17.11.10 - 29-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Жара тилинген жаштык

"Мен да адаммын, мени да жакшы көргөндөр бар"

Жашы жыйырмага жаңы гана толгон Гүлайша кичинекей Алияны атасыз багып жатат. Маңдайы жарык, өң-келбеттүү бул кызды сыртынан көргөндөр кылчайып карап өтөт. Гүлайша тагдырын талкалаган дарыгерлердин өмүр бою майып деген атка кондурганына кейип келет. Ошентсе да маңдайына жазылган жазмышына моюн сунуп мөгдүрөп калбай, келечектен жакшылыкты үмүттөнгөн Гүлайшанын кебин угуп, анын кайратына баа бердим.

- Кичине кезимде таенемдин колунда чоңойгом. Эки жашымда ооруп, этим ысып атканда дарыгерлер эмдөө үчүн мага ийне сайышыптыр. Таенем ошондо эти ысып ооруп атат, эмдебей эле койгула деп дарыгерлерге жакшы эле чырылдаптыр. Тигилер эч нерсе болбойт деп коюшкан экен. Мага ийне сайылгандан кийин реакция жүрүп, сол капталым кыймылдабай, эсимди жоготуп, бир ай ооруканада реанимацияда жаттым. Туура эмес ийне сайган дарыгер Бишкектеги №8 бейтапканада иштечү. Таенем аны сотко берейин десе кичинекей эки балам бар деп жалдыраган экен. Эки жашыма чейин чуркап жүрсөм, дарыгердин туура эмес эмдөөсүнөн кийин бир жак капталым жакшы кыймылдабай, аксап, сол колум да иштебей калды. Ооруканадан чыккандан кийин баспай калыптырмын, таекемдин кичинекей баласына жармашып жүрүп басып кеткенсиң деп айтышат үйдөгүлөр. Негизи өзүм ден соолугум чың эле төрөлгөм.
Мектепке 1-класстан 3-класска чейин таенем алпарып-апкелип жүрдү. 4-класстан баштап Военно-Антоновка айылындагы өз ата-энемдин үйүндө жашадым. Кайра 8-9-классты бияктагы 1-классты окуган мектебимден аяктадым. Мектепте окуп жүргөндө башкалар чолоксуң, майыпсың деп мени шылдыңдап, кемсинткен учурлар көп болду. Атүгүл бир жолу классташ уйгур кыздар кекиртегиме бычак такап, өлтүрүп кетебиз деп да коркутушкан. Бул тууралуу ата-энеме айтсам, алар мектепке барып бир сыйра териштирүү болгону эсимде. Ошондон кийин тиги кыздар мага тийишпей калышкан. Военно-Антоновка айылындагы 1-лицейде окуп жүргөндө да окуучулар коркутуп, көп кемсинтишчү. Мени кордогон кыздарды окуу жайдын жетекчилери лицейден чыгарып жиберишкен. Алар кыргыз кыздар болчу.
9-классты аяктагандан кийин мектепте окугум келбей калды. Андан көрө башка окуу жайга тапшырайын деп ойлодум. Өзүм компьютерге кызыкчумун. Компьютердин окуусун улап бир кесипке ээ болоюн десем, башымдын кан басымы жогорулап оорутканына байланыштуу аны да токтотуп койдум. Андан көрө англис тили боюнча курстарга барайын деп жүргөн кезде турмушка чыгып кеттим.
Оору кайгысын соо билбеди
Санжар менен төрт ай сүйлөшүп, баш кошконбуз. Өзүнүн түбү Нарындан эле, ата-энеси Бишкектеги Көк-Жар жаңы конушунда жашайт. Санжардын өзүнүн энеси кичинесинде эле каза болуп, өгөй энеси чоңойткон экен. Төрт ай кыз-жигит болуп бири-бирибизди жакшы түшүнүп, жылуу сезимдер менен баш кошкон элек. Бирок экөөбүздүн үйлөнүү тоюбуздан кийин эле Санжардын мүнөзү өзгөрүлүп, мени теңсинбей, кагып-силкип, сөгүп, атүгүл сабай баштады. Анда мен кош бойлуу элем. Боюмда бар экенине карабай чачтан жулуп, колу тийип жүрдү. Ага жасаган жакшы мамилемди баалаган жок. Үйгө конок келсе мени жашырып, сенден уялам деген күндөр болду. Анын туугандары экөөбүздүн үйлөнүү тоюбуздан кийин менин сол колум жакшы иштебесин билиптир. Азыр бутум деле аксабайт. Ошондон кийин Санжарга башка кыз табылбай калгансып, эмнеге майып кызга үйлөнгөнсүң деп айтышчу экен. Эртеби-кечпи бул аялың менен баарыбир ажырашасың дептир. Экөөбүздүн ортобузда талаша турган олуттуу маселе деле жок болчу. Кайын журтум да менин колумдун оорулуусун баса айтып, Санжарды бузушту. Анын туугандарынын сөзүн угуп, мени кемсинткен мамилесинен катуу көңүлүм калды. Акыры боюмда 4-5 ай болуп калганда жашообуз такыр болбой, денемен көгала кетпей, кордук көргөндөн улам экөөбүз ажырашып кеттик.
Мен да бактылуу болоормун, Санжар…
Мындан бир ай мурун кыздуу болуп, атын Алия койдум. Санжарга куюп койгондой окшош. Кыздуу болгонумду кайнатама телефон чалып айтсам, кайдыгер гана "болсун" деп трубканы коюп койду. Өткөндө курбуларым Алияны куттуктап келишиптир. Ошондо бир курбум айтат, анын туулган күнүндө Санжар телефон чалып куттуктаган экен. Курбум "кызың сага окшош экен, барып көрүп койбойсуңбу" дептир. Санжар унчукпай ойлонуп калды дейт. Аны угуп алып, курбумдун туулган күнүн унутпай куттуктаган Санжар кызынын туулганын угуп, аны сурап деле чалып койсо болмок деп ойлодум. Ал балким мени майып кыз төрөдү деп ойлоп аткандыр. Кызым татынакай, алты саны аман чоңоюп атат. Эми Санжар менден кечирим сурап келет деп деле ойлобойм, аны күтпөйм дагы. Эгер Алияны кызым деп келсе, ага каршы эмесмин. Бирок аны көргүм, эстегим да келбейт. Санжар учурда "Народное" дүкөнүндө кароолчу болуп иштейт. Мен али жашмын, жанымда мени колдоп, жакшы көргөн адамдар бар. Алардын колдоосу менен кызымды аман-эсен чоңойтуп алармын. Кызым экөөбүздүн да бактыбыз бардыр, Санжар. Бир кезде менин майыптыгымды айтып кордогонуңду, сага деген ак сүйүүмдү тебелегениңди, карабай таштап кеткен кызыңды эстээр бекенсиң…
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА