presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Шайкөйнөк

КТРК Байкоочулар кеңешинин мүчөсү Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ:
"Байкоочулар кеңешинин тагдыры мындан аркы саясатка жараша болот"
- Жыргалбек мырза, КТРКда учурда эмне жаңылык болуп жатат? Башдиректорду шайлоо кандай өтүүдө?
- Биз бардык талапкерлердин атайын иштиктүү форматта даярдалган баяндамаларын эки күндөн бери угуп, суроолорубузга жооп алып бүттүк. Кеңештин сынак жыйындарына катышкан мүчөлөрү талапкерлерге атайын чен-өлчөмдөрдүн негизинде бир нече өңүт боюнча өз бааларын берип бүтүштү. Катыша албай калгандары талапкерлердин жоопторунун жана баяндамасынын негизинде өз баасын коюшту. Шайлоо алдындагы талкууга чейин ал баалар эсептелип, кеңештин мүчөлөрүнө маалымдалат. Ал баалардын жыйынтыгы шайлоодо биз эске ала турган негизги жагдайлардын бири болот.
- Үч талапкер эмне үчүн сынакка катышуудан баш тартышты?
- Сынакка катышууга документтерин тапшырган адамдардын ичинен Анаш Кадырова өз ыктыяры менен талапкерлигин алып салып, Кубат Оторбаевди колдой тургандыгын билдирди жана Байкоочу кенештин ишине ийгилик каалады. Талапкер Абды Сатаров кандай себеп менен алып салганын билбейт экенмин. Талапкер Абдыкадыр Султанбаев суроолордун топтомун алгандан кийин Байкоочу кеңешти таратуу зарылдыгы тууралуу билдирүү жасап, бул сынакка катышуудан баш тартты. Анаш Кадырова жана Абдыкадыр Султанбаев буга чейинки сынакка катышкан.
- Башкы директор качан шайланат? Ким башкы директор болуп калышы мүмкүн?
- Буюрса 3-декабрда, бүгүн талапкерлер тууралуу маалымат талкууланып, андан кийин жашыруун добушка коюлат. Ким башкы директор болуп шайланып калаарын мен билбейм. Менимче, аны азырынча эч ким билбейт. Анткени кеңештин ичинде 15 киши болсо, 15 башка пикир бар. Азырынча аларга коюлган баалар да эсептелип бүтө элек. Бардыгы добуш берүүдө чечилет. Шайлоо ошонусу менен шайлоо.
- КТРКнын Байкоочу кеңешин тараталы деген идея эмне үчүн көтөрүлүп жатат?
- Байкоочу кеңешти таратуу идеясын көтөргөн адамдар эки-үч маселени айтып жатышат. Буга чейинки шайлоонун оош-кыйыштарын терс баалап, кеңеш өз ишин жакшы уюштура алган жок деген жыйынтыкка келген адамдар бар. Андан тышкары, кенештин азыркы курамына макул болбогондор кездешет. Айрымдары бул кеңеш мыйзамдуу эмес, ал парламенттен бекитилиши керек же жаңы кеңеш парламент аркылуу мурда каралган бардык жол-жоболор менен шайланып келиши керек деп да жатышат. Атургай эч кандай коомдук телерадиокорпорациянын кереги жок, бардыгы баштагыдай эле мамлекеттин көзөмөлүндө калышы керек деген адамдар да бар. Эми эл болгондон кийин ар кандай пикир чыга берет экен.
- Жеке сиздин позицияңыз кандай?
- Эгер менин позициям тууралуу сөз кыла турган болсок, мен аны силердин гезитке кенен-кесири жазгам, коомдук телерадиокомпаниянын негизги принциптерин да ошол коомдук каналдын жамаатына арналган ачык катта көрсөткөм. Каалагандар алып таанышса болот.
- Учурда бир бийлик бутагы - парламент калыптанып бүттү. Кандайдыр бир себеп менен Байкоочу кеңеш тарап кетиши мүмкүнбү?
- Азыркы Байкоочу кеңеш тарайбы, тарабайбы, аны эч ким билбейт. Ал Жогорку Кеңештин мындан аркы тагдырына жана жүргүзгөн саясатына, өлкөдөгү стабилдүүлүккө, коомчулуктун пикирине, көп жагынан азыркы кеңештин ишинин сапатына да жараша болот. Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн эч кимисине бул кызмат атасынан калган эмес, эч кимиси андан эч кандай пайда көрбөйт, айлык албайт. Тескерисинче, жумуш убактысын, күч-кубатын, нервин коротуп, коом үчүн пайдалуу иш жасап берели деп атышат. Жеке мен өзүм алардын мындай активдүү жарандык позициясына ыракмат гана айта алам жана өз чөйрөсүндө биртоп ийгиликтерге жетишкен мындай адамдар менен иштешкениме сыймыктанам.
Зайырбек АЖЫМАТОВ

Р.S. КТРК жамаатынынын "бороон алдындагы" божомолуна караганда, учурда бул каналга азыркы башдиректор Кубат Оторбаев кайра шайланат. Бул пикирди аталган талапкерди колдогондор да, ага каршы чыккандар да ырасташты. Оторбаевдин бул кызматка отурушун каалабагандар да аны журналистиканын эл аралык стандарттарын билген, заманбап адис катары баалашарын, учурда ат салышып жаткан атаандаштарынын ичинен татыктуусу эле Кубат Оторбаев деп эсептешерин айтышты.
Айтмакчы, буга чейин КТРК жамаатынан 530 адам кол койгон каты Байкоочулар кеңешине тапшырылып, анда алар Оторбаевди колдошоорун билдирген. "Мекен шейиттери" коомдук кыймылы да, Жогорку Кеңешке келген партиялардын фракция лидерлери да, Ак үй да Кубат Оторбаевди колдошоору белгилүү.




  Кыйкырык

Казактар бизди качанкыга чейин карактайт?
Акын Шайлообек Дүйшеев "кыргызга азыр казакка караганда монгол көбүрөөк жан тартат, күйөт" десе таң калдым эле. Албетте буга чейин деле казактардын кыргыздарды басмырлаганын угуп жүрчүмүн. Бирок бул жолкудай кордугун, өкүмзорлугун чынында көрбөптүрмүн.
Бу сапар Казакстандын Кордой районуна караштуу Гвардейский аскердик шаарчасына багыт алган элек. Жол түз болгондуктан ал жерге жеңил машине бир жарым-эки саатта жетет. Ошентип эртең мененки саат ондордо жолго чыктык. Биз айдатып бараткан машиненин мамлекеттик номери Ош облусуна таандык эле. Кордой чегара постуна тез эле жетип келдик. Өткөрүүчү пункттун оозу толо жеңил машинеге шыкалган. Казкатар тизилген машинелер куйрук улаш токтоп, бир саатта бир-эки метрден гана жылып отурат. Айдоочуну таштап демейдегидей өткөрүү пунктунун документтерди текшерүүчү жайы аркылуу өтүүгө даярдандык. Ал жерде кары-картаңдар, жаш балдары бар кыргызстандыктардын кыйналганын көрө туруп, документ текшерген казак бажы кызматкерлери ого бетер манчыркашат. Бул тозоктон эптеп өтүп, Казакстан тарапта машинебизди туура төрт саат тикебизден тик туруп күтүп турдук. Бул убакытта биздин айдоочубузга казак бажычылары көрбөгөн кордукту көрсөтүп, дөөтүдөгү баштыктардын баарын чачтырып, машиненин дөңгөлөгүнөн бери чечтирип текшеришип, акыры 700 сом алып кое беришиптир. Ошентип эки саатта жетчү жерибизге жети саатта жетип, казактарды ашатып эле жатып калдык. Ал жактагы тааныш казактарга арманыбызды айтып, Кордойдон өтүү неге мындай кордукка айланганына кызыктык. Көрсө, Казакстандын чегара постторунда мурун бажы кызматкерлери эле турган болсо, эми өлкө президенти Нурсултан Назарбаевге гана баш ийген Казак улуттук коопсуздук кызматынын (КНБ) адамдары да иштеп калышыптыр. Казактардын айтымында, алар президенттен башка эч кимге баш ийишпейт. Бул кызмат өлкөдө өтө популярдуу, өтө кирешелүү болгондуктан, болочок кнбчы жогору жактагыларга миңдеген жашылбайларды сугунтуп жатып кызматка илинет экен. Илингенден кийин да "домкраты" болбосо, эки жылдан соң аны көчүккө тебишет.
Анан көчүккө тебилип калуудан корккон, же "домкраты" тээ Астанадагы Ак сарайда турган кнбчы кыргыздарды каалаганындай калчайт тура. Мына сага өнүккөн, коррупциясы жок "боордош" Казакстан!
Барган жерибизде кыргыздар көп экен. Учурашсак айрымдары казакча амандашып, бизди көргөндөрүнө маңдайлары жарыла кубанышты. Байкасак, алар көчөдө кыргызча сүйлөгөндөн коркуп казакча гана сүйлөшөт экен. Чоңдору эмес кыргыздардын балдары да буга көнүп, жедеп партизан болуп бүтүшүптүр. Көчөгө чыкса "булай тур" деп, үйгө кирсе "мындай тур" дегенин эшитип эсибиз оогончо күлүп да алдык. Ошентип туугандардын ал жактын жазылган да, жазылбаган да мыйзамдарына баш ийип үй-бүлөсүн багып жатышканына кубангандан кабатырланганыбыз көп болуп, үч күндөн соң артка тарттык. Көрсө, анык тозок алдыда экен.
Туугандарыбыздын "баратканда казактар көп кармабайт" дегенине шерденип Кордой постуна келдик. Мыйзамды сактап айдоочуну таштап, жөө-жалаңдап кайра Кыргызстан тарапка өттүк. Көп өтпөй айдоочубуз чөнтөк телефону аркылуу казактар кое бербей жатканын кабарлады. Алар аксакалды угуп кое беришер, болбоду дегенде журналистке кулак түрүшөр деген ниетте сакалдуу кудабыз экөөбүз салпаңдап кайра казактар тарапка өттүк. Көрсө, казактар ары өтүп баратканда айдоочубузду омуроолоп жатышып (бул атайылап жасалганы көрүнүп турат), машиненин кирип чыгуусуна эки күндүк гана уруксат кагаз жазышып, кол койдуртуп алышыптыр. Биз үчүнчү күнү келгендиктен, казак миграциялык мыйзамын бузган болуп чыктык. Айла жок айып пулун төлөп андан ары сапар улайлы деп, айып пулдун суммасын сурадык. Элдин убал-сообунан коркпой акча жыйнап көнүп алган кнбчылар кабагым-кашым дебей туруп айып пул 45 миң теңге (14 миң сом) экенин айтышты. Аны бербесек машинени камакка алышарын айтып опулдап да алышты. Кайсы мыйзамдын, канчанчы статьясынын негизинде 45 миң теңге төлөрүбүздү сурадык эле, эңгезердей болгон казак кнбчысы "эй, кыргыздар, мен эмне мыйзамды бузуп сендерди кое берейинби, айда машинеңди, казыр камайбыз" деп опурулуп кирди. Айла кетип журналисттик күбөлүгүмдү көрсөтүп "тууганбыз го, алчуңарды алып кое бергиле" деп да көрдүм. Анда кнбчынын бири "эмне, кыргыз-казак бир тууган, өзбек ит деген турсуңбу" деп омуроолоду. Болсо бир жардам болор деген ниетте коноктоп узаткан Гвардейскийдеги туугандарыбызга чалдык. Алардан көрсөтүлгөн мөөнөттөн бир күн кечигип чыгуу үчүн болгону 5 миң теңге айып пул алынарын билдик. Тилекке каршы, муну айтууга лөкүйгөн, адамдык сапаттан айрылып акча гана көзүнө көрүнүп калган кнбчылар мүмкүндүк бербеди. Улам бара бергендиктен тажаштыбы, акыры 10 миң сом берсек кое беришерин айтышты. Бизде андай сумма жок экенин билишкен соң ставка 5 миң сомго түштү. Таптакыр айлабыз түгөнүп казактардын акчасыз кое бербесине көзүбүз жеткенде болгон 3 миң сомубузду карматып, "тирүүлөй тозоктон" чыктык.
Эртеси бул боюнча Кыргызстандагы казак элчилигине кайрылсак, алар буга Алматыдагы Кыргызстан консулдук кызматы жооп берерин билдирип кол шилтеди. Консулдук кызматты үстүнөн караган Бишкектеги консулдук кызмат департаментине кайрылдык. Департаменттегилер арыз-муңубузду угушуп, фактылардын негизинде арыз жолдоорубузду, а арыз кайсы бир мөөнөттөн соң казак тарапка жолдонорун маалымдашты. Акчаны мага көрсөтпөй далдаалап алган, аты-жөнүн айтмак тургай акеңди ашата сөгүп турган казактардан кантип мен факты ала алам? Бул мен тушуккан бир эле окуя. А күнүгө жүздөгөн кыргызстандыктар казактарга басмырланып, тонолуп, өкмөткө чейин ыйлап келип жаткандар факты эмеспи? Казакстанга ат тезегин кургатпай барып жаткан чиновниктер муну көрүп-билип туруп неге айтышпайт?
Мелис СОВЕТ уулу






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??