17.11.10 - 28-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Дени сактын майып менен иши жок

Балдардын назарын сындырган ырчы "жигиттер"
(Башы 15-бетте)

- Ырчылар менен иштешүү оорчулук жараткан жокпу?
- Кыргыз эстрада ырчылары жакшы колдоо көрсөтүштү. Бул жерде балдар кайсы ырчы менен чыккысы келсе ошону тандашты. Биз аларга алдын ала байланышып колдоо көрсөтүүсүн сурандык. Көбү чакырылгандан кийин келем деп коюп, үч-төрт күндөн кийин бара албайм деп чалгандар болду. Айрымдары минусовкасын таштап, үнүн түшүрө бергиле деп коюп, даяр болгондо чалсак тойго кеттим деп кол шилтегендер да чыкты. Арсен деген ырчы жигит бар экен, аны менен Кубат деген балабыз ырдамай болду. Бир жолу келип ырдын сөзүн жаттап тур деп таштап кетти. Ал ырдай турган балабыздын борбордук нерв системасы ооручу. Арсен менен ырдай турган ырдын сөзүн эки күн түнү менен кыйналып араң жаттаган болчу. Чынында нерв клеткасы жабыркаган бала үчүн ыр жаттамак тургай китеп окуган аябай оорчулук жаратат. Бала ырды жаттап бүткөндөн кийин Арсен өзү айткан убактысынан кечигип жатканынан улам чалсам, тойдо жүрөм дейт. Кубаттын кыйналып жаттаганын, үмүтүн үзбөй күтүп жүргөнүн көрүп аябай жүрөгүм ооруп турган болчу. Ачуум менен "анда эмнеге келем деп убада бердиң, баланын мээсине кандай күч келип жатканын билбейсиңби" десем, "мындай майда нерсе менен менин тынчымды албаңыз" дейт. "Сен үчүн майда нерсе болсо, мен үчүн, бала үчүн майда нерсе эмес" деп аябай уруштум. Башыман ылдый кайнак суу куюп ийгенсип, өзүм үчүн эмес ошол томсоруп Арсенди күтүп калган бала үчүн аябай жаман абалда болдум.
- Ал бала анан ырдабай калдыбы?
- Жок, ырдады. Кудай жалгап Айбек Карымов куткарып кетти. Ыр жаздыруу милдетин өз мойнуна алып, эки күн даярданып сахнага чыгарды. Кубат ыр жаттаганга үлгүргөн жок. Бирок сахнага чыкканда текстти маңдайына коюп бердик.
- Кичинекей баланын ырчыларга болгон көз карашы өзгөргөн экен да?
- Барам деп үмүттөндүрүп коюп келбегенден кийин албетте, көбүнүн ою өзгөрдү. Аларды келгиле деп милдеттендире албайбыз, бирок алдын ала чалып суранганда деле убактылары жок экенин ачык айтышса мындай болбойт эле. Арсен эле эмес, Мирбек Иманбеков да ушундай кылды. Бир балабыз аны менен чыккысы келгенинен байланышка чыктык. Үйгө барсаңар аялым диск берет, үнүңөрдү жаздыра бергиле дегенинен анысын да барып алдым. Бир жумадан кийин чалсам бошобой жатам, бара албайм деп койду. Ал жерден балабыз ыйлап, ага кошулуп атасы ыйлап, майып бала үчүн сокку болду. Айла кетип концерт эртең болот деген күнү Максат Бегалиевге чалдык. Ал "мени ушинтип ырчылар менен алмаштырганды жаман көрөм, бирок бала үчүн барам" деди. Ырдай турган текстти жаттатып, жаздырып, бүт түйшүгүн Максат өз мойнуна алды. Эки-үч жума убактыбызды Мирбек алды. "Эже, сарсанаа болбоңуз, барам" деп тил эмизип келди да, жуп башталаарда таштап салды. Андан сырткары Дайыр Исмадияров келбей койду. Урмат Усенов белектерин алып келип "и-ий, ушул ырчылардын ушинтип таштап кеткени жаман, азыр балдарга жүрөгүм ооруп жатат" деп, минусовкасын таштап келем деген бойдон ал да жок. Мисалы, Дайыр Исмадияров, Арсен, Мирбек Иманбеков азыр жаштар сүйгөн ырчылар болсо керек. Бирок майып балдардын алдында жоопкерчиликсиз иш жасап өздөрүн жаман жагынан көрсөтүп коюшту.
Сынактын жеңүүчүлөрү болгон Осмон уулу Улан менен Алина Курманбековага суроо узаттык.

Улан ОСМОН уулу:
"Жашоого болгон үмүтүм жанды"
- Улан, сынакка кайсы ырчы менен чыктың?
- Мен Ош облусунун Ноокат районунан келгем. Сынакта ар түрдүү аспаптарда ойноп биринчи орунга жетиштим. Андан сырткары Сапар Эркебаев менен "Туулган жер" деген ырды аткардым. "Эне эмгеги" кайрымдуулук фонду колдоо көрсөтпөсө азыр мындай ийгиликке жетишпейт элем. Мындан ары да ырдайын деген ой-тилек менен "Кайдасың" деген ыр жаздырып жатабыз.
- Үй-бүлөдө канча бир туугансың?
- Алты бир тууганмын. Алтообуз тең эркекпиз. Ата-энем, бир туугандарым Ноокатта калышты. Ата-эне болгон соң баары бир санаалары тынбай чалып жатышат. Алтообуздун ичинен мен эле ушундай майып болуп төрөлүп калгам. Көзүм ооруйт, алысты жакшы көрө албайм.
- Чоң сахнада ырдаган жактыбы?
- Аябай жакты, башынан эле ырдасам деп дегдеп жүрчүмүн. Жашоого болгон үмүтүм жанды. Келечекке, дегеле жакшы нерсеге болгон умтулуу пайда болду. Алдыга койгон максаттарым көбөйө баштады. Кудайым ден соолук берсе ошол ой-тилектеримди ишке ашырсам дейм.

Алина КУРМАНБЕКОВА:
"Апам мени көрүп зээни кейийт"
- Алина, кайсы ырчы менен дуэт ырдадың?
- Айпери Кубик кызы менен "Сезим" деген ырды аткардык. Башкаларга салыштырмалуу мага Айперинин кайдыгер карабай, мен үчүн жан тартып иштеп жатканы кубандырды. Күнүгө мага келип даярданып, жада калса костюмдарыман бери кам көрдү. Экөөбүздүн үнүбүз да окшошуп кетет экен.
- Үйдө сенден башка ырдагандар барбы?
- Жок, мен кичинемен бери ырдаганды тилек кылып келгем. Менин негизги максатым майыптарга болгон элдин оюн өзгөртүү. Биздей балдардын колунан деле бир нерсе келээрине ынандыруу болду. Апамдын маңдайында отура бергенде мени көрүп зээни кейип, көңүлү чөгө берет. Үйдөгүлөргө оор жүк болбой аларга жардам берип, апамдын эмгегин актайын дейм. Өзүм ооруганым менен жашоодо аябай шайыр кызмын, дайыма күлүп жүрөсүң деп айланадагылар көп айтышат. Буюрса элге кошулуп адам болоюн деген максатымды эми кичинеден ишке ашыра баштайм.
- Ырчыларга аралашкан кандай таасир калтырды?
- Мурда ырчынын жумушу жеңил деген ойдо жүрчүмүн. Алардын жумушу оор экенине эми ишендим. Бирок жогоруда Индира эже айткандай, ырчылардын жоопкерчиликсиз мамилеси жаккан жок. Кандай болсоң да адам бол деген жакшы сөз бар го. Көбү кайрымдуулук десең эле жаа бою качышат экен. Индира эже күнү-түнү телефонду колунан түшүрбөй ырчылар менен сүйлөшүп жатты. Канча белгилүү болсоң да адам катарынан чыкпаш керек го.
Катышуучулардын ушундай пикиринен соң ырчы жигиттердин өздөрүнө байланыштык.
- Кайрымдуулук иштерине катышып жүрөсүзбү?
Арсен, ырчы:
- Мен буга чейин катышып көргөн эмесмин, бирок келечекте колдоп жардам бергим келет. Баргым келген учурда да убакыттын тартыштыгынан бара албай калам. Өткөндө "Арнайм сага, апаке" деген майып балдардын концертине чакырышкан, тилекке каршы Таласта гастролдорум болуп бара албай калдым. Эми алар да сыйлуу чоң эле байкелер болчу, баш тартып барбай койгон да болбойт.
- Концертке барам деп убада бердиңиз беле?
- Эгер убактым болуп калса барам деп айткам… Эми ырчылар деле жыргап жүргөн жок да, өзүбүздүн да тиричилигибиз бар дегендей.
Дайыр Исмадияров, ырчы:
- Негизи убактым болсо барып турам. Жакында жаңы жылга карата кайрымдуулук иштерине чакырышты, бара турган болдум. Эгер мүмкүнчүлүгүм болсо эле барып тургум келет, кээде эле ар кандай жагдайлар болуп калбаса…
Мирбек ИМАНБЕКОВ, ырчы:
- Кайрымдуулук концерттерге барып ырдап эле жүрөм. Өткөндө "Арнайм сага, апаке" деген концертке чакырышкан. Негизи 3-декабрда Спорт Ордосуна барып эки-үч ыр ырдап бердим. Тилекке каршы 6-декабрда зарыл жумуштарым чыгып калып бара алган жокмун.
Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА





Баба мурас баяны

Орхон-Енисей жазуулары кимдики?

(Башы 19-бетте)

- Учурда казактар Орхон-Енисей жазуулары биздики деп "оптом" эле менчиктеп албадыбы? Эми кантип биздин байыркы жазмабыз экендигин далилдей алабыз?
- Бул жазуулардын тарыхы кандай болгон дегенде элге ачык айтып кое турган бир катар тарыхый чындыктар бар. Бүгүнкү күндө биртоп түрк элдеринин өкүлдөрү Орхон-Енисей жазууларын өздөрүнө тартып, бул биздики дегендер чыгып жатат. Мындай ойлор чындыгында эле өтө көбөйүп кетти. Менимче, мен мындаймын деп эле өзүн көкөлөтүү жакшы эмес. Тарых чындыгын бурмалаш кыйын. Мисалы, Казакстанда өтө көлөмдүү, көркөмдүү эки чоң альбом чыкты. Ошол альбомдо булардын баары кыпчактардыкы деп менчиктеп, казактын байыркы жазуусу деген ойлор айтылган. Мындай ойлор Анадолу түрктөрүнүн, уйгурлардын, өзбектердин, татарлардын ж.б. түрк элдеринин айрым өкүлдөрү тарабынан байма-бай айтылып келе жатат. Мындай ойлорду, пикирлерди тике адис эмес адамдар жазып жатышат. Окумуштуулар арасында да азгырылгандар жок эмес. Айрым адамдар айтып, жазып койсо эле, ошондой боло бербейт да. Аныгында казактардын бул жазууга кыйыр гана тиешеси бар. Тикелей тиешеси жок. Тарыхый чындык ушундай. Орхон-Енисей жазуулары жаралган доор христиан жыл санагы боюнча 500-жылдардан башталат. Ошол жылдарда Түрк (Көк) каганаты түптөлгөн. Бул каганат өз доорунун эң күчтүү мамлекети болгон. Борбордук Азияда жашаган көптөгөн түрк элдерин жана урууларын бириктирип турган. Бул каганатты огуздар негиздеген. Алардын азыркы тукумдары азербайжандар, гагауздар, Анадолу түрктөрү, халаждар, түркмөндөр, анан Кытайда жашаган салар деген эл. Бул мамлекет ич ара келише албай Батыш жана Чыгыш түрк каганаты болуп экиге бөлүнүп кеткен. Чыгыш түрк каганатын 745-жылы уйгурлар кыйратып, өздөрүнүн Уйгур каганатын курган. Бул каганат 840-жылга чейин 95-жылдык мезгилди камтыган. Ал жылы аларды кыргыздар талкалап, өздөрүнүн Кыргыз каганатын түптөшкөн. Ошол кыргыз, уйгур, түрк (көк) каганаттарынын тушунда дал ушул Орхон-Енисей жазуулары мамлекетти башкарууда адабий тил катары колдонулган.
Учурда кыргыз тили иштебейт, мамлекеттин тилдик кызматын, милдетин аткарбайт деп эл какшап эле келе жатат. Биздин тарыхыбызда ошондой мамлекеттик тилибиз Кыргыз каганаты деген мамлекетибизде болгон. Адабий тилдик, ошондой эле мамлекеттик башкаруу функциясын аткарган тилибиз болгон. Ошол Енисейдеги Кыргыз каганаты доорунда жазылган жазма тилибиздин үлгүлөрүнүн 400дөн ашууну азыр табылып, изилденип келе жатат. Булардын ичинде Кыргызстандан табылган 50дөй жазуу эстеликтерибиз да бар. Демек, кыргыздар мамлекет куруунун, мамлекеттик тилди колдонуунун салтына ээ эл болгонбуз. Биз кечээ эле 1924-жылы 7-ноябрда "Эркин-Тоо" гезити чыкканда жазуу-сызууга ээ болдук деген түшүнүк, бул тарыхты бурмалагандык болгон. 400дөн ашык жазуулар Кыргыз каганаты учурунда жазылган, кыргызга жана ошол доордо кыргыз мамлекетине кирген башка түрк элдерине орток таандык Енисей жазма тарыхый эстеликтери жогоруда айтылгандардын далили.
- Ошондо бул жазмалардын чыныгы мураскерлери кайсы эл болуп калат?
- Орхон-Енисей жазуулары, жазуу тили дегенде жогоруда айтылган байыркы үч мамлекетти эске алышыбыз керек. Булар Түрктөр каганаты, Уйгур каганаты, Кыргыз каганаты. Бул үч мамлекеттин курамында башка түрк элдери да болгон. Ошондуктан алардын, алардын ичинде казактардын да кыйыр гана тиешеси бар. Орток мурас дегенибиз ошол. Ал эми чыныгы жаратуучусу жанагы үч каганатты курган огуздар, уйгурлар, кыргыздар. Бул чындыкты тарыхтан эч ким тана албайт. Жашыра албайт. Кептин бардыгы бүгүнкү кыргыздар өзүнүн байыркы тарыхын, маданиятын начар билип калгандыгында. Жакында эле Стамбулда техникалык университетте "Өтүкенден Стамбулга чейинки Түркчөнүн 1290 жылдыгы" аттуу эл аралык илимий симпозиумга катышып келдик. Ошол жерде 3 күн бою Орхон-Енисей жазуулары тууралуу чоң сөз болду. Дүйнөнүн ар тарабынан келген окумуштуулар 42 илимий билдирүүлөрдү ортого салышты. Катуу талкуулар болду.
- Бул жазуулардын бүгүнкү күндө Кыргызстанда изилдениш абалына, келечегине токтоло кетсеңиз?
- Кыргызстандагы Енисей жазуу эстеликтерин 5-6 жылдан бери кайрадан изилдөөгө, тактоого аракеттер жасалып жатат. Кыргызстандагы жазуулар боюнча Ч.Жумагулов, С.Сыдыков, К. Табалдиев ж.б.лардын эмгектерин кайрадан көздөн кечирилип, изилдөө иштери улантылууда. С.Е.Малов, И.А.Батмановдун эмгектери да четте калбайт. Кудай буюрса, 2012-жылы "Кыргызстандагы байыркы түрк жазуу эстеликтери" аттуу коллектив (К.Конкобаев, С.Алйылмаз, Р.Алимов, Н.Усеев) даярдаган чоң көлөмдөгү китепти чыгаруу аракетиндебиз.
Темирбек АЛЫМБЕКОВ, тел.: 38-67-13