10.12.10 - 19-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Чыр дөбө

Жаныш Бакиев кимди
"тумчуктурган?"

Бир жылдан ашуун мезгилден бери "Азиякурулуш" корпорациясынын тегерегиндеги Чубактын кунундай чубалган сөз дагы деле токтой элек. Чуулгандуу иштин ток этер жери, корпорациянын жетекчиси Адина Турдубаева 119 кишиден ар кандай суммадагы (баары биригип 3 млн. доллар же 132 млн. сом) акчаны алып, алиге чейин бирине да убада кылган квартирасын бүтүрүп берген жок деп күнөөлөнүп келет.

Чындыгында Адина Турдубаевага козголгон кылмыш иши табышмактуу. Анын жазган кайрылуусун жана жабырлануучулардын арыз каттарын окусак, бул ишке мурда кийин саясат айдыңында жүргөн көптөгөн ири чиновниктер кийлигишкен. Буга чейин ал онкологиялык институтта дарыланып жатканына карабастан, сот баш коргоо чарасын өзгөртпөй, дарылоого шарты болбогон СИЗОдон башын чыгарган эмес. Чү деген эле жерден талаш жаратчу маселе, 7-апрель күнү токсонго жакын баланын канына забын болгон аткаминерлер үй камагына чыгарылып же сот жоопкерчилигинен качып жатканда илмейген аялдын рак оорусу менен жабыркап жатканына карабай темир тор артында турганы. Мүмкүн анын маселесин жарандык сот аныктаса болмок. Кызыгы, Бакиевдин бийлиги кулаары менен А. Турдубаеванын буга чейин "мен Жаныш Бакиевдин рейдерчилигинен азап тартып жатам. Аны далилдеп бере аламын. Документтерим бар. Бирок менин ишимди кайра карабай жатышат. Менин мойнума түшкөн суммалар көбөйтүлгөн. Карыздарымды төлөп бермекмин" маанисинде чырылдап келгени чын окшойт деген божомолдор пайда боло баштады. Ушул жылдын 3-декабрында Свердлов райондук сотунда анын иши каралып, ага бир гана жабырлануучу келип, ал А.Турдубаевага эч кандай доосу жок экенин айтты.
Свердлов райондук соту тарабынан Адина Турдубаеванын кылмыш иши буга чейин каралып бүтүп, ал 16 жылга эркинен ажыратылып, соттун ага тиешелүү болгон бардык байлыктары конфискациялансын деген чечими чыккан. Бирок А.Турдубаева тарап бул чечимге макул болбой, шаардык сотко доо арыз менен кайрылып, бирок ал жерден соттун коллегиясы райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Бул жыйынтыкка каршы болгон А.Турдубаева бийлик алмашкандан кийин бир нече жерге арыз жолдоп, учурда бул иш кайра каралып жатат.
Биздин колдо А. Турдубаеванын элге жасаган кайрылуусу бар. Ал эски бийлик тушунда жазылган. Көлөмдүү кайрылуунун биздин макалага тиешелүү мындай жери бар: "Айбек Салиев жана Бакыт Атабеков, кызмат абалыңардан пайдаланып мени эмне үчүн сыздаттыңар? Мен таап бере албаган 230 000 доллар үчүнбү? Ооруганымды көрүп туруп, кыйнадыңар, элди коркутуп, үстүмдөн арыз жаздырып жатасыңар. Мага ак жерден жалаа жаптыңар, силерге Кудайдан жетсин. ... Нурлан Токтосунович Темирбаев! Сиз атаңыздын кунун менден өндүрөйүн дедиңизби? 230 000 доллар таппаганым үчүн эмне гана кылбадыңыз? 2009-жылы 7- май күнү Жаныш Салиевичтин алдына сүйрөп бардыңыз. Мени ак жеринен каралап, бир кезде (2007-ж.) "Ак жолдун" политсоветине көрсөткөн "кишиге" Нурлан Шакиев экөөңөр мени "желмогуз" кылып көрсөттүңөр. Жаныш Салиевич менин сөзүмдү даже укпай койду, менин убактым жок деди. Анда эмнеге мени ал кишиге алып бардыңыз? Президентке эмне мени мынча каралап, 10 млн. доллар жеп кетти, элди алдап сыздатты, 200 000 доллар көтөрүп качып бара жаткан жеринен кармап камап, чындыкты ишке ашырып, саясатыңызды туура жүргүзүп жатабыз деп отчет бердиңиз? Кудайдан коркпойсузбу? Мен сизге 230 000 доллар акча таап эле бере албаганым болбосо башка жамандык кылган жокмун. Өзүм быйылкы 2009-жылы курулушумду бүтүрүп, элдин батасын алайын деген гана максатым бар болчу. Ошол максатыма бүгүн балта чаап олтурасыз, сизге да Кудай бардыр" дейт ал.
Жогорудагы сөзгө ишенейин десек ага жооп катары "Алиби" гезитинин 2010-жылдын 14-майында пайщиктердин " "Аялдан чыккан алдар көсөө" деген 54 адамдын колу коюлган макаласы жарыяланган. Анда "...А.Турдубаева азыркы коомдогу болуп аткан кырдаалдан пайдаланып, жоопкерчиликтен кутулуп кетүүнүн айла- амалын издеп жатат. А.Турдубаеванын беттырмарлык кылган жүйөлөрү эми мурдагыдан башкача мааниде айтыла баштады. Үйдү убагында куруп тапшырууга Бакиевдер тоскоолдук кылган имиш. Рейдердик жол менен курулушту басып алууга аракет кылып, иштетпей койгон имиш. Мурда бул шылтоону бизге, жабырлануучуларга оодарып келсе, азыркы кырдаалдан пайдаланып Бакиевдерди бетине тутуп атат" деп айтылат макалада.
Албетте, биз сот эмеспиз. Бирок бул жерде пайщиктердин да, ошол эле учурда аталган компаниянын жетекчиси Адина Турдубаеванын да күйүп жатканы бекер эместей. Биринчиден, эгер Адина Турдубаева башынан эле элди сызга отургузуп кеткиси келсе үй салууну баштабайт эле. "Таза аба" конушу 1980-жылдарда курулган 12-кичи районундагы курулуш таштандылары жана майдалоого көп каражатты талап кылган чоң таштар менен толтурулган карьерди өздөштүрүү менен башталган. Кыргыз ГИИЗ институтунун көргөзмөсү боюнча №1 үйдү - 8,5 метр, №2 үйдү - 8 метр, №3 үйдү - 7,5 метр, №4 үйдү - 7 метр, №5 үйдү - 6,5 метр тереңдиктеги жер пайын түптөөгө тийиш болсо, бул көргөзмөнү "Азиякурулуш" корпорациясы так аткарып, курулуш технологиясынын эрежелерин сактаган. Тактап айтканда, кээ бир үйлөр башталып, 5-6 кабат көтөрүлүп, кээсинин пайдубалы курулуп токтоп калган. Буга көптөгөн каражат сарпталарын эч ким танбас. Кыскасы, "Азиякурулуш" корпорациясы ири суммадагы каражаттар менен иш жүргүзгөнү белгилүү. Мындай майкөл-сүткөл жерлерди текшерүүгө, тескеп турууга Ак үй, Көк үйдөгү ири чиновниктердин үй бүлөсү кызыкдар болушу толук мүмкүн. Албетте мындай текшерүүлөр, бут тосуулар килейген компаниянын эле эмес, кичинекей комоктун ишин да аксатат. Андыктан бул иш аныгына чыгып, эгер Адина Турдубаева жөн жерден жабыркап жатса акталууга тийиш.
Зайырбек АЖЫМАТОВ




  Жасап көрбөйлүбү

Кызыктырган кызыл меш

Көмүр кенибиз көп деп төш какканыбыз менен учурда чычала отуну, муштумдай көмүрү жок көк шишик болуп отурган кыргызстандыктар көп. Айрыкча быйылкы үч күнкү суук мекендештерибиздин чучугуна жетти окшойт. Буга чейин да кышкы суук билинбей эле биртоп адамдын өмүрүн алып тынган. Ошентсе да адамдар баягы эле көнүп алган электр энергиясына, көмүргө, жаратылыш газына жалдырашып, жылуулуктун башка булагын издөөгө умтулгандар байкалбайт.

Бирок аракет кылса адамдан амал качып кутулбайт деген чын экен. Жанга күч келгенде адам баласы жок нерсени бар кылып, кандай жол менен болбосун жан багат тура. Учурда Бишкек базарларынан көмүр бриккеттери (тыгыздалган майда көмүр) жагыла турган чакан корея мештерин көрүүгө болот. Бул мештердин артыкчылыгы үйдү жакшы жылытып, абага көмүр кычкыл газын аз бөлүп чыгарып, аз каражат талап кылгандыгында экен. Кызыгы, көмүр брикеттери кадимки эле көмүрдүн майдасына чайыр, топурак, чопо, ар кандай күйө турган турмуш-тиричиликтен чыккан калдыктар кошулуп тыгыздалат. Жакшы жагы 35 пайызы гана көмүрдөн турган мындай брикеттин сегизи 32 саат тынымсыз күйүү менен 150-200 чарчы метр үйгө жылуулук берип, тамак-ашты да бышырып берүүгө кудурети жетет экен. Бул үчүн цилиндринин санына жараша (бир, эки, үч, төрт цилиндрлүүлөрү болот) бааланган брикет мешин 10 миңден 20 миң сомго чейин сатып алса болот. Албетте, бир караган адамга 20 миң сом кымбат. Бирок жыйырма миң сомдун жыргалы арбын. Биринчиден, үй ичи брикет мештеринен ыш болбойт. Брикеттерден ыш чыкпаган соң мештин морун кышкысын көөлөө деген көйгөй да жок. Үчүнчүдөн, үй бир калыптагы температурада кармалып, 4 сааттан 32 саатка чейин от жагуудан кутулууга болот. Узакка унчукпай күйгөн мештен бир калак гана күл чыгат. Адистердин айтымында, күйүп бүткөн брикетти жер семирткич катары да колдонууга болот. Көмүр брикеттеринин дагы бир жакшы жери сактоого ыңгайлуу келип, көп убакытка чейин өзүнүн сапатын жоготпойт. А кадимки көмүр болсо бир жыл ачык күн астында калса күйүү сапаты начарлайт.
Европада жыл өткөн сайын мазут, жаратылыш газы, көмүргө караганда көмүр брикеттерге болгон суроо-талап жогорулап баратканын айтышат, эл аралык эксперттер. Айрым батыш өлкөлөрүндө брикеттерди ар кандай айыл чарба калдыктарынан да жасап келишет. Алсак, ошол эле семичкенин кабыгынан, сабагынан, жүгөрүнүн сотосунан, самандан, тактай таарындысынан да жасап келишет. Ошондой эле Германия, Японияда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн мал жебей турган калдыктарынан брикеттер жасалып, турмушта кеңири колдонулуп келет. Айрым батыш өлкөлөрүндө малдын, үй канаттууларынын сөөктөрүнөн брикеттер жасалып, кардарлага арзан баада сатылып турат. Европада учурда жеке үйлөр, мектептер, айрым ооруканалар брикет мештерине өтүшүп, альтернативдүү отун булактары болгон брикеттерди колдонуп келатышат.
Кыргызстанда азыр бир брикеттин баасы 10 сом. Алардын сатыкка чыкканына быйыл экинчи жыл. Брикеттер көбүнесе Кара-Кече, Таш-Көмүр, Миң-Куш көмүрүнүн майдасына, чаңына бириктирүүчү кошулмалар (чопо, топурак) кошулуп жасалат. Күз айларынан баштап Бишкекте түштүк кореялык "Йонтан Энерджи" компаниясы мындай брикеттерди тынымсыз чыгарып келатат. Брикеттер кадимки мешке күйбөгөндүктөн, алгач отундун жаңы түрүн борбордук ТЭЦ, бир катар мамлекеттик мекемелердин жылуулук борборлору жагып көрүшүп, натыйжасына тан беришкен. Сентябрда ачылган "Йонтан Энерджи" заводун кыдырып чыгышкан Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, шаар башчысы Иса Өмүркулов брикеттердин даярдалышын, алардын күйүшүнө күбө болушкан эле. Күнүнө 200 миң брикет чыгарып, 10 миң үй-бүлөнү камсыз кыла турган түштүк кореялык завод акырындык менен жаңы отунду элге сунуштап келатат. Завод жетекчилигинин айтымында, эгер брикетке болгон суроо-талаптар өссө, өлкөнүн башка облус, райондорунда да заводдун филиалдары ачылат. Мамлекеттик "Көмүр" мекемесинин башкы директорунун орунбасары Валерий Бобровдун айтымында, эгер брикеттер калк арасында кеңири колдонулуп кетсе, жогорку сорттогу көмүр баасы бир кыйла төмөндөйт. Учурда баштапкы баасы 900 сом турган көмүр, Кыргызстандын көп аймактарында 2700-3200 сомдон сатылып жатканы жашыруун эмес. "Көмүр брикеттеринин колдонулушу менен эл мурдагыдай алдын ала тонналап көмүр сатып албай калышы мүмкүн. Анткени брикеттерди керектүү кезде ондон, жыйырмадан сатып алууга болот. Бирок ал үчүн атайын мешти сатып алууга туура келет" дейт Валерий Бобров. Брикет мештеринин дагы бир артыкчылыгы үйдү суу менен жылытуучу батареяларга оңой кошулуп, жылуулукту бир калыпта кармап тургандыгында. Алсак, эртең менен мешке үч, алты же тогуз (мештин цилиндринин санына жараша) брикет жагылса, ал кечки саат сегизге чейин бир калыпта күйүп тура берет. Кечинде аны алмаштырып койсо, кайра таңкы сегизге чейин күйөт. Кыскасы, көмүр брикеттери, брикет мештери Кыргызстанга кеңири таралса жылуулукка байланышкан көп көйгөй чечилчүдөй. Үйдө бир калыптагы жылуулук, үй-бүлөлүк бюджетке үнөм, атмосфералык тазалык болуп, убаракерчилик аз болот. Азырынча бул жаңылык кышкысын кылтылдаган кыргызстандыктарды ойго салып турган кези. Балким бир- эки жылда брикет мештерине да өтүп каларбыз.
Мелис СОВЕТ уулу