presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Элге кебин айтпаса эрендерден не пайда?
Темирбек Асанбеков:
"Компромисстик өкмөт өлкө тагдырын чече албайт"
Парламенттик шайлоодо 45 миң добуш алып өзүн көрсөтө алган "Мекен ынтымагы" саясый партиясы бар. Буга чейин ММК партия лидери Темирбек АСАНБЕКОВду "Путиндин адамы", "келгин куш" деп келишкен. Биз аны менен Кыргызстандын азыркы абалы, өкмөт тагдыры, өлкөнү кризистен кантип чыгарса болору тууралуу маектештик.



- Темирбек мырза, 20 жылдан ашык чет өлкөдө жүргөн адам катары Кыргызстандын азыркы саясый, экономикалык абалына кандай баа берер элеңиз?
- Жалпы макроэкономикалык абал оор кризисте турат. Бизде экономика саясат менен тыгыз байланышкан. Саясат туура эмес болгондо экономика да аксайт. Эмне үчүн коррупция болуп атат? Анткени мыйзамдар болгону менен алар иштебейт. Мен айтып калам, жөнөкөй адам корко турган эки эле нерсе бар: бул Кудай жана мыйзам. Биз Кудай менен мыйзамдан эмес, коррупциядан коркуп калдык. Демек башкаруу туура эмес болуп атат. СССР учурунда өлкөнүн өнүгүү стратегиясын аныктаган Госплан бар эле. Азыркы тармактык министрликтер локалдык эле өндүрүш, демек системдүү иш жок.
- Коррупция тууралуу айтып калдыңыз. Акаевдин он беш жылында, Бакиевдин беш жылында эл аралык уюмдардын мажбурлоосу менен, коррупцияны түп-тамырынан жок кылуу боюнча түмөн уюмдар түзүлгөн. Бирок коррупциянын кылы кенедей да кыйшайбады. Ал азыр да бүрдөп-гүлдөп турат. Өкмөттө мурда иштебеген адам катары айтсаңыз, деги коррупцияны такыр болбосо да басайтуу мүмкүнбү?
- Мисал менен жооп берейин. Буга чейин да, азыр да Россияда чет өлкөлүк авто өндүрүшчүлөр өз филиалдарын ачып жатышат. Алардын адамдарды ишке алуудагы биринчи шарты - мурда Россиянын автомобиль заводдорунда иштешкен инженерлерди, жумушчуларды ишке алышпайт. Андан көрө жаңы адамдарды ишке алып, аларды Германияга, Японияга алпарып окутуп, үйрөтүп, иштөөгө даярдоо аларга оңой. Анткени чет өлкөлөрдө өндүрүш, эмгек маданияты жакшы калыптанган. Бул бир эле заводдун форматындагы иш.
Ал эми кыргыз өкмөтүндө мурда деле иштешкен, коррупциянын жолдорун жакшы билген, өздөрү байланышкан адамдар экономиканы оңдойт деш бул - утопия. Өлкөнүн өнүгө турган жолу ар убак өкмөттү алмаштырып туруу. Ушундай болгондо гана жоопкерчилик пайда болот. Черчилль: "Демократияны жакшы дебейм, бирок адам баласы андан башка жолду азыр таба элек" деген. Азыр экономиканын абалы эмне үчүн оор? Анткени анын башында тургандардын мындай абалдан кантип чыгууга акылдары жетпей жатат да. Менимче, дагы бир аз тура турсак, өкмөт аргасыз өзү отставкага кетет, же жаңы күчтөр менен макулдашууга келет деп ойлойм. Анан калса мунун бардыгы адам ресурсуна байланыштуу нерсе.
- Эми сындан конкреттүү сунушка өтсөк. Кыргызстанды канткенде чындап эле саздан чыгарууга болот?
- Адегенде өкмөт өлкөнүн өнүгүү концепциясын кандай формада, кайсы жол менен ишке ашырарын ачык жазып чыгышы керек. Концепцияны иштете турган өкмөт болот. Азыр радикалдуу реформа баштап, өкмөттүн бардык структурасын карап чыгыш керек. Мындай кылбасак баягы эле эски саясаттын, эскиче иштөөнүн ресурсу небак түгөнгөн. Кыргызстандын экономикалык абалына, тегерегибиздеги өлкөлөр менен катышыбызга жараша жаңы өкмөт структурасы түзүлүп, ага жаңыча ойлонуп иштегендер тартылышы оң. Анан биз сыяктуу эле өлкөлөрдүн басып өткөн экономикалык жолу бар. Ошолордон биздин менталитетке, табиятыбызга ылайыктап карап, кабыл алуу зарыл. Табият байлыктарын, адам ресурстарын туура пайдалануу боюнча дүйнөдө көп тажрыйба бар. Дагы эң башкы нерсе, өлкөдө саясый стабилдүүлүк болуп, ички-тышкы коопсуздук бекем болушу шарт.
Бизде энергетикалык байлык бар. Буга көз карандысыз аудит жасоо зарыл. Кен байлыктарыбыз СССР учурунда табылып, аныкталган боюнча калган. Буларга көз карандысыз экспертиза жасап, дүйнөлүк татыктуу баасын чыгарышыбыз керек. Ушунун негизинде дүйнөлүк фонддор менен инвест-контракттарды түзүүгө болот. Андан соң чоң-чоң стратегиялык ишканаларды ачыш керек. Алардын негизги милдети адамдарды иш менен камсыз кылуу. Эгер элди иш менен камсыз кылбасак, коомдо стабилдүүлүк да болбойт, социалдык маселелер да чечилбейт. Экинчиден, инфраструктураларды куруу керек. Инфраструктура туризм менен абдан байланышта, ал түзүлүп туризм иштеп баштаса, өзүнчө локомотив болот. Анда кайра иштетүү тармагы, мейман күтүү бизнеси, тейлөөнүн түрдүү тармактарында көптөгөн жумушчу орундары түзүлөт.
Дүйнөдө чогулган финансы каражаты көп. Биз ошону туура тарталбай жатабыз. Ички коопсуздуктун жоктугунан чет элдиктер эмес, өзүбүздүн эле сыртта жүргөн балдар өз жерине келгенден коркуп калышты. Ошон үчүн баарын системалуу түрдө өзгөртүү керек.
Биздин миллиондой адистерибиз чет өлкөлөрдө жүрүшөт. Чоң-чоң ишканаларды ачып, ошолорду тартсак, анда Түркиянын жолу менен кетебиз. Менде мурда мындай ой бар эле, технопарк, IT-технология деп коет, дүйнөдө ДТ - борбор деген абдан күчтүү серверлер турат. IT-технология компаниялары нейтралдуу, коопсуздугу бекем өлкөлөрдө ДТ - борборлорду курушат. Аларга эң зарыл нерселер - электр кубаты жана муздак климат. Булар бизде бар. Бирок мындай чоң инвестиция келиш үчүн ички-тышкы коопсуздук бекем болушу шарт. Адегенде кен байлыктарды колдонуп, чет өлкөлөрдөн инвестиция тартып, инфраструктураларды иштетип алсак, экинчи этапта бийик технологияларга өтө баштайбыз. Буларды дүйнөлүк фонддор түшүнө тургандай жазыш үчүн, чет элдик атайын адистерди жалдап, эл аралык форматта ачык, түшүнүктүү жазыш керек. Бул менин жекече ойлорум.
Эл дайыма үмүт менен жашайт. Бирок өкмөт эмне иш кылып жатканын билбейт. Ошон үчүн ар нерседен шектенип, керек болсо бийликке баш ийбей атканы да ошондон. Андыктан жаңы келе турган өкмөт өз программасын ачык жазып, аны элге ачык тааныштырып, бардык кылган иштери боюнча отчет берип туруулары кажет. Эгер өкмөт башчысы, министрлер мындай иштебесе кызматтан кетиши керек деп ойлоймун. Себеби өкмөт жыйырма жылдан бери бир да жолу эч кимге кылган ишинин жыйынтыктары боюнча отчет берген эмес.
- Жаңы түзүлүп жаткан коалициялык өкмөт өлкөнү кризистен чыгара алабы?
- Бизди президенттик башкаруудагы өлкөлөр курчап турат. Кыргызстан парламенттик республика болобуз деп жарыяладык. А саясатыбыз, экономикабыз ошо коңшулар менен байланышкан. Анан калса биздин өлкө чоң саясатта оюнчук болуп калды. Себеби шайлоодо биртоп партияларга чет өлкөлөр жардам беришти. Ошентип парламентке беш партиянын өтүшүнө мүмкүндүк беришти.
- Эмне үчүн?
- Анткени саясаттын, экономиканын кризиси белгилүү. Беш партиядан бир чечимдүү иш кыла турган өкмөт түзүлбөйт. Беш партия өкүлдөрү министрликтерде, административдик кызматтарда иштешет. Демек бул компромисстик өкмөт болуп тагдыр чече турган чоң чечимдерди кабыл алууга жөндөмсүз болот. Булар өкмөт структурасын да өзгөртүп, коррупцияны да токтото албайт. Мындай өкмөткө чет элдиктер да ишенбейт, ошон үчүн каражат бөлүп бербейт. Этникалар аралык чыр-чатактар күчөйт. Акыры өкмөт да, парламент да тартипти күчөтүүгө аргасыз болот. Азыр ушуга шарт келип турат. Бийликке мурда оппозициялык делген партиялар келбедиби, эгер алар шайлоого чогуу аттанганда анда шайлоого 29 партия катышпайт болчу. Алардын туура эмес жол менен кеткенин көрүп, мен жаш муундар партиясын түзүп, элге болгон ой-тилегибизди ачык айтууну чечтим. Анткени экономикалык жактан активдүү адамдардын 30-40 пайызынын өлкөдөн кетип жатканы өтө коркунучтуу. Азыркы саясатчылардын адам ресурсу менен иштей албаганын ушундан көрүүгө болот.
- Парламентке өтпөгөн, бирок көп добуш алган партиялар улуттук конгресске биригип, азыркы бийликке оппозиция болобуз деп атышат. Сиз неге аларга кошулбадыңыз?
- Бизде Конституция, мыйзамдар бар. Ошон үчүн азыркы өкмөткө иштөөгө мүмкүндүк берүү керек. Элди көтөрүп, кайра-кайра митинг-пикетке чыга берсек, элди ого бетер кыйнап коебуз. Ошон үчүн бири-бирибизди уга билсек жакшы болор эле. Андан көрө элди бир идеологияга бириктирип, аң-сезимин көтөрүү керек. Эл эмне үчүн кыйналып атат, кандай жол, кантип иштесек азыркыдай абалдан чыга алабыз дегенди элге түшүндүрүүбүз зарыл. Эгер парламент, өкмөт иштей албаса, кийинкиде легитимдүү жол менен шайлоого катышып, бийликке келүүгө аракет кылабыз. Легитимдүү жол бул жалаң эле мыйзам актылары эмес, бул көпчүлүк берген бата. Ушундай бата алып бийликке келген өкмөт өлкө үчүн тагдыр чече турган чечимдерди кабыл ала алат. Ушундай себептерден улуттук конгресске кошулбадым.
- Темирбек мырза, азыркы өкмөт бир жылдан кийин силерге жол бошотуп берчүдөй айтып атасыз да. Атамбаев, Текебаев ондогон жылдар оппозицияда жүрүп эми бийликке жетсе, кайра аны тез эле бере коеруна ишенесизби?
- Алар да кыргыз элинин мыкты уулдары. Алар да өз түшүнүктөрүнө жараша мекенин жакшы көрүшөт. Бирок ар кимдин түшүнүгү ар кандай да. Биз өнүккөн өлкөлөрдү, алардын тажрыйбаларын көрдүк, көз карашыбыз башкача. Менимче, булар жарым жыл, бир жыл ичинде өз программаларын ишке ашыра албаса, бизге окшогон жаңы муун өлкөнүн саясый жетекчилигине саясый элита түзүү сунушу менен чыгабыз го. Өнүккөн өлкөлөрдө мындай нерсе бар. Саясый элитага кирүү үчүн элге өтөгөн кызматың болуш керек. Азыркыларды эч ким күнөөлөбөйт. Силер калыс саясый элита уюмун жетектеп, кийинки муунга жол берсеңер, биз иштеп берели деген чечимге келебиз го деп ойлойм. Бул жаңы, туура жол. Муну Атамбаевге да, Текебаевге да, башка партия лидерлерине да туура жеткизсек, түшүнүшөрбүз.
- "Асанбеков 20 жылдан ашык башка жерде жүрүп, эми келе калып Кыргызстанды гүлдөтөм дебатат" дегендерге не дейсиз?
- Биз жыйырма жыл эч кимге тоскоолдук кылган жокпуз. Билим алып, өз жашообузду тыңдап, жаңы ой, тажрыйба топтоп жүрдүк. Кыргыз өз жанын тың бакпагандын башкага жарыгы тиймек беле дейт. Менин деле саясатка келейин деген оюм жок болчу. Бирок кыргыз жаштарынын чет өлкөлөргө миллиондоп агылып атканын көрүп четте туралбадым. Мен коркпой эле айта алам, азыр кыргыздын генефонду начарлап баратат. Анткени биздин улан-кыздар чет өлкөлөрдө башкалар иштебей турган өтө оор жумуштарда иштешет. Биз эми башка өлкөлөрдөн үйрөнгөнүбүздүн пайдасын өз мекенибизге көрсөтүп, элибиз өз мекенинен качпаса, кыргыз эли да башкалардай жакшы жашаса, карыган ата-энелер алыстан балдарын күтүп мусапыр болбой, бала-бакыра, неберелеринин маңдайында көңүлү ток жашаса дейбиз. Биздин партия эч кимди күнөөлөбөй, жөн гана Кыргызстандын намысын бийик көтөрөлү деген ойдо. Тескерисинче, ушундай кыйын убакта келген уулдарын эл бата берип тосуп алыш керек деп ойлойм.
Аскер САКЫБАЕВА







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??