presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


Л€У…Р’Жђ

  Көөнөргөн "карталар"

Текебаев, Атамбаев, Бабанов "эски" орундарына келишти. Эмнени күтсө болот?

Коомчулуктун көкөйүнө тийип бараткан коалиция маселесине акыры чекит коюлду. Узак мөөнөттүү сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында "Республика"-КСДП-"Ата мекен" коалициясы түзүлдү. Ага ылайык, өкмөт башчылыгына Алмазбек Атамбаев, 1-вице-премьерликке Өмүрбек Бабанов, спикерликке Өмүрбек Текебаев "конмокчу". Буга улай кечээ парламент экинчи жыйынга чогулду.
ЖоКе отуруму "ата журтчул" Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков, Садыр Жапаров жана "ата мекенчил" Болот Шердин депутаттык ант бериши менен башталды. Андан соң КСДП фракциясынын башчысы Алмазбек Атамбаев парламенттин күн тартибине өкмөт курамын түзүү маселесин киргизди. Ошондой эле коалицияга үч фракция киргенин жарыялады. Ал антип оозду жыйгычакты "Ата журт" фракциясынын мүчөсү Камчыбек Ташиев апрель, май жана июнь айында орун алган окуяларды иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүү сунушун билдирди. Мындай демилгени КСДП жана "Ата мекен" фракциясы колдоду. Натыйжада ар бир фракциядан бештен өкүл кирген парламенттик комиссия түзүлдү (таблицада комиссиянын толук курамы көрсөтүлгөн).
Биримдик системасы иштесе жакшы
Чыныгы кызык түштөн кийин башталды. "Ата журт" менен "Ар-намыстын" өкүлдөрү жарым сааттык тыныгууга чыгып, парламентте оппозициялык бирикме түзүү маселесин талкуулашты. Бирок убакыттын аз бөлүнгөнүнө айрым эл өкүлдөрү нааразы экендигин жашырышкан жок. Алардын пикиринде парламенттеги азчылык 20 мүнөттө эмес, 20 күндө куралышы керек. Мындай каршылыктарга карабастан парламент отуруму улантылды.
Күндүн негизги темасы катары ЖК төрагалыгын шайлоо болгонун айтсак жарашат. Коалициялык бирикме спикерликке Өмүрбек Текебаевди сунуштаса, ага каршы талапкер иретинде "ата журтчулар" Садыр Жапаровду сүрөөнгө алышты.
ЖК төрагалыгына талапкерлерди кароо убагында эл өкүлү А.Артыков Ө.Текебаевге: "Сизге байланышкан "порно-скандал" боюнча не дейсиз?" деген суроосун узатты. Анда Өмүрбек Чиркешович: "Сиз ал порнороликти жакшылап карап көрсөңүз. Тасмадагы киши мага такыр окшош эмес" деди. Эске салсак, мындан эки жыл мурда интернетте Ө.Текебаевге окшогон адам аралашкан порно тасма пайда болгон.
Кыскарта чапканда Ө.Текебаевге түрдүү суроолор жаады. Сөз арасында "ата мекенчил" лөк эгер спикерликке шайланса, азыркы парламент тарыхта кала тургандай кылып иштерине убада берди. "Ата мекен" шайлоодо 40%дан аз албайт деп ишенгем, 6%га жетпеген добуш алганы күтүүсүз болду. Бирок бул жаңы система ынтымакка, биримдикке чакырган система. Зарыл учурда бири-бирибизди колдошубуз керек" деп кошумчалады ал. Суроо-жооптордон кийин Өмүрбек мырза көпчүлүктүн добушу менен ЖК төрагалыгына шайланды.
Жаштарды дагы алдаштыбы?
Жаңы өкмөт түзүмүндө өзгөчөлүктөр арбын. Маселен, жаңы өкмөт курамында 15 министрлик (коргоо министрлиги, тышкы иштер министрлиги, финансы министрлиги, экономика жана соода министрлиги, ички иштер министрлиги, билим берүү жана илим министрлиги, маданият жана туризм министрлиги, табигый ресурстар министрлиги, энергетика министрлиги, саламаттык сактоо министрлиги, айыл, суу чарба министрлиги, транспорт жана коммуникация министрлиги, эмгек жана миграция министрлиги, юстиция министрлиги, өзгөчө кырдаалдар министрлиги ), эки комитет ( мамлекеттик киреше боюнча комитет жана мамлекеттик статистика комитети ), эки комиссия ( улуттук аттестациялык комиссиясы жана улуттук жаштар комиссиясы ), эки кызмат ( мамлекеттик каттоо кызматы жана мамлекеттик кадр кызматы ), сегиз агенттик (мамлекеттик менчиктөө боюнча агенттик, мамлекеттик финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу агенттиги, мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттиги, мамлекеттик баңги бизнеске каршы агенттик, мамлекеттик байланыш агенттиги, мамлекеттик спорт жана дене-тарбия агенттиги, мамлекеттик экология жана токой чарбасы боюнча агенттик, мамлекеттик монополияга каршы иштерди жөнгө салуу агенттиги ) жана өкмөт астындагы үч фонд(социалдык фонд, мамлекеттик материалдык резерв фонду, милдеттүү түрдө медициналык камсыздандыруу фонду ) бар. Бул эми өкмөт структурасынын долбоору. Аны парламенттеги фракциялар жана тиешелүү комитеттер карап чыгып, акыркы вариантына токтолушу абзел.
Апрель окуясынын аркасында ээрге отурган утурумдук өкмөт келечек ээлерин бийликке тартуу максатында жаштар министрлигин түптөп, анын жетекчилигине Алиясбек Алымкулов аттуу жигитти дайындашкан. Ал эми коалициялык өкмөттүн болжолдуу структурасына баам салсаң, жаштар министрлиги улуттук жаштар комиссиясына айланганы көрүнүп турат. Мындай чечим көпчүлүккө түшүнүксүз. Себеби, дагы бир ирет кайталап өтөлү, Отунбаева өкмөтү революцияны биз жасадык деген жаштардын кысымы астында жаштар министрлигин түзгөн.
Кызыгы, бу туурасында жаштар министри Алиясбек Алымкулов кабардар эмес экен. А киши менен телефон аркылуу байланышканыбызда буларды айтып берди:
- Мындан эки-үч күн мурда тиешелүү адамдарга жолугуп: "Кыргызстанда билимдүү жаштар арбын. Аларга орун бошотушум абзел" дегендей кыйыткам. Бирок менин айтканыма көнбөй, ишимди улантышым керектигин баса белгилешкен. Сиз сөз кылып аткан коалициялык өкмөттүн структурасы - болжолдуу долбоор. Аны парламент талкуулап, бир бүтүмгө токтолсо көрөбүз да.
Туулганына
эмес, турганына сүйүн
Былтыр президент Курманбек Бакиев башкаруу системасын реформалоо саясатын баштап, жыйынтыгында бир катар министрликтердин статусу төмөндөп, айрым мамлекеттик мекемелер жоюлган. "Киритке" чабылгандардын арасынан туризм агенттиги да кездешет. "Эсил кайранга" айланган бул тармак кайрадан "тирилип", маданият жана туризм министрлиги катары жаралды. Буга байланыштуу туризм агенттигинин экс-төрагасы Турусбек МАМАШОВ ой бөлүшөт.
- Мындай практика дүйнө жүзүндө кеңири колдонулат. Ошол эле Түркияда маданият жана туризм министрлиги жигердүү иштеп атат. Андыктан азыркы өкмөттүн мындай саамалыгын колдоо талапка ылайык.
- Бу эки тармактын кайсынысына көбүрөөк басым жасаган оң?
- Экөөнү бөлүп карабаш керек, маданият менен туризм тармагы бири-бирин толуктайт. Булардын ортосунда бир гана айырмачылык бар. Кайсы гана өлкөнү алып карабаңыз, маданият - дотациялуу тармак катары эсептелип, ага мамлекет казынасынан каражат бөлүнөт. А туризм - кирешенин булагы, ал өлкө бюджетин толтурууга чоң түрткү берет.
Аталыштан алака бузулбайт
Эски бийлик тушунда тышкы иштер министрлиги мамлекеттик тышкы иштер министрлиги (МТИМ) болуп терисин өзгөрткөн. ЖоКенин кечээги жыйынында МТИМ кадимки министрликтин кейпин кийгени ачыкка чыкты. Ушул тууралуу мурдагы тышкы иштер министри, "Акыйкат" партиясынын лидери Аликбек ЖЕКШЕНКУЛОВ пикирин билдирди.
- Түркияда мамлекеттик министр деген кызмат бар, анын иши вице-премьердин укуктарына барабар. Өткөн режимдин тыңчыкмалары ошол системаны бизге ылайыкташтырабыз дешкен. Тилекке каршы, андан жарытылуу майнап чыкпады. Менимче, мурункудай эле тышкы иштер министрлиги иштегени туура.
- Сиз кайрадан аталган министрликти эңсеп атканыңызды эшиттик. Ушул чынбы?
- Бүгүнкү күндө андай маселе турган жок. Мага 7-апрелде эле ТИМ сунушталганда баш тарткам…
- Анда тышкы иштер министрлигине кимди ылайыктуу деп эсептейсиз?
- Учурдагы министр Руслан Казакбаевди өзүм сунуштагам. Руслан мырза жаш, билимдүү, өсө турган жигит. Эми деле тышкы алаканы чыңдоого Р.Казакбаевдин дарамети жетет деп ойлойм.
P.S. Бүгүн-эртеңден өкмөт курамын кимдер толуктары маалым болот. Жаңы министрлердин өмүр таржымалы туурасында гезитибиздин келерки санында кенен токтолобуз.
Даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ, e-mail:nurkan@vb.kg, тел.:38-67-19







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
а ­е¦Є.НҐй«