10.12.10 - 28-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Катарда катта майрам
Катар өлкөсүнүн 2022-жылы дүйнө биринчилигин өткөрүү укугун алганына кубанган үй-бүлө жаңы төрөлгөн кызынын атын Фифа койду. Ал эми англиялык "көгүштөр" Катарда эркек менен эркек болгону үчүн беш жылга камаса, биз бир ай ал жакта жүрө албай калабыз. Бул деген биздин укугубузду тепселөө деп ФИФАга нааразылыгын билдирген кат жолдошту. Мусулман өлкөсүндө анын улутуна, атуулдугуна карабай эркек менен эркек кошулганы белгилүү болсо, соту жок алып барып камап салаарын маалымат ирээтинде айта кетели.

Фламенголук Фернандес
Бразилиянын чемпиону болгон "Фламенго" командасынын дарбазачысы Бруно Фернандес камалып кетти. Ал экс-ойношун айылдагы үйүнө уурдап барып, кыйнап аборт жасаганга аракет кылган. Бул кылыгы үчүн футбол жылдызы 4,5 жылга эркинен ажыратылды. Ал эми жакында эле анын мурунку ойношу Элиза Самудио дайынсыз жоголгону белгилүү болгон. Көрсө, Бруно шүмшүк аны өлтүрүп, жиликтеп туруп иттерге жедирип салыптыр.

Бенитестин байпагы
Чемпиондор лигасынын алкагында өткөн беттеште былтыркы чемпион италиялык "Интер" немистердин "Вердерине" 3:0 эсебинде утулуп калган. Көрсө, клубдун башкы машыктыруучусу Рафаэль Бенитес өзүнүн акжолтой байпагын кийгенди унутуп калыптыр. Бала кыял Бенитес командасы жеңишке жеткен күндөрү бутун караса эле жанагы байпагы жүргөнүн байкачу. Ошондон бери маанилүү беттештерге сүймөнчүк байпагын кийип келет. Эгер байпагы жыртылчу болсо футбол адиси эмне кылаар болду экен?.. Балким душмандар уурдап кеткиси келип жүргөндүр. Анда Рафа байкебиз байпагына жансакчы коюшу керек окшойт.

Өлүп тапкан баламды…
Америкалык теннисчи Пит Сампрасты ким тааныбайт. Ал АТР рейтингинде 286 жума бою биринчиликти эч кимге бербей келген. Пит 1990-2002-жылдары эң абройлуу болуп эсептелген теннисчи-чеберлер ассоциациясынын 14 турнирин жеңип алган. Уимблдонду жети ирет, беш жолу АКШнын ачык турнирин, эки жолу Австралия биринчилигин багынткан спортчу эле. Эми ошол Пит мырзанын канча жылдап чогулткан сыйлыктарынын 13үн бир эле түндө белгисиз бирөөлөр уурдап кетишиптир. Сыйлыктар сакталган музейди кайтара албаган бийликке нааразы болгон теннисчи кыштын күнү күн сайын ичине "от жагып" жатыптыр.

Оң менен солду билбесең
Эстерсундда өтүп жаткан биатлон боюнча дүйнө кубогунда кызык окуя болду. Окемдердин көптү көрүп калган биатлончусу Максим Чудов 11 жолу бутага тийгизе албай койгон. Адатта 20 жолу атуудан начар спортчулар ашып барса үч жолу тийгизе албай калышат. Макстын бул жоругу бүт дүйнөнү таң калтырды. Көрсө, биринчи жолу тийбей калганда дүрбү менен көз салып турган машыктыруучусу мылтыктын көздөөчү аппаратын сол жакка кичине түздөп ал дейт. Шашылышта сол жак мен жактанбы же сиз жактанбы деп сурап албай, тренер үчүн сол болсо мен жактан оң болот. Анткени ал мага карама-каршы турат да деп ойлоп, андан беш бетер кылып кыйшыйтып салат. Ал эми көптү көргөн машыктыруучу ушундай ой жүгүртүүгө башы жетпейт болуш керек деп, Максим үчүн сол жакка түздөсүн деп айтыптыр. Оң менен солду түшүнө албаган чемпион 55-болуп марага келди.

Мутко мутит эткенде
Россия өткөн аптада 2018-жылы футбол боюнча дүйнө биринчилигин өткөрүү укугун жеңип алды. Буга Путин менен Медведевдин аброю чоң таасир берди дешет. Айрымдар жашыруун жолугушуу болуп, пара да берилген деп жатышат. Ал го мейли, сөз башкада. Ошол Цюрихте өткөн иш-чарада Россиянын спорт министри Виталий Мутко англисче доклад окушу керек эле. Англисченин "А"сын билбеген Витя байкең жардамчыларына чет тилде текст жаздырып, анан аны кайра орусча тамгалар менен жаздырып алып үч жума жаттап жүрүптөр. Текстти айдоочусуна, кыздарына, жардамчысына, түндө аялына кармата коюп өзүн сынап жүргөн Мутко мына даяр болдум деп туруп кыздарына айтып берсе, алар боору эзилгиче каткырып, кулап калышыптыр. Ошол бойдон миллиондогон дүйнө элинин алдында чулдураган тили менен доклад жасагандан кийин англис тилин үйрөнүүнү чечти. Биринчи класстардай болуп эмне жөнүндө сүйлөгөнүн билбеген Муткого алгач тамаша иретинде достору мен отставкага кеттим деп да жазып беришкен экен.

Бирди көрдү
Мадриддин "Реал" клубунун экс-капитаны Гути былтыр негизги курамга жалаң жаш балдар келип, запаста калып калганына жини келип түрктөрдүн "Бешикташына" кетип калган эле. Ал жакта эч кимди тоготпой кутуруп жүрүп бирди көрдү. Ал түнкү клубдан өзүнүн кымбат баалуу машинасы менен катуу келе жатып, карама-каршы багыттагы автобусту сүзүп алган. Кудай жалгап эч ким зыян тартпады. Эреже бузганы үчүн болгону 547 түрк лирасын (277 евро) төлөгөн футбол жылдызы эми бир жеримди кысам деп сөз берди.

Испандыктардын ити чөп жейт
Жыл сайын жылдын мыкты футболчусуна берилчү "Алтын топтун" быйылкы талапкерлери бир клубдан болуп чыкты. Андреас Иньеста, Лионель Месси жана Хави Испаниянын чемпиону "Барселона" футбол клубунда оюн көрсөтүп келгендерин жакшы билебиз. Иньеста менен Хави дүйнө биринчилигинде Испаниянын курамында чемпион болушкан. Финалда жалгыз голду Андреас кийиргенин да билебиз. Ошол себептен көзү ачыктар Иньеста "Алтын топту" алат деп ишенимдүү айта башташты. Ошондой эле башкы машыктыруучулардын жарышында көч башында Испания курамасынын башкы машыктыруучусу Висенте Дель Боске жана "Барселонанын" атасы Хосеп Гвардиола менен Жозе Моуринью турушат. Жозе мырза былтыр "Интер" менен чемпиондор лигасын багынтып, быйыл "Реалды" колго алган.

Гонсалестин балдары
Москванын ЦСКА футбол клубунун оюнчусу Марк Гонсалес аз жерден камалып кете жаздады. Россия биринчилиги аягына чыгып, футболчулар эс алып жүргөндө милициялар келип, Маркты жашаган жеринен кармап кеткен. Ага зордуктады деген кине коюлуп, маймылканага тыгып салышкан. Орусча чулдурап эчтеке түшүнө албаган Маркты журналисттер кылмышкер катары көрсөтүп, ММКга да чыгып кетиптир. Көрсө, 1988-жылы туулган бир сулууну 1987-жылы туулган Марио Гонсалес деген студент күч колдонуп эметип койгон экен, тиги кыз билгизбей кылмышкердин документин карап алганга жетишиптир. Марио деген атты Марк деп эстеп алып арыз жазган. Жыйынтыгында жабырланган кыз келип, ай, бул эмес, бул жигит болсо мен сүйүнүп эле жатып бермекмин деп Маркты эркиндикке кое беришти. Аз жерден футбол жылдызын уяткарып кое жаздагандар аябай кечирим сурашты.

Кудрет ТАЙЧАБАРОВ




  KYRGYZSPORT

Дагы чемпион!
Бул кабарды көчүрүп алып жыл сайын кайра-кайра жарыялай берсек болчудай болуп калды. Мекендешибиз Валентина Шевченко тай боксу боюнча жетинчи жолу дүйнө чемпиону аталды. Таиланддын Бангкок шаарында өткөн турнирде Валя Украина, Белорусия, Финляндия жана Швециянын чоң муштум айымдарын каалашынча сабады. Чемпион айымыбыздын машыктыруучусу Павел Федотовдун айтымында, учурда дүйнөдө бул кызыбызга алы жете турган атаандаш жок экен.

Иштегендер тиштеди
8-декабрда Ак үйдүн жетинчи кабатында КР президенти Роза Отунбаева Кытайдын Гуанчжоу шаарында өткөн XVI Азия оюндарында байгелүү орундарды ээлеген кыргызстандык спортсмендер менен салтанаттуу түрдө жолугушуп, аларды куттуктап, ыраазычылыгын билдирип акчалай сыйлыктардын сертификаттарын тапшырды. Спортсмендер менен болгон жолугушууга КР президентинин администрация жетекчиси Эмилбек Каптагаев, вице-премьер-министр Өктөмхан Абдуллаева жана Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов катышты. Иса Шейшенкулович Кытайга шагырап жөнөгөн спортчуларга финалга чыксаңар бир бөлмөлүү үй деди эле, үчөө удаа мындай ийгилик жараткандыгы үчүн чемпион аталган Данияр Көбөновго кубанганынан үч бөлмөлүү үйдүн сертификатын тапшырып ийди. Бир бөлмөлүү үйгө күмүш тагынган велочу Евгений Ваккер менен кичинекей балбан Каныбек Жолчубеков ээ болду.
Р.Отунбаева эгер америкалыктар өздөрүн баскетболдон, африкалыктар чуркоодон көрсөтүшсө, кыргызстандыктар грек-рим күрөшү боюнча алдыда экендигин белгилеп, бул спорттун түрүн улутташтырсак болчудай деп тамашалады. Спорттун бул түрүндө көптөн бери эмгектенип, биртоп чемпиондорду тарбиялаган курама команданын башкы машыктыруучусу Эмил Алыкуловго да борбор шаарыбыздан үч бөлмөлүү үй берилди. Өкмөттүн Даниярга берген 15 миң, Евгений Ваккер менен Каныбек Жолчубековго берген 10 миң, Жанарбек Кенжеев менен Александр Паролго берген 5 миң долларларынан сырткары Бишкек шаарынын мэриясы шаар кеңештин чечими менен 1,5 млн. сомду бул ийгиликке тиешеси бар адамдарга бөлүштүрүп берди. Алардын ичинде 5-орунга татыктуу болгон 10 спортчу, машыктыруучулар бар. Мындан Данияр Көбөнов 200 миң сом алса, күмүш байгечилер 100 миңден кармашты.