presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Президент Роза Отунбаева эл өкүлдөрүнүн айрымдары криминалдык чөйрө менен тыгыз байланышта экенин кыйытты.
Мындай пикирге кошуласызбы?
Дастан САРЫГУЛОВ,
коомдук ишмер:
- Өлкө жетекчиси жөн жай айтпагандыр, анда далай далилдүү фактылар бар. Арийне, ошондой адамдардын Ак үйдүн босогосун атташына жаңы Башмыйзам жол ачпадыбы. Азыркы парламенттин курамын карап көрүңүз, депутаттардын басымдуу бөлүгү Акаев, Бакиев заманында жеп-ичкендер. Мунун бардыгына Башмыйзамдын "атасы" делген Өмүрбек Текебаев менен президент Роза Отунбаева күнөөлүү. Сиздин сурооңузга ушул эки инсан жооп узатса жакшы болмок.
Мирослав НИЯЗОВ,
коомдук ишмер:
- Роза Отунбаева өзүнүн жеке булактарына таянып ушундай маалымат таратса керек. Эми ал сөз боюнча калбай, криминал менен байланышкан эл өкүлдөрүнүн жүзүн коомчулукка жарыялоо зарыл. Ошентсе да мен буга анча ишенбейм. Канчалаган убадалар берилди, тилекке каршы, анын бирөөсү да аткарылбады. Ошон үчүн бийлик ЖКдагы криминал-депутаттарга карата катаал чара колдоно албайт деп ойлойм.
Динара ОШУРАХУНОВА,
Демократия жана
жарандык коом үчүн
коалициясынын төрайымы:
- Жок. Анткени кримдүйнө менен жылуу алакада жүргөн адамдар болсо, аларга кылмыш иши козголмок. Бүгүнкү күндө андай факты катталбады. Чындап эле криминалдын өкүлдөрү ЖКга шайланып келсе, анда неге аларга убагында кылмыш ишин ачышпады? Эмне үчүн мандат тагынышына шарт түзүп беришти? Ушунун өзү бийликтин колунда далилдүү документ жоктугун тастыктайт.
Карыпбек АЛЫМКУЛОВ,
коомдук ишмер:
- Улуттук коопсуздук кызматы Роза Отунбаеванын көзөмөлүнө кирет. Мындан улам, а киши УКК маалыматына таянып билдирүү жасагандыр. Жеке мен президенттин сөзүнө кошулам же кошулбайм деп айта албайм. Себеби, эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгүн жакшы тааныбайм.
Исхак МАСАЛИЕВ,
экс-депутат:
- Мен милиционер эмесмин да, кимдин ким экендигин билгидей. Роза Исаковна депутаттардын криминал экендигин билсе парламентке өткөрбөй койбойт беле. Анүстүнө, бүгүнкүдөй заманда криминалдарга салыштырмалуу криминал эместерди табуу кыйын.
Эдил БАЙСАЛОВ,
"Айкөл эл" партиясынын
лидери:
- Президент мындай маалыматты жөн жерден жарыялабайт эле. Андыктан, Роза айымдын кебинде чындыктын үлүшү бар.
Сейит ЖААНБАЕВ,
Билим берүү
академиясынын
кызматкери:
- Роза Исаковна бул пикирин далилдүү фактылардын негизинде шардана кылса болмок. Ошондо гана эл ишенмек. Божомол-дөдөмөлдү жарыялоо президенттин иши эмес, муну көчө деңгээлиндеги ушак катары караса жарашат.
Алмазбек КАРИМОВ,
экс-депутат:
- Кримдүйнөнүн өкүлдөрү мандат тагынганын ириде далилдөө зарыл. Муну тактоо укук коргоо органдарынын милдети. Ал эми кээ бир депутаттар криминал менен табакташ деген сөз, жалпы парламент структурасына доо кетирери калетсиз. Андыктан, алгач ушул өңдөнгөн маалыматты тактап, андан соң билдирүү тараткан оң.
Токтогул КАКЧЕКЕЕВ,
саясат таануучу:
- Эгемендиктин алгачкы жылдарынан бери саясый элита менен криминалдык чөйрө бир аяктан тамак ичип келет. Маркум Рыспек Акматбаевди мисалга алалы. А кишини экс-президент Курманбек Бакиев өзү баш, калгандары төш болуп кучак жая тосуп алып, баарлашып отурганы убагында ачыкка чыккан. Мындан улам ал соттон акталып, депутаттыкка ат салышты, аз эле жерден мандат тагына жаздады. Ошол жөрөлгө эми деле уланууда. Учурдагы айрым эл өкүлдөрүнүн кримчөйрөдө ынак "достору" бар экени жашыруун деле эмес.
Турсунбек АКУН, КР Акыйкатчысы:
- Мамлекет башчысы кайсы депутаттар туурасында сөз козгогонун билбейм. Жеке мен омбудсмен катары тигил депутат криминал деп так айта албайм. Анүчүн менин колумда далил болушу абзел. Кандай болгон күндө дагы азыркы парламентти эл шайлады. Эл өкүлдөрүнүн криминалдык дүйнө менен алакада жүргөнү иликтөөнүн негизинде тастыкталса, алар жоопкерчиликке тартылып, мандатын тапшырышы зарыл. Кыскасы, бардыгы мыйзам чегинде чечилиши талапка ылайык.
Анаш СЕЙТКАЗИЕВ, "Акыйкат" партиясынын төрага орунбасары:
- Президент билерман да, ошон үчүн туурасын айтып атат.
Рахатбек ИРСАЛИЕВ, экс-депутат:
- Мунун калп-чынын билбейт экенмин. Бу суроону тиешелүү органдарга жолдогонуңар туура го дейм.
Семетей ТАЛАС уулу, "Лозунг" гезитинин башредактору:
- Кошулууга негиз бар. Анткени айрым депутаттардын кримчөйрө менен тыгыз мамиле күткөнүн угуп калам. Маселен, "Ата журт" партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиевдин жигиттери улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрүн сабаганы белгилүү. Жөнөкөй кишилердин мамлекеттик органдын кызматкерлерине кол салганга жүрөгү даабайт. Анүчүн ашынган бандит болушуң керек.
Анаш КАДЫРОВА, коомдук ишмер:
- Бул жашыруун деле эмес. Маалымат каражаттарында айрым эл өкүлдөрүнүн кылмыш иштери боюнча айтылды жана жазылды. "Бир карын майды бир кумалак чиритет" демекчи, ошо депутаттар сот аркылуу өздөрүнүн ак-карасын далилдеп, тазаланып алышса жакшы болмок.
Эрнис БАЛБАКОВ, "Форум" гезитинин башредактору:
- Өткөн эки бийлик тең криминалдык күчтөр менен тыгыз болбосо дагы кандайдыр бир деңгээлде алака түзгөнү талашсыз. Бүгүнкү парламентте деле "каралар" бар деп ачык эле айтсак жаңылышпайбыз. Президент да маалыматы болгон үчүн ошондой сөздөрдү айтып атса керек.
Алайбек АЛЫМБАЕВ, "Республика" партиясынын мүчөсү:
- Коомчулукта түрдүү сөздөр арбын. Ошол эле президент Роза Исаковна айткандай, парламенттеги кээ бир депутаттар ашынган криминал имиш. Бирок чындыгында эле ошондой экенин эч ким так билбейт. Аны тактоо бизге окшогон катардагы жарандардын эмес, тиешелүү органдардын негизги милдети.
"Президент айткан сөзүнүн аягына чыксын"
Жогорудагы суроону парламенттеги беш партиянын өкүлдөрүнө узаттык. Алар төмөндөгүдөй жооп беришти.
Камчыбек ТАШИЕВ, "Ата журт" партиясынын теңтөрагасы:
- Таптакыр кошулбайм. Президент айым айткан сөзүнүн аягына чыксын. Кайсы депутаттар криминал менен "достошконун" ачыкка чыгарып, аларга карата чара колдонсун. Ошондо биздин партия ага жооп кылат.
Өмүрбек АБДРАХМАНОВ,
"Ата мекен" партиясынын мүчөсү:
- Негизинен туура го…
Чолпон СУЛТАНБЕКОВА,
"Республика" партиясынын мүчөсү:
- Минтип ишенимдүү айтыш кыйын.
Чыныбай ТУРСУНБЕКОВ, КСДП мүчөсү:
- Ооба, андайлар бар.
Каныбек ИМАНАЛИЕВ,
"Ар-намыс" партиясынын мүчөсү:
- Сыягы мамлекет башчысы депутаттар тууралуу эл оозунда айтылып жүргөн сөздү айтты окшойт. Түпкүлүгүндө кимдин кылмышкер экенин укуктук негизде сот гана аныктай алат.

Даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ, e-mail:nurkan@vb.kg, тел.: 38-67-19



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??