10.12.10 - 3-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Оп, майда
Үчүнчү революцияны эми мугалимдер кылабы?
Кечээ Өзгөн райондук акимчилигинин алдына 21 мектептин 500гө чукул мугалими чогулду. Алар айлык акыны көтөрүү, электр кубатын төлөөдө мугалимдерге жеңилдик берүү өңдүү 10 талап менен чыгышты. Райондук элге билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Борончу Кокоев акцияга чыккан 200-300гө чукул мугалимдер менен райондук элге билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Ибадат Мурзаибраимова жолуккандыгын жана алардын талаптарын өкмөткө жеткирүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканын билдирди. Бүгүн алар 20 пункттан турган кайрылуу жазып, Билим берүү министрлигинин бир өкүлү жана райондун акими менен көзмө-көз жолугууну көздөп жатат.

Жаасы күчтүү жаза
Июнь айында Шейит-Дөбөдөгү окуя боюнча Дилдар Салиев өмүр бою, Фатима Абаралиева 15 жылга эркинен ажыратылып, булардын үй-мүлкү конфискацияланды. Алардан тышкары айыпталуучулар Акрам Салиев 4 жылга, Дилдар Баймурзаев 4 жылга, Хаттамжан Атажанов 3 жылга жана Төрөбай Нооманов 3 жылга кесилди. Бул адамдар 12-июнь күнү Шейит-Дөбөдө Алмазбек Раимжановдун аялын, он жаштагы уулун мыкаачылык менен өлтүрүп, 15 жаштагы кызын зордуктап, сөөгүн өрттөп жиберген деп айыпталган. Мурдагы сот жараянында мамлекеттик айыптоо алты кишинин баарынын үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою жазага тартууну соттон суранган болчу. Шейит-Дөбөдөгү кандуу окуя боюнча соттук териштирүү 10-ноябрда башталган.

Акмат Бакиев 15-декабрды күтөт
Ага байланыштуу кылмыш ишин Жалал-Абад шаардык соту карайт. Сот жараяны болсо Бишкектеги аскер сотунун имаратында өтмөкчү. Акмат Бакиевге карата прокуратура сегиз эпизод боюнча кылмыш ишин козгогон. Ага ок атуучу куралды мыйзамсыз сатып алып сактаган, жер басып алган, каракчылык кылган, мыйзамсыз куруу иштерин жүргүзгөн деген жана башка айыптар тагылган.

Жашыл аралда
Ош шаарында июнь окуяларынан жапа чеккен балдар сегизинчи декабрь күнү Кытай шаарындагы маймылдардын аралына келишти. Дүйнө жүзү боюнча мындай арал бир эле Кытайда бар. Ал жерде 1500гө жакын жапайы маймылдар багылат. Элүүдөн ашык жети жаштан он беш жашка чейинки кыргызстандык балдар Кытайдын демилгеси менен чакырылган. Азыр балдар Санья шаарында ден соолукту чыңдоочу курортто эс алышууда.


Диний экстремизмге шектүү 800 адам бар
Оштогу мечиттин имамдары экиге бөлүнөт, алардын биринчиси укук коргоо органдары менен иштешкендер, ал эми экинчи тобу укук коргоо кызматкерлери менен дагы диний экстремисттик топтор менен дагы иштеше тургандар. Мындай билдирүүнү кечээ Ош облустук ички иштер башкы башкармалыгынын 1-орун басары Малик Нурдинов, диний террорго, экстремизмге каршы туруу боюнча болгон талкуу учурунда ачыктады. Ошондой эле ал азыркы күндө 800гө жакын адам диний экстремизмге шектүү делип каттоодо турганын айтты.


Өлгөн оорбу, ооруган оорбу?
Апрель окуясы боюнча айыпталуучулардын жакындары "Күч кызматкерлеринин укугун коргоо" жана "Күч структуралар биримдиги" коомдук бирикмеси менен чогуу эл аралык Кызыл крест коомунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө кайрылышты. Буга ушул тапта абакта жаткан үч айыпталуучунун абалы себеп болду. Мурдагы Коргоо министри Бактыбек Калыев кант диабети менен ооруйт, ал эми мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчиси Нурлан Темирбаев 7-апрель күнү калың топ тарабынан катуу токмоктолгон. Ал эми мурдагы мамлекеттик күзөт кызматынын штаб башчысы Данияр Дунгановго сот болорго аз күн калганда операция жасалган, ал өз убагында тиешелүү дарылануудан өтпөгөндүктөн, кайрадан олуттуу дарылоого муктаж экен.


Куруучуларды кууратпагыла
ИИМ үчүн жети кабат үй куруп жаткан куруучулар жарым жылдан бери айлык акыларын ала албай жатышат. Былтыр январь айында куруу иштери башталып, апрель окуяларынан кийин токтоп калган. Айлыксыз калган куруучулар арызы менен Болот Шерге, Кубатбек Байболовго кайрылышкан, бирок эч кандай жыйынтык чыккан жок. Куруучулардын эмгеги башында эле төмөн акчага бааланган, эми ошол каражатты да алалбай жарым жылдап акчанын артынан жүрүшөт. Эсеп боюнча бардык куруучуларга 2,5- 3 миллион сом төлөнүп берилиши керек эле.


Атабаев атындагы ордо
КР эл артисти, айтылуу Аксуубай Атабаев отуз беш жылдан бери кесиптик-техникалык билим берүү тармагында эмгектенип келгени маалым. Кечээ кулак кубанткан жакшы жаңылык болуп, КР кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин алдындагы маданият ордосуна Аксуубай аганын ысмы ыйгарылды. Өмүр бою өтөгөн ак эмгектин акыбети кайтканы ушундай болду. Биз Аксуубай аганы куттуктап, ага ден соолук, өмүр тилейбиз.


Сулуулар чыкты суйкайып
8-декабрь күнү НБТ каналы "Шоу бизнес сулуусун" тандап жаткан экен. Жеңүүчүнү билеттер аркылуу берилген добуш менен аныктайбыз деп койгонго ырчы кыздардын айрымдары билеттин көбүн сатып алып коюшуптур. Жыйынтыгында анын баары эсептелбей, атайын байкоочулар дайындалган урна гана саналып, көпчүлүктүн добушу менен Айгерим Расул кызы "Шоу бизнес сулуусу" болуп табылды. Жеңүүчү Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун колунан таажы кийип, 50 миң сом сыйлык алды. Андан сырткары көз карандысыз байкоо жүргүзүшкөн калыстардын атынан "Ауирдин" фирмасынын башчысы А.Абдылдаев Айгеримге акчалай сыйлык менен кошо "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү" деген наамды да кошо берди. Ал эми актриса Асема Токтобекова "Мисс очарование" болду.


Жыл мыктылары аныкталат
"Замандаш" журналы быйыл дагы салтка айланып калган "Жыл мыктылары" сынагын өткөрүүнү уюштуруп, учурда тандоонун биринчи этабын аяктап калды. Былтыр жыл мыктылары сынагында жалпысынан 17 номинация аныкталып, алардын арасында саясый ишмер Турдакун Усубалиев, спортсмен Алмаз Райымкулов, дарыгер Акылбек Усупбаев, акын Шайлообек Дүйшеев бар эле. Быйыл кимдер болоорун көрө жатарбыз.


Бышкан аштын ээси көп
АРИС уюму түштүктө биртоп иштерди бүтүрүп жатышат. Алай, Баткен, Лейлек жергелеринде миллиондорду чапчыган элге пайдасы тийчү жумуштарды бүтүрүп жатканын жергиликтүү тургундар кубануу менен кабарлашты. Алсак, Алайда Т. Отунчиев атындагы мектептин чатыры жаңыртылып, Муса Адышев атындагы көчөнүн 680 метрине асфальт төшөлгөн. Андан сырткары айылдыктарга жаңы технологияларды үйрөтүүчү маалыматтык-ресурстук борбор ачылган. Ошондой эле Кадамжай районунда жаңы ФАП ачылыптыр.

Бизде акча "көп" да
Баткен облусунун администрациясы Тажикстан менен чектешкен Таш-Тумшук айлындагы мурда тажиктерге сатылып кеткен үйлөрдү кайра сатып алууну башташты. Мурда бул айылдан 33 адам үйлөрүн сатып, жер которуп кетишкен экен. Эми чегараны чыңдоо максатында ошол үйлөрдү кайра сатып алууга туура келүүдө. Мамлекет бул максатта 10 млн. сом бөлүп берүүгө аргасыз болуп отурат. Жакында ушундай кайра сатылып алынган үйлөрдүн биринде жергиликтүү милиция бөлүмү ачылды.
"Жаңы Агым" - пресс




Жалал-Абад облусундагы Шамалды-Сай ГЭСинин күзөт бөлүмүнүн начальниги Алмаз Жанаев 2-декабрдан бери дайынсыз. Ал күзөттөгү постту көзөмөлгө алуу үчүн чыккан экен. Учурда ЧКМнын сегиз куткаруучудан түзүлгөн тобу начальникти издөөгө алышты.
***
Бишкектин Үмөталиев менен Жибек-Жолу көчөсүнүн кесилишинде токтоп турган "Хонда" унаасына кимдир бирөө РГД-5 жарылуучу гранатасын жабыштырып кеткен. Бул унаа белгилүү бизнесменге тиешелүү болгон. Изкубарлар машинаны жардыргысы келген террористти издөөгө алышты.
***
Борбордогу 12-кичирайонун-дагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен он беш жашар Б.Ачымбаева жетинчи кабаттан кулап кеткен. Жабыркаган кыз оор абалында ооруканага жеткирилди. Учурда бул кокустук катары айтылууда. Бирок укук коргоо кызматкерлери анын себебин иликтөөдө. Ал эми элүү жаштагы Т.Гладышев жумуш учурунда үч метр бийиктиктен кулап кетип, ооруканага түштү.
***
Бишкектин кичирайондорунун биринде жашаган кырк жаштагы Т.К. жашоого тойгонбу, өзүн өзү өлтүрүү максатында курсагына бычак сайган. Андан кан көп кетип, оор абалында ооруканага жеткирилиптир.
***
Борбордогу Манас проспектисинде жайгашкан улуттук университеттин жанынан элүү жаштагы адамдын мыкаачылык менен өлтүрүлгөн денеси табылган. Аны ким, эмне себептен өлтүргөнү азыр такталууда. Маркум көчө селсаягы болгондуктан ким экенин тактоо да кыйынчылык жаратууда.
***
Нарын дайрасынын чоң көпүрөсүнөн "Фольксваген-Пассат" унаасы кырсыкка кабылган. Унаа көпүрөгө илинип, сууга салаңдап калган жеринен куткаруучулар сууруп чыгышты. Айдоочу Амангазы уулу Жыргалбек унаасын аман-эсен айдап кетти.
***
Жалал-Абад облусундагы № 108 лицейдин кызматкерлери Өзбекстандын жараны С.Ш.га айдоочунун окуусун окуп бүттү деген жалган документ жасап бергендиги үчүн финполициянын укуругуна илинди.

Даярдаган Назгүл КАЛМАМБЕТОВА