17.11.10 - 13-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Сактыкта кордук жок

Террор дагы тереңдеши мүмкүн

Жума ортосунда УКМК башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев "Азаттыкка" маек куруп берди. Анын айтымында, террорчулар өлкөнүн түштүк аймагын 11 секторго, Ош шаарын 14 секторго бөлүп алышып, тактап айтканда, үч облуста жардыруу кылууга даярданышкан.
"Бирок биз алдын ала көрүлгөн чаралардын негизинде ал жардырууларды болтурбай калдык" дейт Дүйшөбаев. Буга улай ал түштүктө учурда адам уурдоо фактылары бар экенин, бирок уурдалган келиндердин кордолуп, чачы, кашы кырылып жатканы жөн гана имиш экенин кошумчалады. УКМК жетекчисинин маалыматына таянсак, Бишкектеги жардыруу менен Оштогу курал-жарактарды топтоонун учугу бир. Сөз арасында Кеңешбек мырзадан Мелис Мырзакматовдун террордук актылардын болуп кетиши тууралуу билдирүүсү эмнеге негизделип айтылганы да суралган. Буга ал "Мырзакматовдун жеке өзүнө тиешелүү маалыматтарды элге жарыялап жибериши туура эмес" деп жооп кылып, улуттар аралык жаңжалды болтурбай коюуда Мырзакматовдун өз жоопкерчилигин да эске алуу керектигин билдирди. Мындан сырткары ал спорт ордосунун жанындагы жардырууну бийлик жасабагандыгын бышыктады.
Албетте, Кеңешбек мырзанын айткандарында калет жок. Бирок анын "террористтик актыларды болтурбай коюуга болгон күчүбүздү жумшайбыз" деп, ошол эле учурда "баарын болтурбай коюш же алдыда эмне болоорун бир гана Кудай билет да" дешин кандай түшүнөбүз? Ооба, эртең эмне болуп кетерин жараткандан башка эч ким билбейт. Бирок Кыргызстанды ачык эле аралап, жардырууну пландаштырып жаткандарды түздөн-түз жоопкерчилиги бар УКМК билбесе, анда ким билет?





Тараза кыйшайдыбы?
Баары эле сотко нааразы

15- декабрда Аскердик сотунун имаратында Жалал-Абад шаардык соту Нурлан Мусаевдин төрагалыгы астында 10 айып тагылган Акмат Бакиевдин соту башталды. Соттун жүрүшүндө Акмат Бакиев ага тагылган айыптардын бардыгын тең мойнуна алган жок.
Сот отурумунда жабырлануучу, "Кыргызнефтегаз" АКсынын мурунку директору К. Исмановдун адвокаты Икрамидин Айткулов, Башкы прокуратура Исманов арызында жазган адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартпагандыктан улам, Акмат Бакиевдин айыбы өтө жумшартылып калганын баса белгиледи. Адвокаттын айтымында, Акмат Бакиевге коррупция, адамдарга мыйзамсыз иш козгоп, айыпсыз жарандарды кылмыш ишине тарткандыгы үчүн деген айыптар да тагылышы керек эле. Буга карабай Акмат Бакиевдин адвокаттары коргоочусунун баш коргоо чарасын өзгөртүп, аны өлкөдөн чыкпоо тил каты менен СИЗОдон чыгарып берүү өтүнүчүн билдиришкен. Адвокаттардын корголуучусунун боору ооруйт дегенине карабай, сот алардын өтүнүчүн канааттандырган жок. Мындан сырткары сотто бир катар күбөлөр суралып, алардын көбү андан бери биртоп убакыт өткөндүгүнө байланыштуу, 20-апрелдеги окуяны жакшы эстей алышпаганын билдиришкен. Бул жолку сотто мурда жабырлануучу аталган милициянын полковниги Жаныбек Газыбаев Акмат Бакиев ага эч кандай зыян келтирбегенин айтканы катышуучулардын оозун ачырды. Мындан соң сот 2011-жылдын 12-январына чейин тыныгуу жарыялады.
Эске салсак, июнь окуясында Ош жайма базары өрттөлүп, ал жерде соода кылгандар киши колдуу болуп өлтүрүлгөн болчу. Шейшемби күнү буга айыптуу делгендердин үстүнөн сот болуп, аларды сот азы беш, көбү 25 жылдан гана эркинен ажыратып тим болду. Мамлекеттик айыптоочулардын кармалгандарды түбөлүк эркинен ажыратууну суранганына карабай, сот алардын бирөөн гана (Б.Аманов) түбөлүк эркинен ажыратып, Т. Амановго беш, Н.Салиевге 25, И.Талиповго 22, Э.Рустамовго 4 гана жыл берген. Адвокат Назгүл Сүйүнбаеванын айтымында айыпталуучуларга адам өлтүрүү, барымтага алуу жана массалык башаламандыкты уюштуруу боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тууганы каза болгондор соттун бул чечимине нааразы.
Ушул эле жумада жазында Маевка айылында болгон жер басып алуу тополоңу боюнча сот болуп өттү. Ал тополоңдо жалпысынан беш адам каза болуп, 7 үй өрттөлүп, бир канча турак-үй, автоунаалар талкаланган эле. Соттун өкүмүнө ылайык башаламандыкка катышкан Исабай Ашыров жети жылга эркинен ажыратылып, УӨнүн апрель айындагы "Мунапыс боюнча" декретине ылайык, мөөнөттүн үчтөн бир бөлүгү кыскарган. Мындан сыркары Хайрулло уулу Талантбек, Чыңгыз Кубанычбеков, Эдилбек Калмурзаев жана Шамил Гамзамидин уулу үч жылдан беш жылга чейин шарттуу соттолушкан. Соттун мындай чечимине ошол окуяда үйү өрттөлүп, малдары уурдалган Жалал Агалиев, жолдошу өлтүрүлгөн Кызханым Карибова макул эмес. Жабырлануучулардын айтымында, бул жолу өрттөлгөн үйлөр боюнча болгон сотко жабырлангандардан эч ким чакырылган эмес. Аламүдүн райондук сотунун билдиргенине караганда, аларда жабырлануучулардын "биздин катышуубузсуз сотту өткөрө бергиле" деген арыздары бар. Соттолуучулардын жактоочулары Динара Медетова менен Батырбек Субанкуловдун пикиринче, сот чечими адилеттүү, калыс чыккан. Алардын билдиришинче, бул күнү азыркы соттолуп жаткандардын айрымдарына чачма ок тийген. Башкы укук коргоочу Турсунбек Акундун баамында сот чечими туура. "Бирок ошол күнү катышкандардын көбү жазаланбай, жоопкерчиликтен чыгып кетти" дейт акыйкатчы.






Чындык кимисинде?
Элдик курултай өтпөсө болбойт

Кечээ "Күч структураларынын биримдиги", "Аскер жана укук коргоо кызматкерлеринин укугун коргоо комитети" өлкө жарандарына, күч структураларынын ветерандар уюмдарына, укук коргоочуларга, саясый партиялардын лидерлерине кайрылуу таратышты.
Кайрылууда уюм төрагалары 7-апрелден кийинки күч структураларына байланыштуу укуктук башаламандыкты токтотууга чакырышкан. "Биз жакындарын жоготкондордун кайгысын чын дилибизден тең бөлүшөбүз. Мыйзамдуулукту, акыйкаттуулукту калыптандырып, чыныгы күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартыш үчүн силерге буларды билдиргибиз келет" деп башталат анда. Андан ары алар 7-апрелдеги "тынчтык" митингин ар кандай видеотасмалардан, сүрөттөрдөн, катышуучулардын маектеринен улам "тынчтык митинги" болбогондугун моюнга алууну, "КР улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" "КР мамлекеттик коргоо кызматы тууралуу" мыйзамында УКМК, Мамлекеттик коргоо кызматкерлерине (СГО) кайсы учурда курал колдонуу даана, так көрсөтүлгөнүнө маани берүүнү, прокуратура органдары объективдүү эмес иликтөөлөрдүн натыйжасында "Альфанын", СГОнун кызматкерлерине кылмыш ишин козгоо менен өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын жогорулатып алгандыгын, куралдын күч менен тартылып алынышы, СГОнун, ИИМдин, Коргоо министрлигинин, УКМКнын аскер адамдарынын сабалып, өлтүрүлүшүнө баа берүү мыйзамсыз создуктурулуп жатышын, мындан ары боло турган ачык соттук шоу-отурумдар өлкөнүн ички саясый кырдаалын курчутуп, кезектеги башаламандыкты жаратарын эске алууну суранышкан. Кайрылуу аягында "Убактылуу өкмөт революция жасоочулар менен оюн баштап элдин ишенимин жоготуп, мыйзамды бузбаган аскер, укук коргоо кызматкерлерин өзүнө каршы койду. Мына ушулардын негизинде "Күч структураларынын биримдиги", "Аскер жана укук коргоо кызматкерлеринин укугун коргоо комитети" 2011-жылдын 31-январында жалпы элдик курултай өткөрүү демилгесин көтөрөт" деп аяктайт.




Сураксыз жаза болбойт
Алдаяр Исманкуловду Алматы сурап жатат

Жакында Кыргызстан Башкы прокуратурасы казак тараптан журналист Геннадий Павлюктун өлүмү боюнча алгачкы айыпкерлер билингени тууралуу кабар алды.
"Алардын бири 34 жаштагы Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын экс-кызматкери Алдаяр Исманкулов экен" деп жазат "Дело№" гезити. 29-ноябрь күнү Алматы шаарынын ички иштер департаментинин тергөөчүсү А.Исманкуловго Кылмыш кодексинин 6 статьясы боюнча айып таккан. Айыпта Исманкуловдун мойнуна "күч колдонуу менен адамды барымтага алуу, бирөөнүн мүлкүн кыйноо аркылуу бирөөгө берүүнү талап кылуу, башка адам өлтүрүүнү ачыш үчүн мыкаачылык менен өлтүрүү" сыяктуу айыптар илинген. 1-декабрда Алмалуу райондук соту Алматы шаардык прокуратурасынын өтүнүчүн канааттандырып, А. Исманкуловду кармоону туура деп тапкан. Прокуратуранын санкциясында "өтө оор кылмышка Кыргызстандын жараны айыпталат. Ал тергөөдөн, соттон качып кетиши мүмкүн болгондуктан, анын кылмыш ишин иликтөө улантылсын" деп жазылат.


Кызыл шапкеге "даңк"!
ИИМдин террористтери кемпирлер менен келиндерби?

Учурда ИИМ кызматкерлеринин арасында террористтерди издеп жатабыз деген шылтоо менен бөрк ал десе баш алып жаткандар бар. Мындай окуяга Тажикстандан тарыхый мекенине көчүп келип, Кыргызстандын жарандыгын алып, учурда Чүй облусунун Васильевка айылында жашап жаткан мекендештерибиз туш болгон.
9-декабрда тууган-уруктар Чүй облусуна караган Красная Речка айылына тойго барып келаткан жеринен алар түшкөн кичи автобусту жолдон МАИ кызматкери токтотуп, автоунаадагы отузга жакын жаранды автоматчан милиция кызматкерлерине өткөрүп берген. Укук коргоочулар бул жарандардан паспорт талап кылып, тойго келгендер документин көрсөтө алышпагандыктан, аларды Аламүдүн РИИБге алып келип, кечки саат 21.00дөн түнкү саат 24.30га чейин муздак, караңгы бөлмөдө кармап турган.
Аянычтуусу, кармалган жарандардын ичинде эки-үч гана эркек, калганы бүт карыган кемпирлер, бала эмизген аялдар болгон. Буларды килеңдеген жигиттер жөн эле камап койбой "кийимиңер неге башкача, террорист окшойсуңар, силер тажиксиңер" деген ж.б. сөздөр менен шылдыңдашкан. Азыр ошол күнү психологиялык стресске кабылган 60-70 жаштагы кемпирлер жана эмчектеги балдар ооруп жатат дешет бул окуядан жабыркагандар.
Албетте, ар бир жаран эмне болгон күндө да өздүк документин көрсөтүүгө тийиш. Эгер мыйзам боюнча карай турган болсок өлкөдө коменданттык саат же өзгөчө кырдаал болбогондон кийин, жөн-жай адамдарды курал менен келип баса калуу туура эмес. Эгер анчалык текшеришкиси келсе аларды күндүзү үйүнөн деле текшерип коюшса болмок.

Мелис СОВЕТ уулу,
Зайыр АЖЫМАТОВ