presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Беш компьютерлик добуш
Мурдагы транспорт министри, азыркы "Ата журт" партиясынын депутаты Нурлан Сулайманов деген "азамат" бар. Шайлоо учурунда өз мекени Чоң Алайдан добуш алам деген максат менен жердештерине беш компьютер тартуулаган экен. Бирок добуш Нурлан күткөндөй болбой калганбы, айтор, шайлоодон кийин баягы беш компьютерди Сулаймановдун инилери кайра тартып алды дешет чоң алайлыктар. Баракелде!

Муралиев кайда? Саунада
Амангелди Муралиев деген ак чач, тоюс, "аксакалдын" эмне иштеп, эмнени бүтүрүп жүргөнү коомчулукка табышмак. Бир билгенибиз, акыркы кезде Бахтияр Фаттахов деген досу менен борбордогу "Прадо" саунасынан чыкпайт экен. Муралиевдин чын эле саунадан колу бошобой атканын ушундан билгиле, ушу кезге чейин вице-премьер катары Ошко барып же телефон чалып отун-сууңар, көмүрүңөр барбы деп сурап койбоптур. Муну оштуктар какшап айтып жатышат.

Мандем
Бишкекте шоу сот өтүп атат. Башкы айыпкерлердин бири баягы Данияр Үсөнов бүгүн аптаптуу жерде күнөстөп жүрөт. Ал 7-апрель күнү Кыргызстандан чыгып кеткенден кийин казак досторуна кимдер канчага чыгарганын айтып бериптир. Үсөновдун айтуусу боюнча анын эркиндиги 44 млн. долларга бааланыптыр. Данчик мынча "жашылбайларды" УӨнүн жети мүчөсүнүн алдына койгондон кийин тигилер аны машине менен "Ак жол" бажы постуна чейин узатып коюшкан дешет. Балким "Ата журттагы" Үсөновдун аялы Динара Исаеванын да кылы кыйшайбай отурганында мандем болуп жүрбөсүн?..

Статустуу гражданин
Жума ортосунда айтылуу Азимбек Бекназаров акыркы ырын созуп алгандай болду. Бийлик башына келгендерден өзү жалгыз гана эл алдында отчет берип келатканын баса белгилеп, эми статусу өзгөрөрүн айтты. Азике статусу жөнөкөй гражданин болуп калаарын, ошондо ал жөнүндө жалган маалымат жазган журналисттерди сотко чуркатаарын билдирди. Эмне дейбиз, убактылуу өкмөттүн укук коргоо органдарынын куратору болуп келген Бекназаровго эми кайсы сот болсо да жок дебесе керек. Себеби ал ушу тармакты тейледи да.
Бекназаров биякта минтип атса, Астанада анын кечээги эле үзөңгүлөшү Роза Отунбаева "Демократияга кайтуу" программасын аягына жеткиребиз, андагы сөз эркиндиги, жыйын эркиндиги жана граждандык коомдун өнүгүшү көңүл борборунда болот деп атат. Кимиси кимди жеңээр экен?

Ат, тоюс, Алике айланып казыгын табабы?
Ак үйдөгү күбүр-шыбырга караганда, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жакында ээрден оодарылышы ыктымал. Бошочу орунга "Акыйкат" партиясынын төрагасы Аликбек Жекшенкуловдун талапкерлиги каралып атыптыр. Эске салсак, бул кызмат 7-апрелде сунушталганда Аликбек мырза андан сылык баш тарткан. Эми экс-министр не деп жооп узатар экен? "Ат айланып казыгын табат" демекчи, Алике деле эски "казыгын" сагынса керек…

Казактар кимге кызыкты?
Экс-башсалыкчы Темирбек Курманбековго Казакстандын салык министрлигине караштуу башкармалыкты жетектөө сунушу түштү. Темирбек мырза ушу тапта ойлонууда. Расмий Астана кантип эле кыргыздын "отставкадагы" чиновнигине "кызыгып" калсын деп таңгалбаңыз. Анткени Т.Курманбековдун жакын досу коңшу өлкөнүн салык министрлигин жетектейт.

Көз кызарткан кызмат
Ак үйдө Эркин Сакебаев аттуу депутат бар, Курманбек Бакиевдин учурунда Жайыл районун башкарган. Апрель окуясынан кийин жүзүн өзгөртүп, КСДП атынан депутаттыкка шайланды. Бекер эмес. Анүчүн 200 миң доллар короткону каңкууланууда. Эми мандат тагынганына алымсынбай, лидери Алмазбек Атамбаевден айыл чарба министрлигин же Чүй губернаторлугун бериңиз деп суранганы неси? Атүгүл шеф менин өтүнүчүмдү аткарат деп өпкө какканычы…

Жемейдин кетмейи бар…
"Манас" аэропортунун ачендиги Болот Абдырахманов Бакыт Сыдыковдун ыкмасына салып акча чогултуу "оюнун" баштаган экен, анын бу кылыгы КСДП төрагасы Алмазбек Атамбаевге жетиптир. Алмазбек Шаршеновичтин жини шакардай кайнап, Б.А.-ны "Манастан" кубалап чыгам дегенин а кишинин жанындагылар кабарлашты. Бизге жеткен маалымат боюнча аэропорттун ачендиктигине мурдагы убактылуу маданият министри Рыскелди Момбеков барышы мүмкүн.

"Чоң казатка" даярдык
БШК айласын кетирген "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лөктөрү бүгүн кайда деп кызыксак, алар "чоң казатка" даярданган кербези экен. Соттон утулуп калган "бүтүн кыргызстанчылар" эми президенттик шайлоого шымалана камылга көрүшкөнү. Партиянын тыңчыкмалары азыртадан эле Адахан Мадумаровду ажо кылабыз, бул жолу эч ким бизге тоскоол боло албайт деп катуу аракет кылып жатышат. Адахан анык "чоң казатты" президенттик шайлоодо көрсөткөнү калды өңдөнөт.

Кожоюну менен "кол баласы"
Жакында А.Атамбаевге таандык "Форум" гезити КСДП депутаты Чыныбай Турсунбековду ашкерелеген. Ал ортодо "Учур" гезитинин кечээги санында Ч.Турсунбековду "соккон" сын макала жарык көрдү. Буга катуу териккен "ун магнаты" мен Алмазбек Шаршенович үчүн иштесем, ал мени "Форум" менен "Учурга" тымызын "соктурат" деп наалып жатыптыр. Алмазбек мырзанын партиялашына "маалымат согушун" жарыялашы неден кабар берет?

Кайра эле эски чапанбы?
Жакында убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү үлкөн жыйынга чогулуп, ким кайсы кызматка барарын талкуулашты. "Ак шумкарчы" Темир Сариев финансы министрлигине кызыкканына беркилер баш чайкашты дешет. Ак үйдөгү "агенттердин" айтымында, жаңы өкмөт Темир Аргенбаевичти саясаттан биротоло четтетүүнү көздөйт экен. Мындай шартта Темикенин көнгөн оппозицияга кетүүдөн бөлөк аргасы жок эмеспи.

"Топчукебургда жашайбыз"
"Түбөлүк" революционер Топчубек Тургуналиевдин ою боюнча кыргыз элинин мындан ары бактылуу жашап кетишине бир эле нерсе жетишпей атыптыр. Жарыктык киши борбор калаабыз Бишкектин атын өзгөртүш керек дейт. Топчукенин мындай сунушуна vesti.kg маалымат сайтынын көпчүлүк окурмандары "Бишкектин атын Топчукебург деп алмаштыруу зарыл" маанисинде жооп жазышыптыр. Азыркы тапан жаштар Топчукенин аруу тилегин түшүнбөй жатышат го.

Масалиев кимди "секс-депутат" атады?
Баягыда "Алтын казына" ресторанында экс-депутат Улугбек Ормонов уулун үйлөп той өткөзүп жатпайбы. Тойдун тамадасы Кыргызбай Осмонов улам эле "кийинки сөз экс-депутат баланчаевде…" дей бериптир. Кеп кезеги келгенде дагы бир экс-депутат Исхак Масалиев "эй, Кыргызбай, жалаң эле экс-депутаттарга эмес "секс-депутаттарга" деле кезек бербейсиңби" дегендей азыркы эл өкүлдөрүнүн бирине тийишти. Залдын ичи "дуу" дей түшүп, баягы "секс-депутатты" жабыла карап калышты дешет.

Чыктым деди. Бали дедик!
Өткөндө мурдагы "ак жолчу" депутат Турдукан Жумабекова парламенттин квартирасынан чыкпай чыр салганы туурасында кабарлаганбыз. Гезит жарык көргөн күнү Турдукан айым редакцияга коңгуроо кагып, "квартираны бир ай мурда эле бошотуп койгом" деп "сүйүнчүлөдү". Өзү укук боюнча адис болгондуктан бул маселеде талаш болбогонун билдирди. Турдукан Абдыкариевна айрым эркек сөрөйлөрдөй коркутпай эле биздин жаңылып калганыбызды жумшак түшүндүрдү. Не дейли, ишиңиз илгерилей берсин, Турдукан айым.

"Жаңы Агым" - пресс





кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??