10.12.10 - 14-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Желе дүйнө

"Интернеттен казынага "ири киреше түшүрсө "болот"

Бир кезде интернет эмне экенин билбесек, эми интернетсиз жашооону элестетүү мүмкүн эмес. Ошентсе да интернетти жайылтуу, аны колдонуу жаатында республикада биртоп чечилбеген маселелер бар. Жакында бул маселелерди чечүү боюнча атайын адистердин, интернет компаниялардын, мамлекеттик чиновниктердин катышуусунда маалыматтык-коммуникациялык технологиялар конференциясы, ага удаалаш эле IT-форуму өткөн эле. Бул иш-чаранын уюштуруучуларынын бири "Интернет саясаттагы жарандык демилге" коомдук фондунун директору Таттуу МАМБЕТАЛИЕВАга собол узаттык.

- Таттуу айым, сиз Кыргызстанда интернет баасы азыркыдан бир кыйла арзан болушу керек дедиңиз эле. Арзандатуунун кандай жолдору бар?
- Кыргызстан тоолуу, деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкө болгондуктан интернетти спутник аркылуу ар башка өлкөлөрдөн кымбат сатып алат. А негизинен интернет АКШдан таралып, бизге 91-жылдары келген. Интернет АКШдан Европага, андан Россияга, Россиядан Казакстан, андан биз алып жатабыз. Ошентип ортодогу ар бир өлкө кошуп отуруп, интернет бизге жеткичекти эле кымбат болуп кетет. Аны арзандатыш үчүн интернетти жеткирүү жагынан атаандаштык болушу керек. Ал үчүн биз бир нече өлкөдөн интернет алууга аракет кылышыбыз керек. Жакында "Кыргызтелеком" Кытайдан интернет алууну максат кылып жатат. Эгер бул ишке ашып калса, мурун бир интернет колдонуучунун бир айлык максималдык колдонуусу 80 доллар болсо, эми ал 10 долларга чейин, башкача айтканда, 7-8 эсеге арзандайт. Арзандатуунун экинчи жолу - интернетти сапатына, ылдамдыгына жараша сатып алуу. Учурда Кыргызстанда чет өлкөлөрдөгүдөй интернеттин ылдамдыгына эмес, көчүрүп алган маалымат, сүрөт, тасманын көлөмүнө жараша төлөнөт. Ошондуктан биздин операторлор методологиясын өзгөртсө, интернет бир кыйла арзандамак.
- Азыр айыл жерлеринде интернет жок. Неге операторлор муну колго албай жатышат?
- Бул маселени биз да көп эле жолу козгодук. Операторлордун айтымында, айылга интернет жеткирүү рентабелдүү эмес. Айылга интернет жеткирүүгө көп каражат кетет, бирок колдонуучулар аз, кеткен чыгымды актабайт дешет. Спутниктик байланыш менен интернет жеткирүү деле ошондой көп каражатты талап кылат экен. Ушуларды эске алып интернет боюнча атайын бир мамлекеттик программа иштеп чыгуу сунушу менен тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылдык. Алар болсо ар бир оператор акча чыгарса, ага тендер жарыялап операторлорду айыл-айылдарга жөнөтүү демилгесин көтөрүп чыгышты. Буга операторлор макул болушпай, чогулган каражатка өздөрү ээлик кылып, өздөрү тендер жарыялоону эп көрүп жатышат. Мамлекеттик байланыш агенттиги болсо ар бир лицензия алган оператор бюджетке акча төлөгөндүн ордуна бир нече айылга интернет жеткирүүнү милдеттендирүү сунушун билдирип атат. Учурда ушул маселелер талкууланып жатат. Акыры ушулардын бирөөсүнө токтолушубуз керек. Анткени айылдыктар интернетти талап кылып жатышат.
- Маалыматтык-коммуника-циялык технологиялар форумунда IT-платформасын өнүктүрүү демилгеси көтөрүлдү. Мындан биз эмне утабыз?
- Азыр өнүккөн өлкөлөрдүн көбүндө иштин көбү интернет аркылуу бүткөрүлөт. Мисалы, Япония менен Сингапур өздөрүн электрондук өлкө деп атай алышат. Биз азыр электрондук өлкөлөрдүн эки эле элементине маани берели деп жатабыз. Биринчиси, ар бир министрликтен керектүү маалыматтарды, кызмат көрсөтүүлөр боюнча маалыматтарды эл интернет аркылуу ала алгыдай болсун. Экинчиси, ар бир мекемеде электрондук документ алмашуу ишке ашсын деп жатабыз. Буга министрликтер макул эмес. Анткени мында баары ачык болот. Мамлекеттик кызматтагылар болсо коррупцияланышкан системадан айрылгылары келбей жатышат. Мурун мамчиновниктер кызматтагылардын компьютер билбестигин бетке кармашчу. Ал доор өттү, азыр баары билет. Эми кандай шылтоо табышары азырынча белгисиз. Бул бир. Экинчиден, IT платформанын экономикага тийгизе турган таасири чоң. Азыр Бишкекте отузга жакын программа жазган компаниялар бар. Аларга интернет аркылуу чет элдик компаниялар тапшырма беришет, а беш жүзгө жакын кыргызстандык программист аны программа кылып жазып, жылына 10 млн. доллар киреше табат экен. Биз мамлекетке ушундай компанияларды легалдаштырып, казынага салык төлөгүдөй кылалы деген сунуш кылдык. Бул компаниялар мыйзамдаштырылса, компаниялардын саны да көбөйөт эле. Анда программага заказдар да көбөйүп, казынага да биртоп киреше түшөт эле. Муну президент угуп, колдоду. Конференцияга катышкан парламент өкүлдөрү да бул маселени жакын арада чечип беришерин билдиришти.
- Форумда уюлдук телефонду социалдык кызмат көрсөтүү булагы кылуу айтылды. Муну кантип ишке ашыра алабыз?
- Азыр чөнтөк телефон аркылуу маалымат алмашып, дарыгерлердин кеңешин алып же акча которсо да болот. Ал үчүн бизге жаңы технология керек. Андай технологияларды киргизгенге биздин байланыш мыйзамдары жол бербейт. Тактап айтканда, технология өнүгүп, биздин мыйзамдар андан жыйырма жылга артта калды. Эгер мыйзамдарды талапка ылайык жаңыртсак, айылдагылар деле уюлдук телефон аркылуу тасма, ММС алмашып, интернетке чыга алышмак.
- Мобилдик интернет тарифин дагы арзандатууга болобу?
- Бизде азыр мобилдик байланыш тарифи өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй эле арзан. Мындан дагы арзандашы мүмкүн. Анткени Кыргызстанда Мегаком, Билайн, Саймателеком, Сапатком, Кыргызтелеком, Нуртелеком, Некси, Кател, Сотел сыяктуу 26 байланыш кызматын сунуштаган компания бар. Кыскасы, бизде атаандаштык күч. Болгону талапка ылайык байланыш мыйзамдары жок.
Бейшен ДАЙЫРБЕКОВ, "Интернет кыймылы" коомдук бирикмесинин аткаруучу директору:
- Азыр Facеbook, Twitter, Google сыяктуу Кыргызстанда көп колдонулган эл аралык сайттар бар. Айрымдар аларга киргени менен жакшы түшүнө беришпейт. Андыктан биз ал сайттарды кыргызчалаштыралы деп жатабыз. Мындан сырткары, учурда өзүнүн акчасына веб-сайт ачып, аны андан ары иштетип кете албагандар көп. Аларга биз өздүк сайтты коммерциялаштырып, иштетип кетүү боюнча тренингдерди өтүп келебиз. Жакында Баткенде, Исфана, Жалал-Абад, Ошто болуп, жаш укук коргоочуларга, лидерлерге Facеbook, Twitter медиаларын колдонуу менен оперативдүү иш алып баруу тренингдерин өткөзүп келдик.
- Азыр ар кандай интернет вирустарынан, хакерлерден жапа чеккендер көп. Алардан толук арылууга мүмкүнбү?
- Булардан толук кутулууга эч мүмкүн эмес. Анткени азыр антивирустук программаларды чыгарган компаниялар ошол эле вирустардын эсебинен жашайт. Бир компания атайын вирустарды чыгарып, ага кайра антивирустук программаларды иштеп чыгып сатат. Бүгүн бир вируска каршы программа чыгарылса, эртең ал программаны талкалаган вирус иштелип чыгат. Андыктан лицензиялаштырылган антивирустук программаларды убагында жаңылап туруудан башка жол жок.

Мелис СОВЕТ уулу




  Тек тамыр тандабайт

Болот Мамбетов кайсы жерлик?
Кезегинде Сталинди "жыйналышка кечигип келдиңиз" деп сын айтуу менен "кыргыздын бүркүтү экенсиң" деп Сталинден баа алган кыргыздын чыгаан уулу Болот
Мамбетов ким деген суроого жооп издемекчимин.


"Күлүк аттын ээси көп, жакшы кишинин тууганы көп" дейт эмеспи. Мен Болот аганы тоңдук туугандардан талашайын деген ойдон алысмын. Жаңы уккан кабар боюнча бу киши Кытай жергесинен атадан эмчекте жетим калып, бир жашка толуп-толбой көтөрүлүп келиптир.
Черик элинин басымдуу бөлүгү Кытайдын Турпанынан Улуу Чатка чейин жашаары жалпы журтка белгилүү. Эл нары-бери ооп жашап турган чакта Какшаалда ич келте оорусу жайылып, көп киши зыянга учурайт. Бул кесел Батмакан энени да кыйгап өтпөгөн. Оору ата-эне, жакын туугандарын алганы аз келгенсип, чолпондой жаш жарын дагы алып тынат. Батмакан эне эмчекте калган Болотун көтөрүп бир тууган карын бөлөсү Кадыр атага келет. Кесел булардан да өз энчисин алган болот. Калган үркөрдөй бир ууч туугандардын жашоосу өйдөлөбөсүнө көздөрү жеткен бөлөлөр жашоого жеңил деп угуп Көлдү беттеп жол тартышат. Батмакан эненин мурунку каза болгон күйөөсү кытайлык черик уруусунан экен. Жетелешкен эки бир тууган маалынан өтүп калган Болотту көтөрүп, Жаман-Эчкинин белин ашып Дүңгүрөмө аркылуу Барскоонго, андан Караколго келишип, бир уйгурга мааникерликке киришет. Ошол мезгилде тоңдук Мамбет аба да уйгурдукунда иштечү экен. Кадыр ата менен Мамбет аба бир иштеп, аларга Батмакан эне тамак жасап калат. Бара-бара Батмакан эне Мамбет абага баш байлайт. Мамбеттин адамгерчилиги жогору адам эле дейт. Бирок Мамбет менен дагы тагдыр бирге болууну буюрбай, Болотту жетелеп Батмакан эне кайрадан жесир калат.
Ошол кезде бир боорукер адам (атын эстей албай койду) эч бир документи жок Болоттун жашын болжолдоп документ топтоп, Мамбетов Болот деген ат менен балдар үйүнө өткөрөт. Ошону менен Болот Мамбетов деген келечектеги көрүнүктүү саясый ишмер кагаз жүзүндө тоңдук болуп чыга келет. Бул катылуу сыр дейт, - маектешибиз Батмакан эненин бөлөсү Турдалы уулу Кадырдын келини Мария жеңе. "Кайнатам адамкерчиликтүү, боорукер адам эле. Көргөн баласы жалгыз Шакир болгондуктанбы, абдан баласаак болчу. Биздин балдарыбызды жетелеп жүрүп чоңойтту. Мага карамдуу эле, уйгурлар менен көп жүргөндүктөнбү, ун-талкандан бери элгеп ирээттеп койчу. Үч уулдуу болгондон кийин төрөтүм кечеңдеп калды. Атам "балам, бир кыз төрөп алсаң болмок, кыз энеге карамдуу да, сырдаш да болот" деп көп айтты. Тилегибизди берип кыздуу болдук. Атам байкуш кызыбызды аябай көтөрдү, ошол кезде атам 72 жашта эле. Бир күнү эки этегин бириктирип байлаштырып түйүнгө мингизип кызды көтөрүп алыптыр. "Ата, жыгылып кетпейби" десем, "жыгылбайт. Болотту Кытайдан канча бел ашып ушинтип көтөрүп келгем" деди эле жарыктык.
Дагы бир жолу "атаңдын көрү, катуу багыттан жонума көтөрүп келип, Болотко оозумдагы тамагымды бере коер элем. Балдарыма карабай койду" деп таарыныч кылган. Атасы дагы, энеси дагы черик деген. Мамбет аба энесине гана баш кошуп калган киши экен, аталык деле камкордук кылганга үлгүрбөй эрте каза болуп калыптыр. Болот аба балдар үйүндө чоңоюп орус мүнөз болуп калган. Аялы Клавдия Алексеевна СССРдин эл артисти Михаил Жаровдун карындашы. Булар үч кыздуу болушкан. Үчөө тең оруска турмушка чыгышты. Биз жакын тууган катары дайыма катышып турчубуз, мен тамагын жасап берчүмүн. Үйүнө конок-кара келгенде дайыма Шакир экөөбүз кол кабыш кылаар элек. Болот аба көп сүйлөбөгөн сүрдүү адам эле. Жумуртка кошуп жасаган уйгурлардын камыр тамагын жакшы көрчү. Москвага барып калганда да дайыма ошол тамакты жасап берчүмүн. 1954-жылдан баштап аялы менен чогуу иштеп жүрдүм. Айтмакчы, пенсияга чыкканда туугандар отуруп белгилеп калдык. Ошондо "мага үй алып берген жок, кызматка көтөргөн жок деп таарынбагыла. Кичинекей элибизге ишбилги таза адамдар иштеш керек, аларды улутуна, уруусуна карабай иштетпесе болбойт" деп айткан эле. Батмакан эненин жээндери бар болчу. Алар деле башка улутка үйлөнүшүп туугандыкты билбей калышты. Бир гана Тоңдо тууганчылыгы болбосо дагы, ымала тууган болгон жигит бар. Ал өз туугандан артык, өлгөндө Москвага барды. Аракет кылып жүрүп атын кооперативге койдурганга жетишти. Ыракмат, арбакты сыйлаганына. Батмакан эне да ушул жигитти жакшы көрчү" деп сөзүн аяктады Мария жеңе.

Азис МАМБЕТМУСАЕВ, санжыра иликтөөчү