presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


КИТЕПТЕР

  Тил кесмек жок

Эртеңкиге ишенбеген канайым эл башкарбасын

Кыргызстан эгемендүү, көз карандысыз мамлекет болгондон бери эле бийлик башындагылар кыргыз тилин өнүктүрүүгө аракет кылгансып келет. Бирок андан бери жыйырма жыл өтсө да эл күткөн, коңшу өлкөлөр, чет өлкөлүк жарандар таң кала турган өзгөрүү боло элек. Кыргыз тили баягыдай эле өлбө жаным өлбө деп келе жатат. А ЮНЕСКО көптөн бери кыргыз тили дүйнөдөгү жок болуп бара жаткан жүз тилдин катарында экени тууралуу коңгуроо кагып келет. Тил - мамлекеттүүлүктүн негизги символу. Тил жоголсо мамлекет да жоголот. Кыргызды кыргыз кылып, өз алдынча мамлекет, улут кылып турган да кыргыз тили. Бул ой ар бир кыргыздын, ар бир чиновниктин жана өлкө башында турган президенттин жүрөгүндө кыттай уюп турушу керек.
Албетте өлкөдө тилдин өнүгүшү, анын эркин колдонулушу биринчи кезекте өлкө башчысынын жүргүзгөн саясатына, мамлекеттик кызматкерлердин аны туура аткарышына жана ар бир кыргыз жаранынын тилге кылган мамилесине жараша болору талашсыз. Тилекке каршы, учурдагы президент Роза Отунбаева кылымдарды карыткан кыргыз тилинин келечеги - мамлекеттин келечеги экенин билбейт экен. Дегеним, ал жакында "Эхо Москвы" радиосуна интернет аркылуу өзөктү өрттөгөн твиттердик катын жолдогон. Катта президент "Я настаиваю на том, чтобы у нас было трехязычие -киргизский, русский и английский. Ведь через 20 лет никто не знает, какой здесь будет язык в Киргизии. Может быть, китайский будет доминировать на нашей земле" деп оозду ачырган. (http://www.echo.msk.ru/programs/48minut/671301-echo/) Мына биздин бүгүнкү президентибиздин каалаганы жана акылмандыгы. Эгер эл башында турган канайым мамлекеттин өзөгү, келечеги болгон кыргыз тилинен ушинтип күмөн санаса, карапайым калк кайда барат? Дегеле бул өлкө башчысынын айта турган сөзүбү? "Мен бизде кыргыз, орус, англис тилдери болушун талап кылып жатам" деп кайра "балким 20 жылдан соң биздин жерде кытай тили үстөмдүк кылар" дегениңизди кандай түшүнөбүз, канайым? Дүйнө коомчулугуна сиз ушундай билдирүү таратып жатсаңыз, анда эгемендүүлүктү неге майрамдап келатабыз?
Окудуңузбу-окубадыңызбы билбейм, эксперт Дмитрий Верхотуров "Деньги и власть" гезитине кыргыз улутундагы сизге караганда омоктуу ой айтыптыр. "С моей точки зрения, кыргызский язык является не только и не столько государственным языком, сколько средством самосохранения и самовыражения кыргызского народа. Это средство сохранения ценностей, традиций, выражения менталитета. Кыргызы главным образом благодаря своему языку являются уникальной нацией. Времена меняются, Кыргызстан и кыргызы тоже изменятся, но только язык будет в состоянии обеспечивать связь времен и поколений. Это нужно четко помнить. С другой стороны язык - это двигатель развития народа, который способствует рождению новых смыслов и образов, уникальных понятий.
Если отбросить кыргызский язык ради русского или какого-то другого языка, то кыргызы перестают быть кыргызами, утрачивают индивидуальность и привлекательность. Возродить кыргызский язык в качестве языка общения, государства, бизнеса, а также литературы, науки и образования - вполне возможно" дейт орус эксперти. Көрдүңүзбү, Роза Исаковна, Дмитрий Верхотуров сизге окшоп киргиз дебей, Кыргызстан, кыргызы деп так айтып, кыргыз тилинин келечеги кең экенин, анын өсүп-өнүгүшүнө мамлекеттик бийлик билек түрө кириши керектигин баса белгилеген. Учурда тескерисинче, өзүңүз баштап 90 пайыз кыргыздар катышкан мамлекеттик жыйындарды жалаң орус тилинде өткөзүп келесиз.
Өзүңүз айткандай, 20 жыл ичинде Кыргызстанда кытай тили үстөмдүк кылууга жетишсе, эгемендүүлүктөн берки жыйырма жыл ичинде неге башка улуттагы кыргызстандыктар бир-эки ооз кыргызча үйрөнө албайт? Верхотуров жазгандай, Казакстанда калктын 36 пайызы гана казакча сүйлөгөнүнө карабай, казак тилин өнүктүрүүгө президент Нурсултан Назарбаев өзү киришкени сизге байкалбадыбы? Азыр Казакстанда бардык официалдуу иш-кагаздар казак тилинде жазылып, мультфильм, тасмалардан бери казак тилинде көрсөтүлөт. А бизде калктын 80 пайызга жакыны кыргызча сүйлөгөнүнө карабай, мамлекеттик иш-кагаздар кыргызчаланбай келет. Мектептерде кыргыз тилиндеги китептер жетишсиз. Мамлекеттик тил комиссиясы алсыз, кыргыз тилин үйрөтүүчү мыкты сөздүктөр, китептер жок. Эмдигиче кыргыз тилинин грамматикалык эрежелеринин бирдиктүү стандарты түзүлгөн эмес. Кыргыз тилин окутуучу атайын борборлор өтө аз. Тилди үйрөнүүчүлөргө жетиштүү шарт түзүлбөгөнүн башка тилдүүлөр кан какшап эле айтып келатышат. Калктын көргөн-уккан музыка, тасмаларынын басымдуу бөлүгү башка тилде же батыштыкы. Анан албетте, Роза Исаковна, мындай акыбалда эртең эне тилибиз эмне болорун, сиз эмес биз билбей турубуз.
Кылымдан бери кыргыз тилин сактап, тили менен унут болбой улут болуп, "Манастай" эпосту жараткан кыргыз жыйырма жылдан кийин эмне болорун билбесеңиз, эмнеге президент болдуңуз, канайым? Өзүңүз айтмакчы, орус, англис тилин билүү азыр ашыктык кылбайт. Бирок алтымыш тил билип, эне тилинде эки сөз билбеген кыргыздын маңкурттан айырмасы кайсы? Кыскасы, кыргыз тили бар үчүн азыр Кыргызстан бар. Сиз ойлогондой кыргыз тилинин өмүрү убактылуу эмес, ал түбөлүк. Ушуну унутпасаңыз, убактылуу канайым!
Мелис СОВЕТ уулу




  Соо көз минтип карабайт...

Сот ушундай болуп атса кайдан тынчтык болот?
Апрель окуялары боюнча жүрүп жаткан соттук териштирүү коопсуздук маселелеринен улам мындан ары Жаза өтөө боюнча мамлекеттик кызматтын клубунда уланышы мүмкүн. Аталган жай 200 кишиге ылайыкташтырылган. Ушундан улам бул залга сот процессинин бардык катышуучуларын батыруу кыйын болот деген ойлор айтылууда.

7- апрель окуясы боюнча жүрүп жаткан сот жараянын бирөөлөр тарых соту дешсе, айрымдары аны саясый шоу деп аташты. Эмне үчүн? Биринчиден, Курманбек Бакиевди кармоо мүмкүнчүлүгү бар экендигине карабастан өлкөдөн чыгарылышы, анын кылмышка шектүү уулдарынын, инилеринин жана башка ошондогу жогорку кызмат адамдарынын "көздөн кайым" болушу бийликтин беделине көлөкө түшүрүп койгон. Ошондуктан айрым коомчулук өкүлдөрү мындай шартта өтүп жаткан сотту тарыхый деп атоого болбойт деп эсептешет.
Экинчиден, аталган иш-чара алгачкы отурумунан баштап эле чындап эле элдин көзүн жазгырыш үчүн жасалып жаткан оюн сыяктуу көрүнө баштады. Соттук териштирүүнүн алгачкы күнүндө жабыркоочу тараптын ызы-чуусу, аны шылтоо кылып сотко катышуудан баш тарткан күнөөлөнүп жаткандардын жактоочуларынын кайрылуусу, мындан улам иш-чаранын үзгүлтүккө учурашы, мындай жетишпестиктерди жөндөп алып, эми чындап соттук териштирүү башталат го деп турганда каратып туруп эле экс-аткаминерлер О.Малеваная, К.Жороев, Н.Турсункуловдун качып кетиши бул маселеге бийлик олуттуу мамиле жасабай жатканын ачыктагансып койду. Ансыз деле эл бийликти Бакиевдерди, Суталиновду качырып жибердиңер деп катуу эле сындап келатты эле. Буга бийликтин "7-апрелде элди сактап, куткарып жүрүп байкабай калдык" деген шылтоосу бар болчу. Эми "үй камагына чыгарып койдуңар, эмне үчүн аларды аяйсыңар" деп келген кишилердин качып кеткени Улуттук коопсуздук кызматынын, жалпы эле бийликтин күч-дарамети канчалык экенин тастыктап салды.
Коомдук ишмер Мирослав Ниязов "Азаттык" үналгысына берген маегинде бул соттук териштирүү боюнча өз оюн мындайча билдирген: "Азыркы жүрүп жаткан сот иштери чийки, бышпаган иликтеп-тергөөнүн натыйжасында жүрүп жатат. Мындан акыйкат, ар тараптуу жана окуянын чыныгы абалын ачып бере ала турган чечимди дегеле күтүүгө мүмкүн эмес. Бул утурумдук бийликтин сотту шоу катары өткөрүп, эптеп жабырлануучуларды алагды кылып, алдынан өтүп коёлу деген эле жасалма аракети. Азыр ошол окуяга түздөн-түз тиешеси барлардын бардыгы эчак эле өлкөдөн чыгып кетишкен. Аскер кызматкерлерин кармап алышып, бардыгына ошолор күнөөкөр деп айтып жатышат. Ошону менен бизде саясатчылар, башкы жетекчилер эч нерсеге жооп бербей турган система калыптанып калды. Бул мамлекеттин коопсуздугу үчүн өтө коркунучтуу" дейт ал.
Мамлекеттик айыптоочулардын апрель окуясы боюнча күнөөлөнүп жаткандарга койгон айыбы үстүртөн экени атайын билими жок адамдарга деле көрүнүп турат. Башкача айтканда, баарына эле 7-апрелде өкмөт үйүнүн айланасындагы куралсыз адамдарга ок чыгарган же ага буйрук берген, мындан 77 киши набыт болуп, 306 адам түрдүү жаракат алгандыгы аныкталган деген мааниде. Кыскасы, соттолуп жаткандардын ар бири 77 кишинин канына забын болгон... Биз соттук териштирүү деп ар бир кылмыш окуясынын так, таамай изилденип, анан чечим чыгышын түшүнөбүз. Андай болгон күндө маселен, ошол күнү Асан кайсы курал менен канча киши атканы, канча адамды жарадар кылганы, Үсөн канча киши атканы такталыш керек эле да. Эгер жогорудагыдай соттук териштирүүнүн логикасы менен кетсек, анда бул кан төгүүгө 7-апрель күнү Ак үйдө жана аянтта жүргөндөрдүн ар бири күнөөлүү болуп калабы? Айтор, соттук териштирүү учурунда элементардык мыйзам актыларынын сакталбай жатканы, бүдөмүк нерселер көп экени, оркоюп көрүнүп турган мыйзам бузууларга башпрокурордун билмексен болуп турганы эмнени каңкуулайт?
Ошол эле учурда 7-апрелдеги окуянын башкы күбөлөрүнүн бири укук коргоочу Токтайым Үмөталиеванын маалыматтарына эмне үчүн тергөө органдары маани бербейт? Ал эмне үчүн сотко буга чейин күбө катары чакырылган эмес? Соттун акыркы отурумдарында гана аны бул териштирүүгө катыштыруу, айыпталуучулардын жактоочуларынын талабы менен сотко төрагалык кылуучу тарабынан канааттандырылган. Анын "мен 7-апрель күнү Ак үйдү тосуп турушкан милиция кызматкерлери жана курсанттардан өтүп, коргондун ичине кирдим. Ал жердегилер мени азыр сизди Жороевге жолуктурабыз деп калышты. Аңгычакты эле жогору жактан Темир Сариев жана Иса Өмүркулов мырзалар менен Каныбек Жороев келе жатыптыр. Мен аны (Жороевди) карап кыйкырсам эле ал кайра артын көздөй качып жөнөдү. Берки экөө "болду сүйлөштүк, эми ок атышпайт" деп мени ишендиришип эшикке чыктык. Алар күн батыш жагы менен кетишти. Мен кайрадан аянтка келгенден кийин кайрадан тигил жактан атышууну күчөтүштү. Кызыгы, биз ал жактан чыккандан кийин кайра көп адам окко учту. Мына ушуга окшогон түшүнүксүз жагдайларды иликтеш керек эле. Бирок минтип ал күн тууралуу айтып бере тургандары четинен качып кетишти" деген көрсөтмөсү эмне үчүн эске алынбайт? Ошол эле учурда Темир Сариев жана Иса Өмүркулов да сотко чакырылып, ал кезде Каныбек Жороев менен эмне тууралуу сүйлөшкөнү тергелиш керек эле да. Ошол эле учурда Каныбек Жороевдин качып кетишинин себеби эмне? Мүмкүн ал кээ бир маселелерди ачык айтып кой босун деп атайын качырылгандыр. Эгер сот адилет өтө турган болсо Оксана Малеваная менен Каныбек Жороевден андагы табышмактардын жандырмагы табылмак да.
Албетте өлкөнүн коопсуздугу, мамлекеттин келечеги үчүн анча-мынча нерселерди айтпай коюуга, кээ бир бийлик башындагылардын кемчилигин көрмөксөн болууга болот. Бирок бүтүндөй кыргыз элинин тагдыры менен ойноп жаткан мындай маселе тууралуу унчукпай коюуга болбойт. Аткандар да атылгандар да Кыргызстандын жарандары. Бул соттогу чечимдер түздөн-түз биздин мамлекеттин эл аралык аброюна жана ич ара стабилдүүлүгүнө таасир этет.

Зайырбек АЖЫМАТОВ






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
а ­е¦Є.НҐй«