17.11.10 - 5-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Ааламда

Тирешүү
Мелис СОВЕТ уулу

Канчалык жаап-жашырбайлы бир кездеги 15 союздук республикалардын түздөнгөнү, ишенгени дагы деле Россия. Муну учурда көз карандысыз аталган бир катар өлкө башчылар төгүнгө чыгара албайт, тескерисинче, бышыктап келатышат. Дегеним, Белоруссияда 19-декабрда президенттик шайлоо болгону турат. Өлкө мыйзамы боюнча өлкө башчысын шайлоонун акыркы мөөнөтү 6-февраль. Конституцияда президентти эл шайлаары ачык-айкын жазылган. Учурда ажолукка ат салышкан он талапкер, анын ичинде төртүнчү мөөнөткө президент болгусу келген азыркы өлкө башчысы Александр Лукашенко да бар. Буга чейин Кремлге сөөмөй кезеп келгендиктен, жай айларынан тарта эле коомчулукта анын таасири Россияда абдан төмөндөгөнүн, андыктан анын шайлоодо утуп чыгуу мүмкүнчүлүгү аз экени айтыла баштаган эле. Атургай Россия телеканалдарында ага каршы маалыматтык чабуулдар да күчөгөн. Бул келечектеги президент тагдырын эл эмес Россия чечет дегендик эмеспи. Президенттик шайлоого утурлайбы же чын эле Россиянын Белоруссияга сатылчу нефти пошлинасын алып салганынан уламбы, Лукашенконун Москва тууралуу пикири дароо "жүз сексен градуска" өзгөрүлдү. Бир кезде "Лукашенконун Москва менен эч кандай сүйлөшүүсү болбойт" деген Александр ажо президенттик шайлоого бир жума калганда "Россия-Белоруссиянын алакасы бузулуп, ажырымы күчөшүн каалагандардын үмүтүн мен суу сепкендей өчүрөм. Баары алар ойлогондой болбой, тескерисинче, жакшы болот. Биз эки өлкөнүн кызматташтыгынын жаңы тепкичине көтөрүлдүк" деп жар салды. Буга улай ал шайлоо аяктаары менен Белоруссия парламенти Бирдиктүү Экономикалык Мейкиндикти (БЭМ) түзүү боюнча 17 макулдашуудан турган пакетти ратификациялаарын убада кылды. Ал ортодо БЭМди тыңгылыктуу түзө албай жатып, Минск менен Москва Евразия союзун түзүүнү да талкуулап киришти. Бул бир караган адамга Москва илгерки кол балдарын кое бергиси келбегендей түр калтырууда.
Албетте ири держава катары Россияны постсоветтик өлкөлөргө кандай адам президент болушу көп деле кызыктырбайт. Ошентсе да Москва Орто Азия өлкөлөрүнүн башында туруп, эки тизгин бир чылбырды дайыма колго кармап тургусу келери жашыруун эмес. Ушул эле Лукашенконун "кечээ эле батыштын скрипкасында ойногондор, бүгүн Москванын балалайкасында ойноп жатышат. Алар Москвага ар кандай көрсөтмөлөрдү жана акча алууга барып жатышат" деп беларусь оппозициясын айыпташы буга ачык күбө. Чынында мурдагы союздук республиканын кайсынысында болбосун учурда Россия менен батыштын колдору малынып турат. Ошол эле Грузия, Тажикстан, Өзбекстандагы болуп өткөн окуялардын артында Россиянын көлөкөсү бар дешет айрым саясый серепчилер. Атургай учурда Орто Азияда кадыры артып бараткан Казакстандын да Кремлге ыктап турушу башка коңшу мамлекеттерди Россия менен жакшы мамиледе болууга түртпөй койбойт.
Россия менен кырдыбычак болуп, Батышка оогон Грузия президенти Михаил Саакашвили да Россиянын Грузияга болгон маданий, саясый таасири дээрлик нөлгө түшкөнүн айтып, бирок ошол эле мезгилде Орто Азияда, Молдова, Украинада, кавказ өлкөлөрүндө жергиликтүү лидерлерге караганда Россия лидерлери бир кыйла популярдуу, таасирдүү экенин моюнга алган. Анын бул пикиринен союздук өлкөлөр канчалык АКШга, Батышка ыктабасын, баары бир Кремлден чочулап турары ачык байкалат. Муну бир кезде Кытай президенти Ху Цзин Тао да ачык билдирген. Эл аралык экономисттердин айтымында, советтик өлкөлөр экономикалык кризистен ЭВФ жана Россиянын көмөгүсүз чыгуу мүмкүн эместигин да айтып келишет. Бул демек, ар бир өлкөдө Батыш менен Кремлдин тирешүүсү, саясаты, кийлигишүүсү сөзсүз боло берет дегендик.





  Ала-тоодо

Үмүт
Темирбек АЛЫМБЕКОВ

Учурда Ала-Тоо койну дүрбөлөң. Демейде анча-мынча айлыгына ыраазы болуп, өмүрүн балдарды окутууга, болочок муундарды тарбиялоого арнап, тынч иштеп жаткан мугалимдер жарылды. Турмуш жеткирдиби, же министр Канат Садыков айткандай ким бирөөлөр тукурдубу, айтор жарылды. Түтүнү бүт республиканы каптап кетти.
Акыры ушундай болмок. Бүгүн айлыктын эң азы ушул мугалимдер менен врачтардыкы. Өзүн-өзү сыйлаган, мамлекеттин келечегин, жарандарынын ден соолугун ойлогон мамлекетте мындай болбош керек эле. Бул маселе дайыма эле курч коюлуп келген. 2003-жылы мугалимдердин статусун көтөрүү жөнүндө салмагы сайдын ташындай, калыңдыгы бир карыш токтом кабыл алынганы менен бирөө да аткарылган эмес. Атургай ошондон берки педагогикалык стажысы үчүн төлөнүүчү акчасын алалбай, 2008-жылы гана Бакиев бийлигин кекиртектеп жатып араң алышкан.
Мугалимдердин нааразычылыктары Базар-Коргондон башталганда эле Жети-Өгүз районунун мугалимдери аларды колдоорун билгизишкен эле. Кийин Талас, Нарын, Ош облустарында да мугалимдер үн катып, республика боюнча жалпы мугалимдердин иш таштоо коркунучу келип чыкты. Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулов "…мугалимдер түшүнүктүү эл. Өлкөбүздөгү саясый, экономикалык кырдаалды жакшы билишет. Ошондуктан жалпы массалык түрдө чыгуудан азырынча тартынып турушат. Биз дагы араң кармап турабыз. Болбосо алар деле чегине жетип калды. Бүгүнкү күндө 1000 сом менен ким жашасын. Мен дагы жогорулатып айтып жатам. Парламент тезирээк ишке кирип элди ойлобосо, мындан ары мугалимдерди кармап туруу кыйын" деп мугалимдердин таламын талашып жатат. Техникалык өкмөт эптеп жаңы жылдан кийин 30%га көбөйтүп берели дешүүдө. Ошондо ар бир мугалимдин айлыгына болгону 300 сом кошулат экен. Бул үчүн 1 млрд. 200 млн.сом кошумча каражат керектелет. Финансы министри Чоробек Имашов ушул каражатты да табуу кыйын болуп жатканын билдирген.
Байкап баксак, чыны менен азыркы мугалимдерге эстелик койсок деле жарашчудай. Айталы, эмгек стажысы жок жаш мугалим 1040, ашып кетсе 1560 сом айлык алат. Ал эми стажысы бар мугалимдердики 1966, кыйратты дегенде 2782 сомго араң жетет. (Мунун баары 22 кошумча төлөнчү акчаларды кошкондо). Билим жана илим министрлиги муну тарифтик сетка каралбай, "Билим берүү жөнүндө", "Мугалимдердин статусу жөнүндө" мыйзамдардын иштебей жаткандыгынын кесепети деп түшүндүрүүдө. Бүгүнкү күндө мугалимдер жергиликтүү бюджеттен айыл өкмөттөрү аркылуу каржыланат. Аларга берилчү бюджеттин акчасы ошолорго бөлүнөт. Ошондой эле айыл өкмөттөрү өздөрүнүн кошумча каражаты менен да колдоп турууга милдеттүү. Бирок республика боюнча 40 гана айыл өкмөтү дотация албай, өздөрүнчө жан бакканга жарап жатыптыр. Демек, жакын арада мугалимдер жергиликтүү бийликтен жардам алып деле жарыбайт.
Мындан тышкары, мыйзамга ылайык жергиликтүү бийлик жаңы барган жаш мугалимдерге үй салууга жер, 10 айлык акчасын бир берип, жадырап жайнап тосуп алууга дагы милдеттүү. Республика боюнча алганда 3619 мугалимдин жетишпегенине караганда бул жагы деле жайында эмес. Айтор Ала-Тоодогу агай-эжейлерибиздин абалы күн өткөн сайын кыйындап барат. Эртеңи кандай болоор экен?





Абийирде Мамиле
Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА

Жумуш күнү аяктаганда эл катары аялдамага шашып, бут коерго жер жок коомдук унаага түшөсүң. Кечинде эч кимдин сиркеси суу көтөрбөй көбү чынтийбес келишет эмеспи. Бирөөнүн бутун бирөө басып алып биртопко чейин ызы-чуу салып айтышып баргандары кадыресе көрүнүш.
Баарынан да босогодо сыгылып, төр жакта музыка угуп же терезени телмире тиктеп отурган жаштарга үмүттүү караган карыларды көргөндө заманаң куурулат. Аны менен жаштардын иши эмне? Ар ким өз ою менен алек… Кээ бир жаштар калдастай өз күнөөсүн сезгенсип ордунан тура калса, айрымдарынын мурдун балта кеспей алдыңкы катарда эле чалкалап отуруп баратат. Карылардын кээси ачык эле жаштарга, аларды тарбиялаган ата-энесине наалат айтса, айрымдарынын жүзүнөн "азыркы жаштардан жакшылык күтүп болбойт" деген көмүскө таарынычты окууга болот.
Азыр да көпчүлүктүн күүсү менен сүрүлүп жашы жетимиштер чамасындагы чачын ак аралаган аксакал түштү. Алдыда отурган жаш кызды ордунан турат деп үмүттөндүбү жанына барып туруп калды эле, анын деле көрөйүн деген көзү жок. Элдин көбү кайдыгерликтин кайыгында сүзүп калганбы, унаанын ичинде толгон элдин бирөөсү да жаштарга "кары адамга орун бошотуп берсең боло" дегенге жараган жок. Тиги киши бир убакта энесине жанаша отуруп келе жаткан баланы көзү чалып, "балаңды алдыңа алып отурсаң болбойбу" деди эле, энеси "менин баламан башка отуруп келе жаткан жаштар толуп жатат, мен балама сегиз сом төлөдүм" деп кыйкырып кое берсе болобу! Мындайды күтпөгөн киши биртопко чейин үнсүз бозоруп туруп калды. Карынын ошол кездеги көрүнүшү чындап эле аянычтуу эле. Ичимен тиги орун бошотуп бербей койгон аялды жек көрүп, ага кошуп жанында отурган баласына да жиним келип бараттым. Мына сага, улууну урматтап, кичүүнү ызаттаганга үйрөтө турган адамдын айткан сөзү. Азыр апасынын жанында отурган кичинекей бала кийин "сегиз сом төлөсөм турбай отурганга акым бар тура" деген түшүнүк менен чоңойсо керек. Уядан көргөнү ушул болсо, учканда эмнени алмак эле? Кичүүлөргө үлгү болчу аялдын айткан сөзүн уккан жаштар кайда барат эле?
Ушул көрүнүштөн улам көңүлүм кирдеп, ансыз деле чарчап келе жаткан жаным ого бетер көңүлүм чөгүп жаман акыбалда калдым. Тиги киши үйүнө жеттиби же ал дагы ызасына чыдаган жокпу, көп өтпөй унаадан түшүп кетти. Ошол адамдын ордуна эмнегедир өз ата-энемди, өзүмдү элестеттим. Менин атам же апам ушинтип бирөөнүн кагуусун жешин каалабас элем… Тиги киши деле бирөөнүн атасы, бирөөнүн чоң атасы болсо керек. "Бир карын майды бир кумалак чиритет" болуп мактоо сөздөр аз айтылган, маңыроо жаштардын катарын толуктап жүргөнүмө арданып, улуу муундардын алдында басынуу сезим пайда болду менде.
Өзүнөн улуу адамга орун бошотуп береби-жокпу ал ар бир жаштын өз абийири деңизчи, ошентсе да өзүнүн атасы менен тең адамды тургузуп коюп кантип камырабай отуруп келе жатат деген суроо менин мээме тынчтык бербеди.
Деги эле азыркы жаштар кайда баратабыз? Улууга урмат, кичүүгө ызат деген түшүнүк кайда? Өмүр бою азыркыдай сүлкүлдөп жаш бойдон өтпөгөндөн кийин, биз да ушинтип босогодо сагалап калчу күнгө туш болгондо не кылабыз деген суроолор түйшөлтөт. Эмнегедир ошол карыянын томсоргон жүзү көпкө чейин көз алдыман кетпей койду. Бечара абышка азыр канчанчы маршрутта тикесинен тик туруп, жаштарды үмүт толгон (же үмүтү үзүлгөн) көз караш менен карап бара жатты экен?..