17.11.10 - 14-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

 "Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин"

Калкына сиңген кайратман ишмер
"Өткөн чечен, өткөн нечен акылман,
Бир башына миң сан ойду батырган.
Өткөн баатыр жоо бетинде эл коргоп,
Өткөн дыйкан кызыл кырман сапырган",
(Элдики)

Жогорудагы ыр саптарында айтылгандай өз элине, жерине ак дилинен өтөгөн эмгектери менен бааланган уул-кыздарынын ысымдары ар бир элдин тарыхында, акыл-эсинде түбөлүккө сакталып кала берет. Ошолордун бири кыргыз элинин чыгаан уулдарынын бири Акматбек Сүттүбаевич СҮЙҮМБАЕВ жөнүндө сөз болмокчу.

Бул киши 90 жыл мурда жарык дүйнөгө келип, өз мекенине ак эмгек кылып, өлкөбүздүн экономикасынын, маданиятынын, илим-билиминин дүркүрөп өсүшүнө чоң салымын кошкон инсан эле. Акматбек Сүттүбаевичтин жигитчилик курагы (1920-ж. туулган) Улуу Ата мекендик согуштун убагына туш келген. Ал согушка катышып, атуулдук милдетин 1939-жылдан 1947-жылга чейин өтөгөн. Гитлердик фашисттердин Советтер Союзуна болгон баскынчылык согушунда жети жыл катары белин чечпей, жанын оозуна тиштеп, көөкөрлөп канын төгүп, элдин, өлкөнүн намысын коргоп, далай баатырлык иштерди жасаган адам болгон.
Ошол жылдардан бир эпизод. Атактуу Г.К.Жуков өзүнүн "Воспоминания и размышления" деген китебинде (Москва, 1969-ж, 654-бет) Берлинди алуу операциясын айтып келип, минтип жазат: "Рейхстагдын имаратына тикеден-тике чабуул коюу идрицкаялык күчөтүлгөн 150-аткычтар дивизиясына тапшырылган эле. Анын башында Советтер Союзунун Баатыры, тажрыйбалуу генерал В.М.Шатилов эле" деп келип, кантип Берлиндин алынгандыгына өтөт. Эми ошол генерал-полковник Шатиловго сөз берели.
Бул атактуу генерал дагы өзүнүн эскерүүсүндө, рейхстагды алуудагы кыйынчылыктарды айтып келип, мындай дейт: "Немецтер дагы бир жолу Бранденбург капкасынан катуу чабуул коюшту… кээ бир жерлерде гитлерчилер биздин согуш тилкебизге кирип келишти. Карлштрассе тараптан болгон алардын чабуулу өтө коркунучтуу эле. Эми гранаталарды ыргытууга туура келип калды. Биздин каршылык кыла турган чамабыз мына-ана бүтөт деп калганыбызда, душмандар артына качып калса болобу. Алардын артында Шпрее суусунун көпүрөсүнүн жанында айыгышкан атышуулар болуп, гранаталар жарылып, "ураа" деген кыйкырыктар угулуп калды.
Бизге күтүлбөгөн жардам Карлштрасседен түндүк жагында чабуулдагы 33-аткычтар дивизиясынан болду. Батальондун командири 24 жаштагы улуу лейтенант Акматбек Сүттүбаевич Сүйүмбаев экен. Анда согуштун башталышынан берки сержант, старшина болуп жүргөндөгү бай тажрыйбасы бар экендиги байкалды. Сүйүмбаев мурдагыдай эле атакага биринчи көтөрүлүп, анын артынан солдаттары тура жүгүрүштү. Бул сокку гитлерчилерди абдан алдастатты. Анткени алар мындай чабуулду такыр күткөн эмес" деп жазат генерал.
Ал эми Акматбек Сүттүбаевичтин 1947-жылы демобилизация болуп келгенден кийинки элине, жерине кылган эмгектери да ат көтөргүс, бир эле кишинин эмес, бир нече кишинин эмгегине тете десе болот.
Ал эмгектери үчүн мамлекетибиздин, коммунисттик партиянын эң жогорку сыйлыктарына көп жолу татыктуу болгон. Эки жолу мамлекеттин эң жогорку сыйлыгы Ленин ордени менен, үч жолу Эмгек Кызыл Туу ордени менен, Ата мекендик согуштун 1-2-даражадагы ордендери менен, көптөгөн медалдар менен анын ичинен эң негизгиси, 1082 Берлинди алгандардын ичинен биринчилерден болуп "Берлинди алгандыгы үчүн" медалы менен сыйланган.
Акматбек Сүйүмбаев кийин мамлекеттик деңгээлдеги ишмер катары республиканын финансы министри болуп иштеп турганда, Ош обкомунун биринчи катчысы болуп иштеген мезгилде өзүн татыктуу көрсөтө алды. Ош облусунда (1960-1968-ж.ж.) иштеген жылдары облустун бардык чарбалары дүркүрөп өсүп, элдин турмушу көзгө алаарлык деңгээлге жетип, облус эки жолу Ленин ордени менен сыйланган.
Ал кезде Акматбек Сүйүмбаевдин түштүк элине кадыр-баркы сиңип, элдин оозуна алынып калган эле. Анын мисалы катары, эл балдарынын атын Акматбек деп койдургандарын ушул күнгө чейин уламыш катары айтып жүрүшөт.
Акматбек Сүттүбаевичтин дагы бир жакшы касиети - анын феноменалдуу эстутуму эле. Бул киши бир облустун жетекчилери гана эмес, ар бир колхоздогу, совхоздогу бригадирлердин, звеновойлордун аттарын да бир нече жылдар өткөндөн кийин атап жүргөнүн уккан элем. Себеби мен ал министрлер советинин төрагасы болуп иштеп турганында алты жыл чогуу иштеп, күнүнө кеминде 3-4 жолдон кезигишип, маселелерди карап тураар элек. Абдан иштерман киши эле. Мамлекеттик органдардын, министрлердин, облус, райондордун жетекчилеринин койгон маселелерин "карайм, көрөм, чечем" деген методдорго салып чойчу эмес. Болгон маселелердин чеччүсүн ошол замат чечип, чечилбесине "жок" деп жообун так айтаар эле.
Акматбек Сүйүмбаевдин айта кетчү касиеттеринин дагы бири, бул киши иштин, маселенин көзүн билишинде болчу. Өзү чоң финансист, экономист болгон. Республикалык масштабдагы чарбалык маселелерди чечүүдө, аларды адегенде майын чыгара изилдеп, госплан, финмин ж.б. тийиштүү органдар менен талкуулап туруп, андан кийин союздук органдардын алдына коер эле. Ал ошо кездеги СССРдин министрлер советинин төрагасы А.Н.Косыгин, СССР госпланынын төрагасы Н.К.Байбаков ж.б. ири министрликтердин башчылары менен тыгыз адамкерчилик мамиледе болуп, чоң кадыр-баркка ээ эле. Албетте мындай мамиле республиканын көп маселелерин чечүүдө чоң өбөлгө болуп келген.
Ал кезде бардык экономикалык негизги маселелерди чечүү министрлер советинин төрагасынын колунда болгондуктан, республикалык пландоо, финансы-банк органдарынын жана тармактык министрликтердин иштерине тыкыр көз салып, жоопкерчиликти катуу талап кылаар эле.
Бул кишинин бул касиети адамдардын мансабына, карапайым адам экендигине карабай бирдей тийиштүү эле. Мамлекеттин экономикалык, социалдык, маданият маселелерин караганда алардын даярдалышына, талкууланышына, чечилишине чоң маани берип, биринчи кезекте аларды даярдаган госплан жана финминдин жетекчилерине талапты катуу койчу. Госплан менен финминдин жетекчилери Сопубек Бегалиев менен Алиаскар Токтоналиев да ал кишинин талабына тең келген ишмерлер болгон. Булардын бири-бири менен иштеши, экономикалык маселелерди чечиши кийинки муундагы (айрыкча азыркы кездеги) ишмерлерге үлгү деп ойлоор элем.
Биз бүгүн өлкөбүздүн, элибиздин көрүнүктүү инсандарынын бири Акматбек Сүйүмбаевдин 90 жашка толгондугун журтчулугубуздун эсине салып, улуу инсандын арбагына сый көрсөтүп коелу дедик. Өткөндү эстеп, улуу инсандарыбыздын атын уятка калтырбай, алар баштаган улуу иштерди уланта албасак, анда өлкөбүздүн, жаштардын келечеги татаалыраак болуп калышы ыктымал.
Бейшебек АКУНОВ, КПССтин, Кыргызстан Коммунисттеринин партиясынын 53 жылдан берки мүчөсү, Кыргыз ССРинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдакы 4 жолку депутаты, персоналдык пенсионер




  Көчөт дүйнө

Жапыз бой алма
жерди үнөмдөйт, түшүмү мол болот
Учурда Кыргызстан эски автоунааларга жык толду. Абадагы уулуу заттардын 80 пайызы ошол эски автоунаалардан чыгат. Бишкек, Ош шаарларындагы абадагы булганган заттардын көптүгү боюнча стандарттагы нормадан 1,5- 6 эсе арбын экендигин өкмөткө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин, ПРООНдун экологиялык программасынын жана Улуттук статкомдун биргелешкен иликтөөлөрүндө аныкталган. Бүгүнкү күндө Бишкек, Кара-Балта, Токмок, Чолпон-Ата шаарларындагы 13 постто атмосферанын булгангандыгы боюнча байкоолор жүргүзүлөт.

"Туулган жер, бир арманым,
Мен сага бир түп дарак тиге албадым…"
Назым Хикмет



2008- жылдын 1-январына жүргүзүлгөн эсеп боюнча (беш жылда бир жүргүзүлөт) Токой фондусунун жерлери 3533,1 миң гектарды түзөт. Анын ичинде токой каптаган аянттар 932,1 миң гектар. Башкача айтканда, жалпы республикабыздын аянтынын 4,66 пайызы токой. Кыргызстандын тоолуу аймактары Борбордук Азиядагы ар түрдүү өсүмдүктөр өскөн уникалдуу аймак болуп эсептелет. Алардагы ар кандай өсүмдүктөрдүн түрлөрү 4500гө жетет, булардын ичинен жапайы өскөн 300ү сейрек кездешүүчү жана жок болуп кетүү алдында тургандарга кирет, 125 түрү эндемиктерге (бизде гана өскөндөргө), 200 түрү дары-дармек өсүмдүктөргө кирсе, 130дай түрү республикабыздын токойлорун түзгөн бак-дарак, бадал өсүмдүктөрү.
Бак-дарак өстүрүү айрыкча тоолуу өлкө болгон Кыргызстан үчүн керек. Себеби тоо капталдарына өскөн дарактар селдердин жүрүшүнө, жер жана кар көчкүлөргө бөгөт коюшат, дарыя сууларынын агымынын жыл бою бирдей болушун жөнгө салышат. Ошол эле учурда абаны тазалап, атургай жер-жемиши менен чөнтөгүңүздү кампайтып турат.
Питомниктер тууралуу айта турган болсок, 2010-жылы жаз айында 23 гектар жерге 41 бакчу дарактардын түрлөрүнүн уруктары себилген. Бирок биздеги питомниктерге себилген токой уруктарынын өнүгүшү мактанарлык деле эмес. Токойчулар питомниктерге себе турган уруктарды негизинен токойлордон терип алат. Илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, бул тармактагы дүйнөлүк жетишкендиктер менен эриш-аркак жүрүү дээрлик жок. Бак-дарак өстүрүүнүн заманбап жолдоруна мамлекеттик деңгээлде анча деле маани берилбейт.
Учурда жапыз бойлуу алма бактар өздөрүнүн көп жакшы жактары менен артыкчылыгын көрсөтүп туру. Алар бая биз көнүп калган тартайган бактардай көп жерди ээлебейт. Түшүмдүүлүгү жана даамы боюнча да бир канча эсе жогору турары далилденген. Мисалы, кыл кыякчы Бакыт Чытырбаев көп жылдан бери багбанчылыкты аркалап, өз алдынча бул тармакты изилдеп, жапыз бой алманын биздин жер шартында отургузган жылы эле түшүм бере баштаган жагын өздөштүрүп алган. "Дүйнө жүзүндө алманын миңден ашык сорту бар. Алардын ичинен биздин жер шартына ылайыктуусу кырктан ашат" дейт ал. Бул тармакка атайын кызыккандар жапыз бойлуу, тез арада түшүм бере турган алма сортторун интернеттен таап, көчөттөрүн башка өлкөлөрдөн алып келип да өстүрүп жүрүшөт. Ошол эле учурда алманын бул сортун көбөйтүп, азыр аны өздөрү базарга чыгарып жаткан багбандар бар. Башкача айтканда, эгер алманын бул сортуна кызыксаңыз анда аны азыр биздеги көчөт саткан жерлерден да сурасаңыз болот. Бакыт Чытырбаевдин бул боюнча интернетте атайын сайты бар.
Бул бактардын бойлору 2,5-3 метрден ашпайт. Отургузуунун стандарттары бар. Багбандардын айтуусу боюнча аны түндүктөн түштүккө карай багыт берип отургузуу кажет. Анткени, түшкө чейин бир капталы, түштөн кийин бир капталына күн нуру тийип турат. Бир бак менен экинчи бактын ортосу 1 метрден 3 метрге чейин жана катарлардын ортосу 3 метрден кем болбоо зарыл. Жаңы казган чуңкурунун тереңдиги 60 сантиметрге чейин болуп, таманына 30 сантиметрче чириген кык салынат. Себеби, кийинки жылдарда бактын тамыры ошо жерден азык ала баштайт.
Азыктандыруу жагына токтоло кетсек, адистердин айтуусу боюнча биринчи кезекте ал суу жагынан үзгүлтүккө учурабаш керек. Бактын тамырлары кургап кетпес үчүн түбүн жалбырак же жыгачтын кесек таарындысы менен жаап турса да жакшы. Азыктардын эң мыктысы - тооктун кыгы. Аны сууга эки жумадай ачытып, бир чөмүч ачыткыга бир чака суу кошуп, жаан түрүндө сугарган таасирдүү. Мындан жалбырактары оорубай, берилген жер семирткичти кошумча азык катары кабылдашат.

Зайырбек АЖЫМАТОВ,
т.: 38-67-19, zairajimatov_76@mail.ru