар өлбөдүбү
"Ата мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Аликбек Жекшенкуловдун мамилеси сууп калганын эркин гезиттердин бири кабарлаган. Мындан улам, Өмүрбек Чиркешович Аликенин жардамын өмүрү унутпасын, ЖК төрагалыгына отурса эле ал Тышкы иштер министрлигине бармактыгын, журналисттер экөөнүн ортосуна от жагуу максатында ушундай чагымчыл маалыматтарды таратууда деп санаалаштарына күңгүрөнүптүр. Тагдыр экен, Өмүкеге спикерлик кресло буюрбады. Кызык, эми ТИМ дегенде түн уйкусунан ойгонгон А.Жекшенкуловдун айласы кантээр экен?

Мугалимдерди ойлогон киши жок
Кыргыз бийлиги келерки жылдан тартып мугалимдердин айлыгы 30%га жогорулатыларын "сүйүнчүлөдү". Ал эми финансы министри Чоробек Имашев педагогдордун маянасын көтөрүүгө каражат жоктугун билдирди. Ачуу да болсо чындыкты айтканы үчүн Чоробек мырзага баракелде. Дал ушу маселе "Республика" фракциясынын жыйынында талкууланып, анда финансы министри: "Мугалимдердин айлыгын көбөйтүүнүн жалгыз жолу бар. Анүчүн чиновниктердин кызматтык унаасына каражат бөлүнбөшү керек. Силер буга даярсыңарбы?" таризинде депутаттарды жарга такады. Мындай күтүүсүз бурулушка эл өкүлдөрү ачык жооп бералбады. Андыктан, 30%дык "өсүүдөн" үмүт этпей эле коюшубуз керек го…

Акылбек ага жеткирбес
ЖоКе жарыштын астында "Ар-намыстын" өкүлү Акылбек Жапаров : "Биздин партия парламенттик шайлоодо алдыңкы орунду ээлейт" дегендей мактанган. Ал антсе, эркин журналист Сабыр Муканбетов : "Жок. Эгер айтканың туура келсе мен сага бир жылкы берем. Тескерисинче чыкса мага кыл куйрук белек кыласың" дейт. Ошентип экөө жигитче кол алышып убадалашкан. Арийне, "ар-намысчыл" депутат ал сөзүнөн тайып, алигиче карызынан кутула элек. Буга С.Муканбетов катуу жинденип: "Акылбек убадасын аткарбаса сотко кайрылам, абийирин айрандай төгөм" деп чамынууда. Акылбек Үсөнбековичтин байлыгы жетиштүү эмеспи, бир жылкынын тагдырын сотко жеткирбей эле чечип коер. Же депутаттык кол тийбестигине таянып, бу саам да суудан кургак чыгабы?

Жигит экенин эми көрөрбүз
Экс-депутат Кубанычбек Кадыров өткөн жумада президент Роза Отунбаевага жолукту. Анда мамлекет башчысы эски "парталашына" финансы полиция кызматынын төрагасы менен ИИМ орунбасарлыгын сунуштады дейт. Бирок бу жерде талаш маселе бар. Кадыров КСДП лөгү Алмазбек Атамбаевден кечирим сураса гана жогорудагыдай кызматтарга барышы мүмкүн. Ушундан эле өлкөдө кимдин кожоюндугу жүрүп атканы таасын байкалат. Кыскарта чапканда, Кубанычбек мырза үчүн чечүүчү мезгил келди. Ал бардыгына кайыл болуп Атамбаевдин тизесине жыгылышы зарыл же кызматтан да жигиттик намысы жогору турарын далилдеши абзел…

Алмакенин "арзуусу"
Кечээги оппозиционер Алманбет Шыкмаматов мамлекеттик каттоо кызматынын ачендигине көчүк баскандан бери кыз жандуу болуп баратканын аны жакындан тааныгандар айтышат. Айрыкча суйкайган перилерди көргөндө көздөрү жайнап, дароо "торуна" илет дешет. Ноябрдын аяк ченинде тележурналист Чынара Капарованы "свиданиеге" чакырып, ага деген "арзуусун" билдирип, жүрөгүн садага чаппайбы. Чынара айымдын чечкиндүүлүгүн ушундан бил, тиги беренди катуу кагыптыр…

Атамбаев чын эле ушинттиби?
"Форум" гезити жабылуу коркунучуна кептелди. Себеби, КСДП төрагасы Алмазбек Атамбаев гезитти каржылоону токтотуп, мындан ары өз арбайыңарды өзүнөр соккула дептир. Муну уккан "Форумдун" көшөгө артындагы башредактору Рыскелди Момбековдун саясатчылар "эшеги суудан өткөн соң" талаага таштап кетишет турбайбы деп арман күү чалганы бизге чейин жетти. Ошондон бери кесиптешибиз жаңы басылма түптөп, азыркы бийликке каршы "маалымат согушун" ачуунун үстүндө чуркап жүрөт.

Темике өкмөткө теминди
"Ак шумкар" партиясынын жетекчиси Темир Сариев жаңы өкмөт курамына кошулуп калышы ыктымал. Анткени ал күнү кечээ "бригадачыл" депутат Камчыбек Ташиевге жолугуп, эт кайнамча убакыт сүйлөшүп отурду. Бизге жеткен маалыматка караганда, "Ата журттун" "атаманы" тигиге министрликтин бирин ыйгарууга убада бериптир. Экөөнүн "соодалашуусу" канчалык деңгээлде жүзөгө ашар экен? Күтө жаталык.

Спикерликтин баасы канча?
Өмүрбек Текебаевдин спикерликке шайланбай калышына байланыштуу
оозду ачырчу жаңылыктар калкып чыга баштады. Алсак, сырткы күчтөр Текебаевди "белге чабуу" үчүн 1,5 млн. долларга жакын каражат сарптаганын эшиттик. Тагыраагы, "каршы" деп добуш берген депутаттардын ар бири 150 миң "жашылбайга" туйтунуптур. Эми парламент "босстугуна" Ахматбек Келдибековдун талапкерлиги коюулары каңкууланууда. Келдибеков спикер болсо жыргаптырбыз…

Ким эмнени каалайт?
Коалиция маселеси оң жагына чечилээрине көзү жеткенби, өзгөчө кырдаалдар министри (ӨКМ) Дүйшөн Чотонов түйүнчөгүн түйүнүп кетүүгө камынып атыр. Анын ордуна экс-вице-спикер Азизбек Турсунбаевдин талапкерлиги каралууда дешет билермандар. Бирок Азизбек мырза саясаттан убактылуу четтеп, ишкерлигин өнүктүрүү чечимине токтолгон. Ал саясый аренага кайтып келбесе, ӨКМ башчылыгына Бакыт Төрөбаев "конот". Минтип ишенимдүү айтканыбыздын себеби, Эргеш атанын уулу вице-спикерлик менен аталган министрликти мээлеп туру. Ошол эле учурда вице-спикерликти басып жыгылууга Алтынбек Сулаймановдун шансы жогору. Не дегенде, аны ЖоКедеги түштүктүк депутаттардын басымдуу бөлүгү колдойт. Мындай шартта бала Төрөбаевдин ӨКМ жетекчилигине макул болуудан бөлөк аргасы жок.

Ишенген кожосу бар да
"Ар-намыстын" атынан депутаттыкка шайланган Анвар Артыковдун өктөмдүгү күн санап ашынып баратыр. Кечээ эле тилин тишине катып унчукпай жүргөн неменин бүгүн "баатырга" айланып чыга келгени көпчүлүккө түшүнүксүз. Көрсө, сырдын түйүнү бу жакта экен. Расмий Ташкенттеги таасирдүү фигура Артыковго көмүскө команда берип, шыкактап атат дейт. Бу туурасында атайын кызматка жашыруун маалымат түшкөнүн "үч тамгачылардын" күбүр-шыбырынан байкоого болот.

Майлуу жер кантип бош калсын
"Манастагы" Транзиттик борборго күйүүчү май ташуу боюнча канча жылдан бери эле талаш-тартыштар болуп келүүдө. Кандай бийлик келбесин ушул жердин кайырмагына илинет да турат. Биз билгенден президент Р.Отунбаева бу саам ал жерге күйүүчү май ташууга эч ким кийлигишпейт, ортомчулар болбойт деп айткандай болду эле. Азыркы күндө ААК "Газпромнефть Аэро" кыргызстандык "Мега Ойл" ЖЧКга авиа күйүүчү майдын тоннасын 670 доллардан сатат. Ал эми "Мега Ойл" ЖЧКсы ошол майды ГП ТЗК "Манаска" тоннасын 850 доллардан сатат экен. Россия менен Казакстандагы жол акысы 90 долларды түзөрүн адистер айтышууда. Ал эми калган 90 доллар кимдин чөнтөгүнө түшүүдө? Деги эле "Мега Ойл" ЖЧКсы кимге тиешелүү?
Көрсө, ал Болот Абилдаевге тийиштүү экенин билдик. Б.Абил-даев ушу тапта "Газпромнефть Азиянын" жетекчиси экени бел-гилүү. Ал эми "Мега Ойлдан" күйүүчү май сатып алып жаткан ГП ТЗК "Манастын" жетекчиси М.Малатаев Б.Абилдаевдин мурдагы биринчи орунбасары.
"Жаңы Агым" - пресс